Загрузка документа…
|
| 17-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) туусунун жана эмблемасынын сыпаттамасын жана эскиздерин, ошондой эле Кызматтын туусун жана эмблемасын колдонуу тартибин карайт.
2. Туу жана эмблема Кызматтын кадыр-баркынын, ар-намысынын символдору жана атрибуттары болуп саналат.
2-глава. Туунун сыпаттамасы
3. Туу кездемеден, каскактан, каскактын учунан жана шоонадан турат.
4. Туунун кездемеси эки жактуу, тик бурчтуу формада, көк түстөгү жибек кездемеден жасалат. Үч тарабынын четтеринде эни 70 мм алтын түстөгү жибек чачык тигилген. Кездеменин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм.
Туунун бет жагында, кездеменин ортосунда, сыпаттамасы ушул Жободо баяндалган, мамлекеттик тилдеги жазуусу бар Кызматтын эмблемасынын сүрөтү жайгаштырылган. Эмблеманын сүрөтүнүн диаметри 600 мм түзөт.
Туунун арткы бетинде, кездеменин ортосунда, сыпаттамасы ушул Жободо баяндалган, расмий тилдеги жазуусу бар Кызматтын эмблемасынын сүрөтү жайгаштырылган. Эмблеманын сүрөтүнүн диаметри 600 мм түзөт.
5. Туунун каскагы жыгач, кочкул-күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм.
6. Туунун каскагынын учу дат баспаган болоттон, ортосунда күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн, 40 нуру тегиз чачыраган күн алкагынын сүрөтү жайгаштырылган. Каскактын учунун узундугу - 250 мм.
Туунун шоонасы, алтын түстүү эшилген жибек жиптерден даярдалат, учтарында эки чачыгы бар. Чачыгы менен шоонанын узундугу - 2800 мм.
3-глава. Туунун эскиздери
Туунун бет жагы
Туунун арткы бети
4-глава. Эмблеманын сыпаттамасы
7. Эмблема көк түстөгү сегиз бурчтукту (45 градуска бурулуп, бири бирине кайчылашкан эки төрт бурчтуктан турган сегиз бурчтуу жылдызды түзөт) билдирет, анын бурчтары ак карлуу тоолорду символдоштуруп турат.
Сегиз бурчтуктун ичинде, ак түстүү фондун алкагы боюнча мамлекеттик тилде көк түстөгү төмөнкү жазуулар жайгашкан:
- үстүнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасы";
- астынкы бөлүгүндө - "финансылык чалгындоо органы".
8. Эмблема расмий тилдеги сөздөр менен даярдалышы мүмкүн, мында сегиз бурчтуктун ичинде, ак түстүү фондун алкагы боюнча расмий тилде көк түстөгү төмөнкү жазуулар жайгашкан:
- үстүнкү бөлүгүндө - "Кыргызская Республика";
- астынкы бөлүгүндө - "орган финансовой разведки".
9. Үстүнкү жана астынкы бөлүктөрдөгү сөздөрдүн ортосунда көк түстөгү эки жылдыз бар. Ак түстөгү алкактын борборунда (ичинде) көк фондо канаты бар ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн.
5-глава. Эмблеманын эскиздери
6-глава. Корутунду жоболор
10. Туу Кызматтын имаратында Кызматтын төрагасы тарабынан белгиленген жерде орнотулат жана сакталат.
11. Эмблеманын сүрөтү Кызматтын аймактарын жана имараттарын жасалгалоодо, Кызматтын документтеринин бланкаларында жана расмий басылмаларында, Кызматтын сыйлыктарында жана сувенирлеринде, Кызматтын жетекчисинин чечими боюнча башка учурларда пайдаланылышы мүмкүн.
Эмблеманын сүрөтүн чыгаруу ак-кара жана көлөмдүү варианттарда, ошондой эле англис тилиндеги жазуулар менен жасоого жол берилет.
12. Чет өлкөлүк адамдар катышкан иш-чараларда тууну колдонуу максатында туу кичирейтилген өлчөмдө (флагштоктун формасында), анын ичинде англис тилиндеги жазуулар менен даярдалышы мүмкүн.
13. Туу жана эмблема Кызматтын жетекчисинин уруксатысыз башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Тууну жана эмблеманы мазактоо же тууга жана эмблемага маанисин бурмалоочу жазууларды, белгилерди, сүрөттөрдү тартууга жол берилбейт.