Загрузка документа…
|
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү, жаңылоо, сактоо жана ага жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) юридикалык жактын бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жактын менчик укугуна ээлик кылган же Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жакты контролдогон жеке жак (жеке жактар), чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү);
2) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) коомдук кызмат адамдары - төмөнкү жеке жактардын бири:
- чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
- улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
- эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
4) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Юридикалык жактын бенефициардык ээсин белгилөө тартиби
3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жак, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтардын негизинде ушул Жобонун 17-пунктунда каралган маалыматтарды толтуруу, анын ичинде электрондук форматта толтуруу жолу менен өз бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды түзөт.
Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат ал түзүлгөн датадан тартып ушул юридикалык жак катталган (жайгашкан) жерде беш жылдан кем эмес сакталат.
4. Эгерде юридикалык жактын уюштуруучусу же катышуучулары бир же бир нече башка юридикалык жак болуп саналса, юридикалык жак акыркы бенефициардык ээсин белгилөө үчүн акылга сыярлык жана жеткиликтүү чараларды көрөт.
5. Юридикалык жак ушул юридикалык жактын уюштуруучулары же катышуучулары болуп саналган же башкача жол менен ушул юридикалык жакты контролдогон жеке жана юридикалык жактардан өзүнүн бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды сурайт.
Аталган жеке жана юридикалык жактар ушул юридикалык жакка бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берет.
6. Ушул Жобонун 3, 4 жана 5-пункттарында каралган ченемдер төмөнкү юридикалык жактарга жайылтылбайт:
1) мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын карамагында турган мекемелер, ошондой эле мамлекеттик ишканалар же мекемелер;
2) дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттердин консулдук жана башка мекемелери, эл аралык уюмдар.
7. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого жана Бенефициардык ээсинин анкетасынын типтүү формасына ылайык алынган маалыматтардын негизинде юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды белгилейт жана электрондук форматта жазат.
8. Акционерлер реестрин кармоочулар юридикалык жактын акционерлер реестрин түзүүгө жана жаңылап турууга, ошондой эле аталган реестрди ал түзүлгөн датадан тартып акционерлер реестрин ушул кармоочу катталган (болгон) жерде беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
3-глава. Маалыматтар базасын түзүү тартиби
9. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы (мындан ары - маалыматтар базасы) ушул Жобого ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт.
10. Маалыматтар базасы мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген юридикалык жактардан, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарынан (өкүлчүлүктөрүнөн), финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан, ошондой эле келишимдерге ылайык алынган юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин коммерциялык маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
11. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) өздөрүнүн бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды же өздөрүнүн бенефициардык ээлерин аныктоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
12. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө колдо болгон жана документ менен ырасталган маалыматтарды (бенефициардык ээлеринин анкеталары) финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берет.
13. Акционерлер реестрин кармоочулар акционерлер реестринен маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
14. Ушул Жобонун 11-13-пункттарында аталган жактар суралган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук форматта финансылык чалгындоо органына бере алат.
15. Финансылык чалгындоо органы тарабынан алынган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар дароо маалыматтар базасына киргизилет.
16. Финансылык чалгындоо органы маалыматтар базасындагы маалыматтарды ай сайын жаңылоону, сактоону жана купуялуулугун камсыз кылат.
