Загрузка документа…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалыматтар базасын (мындан ары - маалыматтар базасы) түзүү жана сактоо, ошондой эле маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттер - көрсөтүүчүгө чектөөсүз жүгүртүлгөн формадагы акча инструменттери же толтурулбаган акча инструменттери (жол жана банк чектери, акча жана эсептешүү чектери, векселдер, баалуу кагаздар, эмитенттин (карызкордун) акча каражаттарын төлөө боюнча милдеттенмесин күбөлөндүрүүчү документтик формадагы милдеттенмелер жана акча тапшырмалары), аларда төлөө жүзөгө ашырылып жаткан адам же акча инструменттерин алуучунун идентификациялык маалыматтары көрсөтүлбөйт;
2) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү - Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди кандай болбосун киргизип же чыгарып алып өтүү, ал төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
- жеке жактын колдо же багажда, же болбосо транспорт каражатында алып өтүүсү;
- контейнердик жүктө алып өтүү;
- почта аркылуу алып өтүү.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Маалыматтар базасын түзүү жана сактоо тартиби
3. Маалыматтар базасы борборлоштурулган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органы (мындан ары - бажы кызматы) тарабынан түзүлөт жана сакталат.
4. Бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана сактоону жүзөгө ашырат.
5. Маалыматтар базасы электрондук форматта Евразия экономикалык комиссиясы аныктаган жүргүнчүлүк бажы декларациясынын негизги жана кошумча формулярларында көрсөтүлгөн бардык маалыматтарды камтууга тийиш.
6. Бажы кызматы маалыматтар базасындагы маалыматтарды коргоону камсыз кылат жана маалыматтар базасынын техникалык иштешин камсыз кылат.
7. Маалыматтар базасындагы маалыматтар Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлгөн накталай акча каражаттарына же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттер декларацияланган мезгилден тартып беш жылдан кем эмес мөөнөттө сакталууга тийиш.
3-глава. Маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгүн берүү
8. Маалыматтар базасынын түздөн-түз пайдалануучулары бажы кызматы жана финансылык чалгындоо органы болуп саналат.
9. Бажы кызматы финансылык чалгындоо органына маалыматтар базасына түз жетүүгө мүмкүндүк берет.
Түз жетүү кандайдыр бир себептерден улам мүмкүн болбогон учурда бажы кызматы байланыштын корголгон каналы боюнча электрондук форматта же курьер аркылуу финансылык чалгындоо органына маалыматтарды күн сайын берип турат.
Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тартиби финансылык чалгындоо органы менен бажы кызматынын ортосунда түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууда белгиленет.
Финансылык чалгындоо органы менен бажы кызматы маалыматтарды берүүдө оперативдүү өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу кызматкерлерди аныкташат.
10. Зарыл болгон учурда финансылык чалгындоо органы бажы кызматынан Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоо тартибин бузган жеке жактар жана аларга карата колдонулган жаза чаралары жөнүндө кошумча маалыматтарды ведомстволор аралык макулдашууда белгиленген тартипте суроого жана алууга укуктуу.
11. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, салык кызматынын органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы кызматына жибериле турган суроо-талаптардын негизинде маалыматтар базасынан керектүү маалыматтарды алышат.
12. Маалыматтар базасынан алынган маалыматтар маалыматтар базасын пайдалануучулар тарабынан кызматтык максаттарга гана колдонулат жана сакталат, ошондой эле бажы кызматынын уруксатысыз үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.
13. Маалыматтар базасын коргоо жана маалыматтар базасына жетүүдө коопсуздукту камсыздоо электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бажы кызматы менен маалыматтар базасын пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава. Корутунду жоболор
14. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара мамиле принцибинде жүзөгө ашырылат.