Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана
жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик
укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо
эрежелери
1. Жалпы жоболор
2. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодо, кайра каттоодо, эсептен чыгарууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттер
3. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга менчик укуктарын каттоо жана кайра каттоо
4. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
5. Каттоо документтерин жана мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү тартиби
6. Автомототранспорт каражаттарын каттоодо, кайра каттоодо жыйымдарды төлөө тартиби, өлчөмдөрү
7. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу
8. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке коюу
9. Катталган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды электрондук эсепке алуу
10. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жок кылуу жана сатуу тартиби
11. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу тартиби
12. Транспорт каражаттарын жана аларга болгон менчик укуктарын онлайн режиминде мамлекеттик кайра каттоо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бирдей болгон автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду (мындан ары – транспорт каражаттарын), стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары – түзүлүштөр жана жабдуулар) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин белгилейт.
Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан пайдаланылуучу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу маселелерине карата колдонулбайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автомототранспорт каражаттары – адамдарды жана жүктөрдү же ага орнотулган жабдууларды жол менен ташууга арналган түзүлүштөр, ошондой эле автомобилдер, автомобилдик сүйрөгүчтөр, автобустар, чакан автобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, мотонарттар, мопеддер, квадрициклдер жана трициклдер, чиркегичтер, жарым чиркегичтер;
транспорт каражаттарын, ошондой эле түзүлүштөрдү жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу (мындан ары – каттоо иш-аракеттери) – катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына (мындан ары – электрондук маалыматтар базасы) транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жана аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү аркылуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер, ошондой эле каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу;
расмий өкүл (дистрибьютор, дилер) – өндүрүүчү завод (анын соода үйү) менен дистрибьютордук же дилердик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу), дистрибьютордун же дилердин статусун ырастаган өндүрүүчүдөн ырастоочу каты же сертификаты бар өндүрүүчү завод – соода уюму;
өзү жүрүүчү технологиялык машина – курулушта, өнөр жайда, токой, айыл чарбасында пайдалануу үчүн арналган транспорт каражаты, анын ичинде комбайндер, жол-курулуштук, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналар;
стационардык технологиялык түзүлүш жана жабдуу – ичинен күймө кыймылдаткычы менен же болбосо электр кыймылга келтиргичи бар, иш убагында ордунан жылдырууну талап кылбаган жана жолдордо, аларга жанаша участоктордо, өндүрүштүк жана айыл чарбалык объекттерде иштерди аткаруу үчүн арналган түзүлүш;
трактор – чиркелген же орнотулган машиналарды же куралдарды кыйлымга келтирүү үчүн, стационардык машиналарды, чиркегичтерди сүйрөтүү үчүн арналган каз тамандуу же дөңгөлөк менен жүргөн транспорт каражаты;
транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту – 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленген тартипте транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунун), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында таризделген транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспорту;
транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу – катталган транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна уруксат берүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө тийиштүү жазууну киргизүү;
транспорт каражатын убактылуу эсепке алуу – чет мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагына алты айдан ашык мөөнөткө киргизилген транспорт каражаттарын убактылуу эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизүү;
транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунан белгиленген үлгүдөгү көчүрмө – 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленген тартипте таризделген транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасынан транспорт каражаты, өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү жөнүндө маалымат;
транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын атайын бланктык продукциясы (мындан ары – атайын бланктык продукция) – бул транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга менчик укуктун бар экендигин ырастоочу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документтер үчүн так отчеттуулук бланктары: транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк; трактордун, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын техникалык паспорту; стационардык технологиялык түзүлүштүн жана жабдуунун техникалык паспорту; транспорт каражатынын паспорту;
көчмө тариздөө – транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адистеринин транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерине барып жүргүзгөн каттоо иш-аракеттери;
эл аралык уюмдар формасында түзүлгөн өнүктүрүү фонддору – Кыргыз Республикасы менен тиешелүү мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү, алардын экономикаларын модернизациялоо жана өнүктүрүү, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында тиешелүү эл аралык келишимдерди түзүү жолу менен Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттер менен биргеликте эл аралык уюмдар формасында уюштурган өнүктүрүү фонддору;
транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси – Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/“Түндүк” мобилдик тиркемеси же Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоо менен байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
сатуучу – жеке жак – транспорт каражатынын ээси;
сатып алуучу – төлөөнү жүзөгө ашыруучу жана транспорт каражатын сатып алуучу болуп саналган жеке жак;
адис – арыздарды кароого жана транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын каттоого жана кайра каттоого ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
“Транспорт каражаттарынын регистри” АМС – транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы;
“Face ID” адамдын жүзүн таануу сервиси – адамдын инсандыгын ырастоо максатында аны идентификациялоо үчүн адамдын жүзүн таануунун биометриялык технологиясы;
санарип кол тамга – санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана санариптик документтин өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн пайдаланылган санариптик формадагы маалымат;
корутунду – транспорт каражатынын (дөңгөлөктүү транспорт каражаты үчүн) тибин баалоо жөнүндө документ жана (же) шассинин тибин баалоо жөнүндө корутунду (шасси үчүн) жана (же) сейрек учуроочу транспорт каражатын (сейрек учуроочу транспорт каражаты үчүн) баалоо жөнүндө корутунду, алар өндүрүлгөн күндөн тартып үч жылдан ашпаган, жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын (шасси) техникалык талаптарга шайкештигин күбөлөндүрүүчү документтер болуп саналат.
3. Бардык автомобилдер, автомобилдик сүйрөгүчтөр, автобустар, чакан автобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, мотонарттар, мопеддер, трициклдер жана квадроциклдер катталууга (кайра катталууга) тийиш:
– кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб.см кем эмес;
– максималдуу конструктивдик ылдамдыгы 50 км/сааттан ашык эмес;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн арналган электр кыймылдаткычтуу жүк көтөрүмдүүлүктөгү 500 кг ашык.
Тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, транспорт каражаты сүйрөөчү чиркегичтер, жарым чиркегичтер дагы катталууга (кайра катталууга) тийиш.
4. Каттоо иш-аракеттери транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш болгон транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, алардын мурда катталган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу ички иштер органынын уурдалган транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын базасы боюнча текшерилүүгө тийиш.
6. Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана аларды башка транспорт каражаттарына бекитилген мамлекеттик каттоо белгилери менен эксплуатациялоого тыюу салынат.
7. Транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо алар сатып алынган, бажылык таризделген же кайра каттоону талап кылган башка жагдайлар пайда болгон учурдан тартып он иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Каттоо маалыматтарын өзгөртүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документтеринде көрсөтүлгөн кандайдыр бир маалыматтар өзгөргөндө же ушул Эрежелерге ылайык аталган документтерге кошумча маалыматтарды киргизүү зарылдыгы пайда болгондо жүргүзүлөт.
Белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда транспорт каражатынын менчик ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Транспорт каражаттарын каттоонун, кайра каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.
8. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулду деп эсептеген транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери же ишеним каттын негизинде менчик ээлеринин атынан транспорт каражаттарын пайдаланган жана (же) тескеген адамдар бул жөнүндө жогору турган органга административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга укуктуу.
9. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоонун ушул Эрежелерин сактабаган, ошондой эле транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар алардын күнөөсү боюнча өз убагында катталбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеке жоопкерчилик тартат.
2. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү
жана жабдууларды каттоодо, кайра каттоодо,
эсептен чыгарууда ыйгарым укуктуу орган
тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттер
10. Ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодо, кайра каттоодо, эсептен чыгарууда төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзөт:
– транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн жана/же мурастоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде кыймылдуу мүлктөгү үлүшүн каттайт;
– транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттайт, кайра каттайт жана эсептен чыгарат;
– транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ээликтен ажыратуу боюнча келишимдерди күбөлөндүрөт жана каттайт;
– транспорт каражатынын паспортун, техникалык паспортту жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү берет, ошондой эле жоголгон, пайдаланууга жараксыз жана жарактуу мөөнөтү аяктаган күбөлүктөрдү алмаштырат;
– транспорт каражаттарына тийиштүү типтеги мамлекеттик каттоочу белгилерин аныкталган кезек боюнча берет, ошондой эле жоголгондордун жана пайдаланууга жараксыздардын ордуна башкасын берет;
– ушул Эрежелерде белгиленген тартипте каттоо документтеринде каттоо маалыматтарын өзгөртөт;
– электрондук маалыматтар базасын жүргүзөт;
– транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрөт жана транспорт каражатынын, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын жана трактордун алты фотосүрөтүн электрондук маалыматтар базасына киргизет (тышкы көрүнүшүнүн төрт тарабы, кузовдун номери (VIN) көрсөтүлгөн жер, одометр), зарыл болгон учурда транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну жалгыз кароо актысын берет;
– каттоо үчүн чыгаруу менен байланышкан бажы операциялары аяктагандан кийин документтердин түп нускалары жоголгон учурда бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтердин көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;
– түйүндөрдүн жана агрегаттардын номерленишинде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;
– жеке мүнөздөгү маалыматтар жана мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери, катталган транспорт каражаттары (номердик агрегаттар), түзүлүштөр жана жабдуулар, ошондой эле менчик ээлери же менчик ээлеринин атынан каттоо иш-аракеттерин жүргүзгөн адамдар жөнүндө маалымкаттарды (электрондук маалыматтар базасынан көчүрмөлөрдү) берет;
– жеке мүнөздөгү маалыматтар жана мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздоодо сатуу үчүн номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалымкаттарды берет;
– укук белгилөөчү документтерди жана мамлекеттик номердик каттоочу белгилерин берүү менен транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга көчмө тариздөөнү жүргүзөт;
– электрондук маалыматтар базасы аркылуу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды уурдоо же алардын издөөдө тургандыгы боюнча салыштырып текшерет;
– Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык жана жарандык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык, ошондой эле нотариалдык конторалардын, банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын каттары жана билдирүүлөрү боюнча транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизет;
– зарыл болгон учурда электрондук маалыматтар базасына, ошондой эле өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо документтеринин “өзгөчө белгилер” графасына автотранспорт каражатын ээликтен ажыратууда же пайдаланууга берүүдө жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринин аймактарында аны тескөөдө бажы органынын уруксатын алуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты киргизет;
– ушул Эрежелерге жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык башка иштерди аткарат.
11. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерине төмөнкүлөр кирет:
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
– техникалык паспорт;
– транспорт каражатынын паспорту.
12. Транспорт каражатынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтерин берүү тартиби:
– жеке адамдарга таандык автомототранспорт каражаттарына транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, ошондой эле автомототранспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу боюнча – транспорт каражатынын паспорту берилет;
– юридикалык жактарга таандык автомототранспорт каражаттарына транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, ошондой эле автомототранспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу боюнча – транспорт каражатынын паспорту берилет;
– жеке жана юридикалык жактарга таандык ӨТМге, тракторлорго техникалык паспорт берилет;
– жеке жана юридикалык жактарга таандык түзүлүштөргө жана жабдууларга техникалык паспорт берилет.
Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтеринин үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
13. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү мамлекеттик каттоо белгилерине төмөнкүлөр кирет:
– транспорт каражаты үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белги;
– транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо белгиси;
– транспорт каражаты үчүн “Транзит” мамлекеттик каттоо белгиси;
– кызыл фондо ак түстөгү “D”, “Т”, “С”, “НС” серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоочу номердик белгилери;
– көгүлтүр фондо ак түстөгү “D”, “Т” серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоочу номердик белгилери.
14. Мамлекеттик каттоо белгилерин берүү тартиби:
– автомобилдерге, автомобилдик сүйрөгүчтөргө, автобустарга, чакан автобустарга сериясы жана номери боюнча бирдей мамлекеттик каттоо белгисинин эки нускасы берилет;
– мотоциклдерге, мотоколяскаларга, мотонарттарга, мопеддерге, квадрациклдерге, трициклдерге, чиркегичтерге, жарым чиркегичтерге тракторлорго, ӨТМге – мамлекеттик каттоо белгисинин бир нускасы берилет.
15. Катталган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга ушул Эрежелерге ылайык каттоо документтери жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилер берилет.
Мамлекеттик каттоочу номердик белгилер Кыргыз Республикасынын бекитилген КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык даярдалат жана берилет.
Транспорт каражатынын каттоо маалыматы өзгөртүлгөн учурда, ошондой эле жоголгон же болбосо уурдалган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди калыбына келтирүүдө бекитилген стандарттарга ылайык келбеген номердик белгилерди берүүгө, өткөрүп берүүгө же алмаштырууга жол берилбейт.
Мурдагы колдонулган стандарттар боюнча даярдалган өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди алмаштырууда, Кыргыз Республикасынын КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык номердик белгилер берилет. Мында бул номердик каттоо белгилери үчүн мурда төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жободо каралган тартипте автомототранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди жана энчилүү мамлекеттик каттоо белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдан алынган электрондук сертификаты бар болгон учурда мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди кезексиз берүүгө жол берилет.
Катталган автомототранспорт каражаттарына ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө жазылган транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктө тиешелүү белги болгон учурда кошумча (алдынкы) энчилүү мамлекеттик каттоо белгисин орнотууга жол берилет.
Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди кайталап берүүгө тыюу салынат. Аталган белгилер жокко чыгарылган жана ыйгарым укуктуу органга берилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жок кылынууга тийиш. Белгиленген тартипте пластиналардан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин символун механикалык кесип алуу менен жок кылынып, бул тууралуу милдеттүү түрдө акт түзүлөт.
3. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү
жана жабдууларды, ошондой эле аларга менчик
укуктарын каттоо жана кайра каттоо
16. Транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээлери тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилген каттоо документтеринде жана башка документтерде көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактарга гана катталат.
Жеке жактардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары алардын идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) боюнча, ал эми юридикалык жактардыкы – юридикалык жактардын электрондук маалыматтар базасында көрсөтүлгөн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН) боюнча катталат.
Ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү аймактык бөлүмүнүн адистери тарабынан транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерине баруу менен акы төлөнүүчү негизде каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө жол берилет.
Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өтпөгөн эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддорунун транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары салык төлөөчүнүн каттоо картасында же Кыргыз Республикасынын салык органдары тарабынан өнүктүрүү фондуна берилген башка документте көрсөтүлгөн ИЖН боюнча жүзөгө ашырылат.
17. Жарандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар бир менчик ээсине гана катталат.
Зарылдыгына жараша жазуу жүзүндөгү арыз боюнча каттоо документиндеги “кош менчик ээси” графасына транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун кошо ээлик кылуучунун фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо) киргизүүгө жол берилет. Эки жана андан ашык менчик ээси болгон учурда электрондук маалыматтар базасына алар жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Электрондук маалыматтар базасында кош менчик ээси жөнүндө маалыматтар болгон учурда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу же кайра каттоо кош менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
18. Чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо паспортунун жана визасынын (жарактуу мөөнөтү алты айдан кем эмес болгон) же чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын инсандыгын ырастоочу башка документинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же болбосо калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талонунун) негизинде жүргүзүлөт.
19. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга транспорт каражаттарын каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген документте көрсөтүлгөн алардын жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
20. Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, дипломатия кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык чиркегичтерге, мототранспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына берилүүчү мамлекеттик каттоо белгилери берилет.
21. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо документтеринде жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерде камтылган маалыматтарга шайкештиги боюнча сыртынан кароо жүргүзүлөт. Транспорт каражаты мурунку катталган же кайра катталган учурдан тартып 24 сааттын ичинде кайра катталган учурда кайрадан сыртынан кароо жүргүзүлбөйт.
Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, өндүрүүчү уюмдар тарабынан транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо – мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери ыйгарым укуктуу орган тарабынан кармалат жана каттоо иш-аракеттери токтотулуп турат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.
22. Транспорт каражатын каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн алдында каттоого, кайра каттоого катышкан адамдар архивдик иш, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте фамилиясынын, атынын, атасынын атынын берилген документтерге шайкештигине карата бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтөт.
Кыймылдуу мүлктүн менчик ээсинин атынан ишеним берилген адам арыз берген учурда (ажыратуу укугу менен колдонуудагы ишеним кат болсо) ишеним берилген адамды (адамдарды) идентификациялоо дагы бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт.
23. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет:
– идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жарактуу визасы менен паспорт же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же болбосо тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документтери;
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
– Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн – транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары – ТД);
– Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага ташып кергизилген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
– өндүрүүчү заводдун келип чыгуу сертификаты (же болбосо мындай сертификат бар болгондо Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), инвойс, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жок болгондо транспорт каражатынын паспорту жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо келген өлкөнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражатын эсептен чыгаргандыгын ырастоочу документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана ушул Эрежелердин 26-пунктунда каралган башка документтер (Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарын кошпогондо);
– өндүрүүчү уюм, өндүрүүчү заводдун расмий өкүлү (дистрибьютор, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалымкат же эсеп-фактура; Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же ушул Эрежелердин 26-пунктунда каралган башка документ;
– Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
– каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдар жана төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
– ушул Эрежелердин 10-пунктуна ылайык фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүштөр жана жабдуулар.
Кароо актысынын колдонуу мөөнөтү – Кыргыз Республикасынын аймагында 10 жумуш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен учурда – 20 жумуш күндү түзөт;
– документтердин түп нускалары жоголгон учурда ыйгарым укуктуу органдын транспорт каражатына, түзүлүштөргө жана жабдууларга документтердин бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө корутундусу;
– транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же “ТРАНЗИТ” каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери.
Алгачкы каттоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын электрондук паспорту жок учурда Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту түзөт.
Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектинин тетиктеринен куралган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды алгачкы каттоону жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр кошумча берилет:
– ажыратылган/куралбаган түрдө ташып келинген машина комплектинин тетиктеринен тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды куроо процессин ырастоочу документ;
– техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты.
Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарын алгачкы каттоону жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет:
– транспорт каражаттарын куроону жана/же өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу өндүрүүчү завод тарабынан берилүүчү жана анын аныктыгы үчүн өндүрүүчү завод жоопкерчилик тарткан төмөнкү маалыматтарды камтыган транспорт каражатынын сертификаты: уюмдун аталышы жана ИСН, идентификациялык номери (VIN), ТКнын маркасы, модели (латын тамгалары менен көрсөтүлөт), ТКнын тиби, ТКнын категориясы, орундардын саны, ТКнын куралган жана/же өндүрүлгөн жылы, шассинин (раманын) №, кузовдун (чиркегичтин) №, кузовдун тиби, түсү, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү (см3), кыймылдаткычтын тиби, жүксүз массасы (кг), толук массасы (кг), кыймылдаткычынын кубаттуулугу кВТ;
– электрондук эсеп-фактура;
– өндүрүлгөн күндөн тартып үч жылдан ашык убакыт өтпөгөн транспорт каражатынын (дөңгөлөктүү транспорт каражаты үчүн) тибин баалоо жөнүндө корутунду жана (же) шассинин тибин (шасси үчүн) баалоо жөнүндө корутунду жана (же) сейрек учуроочу транспорт каражатын (сейрек учуроочу транспорт каражаты үчүн) баалоо жөнүндө корутунду, алар жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын (шасси) техникалык талаптарга шайкештигин күбөлөндүрүүчү шайкештигин баалоо жөнүндө документтер болуп саналат.
24. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо менчик ээси өзгөргөн учурда жүргүзүлөт (сатууга, тартуулоого, мураска алууга, алмашууга ж.б. байланыштуу).
25. Кайра каттоону жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү берет:
– идентификациялык жеке номерди (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номерин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жарактуу визасы менен паспортту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксатты же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же болбосо тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточкасы) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документтерин;
– мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (юридикалык жактар үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерин;
– ушул Эрежелердин 26-пунктунда каралган башка документтерди;
– мамлекеттик менчикте турган транспорт каражатынын менчик ээси алмашканда – мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечимин;
– кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдар жана төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияларды. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
– ушул Эрежелердин 10-пунктуна ылайык фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрүү үчүн транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды.
Кароо актысынын колдонуу мөөнөтү – Кыргыз Республикасынын аймагында 10 жумуш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен учурда – 20 жумуш күндү түзөт;
– түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыктар болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун;
– транспорт каражаттарынын каттоо белгилерин же “ТРАНЗИТ” каттоо белгилерин.
