Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2025-жылдын 4-ноябры № 806
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын
Кайтаруу жана конвой департаментинин символдук белгисин
бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин символдук белгиси, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин символдук белгисинин сүрөттөлүшү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин символдук белгисин даярдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментине 2025-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүшсүн.
3. Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий сайтында жарыялансын жана ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн 3 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
2025-жылдын 20-ноябрында http://www.gsin.gov.kg/page/kkd расмий сайтында жарыяланды
4. Буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысына жүктөлсүн.
5. Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин бүткүл өздүк курамына жеткирилсин.
Төрага | Ч.Э. Кожошев |