Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары жана башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле финансылык чалгындоо органынын маалыматын, документтерин алуу жана маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жалпыланган материал - операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана башка маалыматты талдоонун натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан даярдалган, кылмыштуу ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштардын жасалгандыгына шектелгендиги тууралуу маалыматты камтыган документ;
2) ыкчам талдоо - кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), предикаттык кылмыштарга байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды аныктоо үчүн шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана операциялар (бүтүмдөр) тууралуу башка маалыматты, ошондой эле учурдагы жана жеткиликтүү маалыматты талдоо;
3) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) улуттук коопсуздук органдары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
5) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
6) контролунда турган жактар - тийиштүү текшерүүчү органдын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
7) укук коргоо органдары - ички иштер органдары, бажы органдары;
8) предикаттык кылмыш (негизги кылмыш) - аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) объекти (предмети) болуп саналган киреше (каражаттар) алынган, Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган ар кандай кылмыш;
9) кылмыштуу киреше - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чыгарып алынган киреше (каражаттар);
10) текшерүүчү органдар - тиешелүү контролунда турган жактардын мыйзамдарды аткаруу маселелери боюнча ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
11) стратегиялык талдоо - кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктоо үчүн учурдагы жана жеткиликтүү маалыматты, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматты талдоо;
12) финансылык териштирүү - кылмыштуу ишке тиешеси бар бардык финансылык жагдайларды төмөнкү максаттарда териштирүү:
- кылмыш тармагынын өлчөмдөрүн жана (же) кылмыштын масштабдарын аныктоо;
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана кылмыштуу ишти каржылоону аныктоо, алдын алуу, ачуу жана териштирүү;
- кылмыш өндүрүшүндө колдонулушу мүмкүн болгон буюм далилдерин алуу;
13) кемчиликсиз ишкердик аброй - кесипкөйлүктү жана укуктук жана этикалык ченемдерге берилгендикти ырастаган фактылардын болушу, ошондой эле алынбаган же жоюлбаган соттуулуктун, кылмыштуу иш менен байланыштын жана КИК/ККЛК жөнүндө мыйзамдарды бузуулардын болушун кошкондо, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максаттары үчүн кабыл алынгыс тобокелдиктерди жараткан факторлордун жоктугу.
3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул Жобонун 2-пунктунда аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде болсо, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
§ 1. Маалымат алмашуу тартиби
4. Кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча фактыны аныктоонун жана териштирүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органы менен маалымат алмашат.
Эгер суралган маалыматтар кылмыштуу ишти каржылоону же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарды териштирүүгө байланышпаса маалымат алмашуу жүргүзүлбөйт.
5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органына, улуттук коопсуздук органына, прокуратура органына берилген финансылык чалгындоо органынын маалыматы же жалпыланган материалдары купуя документтер болуп саналат жана кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга бөгөт коюу же ачуу максатында гана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органынан алынган маалыматтын купуялуулугун (үчүнчү жактарга бербейт жана ачыкка чыгарбайт), ошондой эле алынган маалыматты санкцияланбаган алуу мүмкүнчүлүгүнөн сакталышын жана корголушун камсыз кылат.
6. Финансылык чалгындоо органы менен маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын суроо-талабынын негизинде жүргүзүлөт.
Суроо-талап жазуу жүзүндө жана негизделген болууга, ошондой эле суралган маалыматты колдонуунун конкреттүү максатын камтууга тийиш. Суроо-талапта суроо-талаптын фигуранттары менен суралган маалыматтын байланышын көрсөтүү менен кылмыш ишинин же тергөөгө чейинки текшерүүнүн кыскача баяндамасы көрсөтүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын суроо-талабын кароонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
1) финансылык чалгындоо органында болгон, суралган маалыматты берүү жөнүндө;
2) финансылык мекемелерден алынган маалыматтардын негизинде жыйынды маалыматты берүү жөнүндө;
3) эгерде суралган маалыматтар кылмыштуу ишти каржылоону же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарды териштирүүгө байланышпаган учурда финансылык мекемелерден алынган маалыматтардын негизинде суралган маалыматты жана/же жыйынды маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
4) кылмыштуу ишти каржылоонун, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштардын мүмкүн болгон фактылары аныкталган учурда финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген тартипте ыкчам талдоо жүргүзүү, кийин жалпыланган материалды даярдоо жөнүндө.
8. Финансылык чалгындоо органы суралган маалыматты берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, финансылык чалгындоо органынын аналитиги финансылык чалгындоо органынын маалымат базасынын негизинде маалыматты түзөт жана суроо-талап алынган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органына, улуттук коопсуздук органына, прокуратура органына маалыматты жиберет.
9. Финансылык чалгындоо органы жыйынды маалыматты берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, суроо-талап алынган учурдан тартып 20 жумуш күн ичинде финансылык чалгындоо органынын аналитиги электрондук суроо-талапты финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жиберет жана берилген маалыматтардын негизинде жыйынды маалыматты түзөт, кийин аны Кыргыз Республикасынын укук коргоо органына, улуттук коопсуздук органына, прокуратура органына жиберет.