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада үч нускада, тараптардын ар бири үчүн бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
26. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет:
– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер;
– соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
– менчик укугу, мурастоо жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер.
Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу үчүн негиз болгон берилген документтердин түп нускаларын мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерлейт. Андан кийин үч жыл өткөн соң ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат.
27. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
Бул эреже лизингдик бүтүмдөрдүн алкагында эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору тарабынан кийин үчүнчү жактарга лизингге берүү үчүн сатып алынган, ошондой эле мындай өнүктүрүү фонддору тарабынан күрөөгө коюлган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга өндүрүп алуунун натыйжасында алынган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга жайылтылбайт (эгерде өнүктүрүү фонду күрөө боюнча өндүрүлгөн мүлктү кийин сатууга же башка жол менен аны үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүп берүүгө ниеттенсе). Көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын катышуусуз түздөн-түз ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
28. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 23 жана 25-пункттарына ылайык берилген инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин негизинде транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээсинин инсандыгын аныктайт.
Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын билдирүүгө анын ыйгарым укуктары текшерилет.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан тиешелүү түрдө камкорчусу же көзөмөлчүсү чыгат.
Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жете элек адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки курактагы жашы жете элек адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрүнүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жете элек адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта – паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
29. Мурда салынган тыюулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза-процессуалдык жана жарандык процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле банк мекемелеринин, кредиттик-финансылык уюмдардын, күрөө келишимдерин күбөлөндүргөн нотариустардын каттары боюнча, ошондой эле күрөөлөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кабарлоолорунун негизинде алып салынат.
30. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери каттоо иш-аракеттерин жүргүзгөнгө чейин адамдын (арыз ээси, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Эгерде адам (арыз ээси, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала кабарлоосуз транспорт каражаты менен каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүнү тоңдурууга милдеттүү.
Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.
Транспорт каражаты менен каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана адам (арыз ээси, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) санкциялык тизмектен чыгарылганда улантылат.
31. Төмөнкү транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт:
– мүлктү камакка алуу же чектөө жөнүндө чечим болгондо;
– нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн тартуулоо келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер;
– ушул Эрежелердин 23 жана 25-пункттарында каралган документтердин тизмеси толук эмес берилгенде;
– конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонуудагы жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;
– тракторлордон, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер;
– “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредиттелген диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар;
– карандаш менен жазылган же кырып өчүрүүлөрү же болбосо кошуп жазуулары бар, сөздөрү чийилген, ошондой эле макулдашылбаган оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери ачык жана так, жарандардын аты-жөнү толук, алардын жашаган жерин көрсөтүү менен, юридикалык жактардын аталыштары кыскартылбастан, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Документтердин түп нускаларын берүү мүмкүн болбогон учурларда (документтердин түп нускаларын берүү каралбаган өлкөлөрдөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ташып келүүдө) транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү боюнча же болбосо электрондук көчүрмөлөрү боюнча каттоого жол берилет;
– айрым учурларда жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын кошпогондо, мурда жараксыз болгон транспорт каражаттарын карап, каттоо боюнча корутунду чыгара алат;
– транспорт каражаты издөөдө турса;
– Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаттары жок болгондо;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде;
– Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоону (кайра каттоону) жүргүзүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын өндүрүүчү тарабынан түшүрүлгөн номердик агрегаттарды маркалоону жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоочу идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгү алмашканда;
– транспорт каражатынын менчик ээси каза болгон учурда жана транспорт каражатын колдонуу укугу мурастоо тартибинде өткөн учурда транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине), ошондой эле транспорт каражатынын менчик ээси соттун тиешелүү чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган учурда транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине) же камкорчу/көзөмөлчү болуп дайындалган адамга башкаруу укугу өткөрүп берилген легалдаштырылган транспорт каражаттарынан тышкары, легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн жана регион графасында “10” коду менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттары.
32. Өз алдынча жасалган жеңил чиркегичтерди жана кайра жабдылган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген транспорт каражатынын конструкциясынын анын конструкциясына киргизилген өзгөрүүлөрү менен коопсуздук талаптарына шайкештиги тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.
33. Жарандар мурдагы колхоздордон мүлктүк пай катары алган мурда катталбаган тракторлорду, ӨТМди, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген менчик укугун ырастоочу документтердин (маалымкаттардын) негизинде жүргүзүлөт.
34. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү ӨТМге, түзүлүштөргө жана жабдууларга каттоо документтери ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана ошол бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
35. Каттоо документтерин, ошондой эле мамлекеттик каттоо белгилерин алуу фактысы катталган транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын реестринде менчик ээсинин же транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ишеним каттын негизинде менчик ээсинин атынан колдонгон жана (же) тескеген адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
36. Каттоо иш кагаздарын жүргүзүү, транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтерин тариздөө мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Автомототранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери 1968-жылдын 8-ноябрында Вена шаарында Бириккен улуттар уюмунун Жол кыймылы боюнча конференциясында кабыл алынган Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын талаптарына ылайык латын алфавитинин тамгалары менен кайталанат.
37. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери жөнүндө каттоо маалыматтары ыйгарым укуктуу органдын электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
Ыйгарым укуктуу орган ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык укук коргоо органдарынын, салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине жана башка кызмат адамдарына электрондук маалыматтар базасын оперативдүү колдонуу мүмкүндүгүн берет.
38. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– алар түзүлгөн датаны жана жерди;
– бүтүмдүн маңызын, наркын жана шарттарын;
– тараптардын даректерин, реквизиттерин жана кол тамгаларын (юридикалык жактар үчүн – мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кол тамгаларын);
– транспорт каражаты боюнча маалыматтарды (маркасы, модели, модификациясы (тиби), чыккан жылы, түсү, шассинин (раманын), кузовдун (колясканын, чиркегичтин) өндүрүштүк катар номери, кыймылдаткычынын көлөмү жана кубаттуулугу, жүксүз массасы, толук массасы, рулдук башкаруунун жайгашуусу);
– каттоо документинин сериясын, номерин, берилген күнүн.
39. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун күбөлөндүрүүчү чет тилде түзүлгөн документтер жана каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилүүчү башка документтер мамлекеттик же расмий тилге которулууга тийиш.
40. Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, номердик агрегаттарды каттоо бажы органдары (ТД) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан коштомо кагаз берүүгө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү документтер болгондо гана жүргүзүлөт (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) колдонулат).
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лабораториялар тарабынан берилүүчү документ (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк) болгондо гана жүргүзүлөт.
41. Коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сатылган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын;
– тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун;
– гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн эсеп-нарядынын (форма 300);
– ведомствонун бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилген техникалык абалдын актысынын.
42. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:
– транспорт каражаты кароодон өткөрүлгөндөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
– лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды утуп алган учурда – белгиленген формадагы эсеп-маалымкатынын жана каттоо документтеринин негизинде;
– финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды комиссиялык дүкөндөр аркылуу саткан учурда автотранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын документтери болгондо, ошондой эле аларсыз, ошол эле учурда эсеп-маалымкатынын арткы бетинде “(документ көрсөтүлөт – соттун, салык кызматынын, финансылык полиция органдарынын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) негизинде кабыл алынды жана сатылды” деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
43. Кыргыз Республикасында катталган жана соттун чечими менен конфискацияланган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде жаңы менчик ээлерине жүргүзүлүшү мүмкүн.
44. Белекке же мурастоо боюнча алынган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адамдар көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш.
Жубайлардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет.
45. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо каттоо документтерин алмаштыруу менен жүргүзүлөт.
Регионун өзгөртпөстөн кайра каттоо учурунда сатуучунун жана сатып алуучунун каалоосу менен транспорт каражаттарын кайра каттоо мамлекеттик каттоо белгилерин алмаштырбастан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Транспорт каражатын эсептен чыгарууда менчик ээсинин каалоосу боюнча мамлекеттик каттоо белгилери каттоо органында бир ай ичинде сакталат жана мурдагы ээсине жаңы сатып алган транспорт каражатына ыйгарылышы мүмкүн.
Эскертүү: бул пункттун колдонулушу Кыргыз Республикасынын бекитилген КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык келген мамлекеттик каттоочу номердик белгилерине гана тиешелүү.
46. Автоматташтырылган маалыматтык системада транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт чөйрөсүндө, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде белгиленген укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча карызы жөнүндө маалымат болгон учурда транспорт каражатын кайра каттоонун алдында менчик ээси болгон айып пулдарды төлөөсү зарыл.
47. Чет өлкөлүк уюмдарга жана алардын кызматкерлерине, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, расмий катталган качкындарга таандык транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга ушул Эрежелерде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына берилүүчү мамлекеттик каттоо белгилери берилет.
4. Транспорт каражаттарынын,
түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо
маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тартиби
48. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
– транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун тиби же модели кайра жабдуунун же андагы агрегаттарды алмаштыруунун натыйжасында өзгөргөндө, ошондой эле анын түсү өзгөргөндө;
– менчик ээсинин аты-жөнү өзгөргөндө;
– региону өзгөрбөстөн менчик ээсинин жашаган жери өзгөргөндө;
– региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же юридикалык дареги өзгөргөндө;
– мамлекеттик каттоо белгиси өзгөргөндө;
– ӨТМ, тракторлор, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылганда, ошондой эле алардагы агрегаттар алмаштырылганда жана түсү өзгөргөндө.
Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каттоо документтерин алмаштыруу же каттоо документтеринин “өзгөчө белгилер” графасына тиешелүү өзгөртүүлөр менен жазууларды киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
49. Автомототранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылган учурда алардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– ушул Эрежелердин 25-пунктуна ылайык документтердин;
– жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү транспорт каражатынын конструкциясынын анын конструкциясына киргизилген өзгөрүүлөрү менен коопсуздук талаптарына шайкештиги тууралуу күбөлүктүн;
– менчигинин түрүнө карабастан сатууга укуктуу дүкөн же техникалык тейлөө станциясы тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго эсеп-маалымкаттын же эсеп-фактуранын, нотариалдык тартипте же ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүнүн кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн аларга менчик укугун өзгөртүү боюнча келишимдердин;
юридикалык жактын кайра жабдуу жөнүндө тиешелүү буйругунун (юридикалык жактар үчүн).
Моделин өзгөртүү менен кайра жабдылган транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө менчик ээсине жаңы моделин, кузовдун жана шассинин номерлерин көрсөтүү менен каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилет.
50. Түсү өзгөргөн учурда автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– ушул Эрежелердин 25-пунктуна ылайык документтердин.
51. Агрегаты алмаштырылган учурда автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– ушул Эрежелердин 25-пунктуна ылайык документтердин;
– агрегатты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү ырастоочу документтин же агрегаттын жараксыздыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымкатынын.
52. Рулдук башкаруунун жайгашуусуна карабастан M1 категориядагы транспорт каражаттарынын (рамасыз жеңил автомобилдер) кузовун алмаштырууга тыюу салынат.
53. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун менчик ээсинин арызы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан кайра жабдуунун натыйжасында бошогон кузовду, раманы жана номердик агрегатты сатууга маалымкат берилет.
54. Транспорт каражатынын менчик ээсинин аты-жөнү өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же идентификациялык картанын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, жарактуу визасы менен паспорттун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону);
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтеринин;
– нике тууралуу күбөлүктүн же аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан менчик ээсине берилген башка документтердин.
55. Региону жана транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгиси өзгөрбөстөн менчик ээсинин (жеке жактын) жашаган жери өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же идентификациялык картанын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, жарактуу визасы менен паспорттун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону);
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринин.
56. Региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же дареги өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринин;
– юридикалык жакты каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу келишиминин жана/же уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
– автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө юридикалык жактын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн.
Юридикалык жактын аталышынын же дарегинин же менчик ээсинин жашаган жеринин өзгөрүүсү каттоо жөнүндө күбөлүктө чагылдырылат жана каттоо документин алмаштыруу менен электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
57. Мамлекеттик каттоо белгиси өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же идентификациялык картанын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, жарактуу визасы менен паспорттун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону);
– идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин (юридикалык жак үчүн) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтеринин;
– колдонуу мүмкүндүгүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон же транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтердин;
– атайын бланктык продукция (зарыл болгон учурда) жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн квитанциялардын.
58. ӨТМ, тракторлор, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылган, ошондой эле алардагы агрегаттар алмаштырылган жана түсү өзгөргөн учурда алардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– ушул Эрежелердин 25-пунктуна ылайык документтердин;
– райондун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан берилген кароо актысынын жана ӨТМди, тракторлорду, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жана пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө корутундунун;
– агрегаты алмаштырылган учурда – Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ырастоочу документтин же агрегаттын жараксыздыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымкатынын жана номердик агрегаттарга менчик укугун ырастоочу документтердин.
Өз алдынча кайра жабдылган жана агрегаттардын түйүндөрүнөн куралган техникалар, түзүлүштөр жана жабдуулар куралган моделдин базалык негизине шайкеш келүүгө тийиш.
Техникалык кароонун жыйынтыктары боюнча акт түзүлөт жана райондун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан ӨТМди, тракторлорду, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жана пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берилет.
5. Каттоо документтерин жана мамлекеттик
каттоо белгилерин калыбына келтирүү тартиби
59. Автотранспорт каражатынын жоголгон же уурдалган бир мамлекеттик каттоо белгисин төмөнкүлөрдүн негизинде кайра калыбына келтирүүгө жол берилет:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же идентификациялык картанын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорттун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
– колдонуу мүмкүндүгүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон тийиштүү каттоо документтеринин;
– мамлекеттик каттоо белгисин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын;
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик каттоо белгисин калыбына келтирүү же алмаштыруу жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн (юридикалык жактар үчүн).
