Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) АЖО - операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү автоматтык режимде түзүүгө жана финансылык чалгындоо органына жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген программалык камсыздоо;
2) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
3) финансылык чалгындоо органы - Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) типтүү формалар - Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар толтурууга арналган атайын типтүү формалар;
5) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар;
6) жеке кабинет - маалыматтык ресурс, ал финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жайгаштырылат, пайдалануучулардын финансылык чалгындоо органы менен электрондук жана маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
7) корголгон байланыш каналы - бул Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жана маалыматтык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды электрондук түрдө берүү учурунда анын купуялуулугун, бүтүндүгүн, тараптардын аныктыгын ырастоону жана жөнөтүү/кабыл алуу фактысынан баш тартуунун мүмкүн эместигин камсыз кылуучу программалык-техникалык каражаттардын жана уюштуруучулук чаралардын жыйындысы.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында колдонулган мааниде колдонулат.
2-глава. Маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби
3. Финансылык чалгындоо органы өз функцияларын аткаруунун алкагында мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сотторго, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга (мындан ары - суралуучу тарап) суралуучу тарапта бар болгон зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптарды жиберет.
4. Финансылык чалгындоо органынын маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талаптары электрондук же кагаз түрүндө жиберилиши мүмкүн (мындан ары - электрондук суроо-талап же кагаз жүзүндөгү суроо-талап).
5. Финансылык чалгындоо органынын электрондук суроо-талаптары байланыштын электрондук каналдары боюнча жиберилет жана финансылык чалгындоо органынын кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлат.
Электрондук суроо-талаптын формасы жана электрондук суроо-талапты жиберүүгө укуктуу финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
Электрондук суроо-талаптарга болгон суралуучу тараптын жооптору электрондук түрдө түзүлөт, ички контроль кызматынын жетекчисинин жана аны алмаштыруучу электрондук колу коюлат жана байланыштын электрондук каналдары боюнча финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Электрондук форматта маалымат алмашуу финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Кагаз жүзүндөгү финансылык чалгындоо органынын суроо-талаптары расмий бланктарда таризделет жана финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлат.
Суралуучу тараптын жооптору Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана кызматтык пайдалануу үчүн документтер менен иштөөнүн талаптарын эске алуу менен таризделет.
7. Суралуучу тараптын жоопторунда милдеттүү түрдө финансылык чалгындоо органынын кагаз жүзүндөгү суроо-талаптарынын чыгыш номерлери жана даталары көрсөтүлөт, ошондой эле суралуучу тараптын аткаруучуларынын фамилиялары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт.
8. Суралуучу тарап суралган маалыматтарды же документтерди финансылык чалгындоо органынын жазуу жүзүндөгү (электрондук) суроо-талабында белгиленген мөөнөттөрдө финансылык чалгындоо органына берет.
Зарыл учурда, суралган маалыматтардын жана документтердин көлөмүн, мүнөзүн жана мазмунун эске алып, ошондой эле суралуучу тараптын негизделген жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде финансылык чалгындоо органы суроо-талаптарга болгон жоопторду берүү мөөнөтүн 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөткө узарта алат.
Суралуучу тарап толук жана анык маалыматты берүүгө милдеттүү.
9. Суралуучу маалыматтар жана документтер финансылык чалгындоо органына байланыштын электрондук каналдары боюнча же тапшыруу жөнүндө билдирүүнү берүү менен почта аркылуу же болбосо жеткирип берүү мезгилинде маалыматтарга жана документтерге контролсуз жетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу чараларды сактоо менен чабарман аркылуу жеткирилет.
10. Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча суроо-талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органы аныктаган байланыштын электрондук каналы боюнча электрондук түрдө берилет.
11. Суралуучу тарап өз демилгеси боюнча финансылык чалгындоо органына кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларда колдонуу максатында кошумча маалыматтарды жана документтерди бере алат.
12. Суралуучу тараптан маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди алганда финансылык чалгындоо органы алынган маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди изилдөөнү жүзөгө ашырат.
Зарыл учурда финансылык чалгындоо органы суралуучу тарапка тактоочу жана түшүндүрүүчү маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талапты, анын ичинде корголгон байланыш каналы аркылуу расмий кат алышуу жолу менен жөнөтөт.
