Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо текшерүүчү органдардын тизмегин алардын контролунда турган финансылык мекемелерди жана финансылык эмес категориядагы жактарды көрсөтүү менен аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышынын маселелери боюнча текшерүүчү органдардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын (укуктарын жана милдеттемелерин) аныктайт.
2. Текшерүүнүн максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын сактоосун камсыздоо;
2) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузууга өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу;
3) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү тармактык саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
2) контролунда турган жактар - тийиштүү текшерүүчү органдын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
3) текшерүүчү органдар - Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тийиштүү контролунда турган жактардын ишине текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
4) тобокелдик - кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
5) өз алдынча жөнгө салынуучу уюм - өндүрүлүүчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тармагынын же рыногунун бирдейлик белгиси боюнча ишкердик иштин субъекттерин бириктирген же кесипкөй иштин бир түрүнүн субъекттерин бириктирген ишкердикти өз алдынча жөнгө салуу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;
6) санкциялык тизмек - кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
7) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар;
8) жеке кабинет - маалыматтык ресурс, ал финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында жайгаштырылат, пайдалануучулардын финансылык чалгындоо органы менен электрондук жана маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
9) КИК/ККЛК талаптарын сактоо боюнча банктардын рейтинги - бул Кыргыз Республикасынын аймагында банк ишин жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар болгон (ушул пунктта -банктар) жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аныкталган баалоо деңгээлине ылайык келген финансылык мекемелердин тизмеги;
10) кемчиликсиз ишкердик аброй - кесипкөйлүктү жана укуктук жана этикалык ченемдерге берилгендикти ырастаган фактылардын болушу, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максаттары үчүн кабыл алынгыс тобокелдиктерди жараткан факторлордун жоктугу, анын ичинде кылмыштуу иш менен байланыштуу алынбаган же жоюлбаган соттуулугу жана КИК/ККЛК жөнүндө мыйзамдарды бузуу.
Банктарды кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө баалоо деңгээлин аныктоо тартиби жана КИК/ККЛК талаптарын сактоо боюнча банктардын рейтингин түзүү, ошондой эле кызыкдар тараптарды маалымдоо тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилет.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында колдонулган мааниде колдонулат.
2-глава. Текшерүүчү органдардын жана алардын контролунда турган жактардын тизмеги
4. Текшерүүчү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
2) Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
6) өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү (инспекциялоону) жүзөгө ашырат:
1) коммерциялык банктар;
2) кредиттик бирликтер;
3) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер);
4) алмаштыруу бюролору;
5) электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору;
6) төлөм уюмдары;
7) ссудалык-аманат турак жай-курулуш кассалары;
8) электрондук акчалардын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлор);
9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясына ээ болгон виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр.
6. Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жонго салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы контролунда турган төмөнкү жактардын ишин текшерет:
1) лизингдик компаниялар (уюмдар);
2) күрөөканалар;
3) топтолмо пенсиялык фонддор;
4) оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар;
5) кайра камсыздандыруу уюмдары жана брокерлер;
6) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары (брокерлер, дилерлер, депозитарийлер, номиналдык кармоочулар, баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочулары, андеррайтерлер, инвестициялык фонддор, фонддук биржалар, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниялар, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниялар);
7) камсыздандыруу уюмдары (камсыздандыруучулар);
8) камсыздандыруу брокерлери;
9) товардык биржалар;
10) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.
7. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган почта байланышынын ишканаларынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
8. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы баалуу металлдар жана таштар, алардан жасалган зер буюмдары, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик жана менчик нотариустардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
10. Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар төмөнкү контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат:
1) ипотекалык компаниялар (уюмдар);
2) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү сатуунун уюштуруучулары, кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкаруучулары);
3) түзүлгөн контракттын негизинде өз кардарынын атынан же тапшырмасы боюнча операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө даярдоо же операцияны (бүтүмдү) жасоо боюнча кесиптик негизде кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер), юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсультанттар);
4) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар.
