Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-октябрындагы № 13
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо жана өткөрүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” №284-Жарлыгына ылайык, ошондой эле биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 09-сентябрындагы бекитилген календардык планына ылайык, Жайыл айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Жайыл айыл аймагында элдик жыйындарды өткөрүү жана Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы бекитилсин.
2. Жайыл айыл аймагында Элдик жыйындарды өткөрүү жана Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүнүн графиги бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин өзүмө калтырамын.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |