Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) маселелери боюнча координациялык-кеңешүүчү органы болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди (мындан ары - эл аралык келишимдер) жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Комиссиянын максаты жана милдеттери
3. Комиссиянын максаты КИК/ККЛК чөйрөсүндө көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
4. Комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү (мындан ары - тобокелдиктерди баалоо) жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, тобокелдиктерге баалоо жүргүзүү боюнча көрүлүүчү чараларды координациялоо, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетторду жактыруу жана жарыялоо тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
2) тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчёттордун негизинде иштелип чыккан КИК/ККЛК боюнча мамлекеттик стратегияны (саясатты) даярдоо, жаңылоо, бекитүү жана ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
3) КИК/ККЛК чөйрөсүндө иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону (саясий жана оперативдүү деңгээлдерде) камсыз кылуу;
4) КИК/ККЛК системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону жана кароону уюштуруу;
5) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону жана кароону уюштуруу;
6) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтарын угуу;
7) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча макулдашылган позицияны иштеп чыгуу.
3-глава. Комиссиянын ыйгарым укуктары
5. Өз милдеттерин аткаруу максатында Комиссия төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кызыкдар мамлекеттик органдарды уюштурууну, координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл чечимдерди кабыл алууга;
2) зарыл болгон учурда Комиссиянын ишинин алкагында маалыматтарды жана документтерди өз убагында даярдоо үчүн жумушчу топторду, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу менен түзүүгө, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын сунушу боюнча бул топтордун курамын, милдеттерин жана ишинин тартибин аныктоого;
3) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга, анын ичинде алардан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана бул органдардын, бирикмелердин жана уюмдардын кызмат адамдарын (жетекчилер менен макулдашуу боюнча) Комиссиянын ишине катышуу үчүн чакырууга;
4) зарыл болгон учурда Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик бийлик органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйналыштарды өткөрүүгө, ошондой эле Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча атайын ведомстволор аралык семинарларды жана кеңешмелерди уюштурууга;
5) өзүнүн жыйналыштарында Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилерин жана жеке сектордун өкүлдөрүн угууга;
6) КИК/ККЛК системасынын натыйжалуулугуна күндөлүк мониторинг жүргүзүү максатында маалыматтык-аналитикалык жана методикалык материалдарды даярдоону уюштурууга;
7) андан ары белгиленген тартипте киргизүү үчүн КИК/ККЛК маселелери боюнча сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароого;
8) финансылык чалгындоо органынын сунушунун негизинде чаралар (санкциялар) көрүлүп жаткан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин бекитүүгө;
9) Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга.
4-глава. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
6. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансылык чалгындоо органынын төрагасынын сунушу боюнча Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;
3) Комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат жана Комиссиянын чечимдерине кол коёт;
4) Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча Комиссиянын жумушчу топторунун милдеттерин, иштөө тартибин жана курамын бекитет;
5) Комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Комиссиянын иш планын бекитет.
7. Комиссиянын мүчөлөрү:
1) Комиссиянын төрагасына Комиссиянын иш планы, Комиссиянын жыйналышынын күн тартиби жана Комиссиянын жыйналыштарында маселелерди талкуулоо тартиби боюнча сунуштарды берет;
2) Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды даярдоого катышат;
3) Комиссиянын жыйналыштарына катышат жана каралуучу маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
4) жүйөлүү себептер боюнча Комиссиянын жыйналышына катышууга мүмкүн болбогон учурда Комиссиянын төрагасына же Комиссиянын төрагасынын орун басарына Комиссиянын жыйналышына эки күн калганда кабарлайт;
5) зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин маселелери боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө Комиссиянын төрагасына жана финансылык чалгындоо органына жиберет.
8. Комиссиянын бардык мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
9. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Жооптуу катчы финансылык чалгындоо органынын компетенттүү кызматкерлеринин арасынан Комиссиянын чечими менен дайындалат.
5-глава. Комиссиянын жыйналыштары
10. Комиссия оз ишин туруктуу негизде, Комиссиянын кызыкдар болгон мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде түзүлүүчү жана Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилүүчү иш планга ылайык жүзөгө ашырат.
11. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын же болбосо Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин демилгеси боюнча өткөрүлөт.
Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик бийлик органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрү Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын чакыруусу боюнча Комиссиянын жыйналышына катышат.
12. Комиссиянын жыйналыштары эгер аларга Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана (же) Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу деп эсептелет.
Комиссиянын жыйналышына катышууга мүмкүн болбогон учурда Комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн (мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынан төмөн болбогон) жиберүүгө тийиш.
Зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйналыштары аралык (онлайн) режимде өткөрүлүшү мүмкүн. Комиссиянын жыйналыштарын аралыктан (онлайн) режиминде өткөрүү тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.
13. Комиссиянын жыйналыштарын Комиссиянын төрагасы, ал жок учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
14. Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана (же) Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калган учурда жыйналышта төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
6-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
15. Комиссиянын ишин финансылык чалгындоо органы камсыз кылат, ал:
1) Комиссиянын жыйналыштарын даярдоону уюштурат;
2) Комиссиянын иш планынын долбоорлорун, анын жыйналыштарынын күн тартиптерин даярдоону камсыз кылат, чакырылган адамдардын тизмесин түзөт, Комиссиянын жыйналыштарына карата материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоону уюштурат;
3) Комиссиянын жыйналышы өтүүчү дата, орду жана убактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын кун тартибине киргизилген маселелер жөнүндө Комиссиянын жыйналышы өтүүчү күнгө чейин уч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө Комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
4) Комиссиянын чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү, өкүлдөрү Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары финансылык чалгындоо органына ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарууда көмөк көрсөтөт.
17. Өкүлдөрү Комиссиянын курамына кирбеген мамлекеттик бийлик органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйналыштарды өткөрүүдө Комиссиянын жыйналышы өтүүчү дата, орду, убактысы жана Комиссиянын жыйналышынын кун тартибине киргизилген маселелер жөнүндө маалыматтар Комиссиянын жыйналышы өтүүчү күнгө чейин уч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына жана жеке секторго берилет.
18. Комиссиянын иш планына ылайык өкүлдөрү Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Комиссиянын жыйналышына материалдарды даярдоо учун зарыл болгон маалыматтарды жазуу жүзүндө Комиссиянын жыйналышы өтүүчү күнгө чейин он беш жумуш күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
19. Комиссиянын чечими Комиссиянын төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган анын орун басары жана Комиссиянын жооптуу катчысы кол койгон протокол менен таризделет.
Кароонун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет же протоколго тиркелет.
20. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү же протоколдорунан көчүрмө бөлүктөр үч жумуш күндөн кеч эмес Комиссиянын мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жиберилет.
21. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун карай жана белгиленген мөөнөттө өздөрүнүн компетенцияларына ылайык чараларды көрөт. Комиссиянын протоколуна ылайык тийиштүү чаралар көрүлбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары аткарбоо себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына маалымдайт.