ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 2-ноябры № 130 «2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция02.11.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын 2-ноябры № 130

 

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин

, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирмелердин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын, Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын, Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин өкүлдөрү тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Т.Шайназаров

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 2-ноябрындагы № 130 токтомуна тиркеме

Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ

№

№ күб.

Уюм

Аты-жөнү

Өлкө

Ээлеген кызмат орду

1

74

Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Панахов Мазаир Мухаммед оглы

Азербайжан

Азербайжан Республикасынын БШК төрагасы

2

75

Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Казымзаде Гасан

Азербайжан

Азербайжан Республикасынын БШК Катчылыгынын башчысынын орун басары

3

76

Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши

Йенер Ахмет

Түркия Республикасы

Түркия Республикасынын ЖШК төрагасы

4

77

Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши

Уста Орхан

Түркия Республикасы

Түркия Республикасынын ЖШК мүчөсү

5

78

Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңеши

Филиз Халит

Түркия Республикасы

Түркия Республикасынын Чет өлкөлүк иштер жана долбоорлор департаментинин башчысы

6

79

Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Василе Постолаке

Молдова Республикасы

Молдова Республикасынын БШК мүчөсү

7

80

Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Станислава Бондарь

Молдова Республикасы

Молдова Республикасынын БШК Юридикалык департаментинин башкы юристконсультанты

8

81

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы

Заридзе Майя

Грузия

Грузиянын БШК мүчөсү

9

82

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы

Цабашвили Эка

Грузия

Грузиянын БШК Шайлоо процессин башкаруу департаментинин жетекчиси

10

83

Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Овакимян Ваагн

Армения Республикасы

Армения Республикасынын БШК төрагасы

11

84

Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Бабикян Тигран

Армения Республикасы

Армения Республикасынын БШК контролдук-ревизиялык кызматынын жетекчиси

12

85

Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясы

Мохамед Захид

Мальдив Республикасы

Мальдив Республикасынын ШК төрагасы

13

86

Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясы

Абдул Хасиб Исмаил

Мальдив Республикасы

Мальдив Республикасынын ШК мүчөсү

14

87

Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясы

Мишкович Горан

Босния жана Герцеговина

Босния жана Герцеговинанын БШК башкы катчысы

15

88

Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясы

Шантич Ахмет

Босния жана Герцеговина

Доктор, Босния жана Герцеговинанын БШК мүчөсү

16

89

Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Абдиров Нурлан Мажитович

Казакстан Республикасы

Казакстан Республикасынын БШК төрагасы

17

90

Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Рыспеков Тусуп Жетенович

Казакстан Республикасы

Казакстан Республикасынын БШК электоралдык процессти уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

18

91

Россия Федерациясынын Коомдук палатасы

Аничкин Михаил Станиславович

Россия Федерациясы

Делегациянын башчысы, Коомдук палатанын Коопсуздук жана коомдук байкоочу комиссиялар менен өз ара аракеттенүү боюнча комиссиясынын төрагасы

19

92

Россия Федерациясынын Коомдук палатасы

Рогов Владимир Валерьевич

Россия Федерациясы

Коомдук палатанын Эгемендүүлүк, патриоттук долбоорлор жана ардагерлерди колдоо боюнча комиссиясынын төрагасы

20

93

Россия Федерациясынын Коомдук палатасы

Крганов Альбир Рифкатович

Россия Федерациясы

Коомдук палатанын Улуттар аралык жана диндер аралык мамилелерди гармонизациялоо жана миграция боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары

21

94

Россия Федерациясынын Коомдук палатасы

Проскурина Марина Георгиевна

Россия Федерациясы

Коомдук палатанын маалыматтык коомдоштукту, ЖМКны жана массалык коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча мүчөсү

22

95

Россия Федерациясынын Коомдук палатасы

Лукаш Антон Иванович

Россия Федерациясы

"Корпус "За чистые выборы" бүткүл россиялык коомдук кыймылынын Аткаруу комитетинин мүчөсү

23

96

Россия Федерациясынын Коомдук палатасы

Руденко Илья Юрьевич

Россия Федерациясы

Коомдук палатанын коомдук контроль жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча эксперти, Москва ш.