10. Зарыл болгон учурда 8 жана 9-пункттар боюнча маалыматты берүү мөөнөтү финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн.
11. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүү боюнча жооптуу кызмат адамын дайындайт жана анын байланыш маалыматтарын финансылык чалгындоо органына билдирет.
§ 2. Жалпыланган материалды даярдоо жана берүү тартиби
12. Жалпыланган материалды даярдоо боюнча ишти жүргүзүү үчүн негиз төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын суроо-талабы;
2) жеке жактын же юридикалык жактын арызы же кайрылуусу;
3) чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабы;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана Интернет тармагындагы публикация;
5) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү;
6) жеке же юридикалык жакка карата жетиштүү жана негиздүү шектенүүлөрдүн болушу жөнүндө финансылык чалгындоо органынын аналитигинин билдирүүсү.
Ошол эле учурда жогоруда аталган суроо-талап, арыз же кайрылуу, публикация жана билдирүү кылмыштуу ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштар фактылары менен байланыштуу болууга тийиш.
13. Финансылык чалгындоо органы шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматка, ошондой эле учурдагы жана жеткиликтүү маалыматка ыкчам талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча өзүнүн демилгеси менен же Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын суроо-талабы боюнча жалпыланган материалды жиберет.
14. Ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык жалпыланган материалды даярдоого негиз болгон маалымат жана/же маалыматтар финансылык чалгындоо органынын аналитиги тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды аныктоо максатында иштелип чыгууга жана талданууга (ыкчам талданууга) тийиш.
Операциянын (бүтүмдүн) кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланыштуу болушу мүмкүн деген жетиштүү негиздер болсо, финансылык чалгындоо органынын аналитиги жалпыланган материалдын долбоорун иштеп чыгат.
Ыкчам талдоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
15. Жалпыланган материалдын долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жалпыланган материалды даярдоо үчүн негиз пайда болгон күндөн тартып 1 айдан ашпоого тийиш.
Зарыл болгон учурда жалпыланган материалдын долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн.
16. Жалпыланган материалдын долбоору төмөнкү маалыматты камтышы мүмкүн:
1) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү кырдаалдарын жана алардын суммасын чагылдыруу менен кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланыштуу болушу мүмкүн болгон операциянын (бүтүмдүн) мазмунунун кеңири баяндамасын;
2) операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаган жактардын ортосундагы өз ара мамилелерди жана байланыштарды көрсөтүү менен кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланыштуу болушу мүмкүн болгон операциялар (бүтүмдөр) менен алардын суммасынын ортосундагы байланышты сыпаттаган схеманы же таблицаны;
3) кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланыштуу болушу мүмкүн болгон операция (бүтүм) жүргүзүлгөн финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын аталышын жана жайгашкан жерин;
4) кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланыштуу болушу мүмкүн болгон операцияны (бүтүмдү) жасаган жеке жактын жана (же) юридикалык жактын (мындан ары - фигурант) идентификациялык маалыматтарын жана башка маалыматтарын;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынан, анын ичинде алардын маалымат базасынан алынган фигурантка карата маалыматты;
6) чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнөн алынган фигурантка жана операцияларга (бүтүмдөргө) карата маалыматты;
7) маалыматтын ачык булактарынан (ЖМК, Интернет) алынган фигурантка карата маалыматтарды;
8) операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланыштуу болушу мүмкүн экендиги жөнүндө жүйөлүү корутундуну;
9) бул жалпыланган материал менен байланышкан мурда жиберилген жалпыланган материал (болсо) жөнүндө маалыматты.
17. Чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмүнөн алынган фигурантка жана операцияларга (бүтүмдөргө) карата маалымат жалпыланган материалга киргизилет жана берилген маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө чет мамлекеттин финансылык чалгындоо бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты болсо укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына берилет.
Мындай уруксат жок болгон учурда финансылык чалгындоо органы мындай уруксатты алуу үчүн эл аралык суроо-талапты жиберет.
18. Жалпыланган материалдын долбоору алардын компетенциясына ылайык аны укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына жиберүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн финансылык чалгындоо органынын жетекчисине берилет.
19. Жалпыланган материалды укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына берүү үчүн жетиштүү негиздердин болгондугу жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
Зарыл болгон учурда бул чечим финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин катышуусу менен финансылык чалгындоо органынын жетекчисинде өткөрүлгөн кеңешмеде кабыл алынат.
20. Жалпыланган материалды тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына жиберүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тергөөнүн караштуулугун эске алуу менен кабыл алынат.
21. Кылмыштуу ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча кылмыш ишин укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын аймактык бөлүмү тарабынан териштирүү жөнүндө маалымат болсо, финансылык чалгындоо органынын жетекчиси бул укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын борбордук аппаратына кабарлама жиберүү менен түздөн-түз аймактык бөлүмгө жалпыланган материалды берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
22. Жалпыланган материалды бир нече укук коргоо органдары же улуттук коопсуздук органы же болбосо прокуратура органы кароого кызыкдар экендиги жөнүндө маалыматтар болсо, финансылык чалгындоо органынын жетекчиси жалпыланган материалды ар бир укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Ошол эле учурда укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына жалпыланган материалдын башка укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына берилгендиги жөнүндө кабарлама жиберилет.