4-глава. Маалыматтар базасынын түзүмү
17. Маалыматтар базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1. Юридикалык жак жөнүндө негизги маалыматтар | ||
1 | Мамлекеттик жана расмий тилдерде толук, кыскартылган (болгон учурда) фирмалык аталышы |
|
2 | Каттоо/кайра каттоо жөнүндө буйруктун датасы жана номери |
|
3 | Баштапкы мамлекеттик каттоо (бар болсо) датасы |
|
4 | Уюштуруу-укуктук формасы жана менчигинин формасы |
|
5 | Юридикалык жакты түзүү ыкмасы (түзүү же кайра уюштуруу) |
|
6 | Каттоо номери |
|
7 | Идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) |
|
8 | Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун коду (мындан ары - ИУЖК) |
|
9 | Юридикалык дареги |
|
Иш жүзүндөгү дареги |
| |
10 | Юридикалык жактын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар |
|
11 | Жетекчи жөнүндө маалыматтар |
|
12 | Чет өлкөлүк катышуу жөнүндө маалыматтар |
|
13 | Юридикалык жактын ишинин негизги түрү жөнүндө маалыматтар |
|
2. Бенефициардык ээси жөнүндө жалпы маалыматтар | ||
14 | Жеке жакты юридикалык жактын бенефициардык ээси катары таануу үчүн критерийлер (керектүүсүнүн астын чийүү же бөлүп көрсөтүү) | Юридикалык жактын 25 жана андан көп пайызына ээлик кылуу аркылуу контролдоо: 1) Жыйынтыгында түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардарга -юридикалык жакка ээлик кылган же контролду жүзөгө ашырган же кардардын - юридикалык жактын капиталына же активдерине ээлик кылуу (башкаруу) артыкчылыктарын пайдаланган жеке жак (кардардын - юридикалык жактын уставдык капиталында көбүрөөк катышкан (25 жана андан көп %) же добуш берүү укугу менен кардардын -юридикалык жактын акцияларынын жалпы санынын 25 жана андан көп % ээ). (Эгерде ээлик кылуу кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) болсо, өз ара байланышты көрсөтүү зарыл) |
Башка каражаттардын жардамы менен контролдоо: 2) Кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоосуна түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жак (келишимдин номери жана датасы, колдонуу мөөнөтү, келишимдин предмети, башка маанилүү шарттар) | ||
3) Юридикалык жактагы добуш берүү укуктарынын көпчүлүгүн контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (бул контроль кандай жол менен жана кайсы адамдар аркылуу жүзөгө ашырылат) | ||
4) Юридикалык жактын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн же ушул сыяктуу кызмат адамдарын дайындоо же бошотуу мүмкүнчүлүгү/укугу бар жеке жак (кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана бул контроль кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырылат) | ||
5) Юридикалык жактагы менчик үлүшүнө байланышкан тиешелүү вето укуктарына же чечим кабыл алуу укуктарына ээ болгон жеке жак (кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана бул контроль кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырылат) | ||
6) Юридикалык жактын пайдасын бөлүштүрүү же юридикалык жактын активдерин которуу жөнүндө вето укуктарына же чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жеке жак (кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана бул контроль кайсы инструменттер аркылуу жүзөгө ашырылат) | ||
7) Менчик ээлери, мүчөлөрү же юридикалык жактар менен түзүлгөн расмий же расмий эмес макулдашуулар, уставдын жоболору, өнөктөштүк макулдашуулар, синдикация жөнүндө макулдашуулар же ошолорго барабар документтер же макулдашуулар аркылуу контроль жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жак - юридикалык жактын конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө, ошондой эле добуш берүү тартибине жараша (кайсы келишимдер жана макулдашуулар аркылуу, кайсы жактар менен жана кандай шарттарда контроль жүзөгө ашырылат) | ||
8) Туугандык же үй-бүлөлүк мамилелер аркылуу контроль жүргүзгөн жеке жак (кайсы туугандык жактар аркылуу жана кандай шарттарда контроль жүзөгө ашырылат) | ||
9) Формалдуу же формалдуу эмес макулдашууларды пайдалануу жолу менен контроль жүргүзгөн жеке жак (кайсы жактар аркылуу жана кандай шарттарда контроль жүзөгө ашырылат) | ||
Трасттын бенефициарлары: 10) Жыйынтыгында юридикалык түзүлүшкө ээлик кылган же контроль жүргүзгөн жеке жак, анын ичинде юридикалык түзүлүшкө түздөн-түз контроль жүргүзгөн адамдар | ||
11) Жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишенимдүү өкүлүнүн (мүлктү трастка өткөрүп берген жак) ролунда чыгат | ||
12) Жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишенимдүү менчик ээсинин (башкаруучунун) ролунда чыгат | ||
13) Жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн камкорчусу ролунда чыгат | ||
14) Жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн бенефициары ролунда чыгат. | ||