60. Мамлекеттик каттоо белгилери жоголгондо, уурдалганда алардын менчик ээсине ушул Эрежелердин 59-пунктунда аталган документтер берилгенден кийин жана белгиленген төлөмдөр төлөнгөндөн кийин, чектөөлөр болбосо, жаңы мамлекеттик каттоо белгилери берилет, мында электрондук маалыматтар базасына бир мамлекеттик каттоо белгисин калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар киргизилет, ал эми жоголгон, уурдалган мамлекеттик каттоо белгилери жокко чыгарылды деп таанылат.
61. Транспорт каражаттары үчүн энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилеринен тышкары, мамлекеттик каттоо белгилеринин экөө тең жоголгондо же уурдалганда мамлекеттик каттоо белгилерин кайра калыбына келтирүүгө жол берилбейт. Мындай учурда ушул Эрежелердин 59-пунктуна ылайык тиешелүү документтер берилгенден кийин жаңы мамлекеттик каттоо белгилерине алмаштырылат, ал эми жоголгон, уурдалган мамлекеттик каттоо белгилери, транспорт каражаттары үчүн энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилеринен тышкары, жокко чыгарылды деп саналат.
62. ӨТМдин, тракторлордун, чиркегичтердин, жарым чиркегичтердин, мотоциклдердин, мотоколяскалардын, мотонарттардын, мопеддердин, квадрициклдардын, трициклдардын мамлекеттик каттоо белгиси жоголгон же уурдалган учурда, транспорт каражаттары үчүн энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилеринен тышкары, ал жаңы мамлекеттик каттоо белгисине алмаштырылат.
Жасоого болбогон эски үлгүдөгү жоголгон же уурдалган мамлекеттик каттоо белгилери, энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилери кайра калыбына келтирилбейт жана алар жалпы негиздерде мамлекеттик каттоо белгисинин жаңы үлгүсүнө алмаштырылат.
63. Транспорт каражатынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын жоголгон же уурдалган каттоо документтерин төмөнкүлөрдүн негизинде кайра калыбына келтирүүгө жол берилет:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же идентификациялык картанын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорттун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
– колдонуу мүмкүндүгүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон тийиштүү каттоо документтеринин;
– каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын;
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу документтеринин жана каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн (юридикалык жактар үчүн).
64. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтери жоголгон, уурдалган учурда анын менчик ээсине бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин жана белгиленген төлөмдөр төлөнгөндөн кийин, чектөөлөр болбосо, жаңы каттоо документтери берилет, мында транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жөнүндө электрондук маалыматтар базасына жаңы берилген каттоо документтеринин маалыматтары киргизилет, ал эми жоголгон, уурдалган жана жараксыз абалга келген каттоо документтери жокко чыгарылды деп таанылат.
65. Жараксыз абалга келген каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери төмөнкүлөрдүн негизинде алмаштырылат:
– идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
– менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же идентификациялык картанын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта);
– чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорттун же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
– колдонуу мүмкүндүгүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон тийиштүү каттоо документтеринин жана мамлекеттик каттоо документтеринин;
юридикалык жактар үчүн төмөнкүлөрдүн негизинде:
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик каттоо белгисин же каттоо документтерин алмаштыруу жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
– мамлекеттик каттоо белгисин же каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын.
6. Автомототранспорт каражаттарын каттоодо,
кайра каттоодо жыйымдарды төлөө тартиби,
өлчөмдөрү
66. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери тарабынан каттоо жыйымдарын төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялардын берилиши контролдойт.
Автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо ушул Эрежелердин 67-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйым алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан жыл сайын бекитилүүчү тарифтик торчо менен аныкталуучу автомототранспорт каражатын базардагы орточо наркынын 5 пайызын, ал эми аны кайра каттоодо – 0,3 пайызын түзөт.
67. Төмөнкү автомототранспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо жыйым нөлдүк өлчөмдө белгиленет:
– бюджеттик уюмдардын бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган, ошондой эле конфискацияланган же мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн транспорт каражаттары;
– гуманитардык жардам линиялары боюнча алынган автомототранспорт каражаттары;
– алгачкы каттоо учурларынан тышкары, мурастоо боюнча алынган автомототранспорт каражаттары;
– алгачкы каттоо учурларынан тышкары, түздөн-түз туугандарынын линиялары боюнча (күйөөсү-аялы, атасы-энеси-уулу-кызы) тартуулоо келишимдери боюнча алынган автомототранспорт каражаттары;
– Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасына ташып келинген жана салыктарды, жыйымдарды, алымдарды жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн төлөөдөн бошотуу каралган автомототранспорт каражаттары;
– чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөргө, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон автомототранспорт каражаттары, менчик укугу өткөрүп берилген учурга чейин;
– транспорт каражаттарын жогору турган уюмдан ага баш ийген филиалга кайра каттоодо;
– финансылык ижара келишимдери (лизинг) боюнча сатып алынуучу автомототранспорт каражаттары;
– банктык иштин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде сатып алынган Кыргыз Республикасынын банктарынын автомототранспорт каражаттары, менчик укугу өткөрүлүп берилген учурга чейин;
– юридикалык же жеке жактардан демөөрчүлүк жардам түрүндө бюджеттик уюмдар тарабынан алынган автомототранспорт каражаттары;
– Кыргыз Республикасынын банктары же эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору тарабынан финансылык ижара келишимдери (лизинг) боюнча сатып алынуучу автотранспорт каражаттары.
Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик автомототранспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) үчүн ушул Эрежелердин 66-пунктунда белгиленген транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдан 50 %га аз жыйым алынат.
Электр кыймылдаткычтары менен автомототранспорт каражаттарынын ээлери каттоо (кайра каттоо) үчүн жайымды төлөөдөн бошотулат.
Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарынын ээлери алгачкы каттоо үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.
7. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү
жана жабдууларды эсептен чыгаруу
68. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда менчик ээлеринин арыздарынын негизинде жүргүзүлөт:
– транспорт каражаты, түзүлүш же жабдуу жараксыз болгондо. Мындай учурда электрондук маалыматтар базасына транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун жараксыздыгы жөнүндө жазуу киргизилет;
– сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуулоо келишимдери, сот органдарынын чечими боюнча транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун башка регионго чыгуусу менен менчик ээси өзгөргөндө (эгерде транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээлери болуп эки жеке жак саналса, аларды эсептен чыгаруу тең ээлик кылуучулардын бирдей жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт);
– регионду өзгөртүү менен дареги (жашаган жери) өзгөргөндө.
