Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-декабры № 778
Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө
жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кызматкерлерди иш сапарга жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын чегинде:
- суткалык төлөм – республиканын региондорунда иш сапарда болуунун ар бир күнү үчүн 1000 сом; Бишкек шаарында – 1200 сом;
- турак жайды ижаралоо боюнча төлөм – тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдардын орду суткалык чыгымдардын ченеминен 50 пайыз өлчөмүндө толтурулат;
- иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат. Ырастоочу документтер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдардын орду 1-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө толтурулат;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары:
– турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдарды жана чектик чыгымдарды төлөө – ырастоочу документтерди бербестен 2-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө;
– иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, ошондой эле барган өлкөсүндөгү транспорттук чыгымдар иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– кызматкерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш сапарга жиберүү иш сапардык күбөлүктү тариздебестен иш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөт;
– иш сапардык чыгымдардын ченемдерин көбөйтүү менен байланышкан кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 241 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын чегинде ырастоочу документтер жок болгон учурда жол киреге
чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдери
Аралык (км) | Жол киренин ордун толтуруунун ченемдери (сом менен) |
25–30 | 50 |
31–40 | 60 |
41–50 | 70 |
51–60 | 80 |
61–70 | 90 |
71–80 | 100 |
81–90 | 110 |
91–100 | 150 |
100 км ашык ар бир 15 км үчүн | 20 |
Эскертүү: иш сапарда пайдаланылган бензин жана дизель автомобилдери үчүн күйүүчү майга чыгымдардын, ошондой эле электрмобилдер үчүн электр энергиясына чыгымдардын орду 1 км жолго күйүүчү майды/электр энергиясын чыгымдоонун заводдук көрсөткүчтөрүнүн жана чыгымдар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде толтурулат.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарга жиберилген кызматкерлерге турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдардын жана чектик чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдери
Өлкө | Чет өлкөлүк валютанын аталышы | Иш сапарда болуунун суткалык ченемдери | Турак жайды суткасына ижаралоо боюнча чыгымдардын ордун толтуруунун чектик ченеми | ||||
1А | 2Б | ||||||
Австралия | АКШ доллары | 62 | 37 | 150 | |||
Австрия Республикасы | Евро | 70 | 40 | 300 | |||
Азербайж Республикасы | АКШ доллары | 40 | 24 | 180 | |||
Алжир Элдик Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 60 | |||
Андорра | АКШ доллары | 62 | 37 | 140 | |||
Антигуа жана Барбуда | АКШ доллары | 50 | 30 | 150 | |||
Мисир Араб Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 120 | |||
Аргентина Республикасы | АКШ доллары | 52 | 30 | 75 | |||
Белиз | АКШ доллары | 46 | 25 | 57 | |||
Бермуд аралдары | АКШ доллары | 54 | 30 | 100 | |||
Венесуэла Боливариан Республикасы | АКШ доллары | 64 | 37 | 100 | |||
Буркина-Фасо | АКШ доллары | 65 | 39 | 120 | |||
Люксембург Улуу Герцогдугу | Евро | 60 | 36 | 300 | |||
Венгрия | АКШ доллары | 60 | 36 | 250 | |||
Уругвай Чыгыш Республикасы | АКШ доллары | 40 | 24 | 70 | |||
Габон Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 100 | |||
Гвинея Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 130 | |||
Гибралтар (Улуу Британия аймагы) | АКШ доллары | 60 | 36 | 75 | |||
Бруней-Даруссалам Мамлекети | АКШ доллары | 46 | 28 | 100 | |||
Израиль Мамлекети | АКШ доллары | 70 | 42 | 120 | |||
Катар Мамлекети | АКШ доллары | 60 | 36 | 160 | |||
Кувейт Мамлекети | АКШ доллары | 59 | 35 | 250 | |||
Япония Мамлекети | АКШ доллары | 80 | 48 | 350 | |||
Гренада | АКШ доллары | 50 | 30 | 70 | |||
Грек Республикасы | Евро | 65 | 39 | 300 | |||
Грузия | АКШ доллары | 40 | 24 | 180 | |||
Конго Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 100 | |||
Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы | АКШ доллары | 62 | 36 | 70 | |||
Доминикан Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Франциянын чегинен тышкаркы аймактары | АКШ доллары | 60 | 36 | 140 | |||
Иордания Хашемит Королдугу | АКШ доллары | 50 | 30 | 85 | |||
Иран Ислам Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 110 | |||
Мавритания Ислам Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 110 | |||
Пакистан Ислам Республикасы | АКШ доллары | 58 | 33 | 100 | |||
Афганстан Ислам Эмираты | АКШ доллары | 40 | 24 | 100 | |||
Италия Республикасы | Евро | 65 | 39 | 300 | |||
Йемен Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Кайман аралдары | АКШ доллары | 60 | 36 | 110 | |||
Канада | АКШ доллары | 65 | 39 | 110 | |||
Кытай Эл Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 250 | |||
Лихтенштейн Княздыгы | АКШ доллары | 75 | 45 | 140 | |||
Монако Княздыгы | АКШ доллары | 65 | 39 | 130 | |||