23. Жалпыланган материал жана анын тиркемелери "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар документ түрүндө таризделет.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жалпыланган материалдын жана жыйынды маалыматтын купуялуулугун камсыз кылат (үчүнчү жактарга бербейт жана ачыкка чыгарбайт).
24. Жалпыланган материалды жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып эки жумуш күндүн ичинде жалпыланган материал тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына жиберилет.
25. Жалпыланган материалды жиберүү жөнүндө чечимди кабыл алууда финансылык чалгындоо органынын жетекчиси жалпыланган материалдын фигурантынын (фигуранттарынын) каражаттарын тоңдуруу боюнча чечим кабыл алуу тууралуу маселени карайт.
26. Жалпыланган материал жана анын тиркемелери (болсо) финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин колу коюлган тийиштүү коштоочу кат менен бирге маалыматтын кагаз жана/же магниттик алып жүрүүчүлөрүндө укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына жиберилет.
Коштоочу катта жалпыланган материалдын кыскача аталышы жана финансылык чалгындоо органынын жетекчиси жалпыланган материалды үчүнчү жактарга берүүгө жана кылмыш ишинде колдонууга алдын ала уруксат берген учурлардан тышкары, берилүүчү жалпыланган материалды финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин алдын ала макулдугусуз үчүнчү жактарга берүүгө жана кылмыш ишинде колдонууга болбойт деген шарттар көрсөтүлөт.
Жалпыланган материалды бир нече укук коргоо органдарына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына жиберүүдө коштоочу катта жалпыланган материал жиберилген укук коргоо органдарынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын аталышы көрсөтүлөт.
27. Эгерде жалпыланган материалдын кызматтык, банктык, коммерциялык жана башка сырды камтыган тиркемелери болсо материалга жана коштоочу катка "Тиркемелер кызматтык, банктык, коммерциялык же башка сырды камтыйт" деген жазуу жазылат.
28. Жалпыланган материалды укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын борбордук аппаратына жиберүүдө финансылык чалгындоо органы ошол эле учурда жалпыланган материалдын жиберилгендиги жөнүндө коштоочу каттын бир нускасын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберет.
29. Жалпыланган материалды укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын аймактык бөлүмүнө жиберүүдө финансылык чалгындоо органы аларды текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгүн контролдоону камсыз кылуу үчүн жалпыланган материалдын жиберилгендиги жөнүндө коштоочу каттын көчүрмөсүн укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын борбордук аппаратына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын тийиштүү органына жиберет.
30. Финансылык чалгындоо органы жиберилген жалпыланган материалдар жана аларды кароонун абалы жөнүндө маалыматты электрондук маалымат базасында белгилөөнү камсыз кылат.
§ 3. Финансылык чалгындоо органынын жалпыланган материалын же маалыматын кароо тартиби
31. Финансылык чалгындоо органынын жалпыланган материалын же маалыматын каттоо (мындан ары - жалпыланган материал (маалымат)) жеткиликтүүлүктү чектөөнүн же жашыруундулуктун тиешелүү грифи болгон документтер менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук коргоо органы же улуттук коопсуздук органы же болбосо прокуратура органы жана анын аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
Алынган жалпыланган материалдар жана аларды кароонун абалы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында эсепке алынат.
32. Жалпыланган материалды (маалыматты) алган укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы жана прокуратура органы же алардын аймактык бөлүмдөрү каттаган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен жалпыланган материалды (маалыматты) каттоо датасы жана номери жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет. Бул маалымат финансылык чалгындоо органы аныктаган байланыштын электрондук каналы боюнча жиберилет.
33. Укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын борбордук аппараты жалпыланган материалды (маалыматты) кароо үчүн укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын аймактык бөлүмүнө жиберүүдө жалпыланган материал (маалымат) укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын аймактык бөлүмүнө жиберилген учурдан тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына тийиштүү маалымат жиберилет. Бул маалыматта укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын аймактык бөлүмүнүн аталышы, ага ылайык жалпыланган материал (маалымат) жиберилген коштоочу каттын датасы жана номери көрсөтүлөт. Бул маалымат финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча жиберилет.
34. Жалпыланган материалды (маалыматты) башка укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына берүү үчүн жалпыланган материалды (маалыматты) башка укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына берүүгө макулдугун алуу үчүн финансылык чалгындоо органына суроо-талап жиберилет.
35. Жалпыланган материалда (маалыматта) камтылган маалыматты тактоо үчүн укук коргоо органы же улуттук коопсуздук органы же болбосо прокуратура органы, анын ичинде алардын аймактык бөлүмдөрү финансылык чалгындоо органынан кошумча маалыматты сурашы мүмкүн.
Суроо-талапка укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын жетекчилигинин колу коюлат жана ага ылайык жалпыланган материал (маалымат) жиберилген финансылык чалгындоо органынын коштоочу катынын номерине жана датасына шилтемени камтууга тийиш.