Өз алдынча жонго салынуучу уюмдардын тизмеси финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
11. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмеси электрондук маалымат базасы түрүндө финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт жана жарыяланат.
3-глава. Текшерүүчү органдардын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттенмелери)
12. Текшерүүчү органдардын милдеттери жана функциялары ушул Жобонун 4-7-главаларында жана алардын ишин жонго салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
13. Текшерүүчү органдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) контролунда турган жактардын ишин текшерүү боюнча функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды же документтерди контролунда турган жактардан суроого жана алууга;
2) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган жактарга методологиялык, методикалык жардам берүү жана контролунда турган жактар менен кайтарым байланышты камсыздоого;
3) КИК/ККЛК маселелери боюнча контролунда турган жактар үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүүгө;
4) КИК/ККЛК маселелери боюнча чет мамлекеттердин контролдоочу органдары менен кызматташууну жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга.
14. Текшерүүчү органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүүнү жүзөгө ашыруу процессинде адамдын жана жарандын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыздоого;
2) идентификациялык маалыматтарды көрсөтүү менен контролунда турган жактардын тизмегин түзүүгө жана оз убагында жаңылоого, ошондой эле аны текшерүүчү органдын расмий сайтына жайгаштырууга;
3) уюштуруучуларды, арыз берүүчүлөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, олуттуу катышуу үлүшү менен (уставдык капиталдагы акциялардын же үлүштөрдүн 25 же андан көп пайызы) катышуучуларды (акционерлерди), бенефициардык ээлерди жана контролундагы адамдардын жетекчилигин кемчиликсиз ишкердик аброй жөнүндө коюлган талаптарга шайкештиги боюнча текшерүү жүргүзүүгө. Мындай текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- атайылап жасалган кылмыштар үчүн соттуулугунун, ошондой эле санкциялык тизмектеги жана издөөгө алынган адамдардын тизмелеринде (улуттук жана эл аралык) болушун же жоктугун текшерүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ишкерлик кадыр-баркты баалоо үчүн мааниге ээ башка маалыматтардын болушу же жоктугу тууралуу корутунду алуу үчүн финансылык чалгындоо органына жана ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарына суроо-талаптарды жөнөтүүнү;
4) уюштуруучунун, арыз ээсинин, ыйгарым укуктуу өкүлдүн, акциялардын олуттуу үлүшү бар катышуучунун, бенефициар ээсинин жана контролунда турган жактардын жетекчилигинин издөөдөгү адамдардын тизмесинде (улуттук жана эл аралык) жана санкциялык тизмекте каралган жактардын идентификациялык маалыматтары менен дал келген учурда Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына, укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына бир жумуш күндүн ичинде маалымдоого, ошондой эле аларга каттоодон же лицензия берүүдөн баш тартууну;
5) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тийиштүү контролунда турган жактын ишине текшерүү жүргүзүүгө жана контролунда турган жактын Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сакталышы жөнүндө маалыматтарды топтоону;
6) текшерүүчү органдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролунда турган жактарга Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн таасир этүү чараларын (санкцияларды) колдонууну;
7) контролунда турган жактардын ишине текшерүү жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери жана типологиялары (схемалары) жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулардын типтүү түрлөрү жөнүндө маалыматтарды колдонууну;
8) контролунда турган жактар, финансылык чалгындоо органы, укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы менен өз ара аракеттенүү процессинде алынган кызматтык, коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды коргоонун жана сактоонун тийиштүү режимин камсыздоону;
9) тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында жеке кабинетти колдонууну;
10) тобокелдикке багытталган көзөмөлдү ишке ашыруу максатында КИК/ККЛК талаптарын сактоо боюнча Банктардын рейтингин колдонууну.
4-глава. Текшерүүнү жүзөгө ашырууда тобокелдикке багытталган мамиле
15. Текшерүүчү органдар тобокелдикке багытталган мамилени контролунда турган жактардын ишин текшерүүдө колдонот.
