Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 1-августу ПЖ № 227
Кыргыз Республикасынын Президентинин
мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө
чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
Тартиптин 1-тиркемесинде:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
7 | Шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
”.
2..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11..Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат, бирок конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 календардык күндөн аз болбоого тийиш. Документтерди кабыл алуу бүткөн мөөнөт конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалардын жардамы менен талапкердин ким экендигин белгилейт.”.
3..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1).3-пункттун 3-пунктчасындагы мамлекеттик тилдеги “мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын (кадр ишин тейлеген),” деген сөздөр алып салынсын;
2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасында:
–.1-пункттагы “кадрдык ишти тейлеген ыйгарым укуктуу адамдар” деген сөздөр “аппарат жетекчилери” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3..Аппарат жетекчилеринин ишин баалоо ушул Методикага ылайык мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.
Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынан тышкары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаарлардын мэрияларында аппарат жетекчилеринин ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жардамы менен ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү региондор аралык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.”;
–.4-пункттагы, 9-пункттун биринчи абзацындагы “Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын” деген сөздөр “Аппарат жетекчилеринин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5..Аппараттын ар бир жетекчисинин ишин акыркы баалоону ыйгарым укуктуу орган карайт жана бекитет.”;
–.6-пункттагы “кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын” деген сөздөр “аппарат жетекчилеринин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
–.8, 26-пункттардагы “кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдардын” деген сөздөр “аппарат жетекчилеринин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
–.16-пункттун биринчи абзацындагы, 18-пункттун биринчи абзацындагы “Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын” деген сөздөр “Аппарат жетекчисинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
–.19-пункттагы “кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адам” деген сөздөр “аппарат жетекчиси” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 20–23-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20..Баалоонун максималдуу мааниси 100 %ды түзөт, бул маморгандардын жана ЖӨБО аппарат жетекчилеринин ишинин рейтингин салыштыруу жана түзүү үчүн мүмкүндүк берет.
Топтолгон пайыздарга ылайык баалардын төмөнкүдөй квалификациясы киргизилет:
Жалпы баанын пайыздык мааниси | Баанын квалификациясы |
91–100 % | Эң жакшы |
76–90 % | Жакшы |
61–75 % | Канааттандырарлык |
0–60 % | Канааттандырарлык эмес |
Алынган пайыздардын негизинде аппарат жетекчилеринин ишин баалоонун натыйжаларын ранжирлөө жүргүзүлөт жана рейтингдеги орду аныкталат. Ошол эле учурда “Эң жакшы” деген баа алган адамдардын ичинен “Эң жогорку балл” деген баа белгиленет.
21..Аппарат жетекчилеринин ишин баалоонун натыйжалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Методиканын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча номенклатурасына аппарат жетекчиси кирген органга (кызмат адамына) кароого киргизилет.
22. Номенклатурасына аппарат жетекчиси кирген орган (кызмат адамы) баалоонун негизинде төмөнкүлөр жөнүндө сунуштамаларды киргизет:
1).ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы же ылайык эместиги;
2) квалификациясын жогорулатуу;
3) ротациялоо.
23..“Канааттандырарлык” деген баа алган учурда номенклатурасына аппарат жетекчиси кирген орган окутууга жана/же ведомстволук окутууга мамлекеттик заказдын алкагында аппарат жетекчисинин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сунуш киргизет.”;
–.24-пункттун биринчи абзацындагы “кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адам” деген сөздөр “аппарат жетекчиси” деген сөздөргө алмаштырылсын;
–.25-пункттагы “кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамга” деген сөздөр “аппарат жетекчисине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– Методиканын 1–3-тиркемелеринде:
“Кадр ишин тейлеген ыйгарым укуктуу адамдын” деген сөздөр “Аппарат жетекчисинин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-августундагы № 58 (3714) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 1-августу ПЖ № 227
Кыргыз Республикасынын Президентинин
мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө
чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
Тартиптин 1-тиркемесинде:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
7 | Шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
”.
2. (КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)