36. Жалпыланган материалды (маалыматты) кароодо укук коргоо органынын же улуттук коопсуздук органынын же болбосо прокуратура органынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери жалпыланган материалдын (маалыматтын) мазмуну тууралуу консультациялык жардам (түшүндүрмөнү жана комментарийлерди) алуу үчүн финансылык чалгындоо органынын тийиштүү аналитигине кайрылууга укуктуу.
37. Мурда жиберилген жалпыланган материалга (маалыматка) байланышкан кошумча маалыматтар пайда болгон учурда финансылык чалгындоо органы кошумча жалпыланган материалды (маалыматты) иштеп чыгат жана аны ушул Жободо белгиленген тартипте тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына же болбосо прокуратура органына жиберет.
Кошумча жалпыланган материал (маалымат) ага ылайык мурда жалпыланган материал (маалымат) жиберилген коштоочу каттын датасын жана катталган номерин камтууга тийиш.
38. Жалпыланган материал (маалымат) купуя документ болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга бөгөт коюу же ачуу максатында гана колдонулат.
39. Жалпыланган материал (маалымат) ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат жана сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелбейт, далил катарында колдонулбайт жана кылмыш ишине тиркелбейт.
Улуттук коопсуздук органдары жалпыланган материалдын (маалыматтын) негизинде контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө укуктуу.
Жалпыланган материалдын (маалыматтын) негизинде ыкчам издөө ишин жүргүзүүчү органдар ыкчам текшерүүнү жүргүзөт. Аны жүргүзүү фактысы милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
40. Укук коргоо органы же улуттук коопсуздук органы жалпыланган материалды эсепке алуу менен сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн ыкчам издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана (же) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жалпыланган материалда (маалыматта) каралган маалыматтарды легалдаштырууга тийиш.
§ 4. Жалпыланган материалды (маалыматты) колдонуу боюнча маалыматтарды берүү тартиби
41. Укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жана алардын аймактык бөлүмдөрү квартал сайын финансылык чалгындоо органына жалпыланган материалды (маалыматты) кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берет.
42. Укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча жалпыланган материалды (маалыматты) кароонун жыйынтыктары жана абалы жөнүндө аралыктагы маалыматты финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурда кабыл алынган процессуалдык документтердин тийиштүү көчүрмөлөрүн тиркөө менен 10 жумуш күндүн ичинде берет.
43. Финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органы, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жалпыланган материалды (маалыматты) кароонун жыйынтыктары боюнча жана жиберилген, каралган жалпыланган материалдар (маалымат) боюнча статистикалык маалыматтарды салыштырып текшерет.
44. Салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыштырып текшерүү актысы (эки нускада) түзүлөт, ага финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлат жана бул органдардын жетекчилери тарабынан бекитилет.
Салыштырып текшерүү актысынын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
§ 5. Жалпыланган материалды (маалыматты) кароону контролдоо жана көзөмөлдөө
45. Укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын жана прокуратура органдарынын жетекчилери же алар ыйгарым укук берген кызмат адамдары жалпыланган материалды (маалыматты) кароону жана аны кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун контролдойт.
46. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары тарабынан жалпыланган материалды (маалыматты) кароодо жана аны кароонун жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөйт.
3-глава. Финансылык териштирүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү
47. Укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, тергөөгө чейинки текшерүү же кылмыш иши боюнча тергөө өндүрүшүндө кылмыштуу ишке тиешеси бар бардык финансылык жагдайларды териштирүүнү (финансылык териштирүүнү) жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
48. Финансылык териштирүү шектүү финансылык пайда алууга жана мыйзамсыз баюуга байланышкан башка кылмыштарды териштирүүдө да жүргүзүлүүгө тийиш.
49. Финансылык териштирүү Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
50. Финансылык териштирүү өзүнө кылмыш куугунтугуна көмөк көрсөтүү жана кылмыштуу кирешелерди жана кылмыш жасоо каражаттарын алуу максатында бардык маалыматты топтоону, салыштырууну жана талдоону камтыйт.
51. Финансылык териштирүүнүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кылмыш ишин жүргүзүүнүн жүрүшүндө акча каражаттарынын кыймылынын фактыларын аныктоо жана документтештирүү;
2) кылмыштуу кирешелерди аныктоо жана каражаттарды тоңдуруу жол-жоболорун колдонуу же кийин конфискациялоо үчүн каражаттарды камакка алуу;
3) кылмыштуу ишти каржылоо же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иштерин териштирүү;
4) финансылык жана экономикалык негиздерди, эл аралык кылмыш байланыштарын ачуу жана кылмыштуу схемалардын түрлөрү жана мүнөзү жөнүндө билим алуу.
52. Финансылык териштирүү кылмышты териштирүү планына милдеттүү түрдө киргизилет.
53. Финансылык териштирүү маселелери боюнча колдонмо финансылык чалгындоо органы, укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы тарабынан иштелип чыгат жана алардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
54. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана ага байланышкан предикаттык кылмыштарга байланышкан кылмыштарга параллелдүү финансылык териштирүү жүргүзүүдө укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы финансылык чалгындоо органында болгон маалыматты жана документтерди суроого укуктуу.
55. Укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы параллелдүү финансылык териштирүүнү жүргүзүүдө ыкчам издөө ишинин, тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө стадияларында финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенет.
4-глава. Бажы органынын финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү
56. Бажы органы бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды колдонуу менен Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүнү контролдойт, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди мыйзамсыз алып өтүүнү аныктоо боюнча чараларды көрөт.
Ошол эле учурда бажы органы жана анын кызмат адамдары мыйзамдуу акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратпоого тийиш.
57. Бажы органы Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алып өтүүчү накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалыматты жалпылайт жана электрондук маалымат базасын түзөт.
Электрондук маалымат базасын түзүү тартиби жана ага кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
58. Бажы органы укук коргоо органдары жана финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүү менен 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин алып өтүүдө кылмыш жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге ылайык Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрөт.
59. Бажы органы, укук коргоо органдары жана финансылык чалгындоо органы 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин алып өтүүдө кылмыш жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу максатында накталай акча каражаттарын жана (же) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүнү токтото туруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык регламентине кол коет жана колдонот.
60. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүүчү жактарга карата кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан шектенүүлөр келип чыккан учурда бажы органы бир жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберет.
Шектенүүлөрдүн критерийлери жана билдирүүлөрдү жиберүү механизми бажы органы жана финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн тийиштүү ведомстволор аралык макулдашууда аныкталат.
61. Финансылык чалгындоо органы кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында бажы органынын билдирүүлөрүнө талдоо жүргүзөт.
62. Бажы органы, финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органдары ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтын купуялуулугун, сакталышын жана корголушун камсыз кылат жана аны өз компетенцияларынын алкагында гана колдонот.
63. Бажы органы, укук коргоо органдары жана финансылык чалгындоо органы бажы органынын, укук коргоо органынын жана финансылык чалгындоо органынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүгө жооптуу кызматкерлерди (байланыштын офицерлерин) аныктайт.
5-глава. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын соттор менен өз ара аракеттенүүсү
64. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы соттор менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобого ылайык өз ара аракеттенет.
6-глава. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча оз ара аракеттенүү
65. Финансылык чалгындоо органы кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) аныктоо жана ачуу типологиялары (схемалары), методдору, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иштерин териштирүү жана кароо боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын кызматкерлери жана соттору үчүн окутуучу иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт.
66. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жана соттору финансылык чалгындоо органына кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) типологияларын (схемаларын) даярдоого, ошондой эле кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларын иштеп чыгууда жана окуу иш-чараларын өткөрүүдө методикалык жана башка жардамды берет.
67. Финансылык чалгындоо органы тарабынан жүргүзүлгөн стратегиялык талдоонун жыйынтыктары кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү окуу программаларын жана окуу материалдарын иштеп чыгууда, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин моделдерин, тенденцияларын аныктоо, талдоо үчүн колдонулат.
7-глава. Маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартиби
68. Финансылык чалгындоо органы төмөнкү электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалымат базасына (мындан ары - маалымат базасы) кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ:
1) "Баңги зат" автоматташтырылган маалымат базасы, кылмыш жасагандыгы үчүн улуттук жана эл аралык издөөдө жүргөн адамдардын маалымат базасы, соттуулугу бар адамдарды эсепке алуу боюнча маалымат базасы, уюшкан кылмыштуулукка жана уюшкан баңги кылмыштуулугуна тиешеси бар адамдарды эсепке алуу боюнча маалымат базасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан түзүлгөн террористтик ишке тиешеси бар адамдардын маалымат базасы (издөөдөгү адамдардын тизмеси);
3) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасы);
4) автотранспорт каражаттарын жана аларга чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Транспорт каражаттарынын, орнотмолорунун жана жабдууларынын мамлекеттик реестри (катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын маалымат базасы);
5) калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (блоктор: "Негизги жеке маалыматтар", "Паспорттор жөнүндө маалыматтар", "Каттоо даректери жөнүндө маалыматтар", "Каттоо даректеринин тарыхы жөнүндө маалыматтар", "Үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын туугандары жөнүндө маалыматтар", "Катталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар", "Дарек боюнча катталган адамдар жөнүндө маалыматтар");
6) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан түзүлгөн Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри, нотариалдык бүтүмдөрдүн маалымат базасы (бүтүмдөрдү ырастоо бөлүгүндө) жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кайра каттоо тарыхы боюнча маалыматтар;
7) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн "Электрондук виза" системасы боюнча Кыргыз Республикасынын таризделген визалары боюнча маалымат базасы (Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын чакан компоненти);
8) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан түзүлгөн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система ("Жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясындагы накталай акча каражаттары жана акча инструменттери жөнүндө декларация" блогу), тышкы экономикалык иш жөнүндө маалымат базасы (импорт, экспорт, бажы кампасы, транзит ж.б. бажы жол-жоболору);
9) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлгөн салыктык башкаруунун маалыматтык системасы, "Патенттер жөнүндө маалыматтар", "Жеке ишкерлер жөнүндө маалыматтар", "Салык төлөөчүлөрдүн салык режими боюнча маалыматтар", "Берилген электрондук эсеп-фактуралар жана электрондук товардык-транспорттук коштоочу кагаздар жөнүндө маалыматтар", "Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ичиндеги импорт-экспорт жөнүндө маалыматтар";
10) финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри;
11) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу чек ара органы тарабынан түзүлгөн Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын маалымат базасы (Кыргыз Республикасынын контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу жарандардын кирүүсүн жана чыгуусун эсепке алуу боюнча маалымат базасы);
12) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу үчүн жарандарды жекелештирип эсепке алуу боюнча маалымат базасы;
13) пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн "Пробация" автоматташтырылган маалыматтык системасы;
14) жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн соттолгондор жана камактагылар боюнча маалымат базасы, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөө жөнүндө маалыматтар;
15) Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан түзүлгөн сот актыларынын маалымат базасы;
16) мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн "e-Kyzmat" (улуттук коомдук кызмат адамдары жөнүндө маалымат базасын түзүү үчүн) жана "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системалары.