3-глава. Контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү тартиби
13. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-26-беренелеринде көрсөтүлгөн контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү түзөт жана финансылык чалгындоо органына жиберет.
Ушул билдирүүлөр тийиштүү типтүү форманы толтуруу жолу менен электрондук документ түрүндө (мындан ары - электрондук билдирүү) түзүлөт.
"Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде көрсөтүлгөн шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр кагаз жүзүндө түзүлүшү жана шектүү операцияларды аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө ылайык корголгон байланыш каналы аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.
14. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү мөөнөттөрдө электрондук билдирүүнү берүүнү камсыздайт:
1) шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү - операцияны (бүтүмдү) белгиленген тартипте шектүү деп тааныган учурдан тартып беш сааттын ичинде;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) жасалган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде;
3) кылмыш ишин жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушундай ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү -мындай операциялар (бүтүмдөр) жасалган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде;
4) чектүү суммага барабар же ал суммадан ашкан накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү - мындай операциялар (бүтүмдөр) жүргүзүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси жана алардын чектүү суммалары ушул Жобого 1-тиркемеге ылайык аныкталат. 1-тиркемеге методологиялык сунуштамалар финансылык чалгындоо органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүлөр билдирүү түзүлгөн учурдагы күнү 16:00дөн кечиктирилбестен жиберилет.
15. Финансылык чалгындоо органы:
1) операциялардын (бүтүмдөрдүн) мүнөзүн жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тийиштүү типтүү формаларды жана аларды толтуруу боюнча колдонмону белгилейт;
2) электрондук билдирүүнү толтуруу үчүн зарыл болгон маалымдамаларды түзөт (оңдоолорду киргизет) жана бекитет;
3) финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмесин электрондук маалымат базасы түрүндө түзөт жана жарыялайт;
4) шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат жана жарыялайт;
5) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмегин бекитет;
6) электрондук суроо-талаптын формасын жана аны толтуруу тартибин белгилейт.
16. Электрондук билдирүүнү түзүү жана финансылык чалгындоо органына жиберүү АЖОнун жардамы менен жүзөгө ашырылат.
АЖОну алуу тартиби ушул Жобонун 4-главасында каралган.
АЖОнун жардамы менен электрондук билдирүүнү түзүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугу, электрондук билдирүүнүн форматы жана түзүмү, ошондой эле электрондук билдирүүнүн криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу тартиби АЖО комплектинде болгон нускамалык материалдарда каралат жана финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында (www.fiu.gov.kg) кошумча жайгаштырылат.
17. Ар бир электрондук билдирүүгө төмөнкү 3 тилкенин жыйындысы болуп саналган билдирүүнүн атайын номери ыйгарылат:
1) финансылык мекеменин же аныкталган категориядагы жактын ИСНи;
2) билдирүүнүн катар сандык номери;
3) билдирүүнү берүү датасы.
Билдирүүнүн номери билдирүүлөр берилген бир календардык жылдын ичинде "1" деген номерден баштап өсүү тартибинде ыйгарылат.
Билдирүүнүн атайын номери операциянын (бүтүмдүн) уникалдуу идентификатору болуп эсептелинет.
18. Электрондук билдирүүгө катталган электрондук кол тамга коюлат (күбөлөндүрүлөт) жана АЖО комплектине кирүүчү маалыматтарды криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу менен, ошондой эле финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Электрондук кол тамга коюлган электрондук билдирүү өзү кол тамга кол койгон кагаз жүзүндөгү документ менен бирдей электрондук документ болуп таанылат.
19. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын маалыматтарды криптографиялык коргоо каражаттарын жана электрондук кол тамганы алуу, ошондой эле негизги маалыматтар менен алмашуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын маалыматтарды жана электрондук кол тамганы коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
20. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өзүнүн аймактык бөлүмдөрү үчүн электрондук билдирүүнү түзүүнүн жана жиберүүнүн ички регламентин өз алдынча белгилейт. Аймактык бөлүмдөрдүн маалыматтарды берүү тартиби финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын башкы кеңсеси аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
21. Электрондук билдирүүнү алууда финансылык чалгындоо органы алынып жаткан маалыматтын аныктыгын контролдойт, анын ичинде:
1) электрондук билдирүүнү жөнөтүүчүнүн идентификациясын;
2) электрондук кол тамганын ылайык келүүсүн;
3) электрондук билдирүүнүн таризделишинин тууралыгын.