Тобокелдикке багытталган мамиленин максаты тобокелдиктерди аныктоо, тобокелдиктерди башкаруу жана биринчи кезекте жогорку тобокелдикке дуушар болуучу контролунда турган жактардын ишин текшерүү үчүн текшерүүчү органдардын колдо болгон ресурстарын (адам, техникалык жана финансылык) кайра бөлүштүрүү болуп саналат.
16. Тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу үчүн текшерүүчү органдар төмөнкүлөрдү камсыздайт:
1) тобокелдикке багытталган мамилени тобокелдиктерди түшүнүүнүн негизинде колдонот;
2) төмөнкү негизги бөлүмчөлөрдөн турган тобокелдиктерди баалоо (баллдык система боюнча) критерийлерин иштеп чыгат жана колдонот:
- өлкөлүк же географиялык тобокелдик (өлкөдө болгон тобокелдиктер);
- контролунда турган жак менен байланышкан, тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча текшерүүчү орган тарабынан аныкталган тобокелдик;
- контролунда турган жактын иши же продукциясы (кызмат көрсөтүүлөрү) менен байланышкан тобокелдик (активдердин көлөмү, кардардык база, көрсөтүлүүчү кызматтардын спектри жана механизми);
3) контролунда турган жактардын ишиндеги тобокелдиктерге баалоону тобокелдиктерди баалоонун мурда жүргүзүлгөн күнүнөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин жүргүзөт жана тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту жана аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планын түзөт;
4) тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет жана аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планы кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 44-пунктуна ылайык факторлордун бирине ылайык каалаган убакта жаңыланууга тийиш.
17. Тобокелдиктерди баалоонун критерийлери кырдаалдын өнүгүшүнө жана жаңы коркунучтар менен аялуулуктардын пайда болушуна жараша үзгүлтүксүз кайрадан каралып турууга тийиш.
18. Тобокелдиктин даражасына жараша текшерүүчү орган текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн жана деңгээлин (жөнөкөйлөштүрүлгөн же тереңдетилген) аныктайт.
Текшерүүчү органдар контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырууда тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу боюнча ички нускаманы иштеп чыгат жана бекитет.
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөл функцияларын жүзөгө ашырууда тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу менен банктык мекемелерге карата текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн жана деңгээлин (жөнөкөйлөштүрүлгөн же тереңдетилген) аныктоодо КИК/ККПК талаптарын сактоо боюнча банктардын рейтингинин көрсөткүчтөрүн эске алууга милдеттүү.
5-глава. Текшерүүнү жүргүзүү тартиби
20. Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган жактардын ишин текшерүүнү жүзөгө ашыруу максатында текшерүүчү органдар өз компетенциясынын чегинде мониторинг (аралыктан контролдоону) жана (же) көчмө текшерүүнү же инспекциялоону жүргүзөт.
21. Контролунда турган жактардын ишине мониторинг (аралыктан контролдоону) жүргүзүү тартиби текшерүүчү орган тарабынан аныкталат.
22. Контролунда турган жактарды көчмө текшерүү же инспекциялоо жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары менен аныкталат.
Өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдар тийиштүү контролунда турган жактарды көчмө текшерүүнү же инспекциялоону өз алдынча жонго салынуучу уюмдар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
23. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында ушул Жобонун 7 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн контролунда турган жактарды текшерет.
24. Текшерүүчү органдар мониторинг (аралыктан контролдоону) жана көчмө текшерүүнү же инспекциялоону жүргүзүүнүн жүрүшүндө жоопторду чогултуучу типтүү суроолордун тизмегин колдонот, ал белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органы менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
25. Мониторинг жүргүзүүнүн (аралыктан контролдоонун) жана (же) көчмө текшерүүнүн же инспекциялоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда бузууну аныктаган кызмат адамы тарабынан эки нускада акт же протокол түзүлөт.
Актыда же протоколдо Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аныкталган бузуулары болгондугу жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Актыга же протоколго бузууну аныктаган кызмат адамы кол коюуга тийиш.