69. Финансылык чалгындоо органы (мындан ары - Пайдалануучу) жана ушул Жобонун 68-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар (мындан ары - Ээси) маалымат базасынын жеткиликтүү маалыматтарынын тизмегин жана маалымат базасына кирүү тартибин белгилөө үчүн тийиштүү ведомстволор аралык макулдашууну түзөт.
70. Тиешелүү ведомстволор аралык макулдашууда аныкталган айрым техникалык каражаттарды кошпогондо, Пайдалануучу маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн акысыз негизде алат.
71. Маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгү Пайдалануучунун буйругуна ылайык маалымат базасына кирүү укугуна ээ жана алардын маалымат базасына кирүү укугуна ээ экендиги жөнүндө Ээсине билдирилген Пайдалануучунун кызматкерлерине берилет.
72. Маалымат базасына кирүүнүн негизги ыкмасы маалымат базасында камтылган жана мамлекеттик сырларга кирбеген маалыматты убакыттын реалдуу масштабында Пайдалануучунун обочолонгон компьютерлеринде байланыштын ар түрдүү тармактарынын (негизинен Интернет тармагынын) жардамы менен электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү деп түшүндүрүлгөн аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
73. Маалымат базасына аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгү маалымат базасына аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча ведомстволор аралык макулдашууга ылайык Пайдалануучуга берилет.
Ведомстволор аралык макулдашууда Пайдалануучунун компьютердик системасына коюлган талаптар, маалымат базасына аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү убактысынын интервалы жөнүндө маалыматтар, берүү механизмдери, кирүү мүмкүнчүлүгүнүн паролдорун өзгөртүү тартиби жөнүндө маалыматтар, телефон номерлери жана тараптар аныктаган башка маалыматтар көрсөтүлөт.
74. Ведомстволор аралык макулдашуунун негизинде Ээси:
1) Пайдалануучунун компьютерине маалымат базасына аралыктан кирүү үчүн анын эсебинен программалык камсыздоону орнотот же маалымат базасына аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн кайсы каражаттарды пайдалануу керек экендигин билдирет;
2) Пайдалануучуга бул жөнүндө өз убагында билдирүү менен кирүү паролун өзгөртө алат.
75. Маалымат базасына кирүү укугуна ээ Пайдалануучунун кызматкерлери үчүн кирүү паролдору Пайдалануучуга жиберилүүчү Ээсинин тийиштүү купуя катында көрсөтүлөт.
Берилген кирүү паролун бир эле мезгилде бирден ашык жумуш ордунда колдонууга жол берилбейт.
Кирүүнүн талаптагыдай эмес паролу менен же Пайдалануучунун аты менен маалымат базасына кирүү аракетинде маалымат базасынан маалымат берилбейт.
76. Аралыктан кирүү аркылуу маалымат базасынан маалыматтарды алууга мүмкүн болбогон учурларда Ээси Пайдалануучуга кирүү мүмкүнчүлүгүн (маалыматты алуу) төмөнкү ыкмалар менен берет:
1) маалыматты коргоо каражаттарын колдонуу менен электрондук почта боюнча;
2) электрондук алып жүрүүчүлөрдө (дисктер/флешкалар).
Жогоруда аталган ыкмалар менен маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн Пайдалануучуга берүү тартиби жана шарттары ведомстволор аралык макулдашууда аныкталат.
77. Электрондук алып жүрүүчүлөрдө же электрондук почта режиминде маалыматтарды берүү түзүмү жана форматы Ээси жана Пайдалануучу тарабынан бирге аныкталуучу электрондук документ (файл) түрүндө жүргүзүлөт.
Аталган файлдарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу Пайдалануучунун программалык-техникалык каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт.
78. Электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтар Пайдалануучуга андан электрондук алып жүрүүчүнү (дисктер/флешкалар) жана тийиштүү катты, анын ичинде электрондук катты алганда берилет.
79. Маалымат базасынан маалыматтарды аралыктан кирүү аркылуу же электрондук почта боюнча же электрондук алып жүрүүчүлөрдө (дисктер/флешкалар) алуу мүмкүн болбогон учурларда Ээси Пайдалануучуга тийиштүү маалыматты расмий суроо-талапка жазуу жүзүндө жоопту жиберүү аркылуу берет.
