Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-ноябры № 739
"Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
"Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
5) Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
6) Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
7) Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
8) Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
9) Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;
10) Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык;
11) Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 12-тиркемеге ылайык;
12) Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо 13-тиркемеге ылайык;
13) Кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 14-тиркемеге ылайык;
14) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо жана анын башкаруу схемасы 15, 16-тиркемелерге ылайык;
15) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө жобо 17-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 2, 3, 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
"34. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан тобокелдикти азайтууга багытталган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү талаптарын сактоо боюнча банктардын рейтингин түзүү жана жаңылоо боюнча.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун уставында:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Окуу борборунун ишинин предмети жана максаты кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө (мындан ары - КИК/ККЛК) кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган билим берүү кызматтарын көрсөтүү болуп саналат.";
- 13-15, 33, 38-пункттарда "ТИК/ККЛКА" деген аббревиатура "КИК/ККЛК" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жонго салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору.
|
| 16-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