Башка ыкмалар: 15) Жеке жак кардардын аракеттерин башка ыкма менен контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ (бенефициардык ээси эмне себептен кардардын аракеттерин контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги (кардардын түшүндүрмөсү) | ||
Ээлеген позициясы аркылуу контролдоо: 16) Юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардарды - юридикалык жакты башкара алган жеке жак, (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруу контролун жүргүзөт, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат) | ||
17 Башка факторлор (кардардын каалоосу) | ||
15 | Бенефициардык ээси катышуучусу (акционери) болуп саналган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүш (% менен) |
|
3. Бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
16 | Бенефициардык ээсинин статусу (керектүүсүнүн астын сызуу же бөлүп көрсөтүү) | 1) резидент; 2) резидент эмес |
17 | Фамилиясы |
|
18 | Аты |
|
19 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
20 | Туулган датасы |
|
21 | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
22 | Улуту (документте бар болсо) |
|
23 | Жынысы |
|
24 | Жарандыгы |
|
25 | Үй-бүлөлүк абалы |
|
26 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери: | |
| 1) Документтин аталышы |
|
| 2) Документтин сериясы жана номери |
|
| 3) Документтин берилген датасы |
|
| 4) Документти колдонуу мөөнөтү аяктаган дата |
|
| 5) Документти берген органдын аталышы |
|
| 6) Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
|
| 7) Жеке номери |
|
27 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкөсү, облусу, шаары, району, калктуу конушу, көчөсү, үйү, корпусу, батири |
28 | Иш жүзүндө жашаган (турган) жеринин дареги | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
29 | Бенефициардык ээсинин байланыш маалыматтары |
|
| 1) Телефондорунун номерлери (иш жана мобилдик) |
|
| 2) Факстын номери (бар болсо) |
|
| 3) Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
|
30 | Банктык эсептеринин номерлери |
|
31 | Бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы (керектүүсүн белгилөө) | 1) ооба; 2) жок |
32 | Бенефициардык ээси коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөсү жана жакын адамы болуп саналабы (керектүүсүн белгилөө жана туугандык даражасын көрсөтүү) | 1) ооба; 2) жок 3) туугандык даражасын көрсөтүү: (жубайы, балдары, атасы, энеси, чоң атасы, чоң апасы, неберелери, ага-инилери жана эже-сиңдилери же башкалары) |
33 | Коомдук кызмат адамы болуп саналган бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар: | |
| 1) Ээлеген кызмат орду |
|
| 2) Дайындалган датасы (бар болсо) |
|
| 3) Бошотулган датасы (бар болсо) |
|
5-глава. Маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартиби
18. Маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгү кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - пайдалануучулар) берилет.
19. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүн алуу жана колдонуу тартиби финансылык чалгындоо органы менен маалымат базасын колдонуучунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
20. Маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү криптографиялык шифрлөөнү колдонуу менен байланыштын корголгон каналдары боюнча жүзөгө ашырылат.
21. Маалыматтар базасын колдонуучулар маалымат базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана санкцияланбаган жетүүдөн коргоону камсыз кылат жана үчүнчү жактарга берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
22. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү эл аралык суроо-талаптын негизинде жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Корутунду жоболор
23. Юридикалык жактын иши токтотулган учурда анын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө тиешелүү буйругу чыгарылган датадан тартып маалыматтар базасында беш жыл бою сакталууга тийиш.
24. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жак, чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалы (өкүлчүлүгү) ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып беш айдын ичинде ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыздоого милдеттүү.
25. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып беш айдын ичинде бенефициардык ээлери жөнүндөгү маалыматтарды электрондук форматта белгилөө жана жазуу бөлүгүндөгү ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.
26. Финансылык чалгындоо органы маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын колдонулушун контролдоону, ошондой эле ушул Жобону аткаруу маселелери боюнча жеке же юридикалык жактардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат.