Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-августу № 143

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302, 2023-жылдын 28-мартындагы № 168, 2023-жылдын 29-мартындагы № 175 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

3) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 175 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302, 2023-жылдын 29-мартындагы № 175 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине 5-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери 6-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 8-сентябрь жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин күнү деп белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

2) ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык санынын чегинде ишке ашырсын.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-августундагы № 90 жарыяланды

 

Төрага

У.А. Марипов

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302, 2023-жылдын 28-мартындагы N 168 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

 

 

 

5-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесинде:

38-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмегинде:

- IX бөлүмүнүн он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:

төрага, статс-катчы, төраганын орун басары.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 658 "Мамлекеттик имараттарды оперативдүү башкарууга берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунун алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректеринде:

"Мамлекеттик кызматтар" бөлүмүндө:

жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун 1-тиркемесинин 2 жана 98-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун 2-тиркемесинин 55-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана кызмат адамдарынын органдарынын тизмегинде:

он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдары.".

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталган токтом менен түзүлгөн Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын курамы ушул өзгөрүүлөрдүн тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) аталган токтом менен бекитилген Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жободо:

- 1, 9-пункттарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-абзацындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пунктунун 7-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна" деген сөздөр алып салынсын;

- 6-пунктунун 2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) төрагасынын" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органынын төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 16-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) аталган токтом менен бекитилген Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

- 4-пунктунун 2-4-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;

3) байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыч Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;

4) баалуу металлдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти'- деген сөздөр "Баалуу металлдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 27-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:

2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

5) аталган токтом менен бекитилген Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пунктунда:

3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) укук коргоо органдары - ички иштер органдары, бажы органдары;";

- 55, 62-пункттарындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 66-пунктундагы:

6, 7 жана 8-пунктчаларындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан" деген сөздөр "финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу чек ара органы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан" деген сөздөр "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 85-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"85. Маалымат базасын түзүүдө финансылык чалгындоо органы калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтар базасын колдонот.";

- 9-главасынын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 92-94-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр "калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын;

6) аталган токтом менен бекитилген Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жободо:

- 2-пунктунда:

1-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 69-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр "жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 70-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) аталган токтом менен бекитилген Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

- 33-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардын бенефициардык -ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө жободо:

2-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

- 7-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасы жөнүндө жободо:

- 2-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) аталган токтом менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

- 10-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 13 жана 16-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштөөчү" деген сөздөр алып салынсын;

11) аталган токтом менен бекитилген Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жободо:

- 2-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";

- 33, 42 жана 45-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу-методикалык борбору" деген түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөргө алмаштырылсын;

12) аталган токтом менен бекитилген Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жободо:

- 9-пунктунун 1-3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, баалуу металлдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, юстиция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - текшерүүчү органдар);

3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, бажы органдары, улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары);";

- 45-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борборуна" деген сөздөр "экономика жана финансы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"47. Кайра кайтарылган акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте казыналыкта ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке которулат.";

- 49-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"49. Акча каражаттарын кириштөөнүн, эсепке алуунун, топтоонун (сактоонун) жана бөлүштүрүүнүн жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.";

- 50-52-пункттарындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын;

- 55-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) аталган токтом менен бекитилген Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 5-пунктунда:

1-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн алдында" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин алдында'' деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 39, 42-пункттарындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 208 "2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында Терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө, ошондой эле аларды каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.".

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 396 "2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун 2-пунктчасындагы "террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча" деген сөздөр алып салынсын;

- 11-пунктунун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөргө тиркеме

 

 

 

"1-тиркеме

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелерин жетектеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри, Комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча).".

 

 

 

6-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготту ден таанууга тийиш болгон ЧЕЧИМДЕРИ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы ресурстук макулдашуу жөнүндө" токтому.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомунун 2-пунктунун бешинчи, алтынчы, жетинчи абзацтары, 4, 7, 8-пункттары, ошондой эле ушул токтомдун 4, 5, 6-тиркемелери.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 182 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун он тогузунчу абзацы.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 12 жана 13-пунктчалары, ошондой эле ушул токтомдун 12 жана 13-тиркемелери.