ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 584 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778»Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция27.08.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 27-августу № 584

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 4-декабрындагы № 778

«Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана

алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө»

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий позициясын жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 «Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

– «Өлкө» графасындагы «Афганстан Ислам Эмираты» деген сөздөр «Афганстан» деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев