Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025 –жылдын 14-марты № 01-3/28
«2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Нарзан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы И.Э.Оскомбаевге тапшырылсын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.К. Кулжанов |