Гайана Кооперативдик Республикасы | АКШ доллары | 52 | 30 | 120 | |||
Корея Элдик- Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 250 | |||
Бахрейн Падышалыгы | АКШ доллары | 66 | 35 | 112 | |||
Бельгия Королдугу | Евро | 65 | 39 | 300 | |||
Дания Королдугу | Евро | 70 | 42 | 300 | |||
Испания Королдугу | Евро | 70 | 42 | 300 | |||
Камбоджа Королдугу | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Лесото Королдугу | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Марроко Падышалыгы | АКШ доллары | 60 | 36 | 120 | |||
Нидерланды Королдугу | Евро | 65 | 39 | 300 | |||
Норвегия Королдугу | АКШ доллары | 80 | 48 | 150 | |||
Сауд Аравия Падышалыгы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Тайланд Падышалыгы | АКШ доллары | 58 | 32 | 100 | |||
Тонга Королдугу | АКШ доллары | 40 | 24 | 100 | |||
Швеция Королдугу | Евро | 65 | 39 | 300 | |||
Эсватини Королдугу | АКШ доллары | 65 | 39 | 100 | |||
Лаос Элдик- Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Латвия Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 180 | |||
Ливан Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 80 | |||
Литва Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 180 | |||
Малайзия | АКШ доллары | 60 | 36 | 120 | |||
Мальдив Республикасы | АКШ доллары | 40 | 24 | 90 | |||
Мексика Бириккен Штаттары | АКШ доллары | 55 | 33 | 100 | |||
Боливия Көп улуттуу Мамлекети | АКШ доллары | 63 | 35 | 80 | |||
Бангладеш Элдик Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 80 | |||
Папуа Жаңы Гвинея Көз карандысыз Мамлекети | АКШ доллары | 55 | 33 | 110 | |||
Самоа Көз карандысыз Мамлекети | АКШ доллары | 48 | 25 | 90 | |||
Жаңы Зеландия | АКШ доллары | 65 | 39 | 130 | |||
Танзания Бириккен Республикасы | АКШ доллары | 56 | 30 | 100 | |||
Бириккен Араб Эмираттары | АКШ доллары | 55 | 33 | 300 | |||
Португалия Республикасы | Евро | 61 | 33 | 250 | |||
Албания Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 150 | |||
Ангола Республикасы | АКШ доллары | 64 | 38 | 132 | |||
Армения Республикасы | АКШ доллары | 40 | 24 | 180 | |||
Барбадос Республикасы | АКШ доллары | 46 | 28 | 75 | |||
Беларусь Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 180 | |||
Бенин Республикасы | АКШ доллары | 66 | 39 | 95 | |||
Болгария Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 250 | |||
Босния жана Герцеговина Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 110 | |||
Ботсвана Республикасы | АКШ доллары | 54 | 30 | 102 | |||
Бурунди Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Вануату Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Гаити Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 80 | |||
Гамбия Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Гана Республикасы | АКШ доллары | 54 | 30 | 100 | |||
Гватемала Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 90 | |||
Гвинея-Бисау Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 50 | |||
Гондурас Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 60 | |||
Жибути Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 100 | |||
Замбия Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 150 | |||
Зимбабве Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 110 | |||
Индия Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 170 | |||
Индонезия Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 110 | |||
Ирак Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 100 | |||
Ирландия Республикасы | Евро | 65 | 39 | 300 | |||
Исландия Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 150 | |||
Кабо-Верде Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Казакстан Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 180 | |||
Камерун Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Кения Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 110 | |||
Кипр Республикасы | Евро | 60 | 36 | 300 | |||
Колумбия Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 100 | |||
Конго Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 100 | |||
Корея Республикасы | АКШ доллары | 68 | 38 | 300 | |||
Коста-Рика Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 100 | |||
Кот-д’Ивуар Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 100 | |||
Куба Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Либерия Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 100 | |||
Маврикий Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Мадагаскар Республикасы | АКШ доллары | 56 | 33 | 110 | |||
Малави Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 90 | |||
Мали Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 120 | |||
Мальта Республикасы | Евро | 60 | 36 | 180 | |||
Мозамбик Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Молдова Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 180 | |||
Монголия Республикасы | АКШ доллары | 58 | 30 | 90 | |||
Намибия Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 120 | |||
Нигерия Республикасы | АКШ доллары | 58 | 30 | 110 | |||
Никарагуа Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 90 | |||
Фиджи Аралдары Республикасы | АКШ доллары | 40 | 24 | 70 | |||
Палау Республикасы | АКШ доллары | 58 | 33 | 100 | |||
Панама Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 50 | |||
Парагвай Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 75 | |||
Перу Республикасы | АКШ доллары | 58 | 33 | 100 | |||
Польша Республикасы | АКШ доллары | 56 | 33 | 250 | |||
Руанда Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Түндүк Македония Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 140 | |||
Сейшелы Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 130 | |||
Сенегал Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 130 | |||
Сербия Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 110 | |||
Сингапур Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 120 | |||
Словения Республикасы | АКШ доллары | 56 | 33 | 130 | |||
Мьянма Бирлиги Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 80 | |||
Судан Республикасы | АКШ доллары | 78 | 42 | 110 | |||
Суринам Республикасы | АКШ доллары | 69 | 40 | 110 | |||
Сьерра-Леоне Республикасы | АКШ доллары | 54 | 32 | 100 | |||
Тажикстан Республикасы | АКШ доллары | 45 | 27 | 180 | |||
Тринидад жана Тобаго Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Уганда Республикасы | АКШ доллары | 52 | 30 | 100 | |||
Өзбекстан Республикасы | АКШ доллары | 45 | 27 | 180 | |||
Филлипины Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 130 | |||
Хорватия Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 120 | |||
Чад Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 130 | |||
Чили Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 90 | |||
Эквадор Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 75 | |||
Экваториялык Гвинея Республикасы | АКШ доллары | 52 | 30 | 100 | |||
Эль-Сальвадор Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 90 | |||
Россия Федерациясы | АКШ доллары | 70 | 42 | 180 | |||
Румыния | АКШ доллары | 56 | 33 | 250 | |||
Сан-Марино Улуу Республикасы | АКШ доллары | 65 | 39 | 150 | |||
Пуэрто-Рико Эркин ассоцияланган Мамлекети | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Сент-Люсия | АКШ доллары | 55 | 33 | 100 | |||
Сирия Араб Республикасы | АКШ доллары | 62 | 35 | 100 | |||
Словакия Республикасы | АКШ доллары | 56 | 33 | 180 | |||
Багам Аралдарынын Шериктештиги | АКШ доллары | 46 | 28 | 75 | |||
Улуу Британия жана Ирландия Бириккен Королдугу | Фунт стерлинг | 75 | 45 | 350 | |||
Америка Кошмо Штаттары | АКШ доллары | 72 | 40 | 350 | |||
Ливия Социалисттик Элдик Араб Жамахириясы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Вьетнам Социалисттик Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Комор Аралдары Бирлиги | АКШ доллары | 70 | 42 | 120 | |||
Аомэнь (КЭР) Макао Атайын административдик району | АКШ доллары | 56 | 33 | 100 | |||
Сянган (КНР) Гонконг Атайын административдик району | АКШ доллары | 67 | 40 | 300 | |||
Оман Султанаты | АКШ доллары | 62 | 35 | 110 | |||
Тоголез Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 | |||
Тунис Республикасы | АКШ доллары | 45 | 27 | 90 | |||
Түркия Республикасы | АКШ доллары | 62 | 35 | 200 | |||
Түркмөнстан | АКШ доллары | 40 | 24 | 180 | |||
Украина | АКШ доллары | 50 | 30 | 180 | |||
Непал Федералдык Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 50 | 30 | 90 | |||
Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 100 | |||
Бразилия Федеративдик Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 150 | |||
Германия Федеративдик Республикасы | Евро | 70 | 42 | 300 | |||
Нигерия Федеративдик Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 110 | |||
Сомали Федеративдик Республикасы | АКШ доллары | 56 | 33 | 100 | |||
Финляндия Республикасы | Евро | 60 | 36 | 300 | |||
Франция Республикасы | Евро | 62 | 36 | 300 | |||
Борбордук Африка Республикасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 100 | |||
Черногория | АКШ доллары | 60 | 36 | 110 | |||
Чехия Республикасы | АКШ доллары | 56 | 33 | 250 | |||
Швейцария Конфедерациясы | Евро | 70 | 42 | 300 | |||
Эстония Республикасы | АКШ доллары | 55 | 33 | 180 | |||
Түштүк-Африка Республикасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 57 | |||
Ямайка | АКШ доллары | 50 | 30 | 100 | |||
Эскертүү:
1. “А” – көрсөтүлгөн чет өлкөгө Кыргыз Республикасынан кыска мөөнөттүү иш сапарга чыккан Кыргыз Республикасынын кызматкерлери үчүн.
2. “Б” – Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери үчүн, ошондой эле аталган чет өлкөгө жумушка жиберилген жана чет өлкөдө болгон учурда, ошол чет өлкөнүн чегинде алардын кыска мөөнөттүү иш сапарда эмгек акыны чет элдик валютада алган Кыргыз Республикасынын башка категориядагы кызматкерлери үчүн.
Бул ченемдер аталган кызматкерлерге чет өлкөдө иштеген жерине чейин чет өлкөлүк аймактар боюнча жол кире үчүн жана кайтып келүүгө чыгымдардын ордун толтурууда жана чет өлкөдөн Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү иш сапарга барууда жана кайтып келүүдө колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча расмий делегациялардын курамында кызматкерлердин чет өлкөлүк иш сапарга чыгууда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарынын ордун толтуруунун башка тартиби аныкталышы мүмкүн.