Актынын же протоколдун бир нускасы финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисине кол койдуруп алуу менен тапшырылат же финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын жетекчиси ошол актыга же протоколго кол коюудан баш тарткан учурда почта байланышы аркылуу жиберилет.
Актынын же протоколдун экинчи нускасы текшерүүчү органдын жетекчисине жиберилет.
26. Текшерүүчү органдар Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузууларга жол берген жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына, ошондой эле текшерүүчү органдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карайт.
27. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталган Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулардын жоюлгандыгын текшерүү (мониторинг) текшерүүчү орган тарабынан белгиленген мөөнөттө контролдук текшерүү же аралыктан мониторинг жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
6-глава. Текшерүүчү органдардын финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүүсү
28. Текшерүүчү органдардын ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу учурдагы Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жүзөгө ашырат.
29. Текшерүүчү органдар финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу кызматчыны же түзүмдүк бөлүмдү аныктайт.
30. Текшерүүнү уюштуруу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында текшерүүчү органдар финансылык чалгындоо органы менен кызматташууну төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырат:
1) жыл сайын учурдагы жылдын 15-январынан кечиктирбестен финансылык чалгындоо органы менен текшерилүүгө тийиш болгон маселелердин типтүү тизмегин макулдашат;
2) текшерүү башталганга чейин он жумуш күн калганда текшерилүүгө тийиш болгон маселелердин тизмегин берүү жөнүндө финансылык чалгындоо органына суроо-талап жиберет жана текшерүүнү жүргүзүү убагында финансылык чалгындоо органынын суроо-талабында көрсөтүлгөн маселелер боюнча маалыматтарды чогултат;
3) эгерде аныктаган бузуулар боюнча чечимди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органынын компетенциясына кирген болсо, Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын бузуулары аныкталган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жиберет;
4) контролунда турган жактар тарабынан жүзөгө ашырылган операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышы мүмкүндүгү тууралуу шектенүүлөр келип чыкканда текшерүүчү органдар бул тууралуу билдирүүнү финансылык чалгындоо органына бир иш күндүн ичинде жиберет;
5) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылуу абалы жөнүндө маалыматтарды жана ушул чөйрөдөгү укук бузуулар (аныкталган учурда) жөнүндө маалыматтарды текшерүү бүткөн учурдан тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына жиберет;
6) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын тийиштүү контролунда турган жактар тарабынан сакталгандыгы жөнүндө жалпыланган маалыматтарды, анын ичинде аныкталган бузуулар жана аларды жоюу үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө статистикалык маалыматтарды (финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген форма боюнча) квартал сайын финансылык чалгындоо органына берет;
7) Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун финансылык чалгындоо органы менен макулдашат.
31. Финансылык чалгындоо органы текшерүүчү органдарга Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын одоно жана бир нече жолу бузгандыгы үчүн контролунда турган жактарды же алардын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө, контролунда турган жактардын лицензияларын токтотуу же чакыртып алуу жөнүндө сунушу менен кайрылат.
Текшерүүчү органдар финансылык чалгындоо органынын кайрылуусун карал чыгып, андан ары көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүнү же чараларды көрүүдөн баш тартуунун себебин негиздөө менен финансылык чалгындоо органына жиберүү аркылуу Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына же лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык контролунда турган жактарга карата тийиштүү чараларды көрөт.
7-глава. Корутунду жоболор
32. Текшерүүчү органдар текшерүү жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү финансылык чалгындоо органынын чечимин жетекчиликке алат.
33. Текшерүүчү органдар текшерүүнү жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдү же айрым кызматкерлерди төмөнкүдөй камсыздоого тийиш:
1) текшерүүнү сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн жетиштүү жана зарыл болгон ресурстарга ээ болууну;
2) талаптагыдай эмес таасир этүүдөн же кийлигишүүдөн эркин болуусун камсыздоо үчүн ыкчам көз карандысыздыкка жана өз алдынчалыкка ээ болууну;
3) жогорку кесипкөй стандарттарды, анын ичинде купуялуулукка жана квалификацияны жогорулатууга карата стандарттарды колдоону.