Загрузка документа…
|
| 10-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзүү жана жарыялоо тартибин, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартибин аныктайт.
2. Чаралар (санкциялар) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн чыккан тобокелдиктерден Кыргыз Республикасынын финансы системасын коргоо максатында колдонулат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
2) иштиктүү мамилелер - операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
3) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
4) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) текшерүүчү органдар - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган тиешелүү жактардын ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
6) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзүү жана жарыялоо тартиби
4. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт, жаңыланат жана жарыяланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын милдеттүү түрдө пайдалануусуна жатат.
5. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги төмөнкүдөй тизмелердин негизинде түзүлөт:
1) ФАТФтын тизмеси (финансылык чараларды иштеп чыгуучу эл аралык топ);
2) ФАТФ тиби боюнча региондук топтордун тизмеси;
3) Базель башкаруу институтунун тизмеси (Топ-10 жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр);
4) Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тарабынан түзүлгөн оффшордук зоналардын тизмеси;
5) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин негизинде санкциялар колдонулган өлкөлөрдүн тизмеси;
6) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн өлкөлөрдүн тизмеси.
6. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук файлдардын форматтарында финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын "Тизмектер" бөлүмүндө жайгаштырылат.
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегинин түзүмү жана форматы финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
7. Финансылык чалгындоо органы ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн эл аралык уюмдардын расмий сайттарына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат жана тизмелерде жаңылануулар болгон учурда эки жумуш күндүн ичинде жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат.
8. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругуна кол коюлган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери:
1) финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйруктун электрондук вариантын жайгаштырат;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жаңыланган тизмегин жана жогорку тобокелдиктеги өлкө боюнча маалыматтык билдирүүнү (тизмектен чыгаруу же киргизүү жөнүндө) түзөт, ошондой эле аларды финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жайгаштырат;
3) мамлекеттик органдарга, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча жогорку тобокелдиктеги өлкө жөнүндө тиешелүү маалыматты (өлкөнү чыгаруу же киргизүү жөнүндө) жиберет.
9. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн эл аралык уюмдардын расмий сайттарында тиешелүү маалымат болгондо, финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн системаларындагы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кемчиликтер (чабалдыктар) жөнүндө маалымат жарыяланат. Ушул маалымат финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан тобокелдикке салынган мамилени колдонууда пайдаланылат.
3-глава. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн резиденттерине карата колдонулуучу кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен иштиктүү мамилелерди түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонушат.
11. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аныкталган тобокелдиктерге теңдеш жана финансылык чалгындоо органынын сунуштамаларын эске алуу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонушат.
4-глава. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата колдонулуучу чаралар (санкциялар)
12. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чегинде жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата төмөнкүдөй чараларды (санкцияларды) колдонушат:
1) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган же иштеген жеке же юридикалык жактар) менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү, жасалган операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан финансылык чалгындоо органына берүү;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен иш мамилелерди түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу;
3) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен иштиктүү мамилелерди түзүүдөн жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган юридикалык жак менен корреспонденттик мамилелерди түзүүдөн баш тартуу же токтотуу;
5) жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган юридикалык жактын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата күчөтүлгөн текшерүүнү (көзөмөлдү) колдонуу жана (же) тышкы аудиттин талаптарын күчөтүү;
6) жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган юридикалык жактардын туунду коомдорун, филиалдарын же өкүлчүлүктөрүн лицензиялоодон баш тартуу;
7) уюмдаштыруучусу катары жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган жеке же юридикалык жак чыккан юридикалык жакты лицензиялоодон баш тартуу.
13. Ушул Жобонун 12-пунктунун 3-7-пунктчаларында каралган чаралар (санкциялар) айрым жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө гана колдонулат. Мындай өлкөлөрдүн тизмеги ФАТФтын ачык билдирүүсүнүн негизинде финансылык чалгындоо органынын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын жана эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилет.
14. Ушул Жобонун 12-пунктунда каралган чаралар (санкциялар) колдонулган жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланат жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактарга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына билдирилет.
5-глава. Корутунду жоболор
15. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын же башка чараларды (санкцияларды) колдонууну токтотуу жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегинен өлкөнү чыгарууда же Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
16. Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары финансылык чалгындоо органына жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө жана анын резиденттерине карата колдонулган чаралар (санкциялар) жөнүндө статистикалык маалыматты берип турат.