Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартибин, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жеткиликтүүлүктү берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу - каражаттар менен операция (бүтүм) жасоого же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ажыратууга жана которууга тыюу салуу;
2) кардар - финансылык мекемеде же финансылык эмес категориядагы жактарда тейлөөгө алынган же тейлөөдө турган же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкердик мамилелерди түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
3) операциялар (бүтүмдөр) - жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн каражаттар менен жасалган ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) токтото туруу - каражаттар менен шектүү операцияны (бүтүмдү) жасоого убактылуу тыюу салуу;
6) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):
- эгерде каражаттар кылмыш жолу менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
- эгерде каражаттар террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду), террористтик жана экстремисттик ишти, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо менен байланышкан деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
7) бошотуу - каражаттар менен операцияны (бүтүмдү) жасоого же ар кандай каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ажыратууга жана которууга тыюу салууну жокко чыгаруу;
8) Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги;
9) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко же коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
10) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
11) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
- акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер, анын ичинде виртуалдык активдер;
- экономикалык ресурстар, анын ичинде мунай жана башка жаратылыш ресурстары;
- сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
- жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же инструменттер;
- банктык кредиттер жана акча каражаттары жана (же) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банк траттары же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар тарабынан өндүрүлүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана кирешелер;
12) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жана шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу тартиби
3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын жана аны менен байланыштуу жактардын бардык ишкер мамилелерине же операцияларына (бүтүмдөрүнө) талдоо жүргүзүүгө милдеттүү.
Бул талдоо кардар менен ишкер мамилелерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жана (же) кардардын ар кандай операциясын (бүтүмүн) ишке ашырууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
4. Финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жактар эгерде кардардын жана аны менен байланыштуу жактардын ишкер мамилелерин же операцияларын (бүтүмдөрүн) талдоонун жүрүшүндө кардардын же аны менен байланыштуу адамдардын каражаттары төмөнкүдөй белгилерге ээ болгон аракеттерге тартылгандыгына шектенүү пайда болсо же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо, операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) кылмыш жолу менен алынган, анын ичинде предикаттык кылмыштардан же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу кирешелер;
2) төмөнкүлөрдү каржылоо менен байланышкан:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти;
- уюшкан кылмыштуу топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;
- массалык кыргын салуучу куралды таратууну.
5. Операцияларга (бүтүмдөргө) талдоо жүргүзүүдө финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жактар финансылык чалгындоо органы тарабынан иштелип чыгуучу жана жарыялануучу методикалык көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алууга милдеттүү.
Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички регламенттери финансылык чалгындоо органынын актуалдуу методикалык көрсөтмөлөрүнө ылайык келтирилүүгө тийиш.
6. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган операцияны (бүтүмдү) токтоосуз токтотууга жана бул жөнүндө операция (бүтүм) белгиленген тартипте токтотулган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.
Операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү жөнүндө чечим финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын ички контролдоо кызматынын жетекчиси тарабынан ички талдоонун негизинде кабыл алынат.
Чечимде кардар жана/же ага байланышкан жактар шектүү операцияны (бүтүмдү) жасап жаткандыгы тууралуу маалыматтар камтылууга тийиш.
Эгерде мыйзамсыз иш-аракеттердин белгилери же акчаларды адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого шектенүүлөр бар болсо, операцияны (бүтүмдү) аяктоо мүмкүндүгүн жокко чыгаргандай кылып операцияны токтото туруу аткарылууга тийиш.
7. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер укук коргоо органдарынан жана улуттук коопсуздук органдарынан алынган Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга алардын тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар бар бүтүмдөрдү каттоону токтото турууга, ошондой эле токтото турулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.
8. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан иштелип чыгуучу методикалык көрсөтмөлөргө ылайык түзүлүшү керек.
Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына жиберилиши керек.
Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнүн формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана операцияны (бүтүмдү) талдоо үчүн бардык зарыл маалыматтарды камтыйт.
Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук кол тамганы пайдалануу менен корголгон байланыш каналы боюнча электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Электрондук түрдө жиберүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү финансылык чалгындоо органына кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлүүгө жана жөнөтүлүүгө тийиш.
