ТоктомКүчүндө

Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025–жылдын 14-мартындагы № 01-3/28 «2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция14.03.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025 –жылдын 14-марты № 01-3/28

 

«2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап, сессия,

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. 2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын  №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Нарзан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы И.Э.Оскомбаевге тапшырылсын.

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

 Т.К. Кулжанов