24

97

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү

Лене Деси Сантойо Волкерсен

Дания Королдугу

Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы, саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы

25

98

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү

Светлин Вячелавов Сергеенков

Болгария

Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн саясий маселелер боюнча кызматкери

26

99

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү

Стилианос Дендринос

Греция

Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн атташеси, долбоордук менеджери

27

100

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү

Хазель Али Мюмюн

Бельгия Королдугу

Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн атташесинин жардамчысы

28

101

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү

Михау Ежи Фила

Польша Республикасы

Кыргыз Республикасындагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн укуктук маселелер боюнча кеңешчи

29

102

КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПАА)

Ватанзода Махмадали Махмадулло

Тажикстан Республикасы

Тажикстан Республикасынын Жогорку жыйынынын Улуттук кеңешинин Конституциялык негиздерди, адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча комитетинин төрагасы, КМШ ПААдан келген эл аралык байкоочулар тобунун координатору (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы)

30

103

КМШ ПАА

Хоменко Сергей Николаевич

Беларусь Республикасы

ПАА Кеңешинин башкы катчысынын орун басары - КМШ ПААдагы Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ыйгарым укуктуу өкүлү

31

104

КМШ ПАА

Саурыков Ерболат Байузакович

Казакстан Республикасы

Казакстан Республикасынын Мажилисинин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү

32

105

КМШ ПАА

Рзаев Рамин Рауф оглу

Азербайжан Республикасы

Демократиянын, парламентаризмдин өнүгүүсүн жана КМШ ПААга катышкан мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышын байкоо эл аралык институтунун (КМШ МАА ДӨБЭИ) Баку филиалынын директору, Баку ш.

33

106

КМШ ПАА

Аветисян Ваграм Давидович

Армения Республикасы

КМШ МАА ДӨБЭИ Ереван филиалынын директору

34

107

КМШ ПАА

Махмудова Нармин Эльгар гызы

Азербайжан Республикасы

КМШ МАА ДӨБЭИ Баку филиалынын кеңешчиси, Баку ш.

35

108

КМШ ПАА

Юсифов Рамзи Юсиф оглу

Азербайжан Республикасы

КМШ МАА ДӨБЭИ Баку филиалынын консультанты, Баку ш.

36

109

КМШ ПАА

Болотова Татьяна Васильевна

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Нижний Новгород ш.

37

110

КМШ ПАА

Большаков Михаил Алексеевич

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Южно-Сахалинск ш.

38

111

КМШ ПАА

Гришин Николай Владимирович

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Москва ш.

39

112

КМШ ПАА

Журавлев Владимир Павлович

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти

40

113

КМШ ПАА

Крамаренко Максим Борисович

Казакстан Республикасы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Астана ш.

41

114

КМШ ПАА

Кулик Сократ Валерьевич

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Иркутск ш.

42

115

КМШ ПАА

Ладыгин Михаил Валерьевич

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Владивосток ш.

43

116

КМШ ПАА

Луткова Тюрккан Лариса

Казакстан Республикасы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Лондон ш.

44

117

КМШ ПАА

Москаленко Михаил Александрович

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Париж ш.

45

118

КМШ ПАА

Нечкин Андрей Вадимович

Россия Федерациясы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Екатеринбург ш.

46

119

КМШ ПАА

Попова Екатерина Владимировна

Корея Республикасы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Сеул ш.

47

120

КМШ ПАА

Токарев Сергей Анатольевич

Казакстан Республикасы

КМШ МАА ДӨБЭИ эксперти, Дубай ш.

48

121

ЕККУ ПА

Салохудинов Манучехр

Тажикстан Республикасы

ЕККУ ПАнын улук кеңешчиси

49

122

ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы (ЕККУ ПА)

Клод Хааген

Люксембург

ЕККУ ПАнын кыска мөөнөттүү миссиясынын жетекчиси жана атайын координатору

50

123

Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилиги

Росальба Ло Буэ Антико

Венесуэла Боливариана Республикасы

Венесуэла Боливариана Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

51

124

Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилиги

Индера де Хесус Ромеро Пераза

Венесуэла Боливариана Республикасы

Венесуэла-Кыргызстан парламенттик достук тобунун мүчөсү

52

125

Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилиги

Фай Николя Доминике

Франция Республикасы

Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

53

126

Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилиги

Хаземан Роберт

Франция Республикасы

Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин коргонуу маселелери боюнча атташеси

54

127

Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилиги

Жерен Аменис Амандине

Франция Республикасы

Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин билим берүү боюнча координатору