Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-ноябры № 130
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин
, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирмелердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын, Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын, Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрү тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 2-ноябрындагы № 130 токтомуна тиркеме |
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ | № күб. | Уюм | Аты-жөнү | Өлкө | Ээлеген кызмат орду |
1 | 74 | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Панахов Мазаир Мухаммед оглы | Азербайжан | Азербайжан Республикасынын БШК төрагасы |
2 | 75 | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Казымзаде Гасан | Азербайжан | Азербайжан Республикасынын БШК Катчылыгынын башчысынын орун басары |
3 | 76 | Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши | Йенер Ахмет | Түркия Республикасы | Түркия Республикасынын ЖШК төрагасы |
4 | 77 | Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши | Уста Орхан | Түркия Республикасы | Түркия Республикасынын ЖШК мүчөсү |
5 | 78 | Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши | Филиз Халит | Түркия Республикасы | Түркия Республикасынын Чет өлкөлүк иштер жана долбоорлор департаментинин башчысы |
6 | 79 | Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Василе Постолаке | Молдова Республикасы | Молдова Республикасынын БШК мүчөсү |
7 | 80 | Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Станислава Бондарь | Молдова Республикасы | Молдова Республикасынын БШК Юридикалык департаментинин башкы юристконсультанты |
8 | 81 | Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы | Заридзе Майя | Грузия | Грузиянын БШК мүчөсү |
9 | 82 | Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы | Цабашвили Эка | Грузия | Грузиянын БШК Шайлоо процессин башкаруу департаментинин жетекчиси |
10 | 83 | Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Овакимян Ваагн | Армения Республикасы | Армения Республикасынын БШК төрагасы |
11 | 84 | Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Бабикян Тигран | Армения Республикасы | Армения Республикасынын БШК контролдук-ревизиялык кызматынын жетекчиси |
12 | 85 | Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясы | Мохамед Захид | Мальдив Республикасы | Мальдив Республикасынын ШК төрагасы |
13 | 86 | Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясы | Абдул Хасиб Исмаил | Мальдив Республикасы | Мальдив Республикасынын ШК мүчөсү |
14 | 87 | Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясы | Мишкович Горан | Босния жана Герцеговина | Босния жана Герцеговинанын БШК башкы катчысы |
15 | 88 | Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясы | Шантич Ахмет | Босния жана Герцеговина | Доктор, Босния жана Герцеговинанын БШК мүчөсү |
16 | 89 | Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Абдиров Нурлан Мажитович | Казакстан Республикасы | Казакстан Республикасынын БШК төрагасы |
17 | 90 | Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Рыспеков Тусуп Жетенович | Казакстан Республикасы | Казакстан Республикасынын БШК электоралдык процессти уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
18 | 91 | Россия Федерациясынын Коомдук палатасы | Аничкин Михаил Станиславович | Россия Федерациясы | Делегациянын башчысы, Коомдук палатанын Коопсуздук жана коомдук байкоочу комиссиялар менен өз ара аракеттенүү боюнча комиссиясынын төрагасы |
19 | 92 | Россия Федерациясынын Коомдук палатасы | Рогов Владимир Валерьевич | Россия Федерациясы | Коомдук палатанын Эгемендүүлүк, патриоттук долбоорлор жана ардагерлерди колдоо боюнча комиссиясынын төрагасы |
20 | 93 | Россия Федерациясынын Коомдук палатасы | Крганов Альбир Рифкатович | Россия Федерациясы | Коомдук палатанын Улуттар аралык жана диндер аралык мамилелерди гармонизациялоо жана миграция боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары |
21 | 94 | Россия Федерациясынын Коомдук палатасы | Проскурина Марина Георгиевна | Россия Федерациясы | Коомдук палатанын маалыматтык коомдоштукту, ЖМКны жана массалык коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча мүчөсү |
22 | 95 | Россия Федерациясынын Коомдук палатасы | Лукаш Антон Иванович | Россия Федерациясы | "Корпус "За чистые выборы" бүткүл россиялык коомдук кыймылынын Аткаруу комитетинин мүчөсү |
23 | 96 | Россия Федерациясынын Коомдук палатасы | Руденко Илья Юрьевич | Россия Федерациясы | Коомдук палатанын коомдук контроль жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча эксперти, Москва ш. |
24 | 97 | Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү | Лене Деси Сантойо Волкерсен | Дания Королдугу | Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы, саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы |
