Загрузка документа…
|
| 13-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында болгон кылмыштуу ишти жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү (мындан ары - тобокелдиктерди улуттук баалоо) тартибин жана мөөнөттөрүн, ошондой эле тобокелдиктерди улуттук баалоого катышкан жактардын тизмегин түзүү, тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетту түзүү, бекитүү жана жарыялоо тартибин аныктайт.
2. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун максаты кылмыштуу ишти жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин (мындан ары - тобокелдиктер) аныктоо, баалоо жана түшүнүү болуп саналат.
3. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) көбүрөөк колдонулган методдорун (схемаларын) аныктоо;
2) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) боюнча Кыргыз Республикасынын системасындагы кемчиликтерди (начар жерлерин) аныктоо;
3) КИК/ККЛК системасынын бардык субъекттеринин ортосунда тобокелдиктерди бир түрдүү түшүнүүнү түзүү;
4) аныкталган тобокелдиктерди азайтуу үчүн конкреттүү чараларды иштеп чыгуу жана ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү.
4. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжасында кылмыштуу ишти каржылоонун, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну каржылоонун (адалдоонун) коркунучтары, аялуулуктары жана кесепеттери аныкталат, ошондой эле КИК/ККЛК боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер планы (стратегия) иштелип чыгат.
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу иштеген кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия;
2) тобокелдиктерди улуттук баалоо - коркунучтарды жана аялуулуктарды аныктоо жана (же) болтурбоо, КИК/ККЛК боюнча, ошондой эле терс кесепеттерди алдын алуу же минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча КИК/ККЛК субъекттеринин иши;
3) финансылык чалгындоо органы - КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) тобокелдиктерди баалоо - кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) коркунучтарына, аялуулугуна жана кесепеттерине карата ой-пикирлер жалпыланган жана чогултулган маалыматты талдоонун негизинде тобокелдиктердин деңгээли аныкталган методологияга негизделген процесс;
5) кесепеттер - кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруунун натыйжасында мамлекетке, коомго, финансы системасына жана экономикага тийген таасир же келтирилген зыян;
6) тобокелдик - коркунучтар менен аялуулуктардын айкалышынын натыйжасында кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен жалпысынан мамлекетке, коомго, финансы системасына жана экономикага зыян келтирүү мүмкүндүгү;
7) коркунуч - кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруунун натыйжасында мамлекетке, коомго, финансы системасына жана экономикага потенциалдуу зыян келтириши мүмкүн болгон жеке жак же адамдардын тобу, кылмыштуу шериктештиктер, объект же иш;
8) тобокелдиктерди башкаруу - тобокелдиктин бааланган даражасын кыйла төмөнкү же алгылыктуу деңгээлге чейин төмөндөтүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү;
9) аялуулук - коркунуч ишке ашырылышы мүмкүн болгон тармактар (чөйрөлөр), же болбосо КИК/ККЛК чөйрөсүндө белгилүү кемчиликтер болгондугуна байланыштуу коркунучту ишке ашырууга көмөктөшүүчү же көмөк көрсөтүүчү факторлор;
10) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Тобокелдиктерге улуттук баалоону жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү
6. Тобокелдиктерди улуттук баалоо тогуз айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
Тобокелдиктерди кийинки улуттук баалоо тобокелдиктерге мурдагы улуттук баалоо жүргүзүлгөн күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
7. Тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү максатында КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечимине ылайык төмөнкү жумушчу топтор түзүлөт:
1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ;
2) террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ;
3) массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ.
Кылмыштуу ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында коммерциялык эмес уюмдардын секторунда кылмыштуу ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо жүзөгө ашырылат.
Жогоруда аталган жумушчу топтордун ишинин алкагында виртуалдык активдерге жана виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөргө байланышкан тобокелдиктерди баалоо жүргүзүлөт.
Тобокелдиктерди улуттук баалоо жүргүзүүнүн алкагында финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинде КИК/ККЛК тобокелдиктерин сектордук баалоонун натыйжалары жөнүндө отчеттор пайдаланылат. Тобокелдиктерге сектордук баалоо жүргүзүү тартиби КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилет.
8. Жумушчу топтордун компетенциясына кирген маселелер боюнча керектүү квалификацияга ээ болгон мамлекеттик бийлик органдарынын, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциацияларынын, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын өкүлдөрү жумушчу топтордун мүчөлөрү болуп саналат.
9. Финансылык чалгындоо органы жумушчу топтордун курамын түзүү боюнча иштерди жүргүзөт.
Тобокелдиктерди улуттук баалоого катышкан жактардын тизмегин финансылык чалгындоо органы аныктайт.
10. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы, улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана коомдук максаттарда акча каражаттарын же башка мүлктү топтоону жана (же) бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар секторунда, ушул коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кылмыштуу ишти каржылоо тобокелдиктерине баалоо жүргүзөт.
11. Жумушчу топтордун курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө суроо-талап тобокелдиктерди ар бир улуттук баалоо башталганга чейин 15 жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органы тарабынан жиберилет.
12. Мамлекеттик бийлик органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары суроо-талапты алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына өз өкүлдөрүн алардын иш чөйрөлөрүнө ылайык жумушчу топтордун курамына киргизүү жөнүндө сунуштарын жиберет.
13. Жумушчу топтордун курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин негизинде финансылык чалгындоо органы 15 жумуш күндүн ичинде жумушчу топтордун курамын жана жумушчу топтордун жыйналыштарын өткөрүү графигин түзөт.
14. Жумушчу топтордун жеке курамы жана жумушчу топтордун жыйналыштарын өткөрүү графиги КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилет.
15. Финансылык чалгындоо органы жумушчу топтордун курамы жана жумушчу топтордун жыйналыштарын өткөрүү графиги бекитилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аларды жумушчу топтун мүчөлөрүнө таанышуу үчүн жиберет.
16. Жумушчу топтордун жыйналыштары графикке ылайык, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Зарыл учурда жумушчу топтордун жыйналыштары жумушчу топтордун жетекчилеринин демилгеси менен өткөрүлөт.
17. КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия тобокелдиктерге улуттук баалоону жүргүзүүнү координациялайт.
18. Тобокелдиктерди улуттук баалоо төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) маалыматты топтоо;
2) топтолгон маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо;
3) тобокелдиктерди баалоо;
4) жогорку тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган чараларды аныктоо.
3-глава. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты топтоо тартиби
19. Маалыматты топтоо жумушчу топтордун сунушу жана КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты топтоо боюнча методологияга ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Финансылык чалгындоо органы тобокелдиктерди ар бир улуттук баалоо башталганга чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен мамлекеттик бийлик органдарына, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциацияларына, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларына тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты топтоо боюнча методологияга ылайык тобокелдиктерди баалоо үчүн маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жиберет.
21. Мамлекеттик бийлик органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары өткөн төрт жылдык мезгилге тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты 30 жумуш күндүн ичинде кагаз жүзүндө жана электрондук форматта берет (Microsoft Office Exel).
22. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалымат жок болгон учурда алардын жоктугунун себептери көрсөтүлөт.
23. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты өз убагында жана сапаттуу топтоо максатында жумушчу топтордун мүчөлөрү зарыл болгон маалыматты топтоого көмөк көрсөтөт.
4-глава. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо тартиби
24. Финансылык чалгындоо органы бардык маалыматты алган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде аларды төмөнкүдөй жол менен иштеп чыгат:
1) маалыматты шайкештик жана толуктук предметине салыштыруу;
2) тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты түзүмдөштүрүү б.а. тобокелдиктерди баалоо жана талдоо үчүн маалыматты топтоштуруу жана жалпылоо;
3) тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты рангга бөлүү б.а. тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматтын салыштырмалуу маанилүүлүгүн (артыкчылыгын) белгилөө.
25. Жумушчу топтор тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты иштеп чыккандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде ага талдоо жүргүзөт, ошол эле учурда төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) тобокелдиктин булагын;
2) тобокелдиктин мүнөзүн;
3) тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдыгын;
4) тобокелдиктин кесепеттерин.
26. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты талдоодо өз ара баалоо жөнүндө отчеттордон, прогресс жөнүндө отчеттордон, эл аралык уюмдардын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү баяндамаларынан, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологиясынан алынган маалыматтар колдонулат.
27. Аялуулуктарды аныктоодо КИК/ККЛК системасынын начар жерлерине же өлкөнүн белгилүү мүнөздөмөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө, конкреттүү финансылык же финансылык эмес секторго, финансылык продуктуга же аларды кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) үчүн жагымдуу кылган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө көңүл бурулат.
28. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо боюнча методологияга ылайык жумушчу топтор тарабынан жүзөгө ашырылат.
29. Маалыматты талдоонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тобокелдиктерди баалоо боюнча отчет түзөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) коркунучтарды, аялуулуктарды жана тобокелдиктердин кесепеттерин сүрөттөө;
2) тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты талдоонун жыйынтыгы.
30. Финансылык чалгындоо органы тобокелдиктерди баалоо боюнча отчет түзүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аны жумушчу топторго өткөрүп берет.
5-глава. Тобокелдиктерди баалоо жана жогорку тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган чараларды аныктоо тартиби
31. Жумушчу топтор тобокелдиктерди баалоо боюнча отчетту алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде карап чыгышат жана тобокелдиктердин төмөнкү деңгээлдеринин бирин ыйгарышат:
1) жогорку;
2) орто;
3) төмөнкү;
4) тобокелдик жок.
32. Жумушчу топтор тобокелдиктин тиешелүү деңгээлин кароонун жана ыйгаруунун жыйынтыгы боюнча 20 жумуш күндүн ичинде тобокелдиктерди баалоо боюнча жыйынтыктоочу отчетту (мындан ары - жыйынтыктоочу отчет) түзөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) тобокелдиктерди баалоонун сүрөттөмөсү;
2) тобокелдиктерди баалоо боюнча тыянактар;
3) тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган иш-чаралардын долбоорлору.
33. Жумушчу топтор жыйынтыктоочу отчет түзүлгөн күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде аны финансылык чалгындоо органына өткөрүп беришет.
34. Финансылык чалгындоо органы жыйынтыктоочу отчетту алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциацияларына, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларына макулдашууга жиберет.
35. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдар ассоциациялары өздөрүнүн сын пикирлерин жана сунуштарын жиберишет же жыйынтыктоочу отчетту алган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде алардын жоктугу жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдиришет.
Жыйынтыктоочу отчетко сын пикирлер жана сунуштар берилген учурда финансылык чалгындоо органы аны андан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топко (жумушчу топторго) 2 жумуш күндүн ичинде кайтарып берет.
36. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары 30 жумуш күндүн ичинде позицияларын бербеген учурда жыйынтыктоочу отчет макулдашылды деп эсептелет.
37. Жыйынтыктоочу отчеттун коммерциялык эмес уюмдарга тиешелүү бөлүгү кызыкдар коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен талкууланат.
6-глава. КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын жыйналышында кароо тартиби
38. Финансылык чалгындоо органы жыйынтыктоочу отчетту кызыкдар тараптар менен макулдашуунун натыйжалары боюнча 10 жумуш күндүн ичинде аны КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын кароосуна жана жактыруусуна киргизет.
39. КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия жыйынтыктоочу отчетту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобого ылайык карайт жана жактыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
7-глава. Корутунду жоболор
40. Финансылык чалгындоо органы жыйынтыктоочу отчетту финансылык чалгындоо органынын расмий интернет-сайтынын жабык бөлүгүнө жыйынтыктоочу отчет жактырылгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жайгаштырат.
41. Жыйынтыктоочу отчеттун кыскартылган версиясы (негизги тыянактар) жыйынтыктоочу отчет жактырылгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий интернет-сайтынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылат.
42. Жумушчу топтор тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча 20 жумуш күндүн ичинде аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планынын (стратегиясынын) долбоорун иштеп чыгат жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте андан ары киргизүү үчүн КИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын кароосуна киргизет.
43. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжалары жөнүндө маалымат аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планынын (стратегиясынын) негизинде ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдикке багытталган ыкманы пайдалануу менен тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш болгон КИК/ККЛК субъекттерине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жеткирилет.
44. Жыйынтык отчет жана аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планы (стратегиясы) төмөнкү факторлордун бири келип чыккан учурда каалаган убакта жаңыланууга тийиш:
1) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан иштин жаңы түрлөрүнүн келтирген олуттуу зыяны;
2) жаңы финансылык продуктулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын пайда болушу;
3) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттардын өзгөрүүсү;
4) Кыргыз Республикасындагы саясий жана экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсү;
5 КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын өзгөрүүсү;
6) Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналган, КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү башка өлкөлөрдүн режимдеринин өзгөрүүсү;
7) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тенденциясына таасир этүүчү өлкө ичиндеги, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги окуялар;
8) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү жаңы тенденцияларды баяндаган жаңы типологиялык отчеттор;
9) КИК/ККЛК боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоо жөнүндө жаңы отчет.
45. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үчүн тобокелдиктерди баалоо, классификациялоо, башкаруу жана азайтуу боюнча жалпы талаптар финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.