22. Ар бир электрондук билдирүүнү текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча финансылык чалгындоо органы электрондук билдирүүнүн кабыл алынышына же кабыл алынбашына жараша электрондук түрдө оң же терс квитанцияны түзөт.
Финансылык чалгындоо органы байланыштын электрондук каналдары боюнча электрондук билдирүү алынган күнү саат 18.00дөн кечиктирбестен квитанцияларды жиберүүнү камсыздайт.
Электрондук билдирүүнү кабыл алуу же кабыл албоо жөнүндө квитанциянын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
23. Төмөнкү учурлардын биринде электрондук билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан кабыл алынбайт жана электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанция жиберилет:
1) электрондук билдирүүнүн жөнөтүүчүсүн идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
2) электрондук кол тамга дал келбеген же электрондук кол тамганын шифрин ачып окууга (текшерүүгө) мүмкүн болбогондо;
3) электрондук билдирүү туура эмес же толук эмес түзүлгөндө.
24. Кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанциялар жиберилген электрондук билдирүү андан ары иштетүүдөн алып салынат жана кабыл алынган жок деп саналат.
25. Электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанция алынган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн электрондук билдирүүнү түзүүдө кетирилген техникалык көйгөйлөрдү жана каталарды жоюу боюнча чараларды көрөт.
Оңдолгон электрондук билдирүү электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө биринчи квитанция алынган күндөн кийинки жумуш күнү 16:00дөн кечиктирбестен алынууга тийиш болгон оң квитанция алынганга чейин кайрадан финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Ошону менен бирге оңдолгон электрондук билдирүүгө биринчи берилген электрондук билдирүүнүн "Номери" жана "Билдирүүнүн датасы" реквизиттери ыйгарылат.
26. Электрондук билдирүүгө киргизилген маалыматтардын мазмунуна болгон жоопкерчиликти электрондук билдирүүгө колу коюлган электрондук кол тамганын ээси тартат.
27. Жүйөлүү себептерден улам (эмгек өргүүсү, оору, кызматтык иш сапар) электрондук билдирүүнү жиберүүгө жооптуу адам жок болгондугунан же электрондук кол тамганын алмашылгандыгынан улам электрондук билдирүүнү жөнөтүү мүмкүн болбогон учурда электрондук билдирүү АЖОнун жардамы менен түзүлөт жана электрондук билдирүүнү жиберүүгө тоскоолдук жараткан себептер жоюлганга чейин маалыматтардын электрондук алып жүрүүчүлөрүндө финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте берилет.
28. Электрондук билдирүүнү түзүү жана жиберүү же электрондук билдирүү кабыл алынгандыгы (кабыл алынбагандыгы) жөнүндө квитанциянын алынбай калуусу менен байланышкан техникалык көйгөйлөр келип чыккан учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар дароо "шыр байланыш" телефону боюнча финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери менен байланышат же финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча билдирүүнү жиберет.
29. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар мурда финансылык чалгындоо органы кабыл алган электрондук билдирүүнү түзөтүү (өзгөртүү, толуктоо) жөнүндө өтүнүчү менен жазуу жүзүндө кайрылууну финансылык чалгындоо органына жибере алат.
Ушул жазуу жүзүндө кайрылууга финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин колу коюлат, мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана кагаз же электрондук түрдө жиберилет.
Кайрылууну байланыштын электрондук каналдары боюнча электрондук түрдө жиберүүдө кайрылууга электрондук кол тамга коюлат.
Кайрылууда электрондук билдирүүнү түзөтүүнүн (өзгөртүүнүн, толуктоонун) себептери жана операцияны (бүтүмдү) бир мааниде идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар, анын ичинде электрондук билдирүүнүн номери жана датасы, жасалган операциянын (бүтүмдүн) датасы жана суммасы, жасалган операциянын (бүтүмдүн) катышуучулары көрсөтүлөт.