9. Финансылык мекемелер, финансылык эмес категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызматкерлери шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү фактысына карата купуялуулукту сактоого милдеттүү. Токтото турулган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
10. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү алынган учурда финансылык чалгындоо органы шектүү операциянын (бүтүмдүн) объекттери жана субъекттери жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды электрондук маалымат базасында белгилөөнү камсыз кылат.
Финансылык чалгындоо органы билдирүүнү алган учурдан тартып бир айдын ичинде шектүү операцияга (бүтүмгө) талдоо жүргүзөт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- шектүү операцияны (бүтүмдү) андан ары жасоо жөнүндө;
- жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө.
Финансылык чалгындоо органы тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде байланыштын корголгон каналдары боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга кабарлайт.
11. Эл аралык өз ара аракеттенүү каналдарын кошуп алганда, маалыматтарды чогултуу боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүү зарыл болгон учурда, шектүү операцияны (бүтүмдү) талдоо мөөнөтү финансылык чалгындоо органынын жетекчисинин чечими боюнча бир айга узартылышы мүмкүн.
12. Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу операция (бүтүм) токтотулган күндөн тартып эки айдан ашпоого тийиш. Бул мөөнөттүн ичинде ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдердин бири кабыл алынууга тийиш.
3-глава. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды/тоңдуруу тартиби
13. Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген жеке жана юридикалык жактар ишкер мамилелер түзүлгөнгө чейин же ар кандай каражаттарды бергенге же финансылык кызматтарды көрсөткөнгө чейин өзүнүн ишкер өнөктөшүнүн (жеке жана юридикалык жак, топ, уюм) идентификациялык маалыматтарын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүүгө тийиш.
14. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, бенефициардык ээсинин жана кардардын контрагентинин идентификациялык маалыматтарын санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Ушул текшерүү кардар менен ишкер мамилелер түзүлгөнгө чейин жана аны ишке ашыруунун жүрүшүндө жана (же) кардар кандай болбосун операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырганга чейин жүргүзүлөт.
15. Эгерде жеке жана юридикалык жак, топ, уюм, кардар, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлү, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти (мындан ары - белгиленген жак) санкциялык тизмектерде каралган учурда Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген жеке жана юридикалык жактар, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчиктин объекттери менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер, "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык максаттуу финансылык санкцияларды колдонушат.
16. "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган каражаттар тоңдурулууга тийиш.
17. Террористтик ишти, экстремисттик ишти жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашыруусуна (жасоосуна) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар, санкциялык тизмектерге киргизилген белгиленген адамдын операциялары (бүтүмдөрү) жана (же) каражаттары белгисиз мөөнөткө тоңдурулат.
Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген кылмыш жолу менен алынган кирешелерин легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга катышкандыгы (жасагандыгы), кылмыш жасоо же ошол топко же жамаатка катышуу үчүн уюшкан топту же кылмыштуу шериктикти түзүү жана жетектөө, же ушул топко же жамаатка башка көмөк көрсөтүү жөнүндө маалыматтары бар белгиленген жактын операциялары (бүтүмдөрү) жана (же) каражаттары, жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык мүлктү камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин тоңдурулат.
18. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жөнүндө билдирүүнү белгиленген жактын операциясы (бүтүмү) жана (же) каражаттары тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына жиберет.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого аракеттенген фактылары жөнүндө билдирүүнү да ушул факт белгиленген учурдан тартып үч сааттын ичинде жиберет.
19. Операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар тоңдурулган учурда финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жактар белгиленген адамдын өзүнүн сактоосунда же башкаруусунда башка каражаттарынын бар же жок экендигин текшерет, ал эми болгон учурда бул каражаттарды тоңдурат жана үч сааттын ичинде бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберет.
20. Билдирүү белгиленген форма боюнча түзүлөт, мында белгиленген адамдын идентификациялык маалыматтары, тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө маалыматтар, финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын аталышы, ошондой эле билдирүү жөнөтүлгөн дата жана убакыт милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Билдирүүнүн формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук кол тамганы пайдалануу менен корголгон байланыш каналдары боюнча электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызматкерлери финансылык чалгындоо органына билдирүү жиберилгендиги жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоого тийиш.
21. Тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө билдирүүнү алган учурда Финансылык чалгындоо органы тоңдурулган операциялардын (бүтүмдөрдүн) объекттери жана субъекттери жана (же) каражаттар жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизүүнү камсыз кылат.
22. Финансылык чалгындоо органы тоңдуруу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар боюнча маалыматты жана материалдарды түзөт жана аларды компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына жиберет.
4-глава. Тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү
23. Террористтик жана экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар, санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жакка, топко жана уюмга тоңдурулган каражаттарга төмөнкүдөй максаттарда жетүү мүмкүнчүлүгү берилет:
1) турак жай ижарасы жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;
2) ипотекалык жана башка кредиттерди төлөө;
3) салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
4) банктык эсептешүү эсептерин жана тоңдурулган каражаттарды учурдагы сактоо же күтүү үчүн жыйымдарды, комиссияларды же төгүмдөрдү төлөө;
5) азык-түлүк сатып алуу;
6) дары сатып алуу;
7) медициналык кызмат көрсөтүүлөр (дарылануу) үчүн акы төлөө;
8) юридикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө (гонорар);
9) мамлекеттик жөлөкпул алуу;
10) пенсия алуу;
11) алимент алуу/төлөө;
12) мамлекеттик, муниципалдык жана сот органдарынын пайдасына айыптарды төлөө.
24. Массалык кыргын салуучу куралды таратууну жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же ага катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар, санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жакка, топко жана уюмга тоңдурулган каражаттарга төмөнкүдөй максаттарда жетүү мүмкүнчүлүгү берилет:
1) турак жай ижарасы жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;
2) юридикалык кызмат көрсөтүүлөр (гонорар) үчүн төлөө;
3) салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
4) банктык эсептешүү эсептерин жана тоңдурулган каражаттарды учурдагы сактоо же күтүү үчүн жыйымдарды, комиссияларды же төгүмдөрдү төлөө;
5) азык-түлүк сатып алуу;
6) дары сатып алуу;
7) медициналык кызмат көрсөтүүлөр (дарылануу) үчүн акы төлөө;
8) мамлекеттик, муниципалдык жана сот органдарынын пайдасына айыптарды төлөө.
25. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же аны жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы, кылмыш жасоо же ошол топко же жамаатка катышуу үчүн уюшкан топту же кылмыштуу шериктикти түзүү жана жетектөө, же башка көмөк көрсөтүү жөнүндө маалыматтар бар, санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго жана уюмдарга тоңдурулган каражаттарга төмөнкүдөй максаттарда жетүү мүмкүнчүлүгү берилет:
1) коммерциялык максаттагы ижарадан тышкары турак жай ижарасы жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө;
2) зайымдарды кошпогондо, кредитти төлөө;
3) салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
4) банктык эсептешүү эсептерин жана тоңдурулган каражаттарды учурдагы сактоо же күтүү үчүн жыйымдарды, комиссияларды же төгүмдөрдү төлөө;
5) азык-түлүк сатып алуу;
6) дары сатып алуу;
7) медициналык кызмат көрсөтүүлөр (дарылануу) үчүн акы төлөө;
8) мамлекеттик жөлөкпул алуу;
9) пенсия алуу;
10) алимент алуу/төлөө;
11) бажы төлөмдөрүн жана жыйымдарын төлөө;
12) мамлекеттик, муниципалдык жана сот органдарынын пайдасына айыптарды төлөө.
26. Санкциялык тизмектерге киргизилген жеке жана юридикалык жакка, топко жана уюмга ушул Жобонун 23 жана 24-пункттарында аталган чыгымдардан айырмаланган өзгөчө чыгымдарды жабуу максатында тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Өзгөчө чыгымдарды жабуу максатында тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү каражаттарга жетүүгө уруксат берүү ниети жөнүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү Комитетине кабарлоо жана мындай өтүнүчтү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү Комитети канааттандырган шарты менен жүзөгө ашырылат.
27. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобонун 23-25-пункттарында көрсөтүлгөн чыгымдарды (муктаждыктарды) жабуу максатында жетүү мүмкүнчүлүгү берилген учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына байланыштын корголгон каналдары боюнча белгиленген формада андан кийин кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго жана уюмдарга тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
28. Финансылык чалгындоо органы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1452 (2002), 1963 (2010), 1718 (2006) жана 1737 (2006) резолюцияларына жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган башка токтомдорго ылайык тоңдурулган каражаттарга жеткиликтүүлүктү берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Ушул Жобонун 23-25-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга каражаттардын пайдаланылышын контролдоону финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жүзөгө ашырат.
5-глава. Тоңдурулган каражаттарды башкаруу жана тоңдурулган каражаттарды сактоо тартиби
29. Тоңдурулган каражаттар тоңдурулган учурда ушул каражаттардын менчик ээси болуп саналган же тоңдурулган учурда алардын үлүшүнө ээ болгон жеке же юридикалык жактын, топтун жана уюмдун менчигинде калат.
30. Тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар алар бошотулганга чейин финансылык чалгындоо органынын контролуна өтөт.
31. Тоңдурулган каражаттар финансылык чалгындоо органынын көрсөтмөсүнүн негизинде операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жак тарабынан ачылган атайын эсепке (же сакталуучу жайга) жайгаштырылат же сакталат.
32. Тоңдурулган каражаттарды бул каражаттар менен байланышкан пайыздардын же башка түшүүлөрдүн эсебинен же болбосо каражаттарды тоңдуруу датасына чейин пайда болгон контракттар, келишимдер же милдеттенмелер боюнча төлөмдөрдүн же төлөөлөрдүн эсебинен толуктоого уруксат берилет. Ошол эле учурда мындай пайыздар, башка түшүүлөр жана төлөмдөр тоңдурулууга тийиш.
33. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1737 (2006) резолюциясына ылайык жасалган каражаттарды тоңдуруу боюнча иш-аракет белгиленген жакка же уюмга мындай жакты же уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизгенге чейин түзүлгөн контракттын алкагында төмөнкүдөй талаптар сакталган шартта ар кандай төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга жолтоо болбоого тийиш:
1) контракт БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1737 (2006) резолюциясынын 3, 4 жана 6-пункттарында айтылып өткөн ар кандай тыюу салынган предметтер, материалдар, жабдуулар, товарлар, технологиялар, жардамдар, окутуулар, финансылык колдоолор, инвестициялоо, брокердик иш же кызмат көрсөтүүлөр менен байланышпаса;
2) төлөм БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1737 (2006) резолюциясына жана аны өнүктүрүүгө кабыл алынган башка резолюцияларга ылайык БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жак аркылуу түздөн-түз же кыйыр алынбаса.
Ушул пунктка ылайык уруксат берүү максатында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү комитетине мындай төлөмдөрдү жөнөтүү же алуу же бул максат үчүн каражаттарды бошотууга уруксат берүү ниети жөнүндө кабарлоо жиберилет.
34. Тоңдурулган каражаттарды сактоо активдердин сакталышын камсыз кылуу, алардын которулушуна, пайдаланылышына, девальвацияланышына же жоголушуна жол бербөө максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кийин мүмкүн болуучу укуктук уруксат берүү максатында жүзөгө ашырылат.
35. Кыргыз Республикасынын аймагында жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык тоңдурулган каражаттарды сактоо боюнча төмөнкүдөй чараларды көрүүгө тийиш:
1) тоңдурулган каражаттарды талаптагыдай эсепке алууну, изоляциялоону жана контролдоону камсыз кылуу;
2) финансылык чалгындоо органынын же соттун чечиминде түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, тоңдурулган каражаттарды тескөө боюнча ар кандай операцияларды алып салуу;
3) зарыл болгон учурда тоңдурулган активдердин наркынын төмөндөшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүү;
4) төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен тоңдурулган каражаттардын ички реестрин жүргүзүү:
- тоңдуруу датасы,
- негиздери,
- активдердин суммасы/түрү,
- сактоо чаралары,
- каражаттары тоңдурулган адамдын маалыматтары;
5) финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча отчет берүү.