Ошол эле учурда маалыматты берүү мөөнөттөрү жана башка шарттар ведомстволор аралык макулдашууда белгиленет.
80. Пайдалануучуга маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү маалыматты коргоо каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт.
Маалыматты коргоо каражаттары керектүү коргоо деңгээлине жараша Ээси тарабынан аныкталат.
Маалыматты коргоо үчүн маалыматты коргоонун сертификатталган каражаттары колдонулат.
81. Финансылык чалгындоо органы кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик ишканаларынын реестрлеринен жана маалымат базасынан алынган маалыматтарды колдонот.
82. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары финансылык чалгындоо органына электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалыматтар базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн финансылык чалгындоо органы менен мамлекеттик ишкананын ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде берет.
8-глава. Улуттук коомдук кызмат адамдарынын электрондук маалымат базасын түзүү жана жаңылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын мамлекеттик органдар менен оз ара аракеттенүүсү
§ 1. Маалымат базасын түзүү жана жаңылоо тартиби
83. Улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалымат базасы (мындан ары - маалымат базасы) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин I бөлүмүнүн негизинде түзүлөт.
84. Маалымат базасынын түзүмү финансылык чалгындоо органынын буйругу менен аныкталат.
85. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде көрсөтүлгөн саясий жана атайын кызмат орундарына, саясий муниципалдык кызмат орундарына адамды дайындоодо финансылык чалгындоо органы маалымат базасын түзүү максатында улуттук коомдук кызмат адамы жөнүндө маалыматты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, мамлекеттик корпорацияларга жана саясий партияларга бир жумуш күндүн ичинде суроо-талаптарды жиберет.
86. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик корпорациялар жана саясий партиялар финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген формага ылайык улуттук коомдук кызмат адамдары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары финансылык чалгындоо органына суралган маалыматты финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча электрондук форматта берет.
87. Маалымат базасын түзүүдө финансылык чалгындоо органы калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив ишин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат базасын колдонот.
88. Финансылык чалгындоо органы маалымат базасына финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан алынган башка маалыматтарды киргизүүгө укуктуу.
89. Финансылык чалгындоо органы улуттук коомдук кызмат адамдары жөнүндө алынган маалыматты маалымат базасына кечиктирбестен киргизүүнү жана ай сайын маалымат базасын жаңылоону камсыз кылат.
§ 2. Маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартиби
90. Маалымат базасынын маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына жана прокуратура органдарына, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - маалымат базасын пайдалануучулар) берилет.
Маалымат базасынан маалыматты берүү криптографиялык шифрлөөнү пайдалануу менен байланыштын корголгон каналдары боюнча жүргүзүлөт.
91. Кирүү мүмкүнчүлүгү берилген маалымат базасынын маалыматтарынын тизмеги финансылык чалгындоо органы менен маалымат базасын пайдалануучунун ортосундагы макулдашууда аныкталат.
92. Маалымат базасынын пайдалануучулары маалымат базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана санкцияланбаган алуудан корголушун камсыз кылат жана үчүнчү жактарга бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
93. Маалымат базасында камтылган улуттук коомдук кызмат адамы жөнүндө маалыматтар улуттук коомдук кызмат адамы ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып эки жыл бою сакталат.
9-глава. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүсү
94. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы жана калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы алардын кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин (мындан ары - Тизмектер) колдонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенет.
95. Финансылык чалгындоо органы Тизмектердин актуалдуу редакцияларын тийиштүү ведомстволор аралык макулдашууда белгиленген тартипте жана мөөнөттө байланыштын электрондук каналы боюнча өз убагында калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берүүнү камсыз кылат.
Финансылык чалгындоо органы Тизмектерди Кыргыз Республикасында катталган жеке жактардын идентификациялык жеке номерлерин жана юридикалык жактардын салык төлөөчүлөрүнүн идентификациялык номерлерин көрсөтүү менен калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берет.
96. Калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды тариздөө же кайра тариздөө боюнча иш-аракеттерди жасаган жактардын Тизмектерде бар же жок экендигин салыштырып текшерет жана Тизмектерге киргизилген жактар табылган учурда тийиштүү ведомстволор аралык макулдашууда аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберүүнү камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы жана калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, архив иштерин каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын аймактык бөлүмдөрү операцияларды (бүтүмдөрдү) жана каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ара аракеттенет.
10-глава. Кылмыштуу иш менен байланышкан адамдардын контролунда турган жактарды башкаруусуна жана ээлик кылуусуна бөгөт коюу максатында текшерүүчү органдар менен оз ара аракеттенүү
97. Текшерүүчү органдар лицензиялоо, уруксат берүү жана каттоо жол-жоболорун жүргүзүүдө, ошондой эле жетекчилик кызматтарга талапкерлерди макулдашууда жана/же өздөрүнүн контролунда турган жактардын олуттуу катышуу үлүшүн (уставдык капиталындагы акциялардын же үлүштөрдүн 25 пайызы жана андан көп) алуу боюнча бүтүмдөрдү жактырууда, текшерилүүчү уюштуруучулар, катышуучулар (акционерлер), бенефициардык ээлер жана жетекчилер жөнүндө маалымат алуу үчүн финансылык чалгындоо органына жана ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарына (ички иштер органдары, улуттук коопсуздук органдары) суроо-талаптарды жиберүүгө милдеттүү.