Юридикалык жактардын, ошондой эле жеке жактардын да менчигинде турган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун номерлерин жана агрегаттарын каттоо документтери менен салыштырып текшерүүдөн кийин гана жүргүзүлөт (жараксыз болгон учурлардан тышкары).
Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун жайгашкан жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын адиси тарабынан түзүлгөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жалгыз кароо актысы болгондо же Кыргыз Республикасынын аймагындагы байланыш каражаттары аркылуу эсептен чыгарууга жол берилет.
Эгерде юридикалык же жеке жактарга таандык транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар регионду өзгөртүү менен менчик укугун өзгөртүү үчүн берилсе, каттоо жөнүндө күбөлүктөргө эсептен чыгаруу жөнүндө каттоо бөлүмүнүн белгилери коюлат. Мында мамлекеттик каттоо белгилери тапшырылат, анын ордуна “Транзит” белгиси берилет.
69. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлеринин жашаган жери боюнча (юридикалык жактын жайгашуусу) жана сатып алуучунун катышуусунда аларды эсептен чыгаруу менчик ээси (юридикалык жактар үчүн – ыйгарым укуктуу өкүл), сатып алуучу (юридикалык жактар үчүн – ыйгарым укуктуу өкүл) жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган сатып алуу-сатуу, тартуулоо же алмашуу келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт. Каттоо жөнүндө күбөлүккө жаңы менчик ээсинин маалыматтарын (аты-жөнүн, паспортунун маалыматтарын, дарегин (жашаган жерин); юридикалык жактын аталышын, анын дарегин) көрсөтүү менен транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгаруу жөнүндө жазуу киргизилет.
Менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга сатылган юридикалык жактардын транспорт каражаттарын, түзүлүштөрүн жана жабдууларын эсептен чыгаруу транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун мурунку жана жаңы менчик ээлеринин ортосунда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, тартуулоо же алмаштыруу келишиминин негизинде, каттоо документтерине чыккан жери жана жаңы менчик ээси жөнүндө жазууну киргизүү менен жүргүзүлөт, ал эми мамлекеттик органдардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары тарабынан сатып алуу-сатуу келишими ырасталган учурда жүргүзүлөт.
70. Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн тартуулоо келишиминин, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн же соттун чечиминин негизинде менчик ээсинин өзгөрүшүнө, ошондой эле сатууга (берүүгө) байланыштуу чыгып жаткан транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгарууда каттоо жөнүндө күбөлүктө чыккан жери, жаңы менчик ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт.
Күрөөдө турган же иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча кандайдыр бир чектөөлөрү бар транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу ошол чектөөлөрдү койгон мекемелердин, уюмдардын жана жактардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
71. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата соттор, тергөө, бажы органдары, калкты социалдык коргоо органдары, банктык уюмдар жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан менчик укугун өзгөртүү боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр киргизилген болсо, алар эсептен чыгарылбайт.
Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлеринин туруктуу жашаган жери өзгөрбөстөн, ыйгарым укуктуу органдын ушул каттоо бөлүмү тарабынан тейленүүчү аймактын чегинен чыгарылып жаткан, ошондой эле бирөөгө ишенип берүү жана сатуу укугусуз ишеним каттар боюнча, акысыз колдонуу келишимдери боюнча башка адамдарга өткөрүп берилүүчү жеке жактардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары эсептен чыгарылбайт.
Жараксыз транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар менчик ээсинин же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары бар ыйгарым укуктуу адамдардын арыздары боюнча эсептен чыгарылат, мында транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар кароодон өткөрүлбөйт.
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздыгы боюнча эсептен чыгарууда менчик ээсинен каттоо документтери, мамлекеттик каттоо белгилери алынат. Каттоо документтери кезектүүлүккө ылайык өзүнчө делого тиркелет. Мында юридикалык жактар тиешелүү буйрукту, мамлекеттик мекемелер үчүн транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгаруу актысын, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын берет. Жараксыз транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлерине номердик түйүндөргө жана агрегаттарга аларды сатуу же андан ары пайдалануу үчүн белгиленген формадагы маалымкаттар берилет.
72. Мамлекеттик каттоо белгилерин кабыл алган ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ошол эле күнү аларды тапшырылган мамлекеттик каттоо белгилерин эсепке алуу боюнча атайын журналга каттайт.
Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо белгилерин кайра берүүгө тыюу салынат.
8. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү
жана жабдууларды убактылуу эсепке коюу
73. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттерден чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алты айдан ашык мөөнөткө кайра ташып кетүү милдеттенмеси менен ташып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке коюу, транспорт каражаттарын бажылык тариздөөдөн кийин жана төмөнкү документтер берилген учурда жүргүзүлөт:
1) транспорт каражаттарынын менчик ээси болуп саналган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
– жарактуу визасы бар паспорт же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же каттоо талону;
– транспорт каражатын убактылуу ташып келүү (кирүү) жөнүндө бажы декларациясы;
– каттоо документтери жана чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери.
Бул учурда транспорт каражатын убактылуу эсепке алуу чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын визасынын, жашап турууга уруксатынын же каттоо талонунун жарактуу мөөнөтүнө белгиленет;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн:
– уюштуруу документтеринин жана чет мамлекетте мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактын өкүлчүлүгүн же филиалын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– транспорт каражатын убактылуу ташып келүү (кирүү) жөнүндө бажы декларациясы;
– чет мамлекеттердин каттоо документтери жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилери.
Бул учурда транспорт каражатын убактылуу эсепке алуу бажы документтеринде көрсөтүлгөн, эки жылдан ашпоого тийиш болгон убактылуу жүрүү мөөнөтүнө белгиленет.
Аталган учурларда чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилери жана каттоо документтери берилет. Каттоо документтеринин “өзгөчө белгилер” графасына транспорт каражатын убактылуу эсепке коюу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Мында чет мамлекеттердин каттоо документтери жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилери ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүндө сакталууга тийиш жана транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын чегинен кайра ташып кетүү үчүн эсептен чыгарылганда ээсине кайтарып берилет.
74. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алты айдан ашык мөөнөткө ташып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке коюу төмөнкү документтер берилген учурда жүргүзүлөт:
1) транспорт каражаттарынын менчик ээлери же ишеним кат боюнча менчик ээсинин өкүлдөрү болуп саналган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
– калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо талоону;
– чет мамлекеттердин каттоо документтери жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилери;
– транспорт каражатын убактылуу эсепке коюу ыйгарым укуктарын камтыган транспорт каражатынын менчик ээсинин өкүлүнө, транспорт каражаты катталган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин жаранына нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Бул учурда транспорт каражатын убактылуу эсепке алуу чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо талонунун колдонуу мөөнөтүнө белгиленет;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн:
– уюштуруу документтеринин жана чет мамлекетте мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактын өкүлчүлүгүн же филиалын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– чет мамлекеттердин каттоо документтери жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилери.