25 | 98 | Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү | Светлин Вячелавов Сергеенков | Болгария | Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн саясий маселелер боюнча кызматкери |
26 | 99 | Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү | Стилианос Дендринос | Греция | Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн атташеси, долбоордук менеджери |
27 | 100 | Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү | Хазель Али Мюмюн | Бельгия Королдугу | Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн атташесинин жардамчысы |
28 | 101 | Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү | Михау Ежи Фила | Польша Республикасы | Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн укуктук маселелер боюнча кеңешчи |
29 | 102 | КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПАА) | Ватанзода Махмадали Махмадулло | Тажикстан Республикасы | Тажикстан Республикасынын Жогорку жыйынынын Улуттук кеңешинин Конституциялык негиздерди, адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча комитетинин төрагасы, КМШ ПААдан келген эл аралык байкоочулар тобунун координатору (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы) |
30 | 103 | КМШ ПАА | Хоменко Сергей Николаевич | Беларусь Республикасы | ПАА Кеңешинин башкы катчысынын орун басары - КМШ ПААдагы Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ыйгарым укуктуу өкүлү |
31 | 104 | КМШ ПАА | Саурыков Ерболат Байузакович | Казакстан Республикасы | Казакстан Республикасынын Мажилисинин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү |
32 | 105 | КМШ ПАА | Рзаев Рамин Рауф оглу | Азербайжан Республикасы | Демократиянын, парламентаризмдин өнүгүүсүн жана КМШ ПААга катышкан мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышын байкоо эл аралык институтунун (КМШ МАА ДӨБЭИ) Баку филиалынын директору, Баку ш. |
33 | 106 | КМШ ПАА | Аветисян Ваграм Давидович | Армения Республикасы | КМШ МАА ДӨБЭИ Ереван филиалынын директору |
34 | 107 | КМШ ПАА | Махмудова Нармин Эльгар гызы | Азербайжан Республикасы | КМШ МАА ДӨБЭИ Баку филиалынын кеңешчиси, Баку ш. |
35 | 108 | КМШ ПАА | Юсифов Рамзи Юсиф оглу | Азербайжан Республикасы | КМШ МАА ДӨБЭИ Баку филиалынын консультанты, Баку ш. |
36 | 109 | КМШ ПАА | Болотова Татьяна Васильевна | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Нижний Новгород ш. |
37 | 110 | КМШ ПАА | Большаков Михаил Алексеевич | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Южно-Сахалинск ш. |
38 | 111 | КМШ ПАА | Гришин Николай Владимирович | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Москва ш. |
39 | 112 | КМШ ПАА | Журавлев Владимир Павлович | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти |
40 | 113 | КМШ ПАА | Крамаренко Максим Борисович | Казакстан Республикасы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Астана ш. |
41 | 114 | КМШ ПАА | Кулик Сократ Валерьевич | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Иркутск ш. |
42 | 115 | КМШ ПАА | Ладыгин Михаил Валерьевич | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Владивосток ш. |
43 | 116 | КМШ ПАА | Луткова Тюрккан Лариса | Казакстан Республикасы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Лондон ш. |
44 | 117 | КМШ ПАА | Москаленко Михаил Александрович | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Париж ш. |
45 | 118 | КМШ ПАА | Нечкин Андрей Вадимович | Россия Федерациясы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Екатеринбург ш. |
46 | 119 | КМШ ПАА | Попова Екатерина Владимировна | Корея Республикасы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Сеул ш. |
47 | 120 | КМШ ПАА | Токарев Сергей Анатольевич | Казакстан Республикасы | КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Дубай ш. |
48 | 121 | ЕККУ ПА | Салохудинов Манучехр | Тажикстан Республикасы | ЕККУ ПАнын улук кеңешчиси |
49 | 122 | ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы (ЕККУ ПА) | Клод Хааген | Люксембург | ЕККУ ПАнын кыска мөөнөттүү миссиясынын жетекчиси жана атайын координатору |
50 | 123 | Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилиги | Росальба Ло Буэ Антико | Венесуэла Боливариана Республикасы | Венесуэла Боливариана Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси |
51 | 124 | Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилиги | Индера де Хесус Ромеро Пераза | Венесуэла Боливариана Республикасы | Венесуэла-Кыргызстан парламенттик достук тобунун мүчөсү |
52 | 125 | Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилиги | Фай Николя Доминике | Франция Республикасы | Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси |
53 | 126 | Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилиги | Хаземан Роберт | Франция Республикасы | Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин коргонуу маселелери боюнча атташеси |
54 | 127 | Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилиги | Жерен Аменис Амандине | Франция Республикасы | Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин билим берүү боюнча координатору |