30. Финансылык чалгындоо органы электрондук билдирүүнү түзөтүү жөнүндө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кайрылуусун үч жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
Финансылык чалгындоо органы кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча тийиштүү финансылык мекемеге жана финансылык эмес категориядагы жакка электрондук билдирүүнү түзөтүү (өзгөртүү, толуктоо) мүмкүндүгү жөнүндө кабарлама жиберет.
31. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кабарламаны алгандан кийин түзөтүлгөн электрондук билдирүүнү түзөт жана белгиленген тартипте, бирок электрондук билдирүүнү түзгөн күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына жиберет.
Алмаштыруучу электрондук билдирүүдө ("Кошумча маалыматтар" реквизиттери) мурда жиберилген электрондук билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор көрсөтүлөт, ошондой эле биринчи берилген электрондук билдирүүнүн "Номери" жана "Билдирүүнүн датасы" реквизиттери ыйгарылат.
32. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 14 жана 21-беренелеринде каралган билдирүүлөрдү электрондук билдирүүнүн тиешелүү типтүү формасында толтуруу жолу менен түзөт жана аларды төмөнкү мөөнөттөрдө финансылык чалгындоо органына жөнөтөт:
1) максаттуу финансылык санкцияларды колдонгон учурдан тартып үч сааттын ичинде, анын ичинде санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө;
2) санкциялык тизмеге киргизилген жеке же юридикалык жак, топ же уюм тарабынан жасалуучу операция (бүтүм) токтотулган учурдан тартып үч сааттын ичинде;
3) төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде:
- кардар менен ишкер мамилени түзүүдөн баш тартуу жөнүндө (тейлөөгө кабыл алуудан же эсеп ачуудан баш тартуу);
- кардар менен түзүлгөн ишкер мамилени токтото туруу же токтотуу жөнүндө (тейлөөдөн баш тартуу) жана кардар менен түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө;
- операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө.
33. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 14-беренелеринде каралган билдирүүлөрдү электрондук билдирүүнүн тиешелүү типтүү формасын толтуруу жолу менен түзөт жана төмөнкү мөөнөттөрдө финансылык чалгындоо органына жөнөтөт:
1) максаттуу финансылык санкциялар колдонулган учурдан тартып үч сааттын ичинде, анын ичинде санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар тарабынан операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө;
2) санкциялык тизмеге киргизилген жеке же юридикалык жак, топ, уюм тарабынан жасалуучу операция (бүтүм) токтотулган учурдан тартып үч сааттын ичинде.
34. Ушул Жобонун 32 жана 33-пункттарында каралган билдирүүлөргө катталган электрондук кол тамга менен кол коюлат (күбөлөндүрүлөт) жана финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталуучу электрондук байланыш каналы аркылуу финансылык чалгындоо органына электрондук билдирүү түзүлгөн учурдагы күнү 18:00дөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
4-глава. Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алуу тартиби
35. Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алуу үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар финансылык чалгындоо органына өтүнмөнү жана финансылык чалгындоо органынын Бирдиктүү маалыматтар системасынын абонентинин каттоо карточкасын (мындан ары - каттоо карточкасы) жиберет.
Өтүнмөнүн жана каттоо карточкасынын формалары финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Өтүнмөгө жана каттоо карточкасына финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин колу коюлат жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
36. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар каттоо карточкасына электрондук билдирүүнү түзүү, кол коюу жана жиберүү боюнча жеке жактардын ыйгарым укуктарын же жеке жакты тастыктаган ишеним каттын түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн тиркейт.
37. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ошондой эле өтүнмөнү жана каттоо карточкасын финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча электрондук форматта жиберет.
38. Финансылык чалгындоо органы жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алуу үчүн өтүнмөнү 5 жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
39. Финансылык чалгындоо органы жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алууга өтүнмөнү төмөнкү учурлардын биринде кароосуз калтырат:
1) жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну жана каттоо карточкасын алууга берилген өтүнмө белгиленген формадан айырмаланган форма боюнча берилгенде;
2) каттоо карточкасынын формасында толтурулбаган реквизиттер же туура эмес толтурулган реквизиттер болгон учурда;
3) өтүнмөдө жана каттоо карточкасында финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин колу жана (же) мөөрү жок болгон учурда;
4) өтүнмө жана каттоо карточкасы электрондук форматта берилбеген учурда.
40. Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алууга берилген өтүнмөнү кароосуз калтыруу жөнүндө чечимди кабыл алууда финансылык чалгындоо органы өтүнмө ээсине баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кабарлама жиберет.
Кабарлама финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналын колдонуу менен электрондук түрдө жиберилет.
Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алууга берилген өтүнмө кароосуз калтырылгандыгы жөнүндө финансылык чалгындоо органынын кабарламасын алган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кетирилген каталарды жоюу боюнча чараларды көрөт жана кайрадан финансылык чалгындоо органына жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алуу үчүн жаңыланган өтүнмөнү жана каттоо карточкасын жиберет.
41. Финансылык чалгындоо органы финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну акысыз негизде берет.
5-глава. Маалыматтардын жана документтердин купуялуулугун камсыздоо жана сактоо тартиби
42. Финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн алкагында алынган жана жиберилген маалыматтар жана документтер купуя болуп саналат жана аларга кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды же мамлекеттик сырды камтыган Кыргыз Республикасынын купуя документтер менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган коргоо режими жайылтылат.
43. Финансылык чалгындоо органы жана суралуучу тарап финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган жана жиберилген маалыматтардын жана документтердин купуялуулугун (үчүнчү жактарга бербейт жана ачыкка чыгарбайт) камсыз кылат.
44. Электрондук билдирүү финансылык чалгындоо органында электрондук билдирүү катталган датадан тартып 7 жылдан кем эмес электрондук түрдө сакталат.
Маалыматтарды криптографиялык коргоонун программалык жана программалык-аппараттык каражаттары жана электрондук кол тамганын маалымдамалары электрондук билдирүүнү иштеп чыгууда акыркы жолу колдонулган учурдан тартып 7 жылдан кем эмес сакталат.
45. Финансылык чалгындоо органы жана суралуучу тарап финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын жана документтердин Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте документ жана маалымат катталган датадан тартып 7 жылдан кем эмес сакталышын камсыз кылат.
46. Жеке кабинетте турган маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарууга жол берилбейт. Бул талапты бузган адамдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
6-глава. Корутунду жоболор
47. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобо күчүнө кирген датадан тартып үч айдын ичинде өтүнмөнү жана каттоо карточкасын ушул Жободо каралган тартипте финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
|
| Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын босоголук СУММАСЫ
№ | Операциянын (бүтүмдүн) түрү | Улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы эквивалентте босоголук сумма | Эскертүү |
1 | Алыш-бериш эсебин пайдалануу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес түрдө |
2 | Жеке жактардын алыш-бериш эсебин пайдалануу менен операциялар | 1000000 сом | Накталай түрдө |
3 | Карта байланган банктык эсепти колдонуу менен операциялар (финансылык чалгындоо органы тарабынан ушул Тиркемеге карата методикалык сунуштамаларда аныкталган операциялардан тышкары) | 1000000 сом (бир жолку операциянын суммасы жана/же 7 күндүн ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынды суммасы) | Накталай эмес түрдө |
4 | Карта байланган банктык эсепти колдонуу менен операциялар (толуктоо/алуу) | 500000 сом (бир жолку операциянын суммасы жана/же 7 күндүн ичинде жүргүзүлгөн операциялардын жыйынды суммасы) | Накталай түрдө |
5 | Депозиттик эсепти (талап кылынганга чейинки эсеп) колдонуу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
6 | Брокердик эсепти пайдалануу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
7 | Виртуалдык активдер менен операциялар (сатып алуу-сатуу/алмашуу/которуу) | 1000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |
8 | Валюталар менен алмашуу операциялары (сатып алуу-сатуу) | 1000000 сом | Накталай түрдө |
9 | АТС аркылуу жүргүзүлгөн операциялар | 1000000 сом | Накталай эмес түрдө |
10 | Электрондук капчыктарды колдонуу менен операциялар (финансылык чалгындоо органы тарабынан ушул Тиркемеге карата методикалык сунуштамаларда аныкталган операциялардан тышкары) | 500000 сом (бир жолку операциянын суммасы жана/же 7 күндүн ичиндеги операциялардын жыйынды суммасы) | Накталай эмес/накталай түрдө |
11 | Кредиттик эсепти (ссудалык эсеп) колдонуу менен операциялар | 2000000 сом | Накталай эмес/накталай түрдө |