36. Тоңдурулган каражаттарды сактоону жүзөгө ашыруучу субъекттер алардын бүтүндүгү, эсепти талаптагыдай жүргүзүү жана маалыматты өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
Тоңдурулган каражаттарды сактоо тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
37. Тоңдурулган каражаттарды сактоону токтотуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жакты тизмектен чыгаруу;
2) күчүнө кирген соттун чечими.
Расмий уруксатты алгандан кийин сактоо субъекти каражаттарды мыйзамдуу ээсине өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон аракеттерди же болбосо финансылык чалгындоо органынын чечиминде көрсөтүлгөн башка формада 3 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырууга милдеттүү.
6-глава. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу тартиби
38. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу финансылык чалгындоо органынын чечиминин негизинде гана жүзөгө ашырылат.
39. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду санкциялык тизмектерден чыгаруу же жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алуу операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу үчүн негиз болуп саналат.
40. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду санкциялык тизмектерден чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жободо каралган.
41. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектеринен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган жана тиешелүү маалымат финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурда бир жумуш күндүн ичинде конкреттүү жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду көрсөтүү менен операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө финансылык чалгындоо органынын тескемеси чыгарылат.
Бул тескемеге кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде операциянын (бүтүмдүн) жана (же) каражаттардын бошотулушу жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органы аныктаган корголгон байланыш каналдары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан кызыкдар жеке жана юридикалык жакка жиберилет.
42. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда финансылык чалгындоо органы өзүнүн чыгаруу жөнүндө тескемесинде конкреттүү жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду көрсөтүү менен бардык операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө пунктту көрсөтөт.
Бул тескемеге кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык чалгындоо органы маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан кызыкдар жеке жана юридикалык жакка финансылык чалгындоо органы аныктаган корголгон байланыш каналдары аркылуу жиберет.
43. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө финансылык чалгындоо органынын тескемесин алган жеке жана юридикалык жактар көрүлгөн чаралар жөнүндө бир жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына билдирет.
Бул билдирүү белгиленген форма боюнча түзүлөт, мында ишке ашырылбаган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө маалыматтар, жеке жана юридикалык жактын аталышы, ошондой эле билдирүү жиберилген дата жана убакыт милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Билдирүүнүн формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберилет.
44. Жеке же юридикалык жак, топ жана уюм Санкциялык тизмектерде каралган жактардын, топтордун жана уюмдардын бирдей же окшош аттарына/аталыштарына байланыштуу операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды жаңылыш (жалган ийгиликтүү) тоңдуруу фактысы боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуусу менен финансылык чалгындоо органына кайрыла алат.
Финансылык чалгындоо органы бул жазуу жүзүндөгү кайрылууну ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде карайт.
Эгерде кайрылууну чечүү үчүн атайын текшерүү жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болсо, кайрылууну чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте, бирок ал 30 календардык күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн. Бул жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
Эгерде жазуу жүзүндөгү кайрылууда коюлган маселелерди чечүү башка компетенттүү органдардын компетенциясына кирсе, кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде тиешелүү компетенттүү органдарга жиберилет.
Финансылык чалгындоо органы белгиленген жак же уюм (арыз ээси) санкциялык тизмектерде каралган жак же уюм болуп саналбагандыгы ырасталгандан кийин операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды бошотуу жөнүндө тескемени кабыл алат.
7-глава. Корутунду жоболор
45. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото турууда жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдурууда ушул Жобого ылайык чын пейили менен аракеттенген ак ниет үчүнчү жактардын укуктарын коргоо камсыздалат.
46. Финансылык чалгындоо органы операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташуу боюнча эсеп жүргүзөт (кагаз жана электрондук форматта).
47. Финансылык чалгындоо органы зарыл болгон учурда операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу, операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет, ошондой эле аларды өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.
48. Ушул Жобону аткаруу маселелери боюнча финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин текшерүүнү тиешелүү текшерүүчү органдар өз компетенцияларынын алкагында жүзөгө ашырат.