Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын 2025-жылдын “___”_________ № ____ буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын
Кайтаруу жана конвой департаментинин
ЭМБЛЕМАСЫ
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын 2025-жылдын “ 4 ”_11__ № 806 буйругуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын
Кайтаруу жана конвой департаментинин символдук белгисинин
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин символунун белгисинде кызыл түстүү курчалган алтын тегерек калкандын сүрөтү чагылдырылган.
Эмблеманын сырткы бөлүгүндө жогору жагында “КАЙТАРУУ ЖАНА КОНВОЙ” жана ылдый жагында “ДЕПАРТАМЕНТИ” деген жазуу алтын түстө жазылган. Ички алкактын төмөнкү бөлүгүндө кызыл тасмага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын аты кыскартылып “ЖАМК” деп алтын түстө баш тамгалар менен жазылган. Жазуулар Кайтаруу жана конвой департаменти Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматына караштуу экендигин туюндурат.
Эмблеманын борбордук бөлүгүндө түндүк түшүрүлгөн калкан жайгашып, аны тоолор жана кайчылашкан найзалар толуктап турат. Тоолор күчтү, туруктуулукту жана коргоону билдирет, түндүк улуттук өзгөчөлүктү, биримдикти жана көз карандысыздыкты чагылдырат. Калкан — коргоонун жана туруктуулуктун белгиси катары кызматтын милдеттерин символдоштурат.
Калкандын төмөн жагындагы канатын жайган Ак Шумкар эркиндикти, кыраакылыкты жана кайраттуулукту билдирет. Эмблема мамлекеттик кызматтын өзгөчө жоопкерчилигин, улуттук рухту, тартипти жана аскердик ар-намысты терең чагылдырат.
2. Символдук белгинин сүрөтү өлчөмүнө карабастан, белгинин үлгүсүнүн түсүнө же ак-кара сүрөтүнө так дал келүүгө тийиш. Символдук белги Кайтаруу жана конвой департаментинин ээлеген имараттарга, курулмаларга, транспорттук жана атайын каражаттарга, кызматтык жабдууларга, айырмалоочу белгилерге, аскер кызматчыларынын аскер формалык кийимдерине жана кызматтык күбөлүктөрүнө, кызматтык документтерге жайгаштырылышы мүмкүн, ошондой эле Департаменттин аскер кызматчыларынын күнүмдүк (салтанаттуу) жана талаа формалык кийимдеринде айырмалоо белгиси (шеврон) катары колдонулат.
3. Символдук белгини жогоруда аталган учурларда жайгаштырууда жана пайдаланууда колдонулган материалга жараша негизги түстөрдү жана түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет. Ошондой эле символдук белгинин ак-кара түстөгү болушуна жол берилет.
4. Символдук белги түшүрүлгөн түрдүү атрибуттарды даярдоодо белгинин өлчөмү жасалган буюмдун өлчөмүнө пропорциялуу болууга тийиш.
Символдук белгини сыйлык жана белек буюм катары жасаганда негизги элементтерди жана пропорциясын сактоо менен: алтындан жана күмүштөн жылмаланган, хромдолгон же кара болоттон, латундан жана колодон ушул сыяктуу пайдаланылган материалга жараша негизги түстөрдү, түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.