98. Ушул Жобонун 97-пунктунда көрсөтүлгөн суроо-талап боюнча финансылык чалгындоо органы жана укук коргоо органдары тиешелүү текшерүүчү органга 10 күндүк мөөнөттө текшерилүүчү адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтүү менен төмөнкү формалардын бири боюнча расмий корутунду берүүгө милдеттүү:
1) "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча (адамдын аты-жөнү) кемчиликсиз ишкердик аброй жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбегендигин көрсөтүүчү терс мүнөздөгү маалымат жок";
2) "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча (адамдын аты-жөнү) кемчиликсиз ишкердик аброй жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгын тереңдетилген текшерүү үчүн негиз боло турган маалыматтар бар";
3) "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча (адамдын аты-жөнү) кылмыштуу ишке катыштыгы болушу мүмкүн экендигине байланыштуу кемчиликсиз ишкердик аброй жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келбегендигин күбөлөндүрүүчү маалыматтар бар".
99. Эгер финансылык чалгындоо органы же укук коргоо органдары өз каналдары аркылуу кылмыштуу иш менен байланышкан адамдар контролду алууга же контролунда турган жакта жетекчилик кызматты ээлөөгө ниеттенип жатканы жөнүндө маалымат алса, көрсөтүлгөн органдар бул тууралуу тиешелүү текшерүүчү органга превентивдик чараларды кабыл алышы үчүн демилгелүү тартипте маалымдоого милдеттүү.
100. Ушул өз ара аракеттенүүнүн алкагында алынган маалымат купуя болуп саналат жана текшерүүчү орган тарабынан адамдардын квалификациялык талаптарга жана ишкерлик абройго коюлган талаптарга шайкештигин баалоо максаттарында гана колдонулат. Көрсөтүлгөн маалымат каттоо же уруксат берүү аракетинен баш тартуу үчүн жалгыз негиз боло албайт, бирок тереңдетилген текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болуп, бар болгон бардык маалыматтардын жыйындысына таянып акыркы чечимди кабыл алууга шарт түзөт.
11-глава. Корутунду жоболор
101. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы жана прокуратура органы финансылык чалгындоо органына кылмыш иштери боюнча статистикалык маалыматтарды, жергиликтүү жана мамлекеттер аралык издөө салынган адамдар жөнүндө маалыматтарды берет.
102. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, прокуратура органы жана башка мамлекеттик бийликтин органдары менен ведомстволор аралык жумуш топторду түзүү, өз ара аракеттенүүнү, өз ара байланыштарды жана тажрыйба алмашууну күчөтүү үчүн өз ара кызыкчылыктарды жараткан маселелер боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жолу менен өз ара аракеттенет.
103. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы, укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы жана прокуратура органы маалыматтардын тактыгына жана өз убагында берилишине кепилдик берет, ошондой эле алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталуусун жана санкцияланбаган жетүүдөн корголуусун, ошондой эле маалыматтардын өз компетенциясынын чегинде гана колдонулушун камсыздайт.
104. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы жана прокуратура органы өздөрүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн финансылык чалгындоо органы менен борборлоштурулган маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыздашат.
105. "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык төмөнкү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырышат:
1) финансылык чалгындоо органы жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын арасында террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин азайтуу маселеси боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт;
2) юстиция органдары өз компетенциясынын чегинде:
- коммерциялык эмес уюм тарабынан мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин мазмунунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерет;
- юридикалык жактардын уюштуруучуларын, жетекчилерин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, коммерциялык эмес уюмдун арыз берүүчүлөрүн жана жетекчи органдарынын мүчөлөрүн изделип жаткан адамдардын тизмегинде (улуттук жана эл аралык), Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде бар экендигин текшерет;
- белгиленген учурларда коммерциялык эмес уюмду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- коммерциялык эмес уюмдун каттоо делосун сактоону жүзөгө ашырат;
3) салык кызматынын органдары "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган ченемдерди сактоо маселелери боюнча жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
4) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын (диний уюмдардын) "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди сактоо маселелери боюнча ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
5) финансылык чалгындоо органы, юстиция органдары, салык кызматынын органдары, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди бузгандыгы үчүн натыйжалуу, пропорциялуу жана ооздуктоочу санкцияларды колдонууну жүзөгө ашырат;
6) финансылык чалгындоо органы, улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары өз компетенциясынын чегинде коммерциялык эмес уюмдарды кылмыштуу ишти каржылоодо пайдалануу фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана текшерүү үчүн маалыматтарды чогултууну жүзөгө ашырат;
7) финансылык чалгындоо органы кылмыштуу ишти жүзөгө ашырууга же кылмыштуу ишти каржылоого катышкан коммерциялык эмес уюмдарга карата эл аралык суроо-талаптарга жоопторду берет.