Бул учурда транспорт каражатын убактылуу эсепке алуу эки жылдан ашпоого тийиш болгон убактылуу жүрүү мөөнөтүнө белгиленет.
Аталган учурларда чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилери жана каттоо документтери берилет. Каттоо документтеринин “өзгөчө белгилер” графасына транспорт каражатын убактылуу эсепке коюу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Мында чет мамлекеттердин каттоо документтери жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилери ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүндө сакталууга тийиш жана транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын чегинен кайра ташып чыгуу үчүн эсептен чыгарылганда ээсине кайтарып берилет.
9. Катталган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү
жана жабдууларды электрондук эсепке алуу
75. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө бардык транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга уникалдуу идентификациялык номери ыйгарылат, алар жөнүндө бардык зарыл болгон маалыматтар электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
Келип түшкөн атайын бланктык продукцияны (мамлекеттик каттоо белгилерин, каттоо документтерин) сандык эсепке алуу электрондук маалыматтар базасында жүргүзүлөт.
Мамлекеттик каттоо белгилерин, каттоо документтерин чыгымдоону эсепке алуу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсепке алуу журналында жүргүзүлөт, аларда берилген каттоо документтеринин жана мамлекеттик каттоо белгилеринин сериялары жана номерлери так катар номерлер боюнча жазылат.
Толтурууда бузулган каттоо документтеринин бланктары аларды кайра пайдалануу мүмкүндүгүн болтурбоочу каражаттар жана ыкмалар менен жок кылынат, бул жөнүндө комиссия тийиштүү актыларды түзөт, анын курамын ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук маалыматтар базасында айдап качкан жана уурдалган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жүргүзүлөт, алар түшкөн маалыматтарды эске алуу менен дайыма оңдолуп турат.
Картотекага жана мамлекеттик каттоо белгилери жана каттоо документтеринин бланктары сакталган бөлмөгө бөтөн адамдардын кирүүсүнө катуу тыюу салынат.
10. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган
мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жок
кылуу жана сатуу тартиби
76. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоочу номердик белгилери алар жокко чыгарылган жана ыйгарым укуктуу органга тапшырылган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин символдорун пластиналардан механикалык кесип салуу аркылуу жок кылынууга тийиш.
77. Жок кылынган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин текшерүү, эсепке алуу жана инвентаризациялоо тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
78. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу конкурс (аукцион) өткөрүү жолу менен комиссиялык тартипте жүргүзүлөт.
79. Конкурска (аукционго) даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоо ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин утилдештирүү боюнча туруктуу иштеген комиссия (конкурстун уюштуруучусу) тарабынан жүзөгө ашырылат.
80. Конкурстук (аукциондук) комиссия төмөнкүлөрдөн турат:
1) транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эки кызматкеринен, алардын бири комиссиянын төрагасы, ал эми экинчиси – комиссиянын катчысы болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринен;
3) коомдук уюмдардын эки өкүлүнөн.
Комиссия конкурс (аукцион) өткөрүү жолу менен металл сыныктарын кыйла жогору баада кабыл алуу сунушуна карата металл сыныктарын кабыл алган пункттарына милдеттүү түрдө алдын ала мониторинг жүргүзөт.
Конкурс (аукцион) ачык формада өткөрүлөт. Конкурстун (аукциондун) кадамынын чоңдугу баштапкы баанын эки пайызынын өлчөмүндө белгиленет.
Конкурс товардын аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, товардын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тартибин, товарды пайдалануу укугуна баштапкы бааны жана конкурстун кадамын жарыялоо менен башталат.
Конкурстун жеңүүчүсү болуп металл сыныктарын кыйла жогору баада кабыл алууну сунуштаган конкурстун катышуучусу таанылат, аны менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте келишим түзүлөт.
Конкурс өткөрүүнүн жол-жобосу ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ишке ашырылат (мөөнөтү, этаптары, зарыл болгон документтер, конкурсту өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү).
81. Сертификаты бар автотранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилери ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик номердик белги тапшырылгандан кийин 1 жыл сакталат.
1 жылдын ичинде менчик ээси кайрылбаган учурда, алар ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде жок кылынууга тийиш.
11. Транспорт каражатын мамлекеттик
каттоону убактылуу токтотуу тартиби
82. Транспорт каражатынын менчик ээси (жеке жана юридикалык жактар) өзүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти (паспортун), ал эми юридикалык жактар – юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүү менен транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндө арыз менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
83. Берилген документтердин негизинде ыйгарым укуктуу орган арыз менен кайрылган транспорт каражатынын менчик ээсине (же ишеним кат боюнча иштеген адамга) маалымкаттын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү аркылуу маалымкатты берүү менен транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизет.
84. Транспорт каражатынын менчик ээси (же ишеним кат боюнча иштеген адам) транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу мөөнөтүнө карабастан, ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган, берилген документтердин негизинде транспорт каражатын мамлекеттик каттоону калыбына келтирүүгө укуктуу.
85. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоо убактылуу токтотулган учурдан тартып үч жылдык мөөнөт өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан транспорт каражатын эсептен чыгаруу жөнүндө маалыматтар электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
86. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жана калыбына келтирүү ошондой эле соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
12. Транспорт каражаттарын жана аларга
болгон менчик укуктарын онлайн режиминде
мамлекеттик кайра каттоо тартиби
87. Транспорт каражатын онлайн-кайра каттоо кызмат көрсөтүүлөрүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисине кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга жана “Face ID” бетти таануу сервиси аркылуу авторизациялоо үчүн аралыктан идентификациялоодон өтүүгө тийиш.
88. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу транспорт каражатын онлайн-кайра каттоого өтүнмө берет.
89. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо төмөнкү учурларда мүмкүн:
– “Транспорт каражаттарынын регистри” АМСте транспорт каражатынын мурда визуалдык кароодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар болгондо;
– Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле нотариалдык конторалардын, банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын каттары жана кабарлоолору боюнча транспорт каражатына карата тыюу салуу же чектөөлөр болбогондо;
– транспорт каражаты каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге ылайык келгенде;
– “Транспорт каражаттарынын регистри” АМСте жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар жана туумдар боюнча транспорт каражатынын ээсинин карыздары жөнүндө маалыматтар болбогондо.
Бул тартип кандайдыр бир оорлотуулардан бош транспорт каражаттарына жайылтылат. Мында аныкталган оорлотууларды алып салуу сатуучу тарабынан жүргүзүлөт.
90. Сатуучу жана сатып алуучу бир транспорт каражатын кайра каттоодо транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоонун бир эле сервисин колдонууга милдеттүү (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/”Түндүк” мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер).
91. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн сатуучуга төмөнкүлөр зарыл:
– сатуучунун инсандыгын ырастоо максатында “Face ID” сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
– “Транспорт каражаттарын кайра каттоо” кызмат көрсөтүүсүн тандоо;
– сатуучунун менчигинде бир нече транспорт каражаттары болгон учурда тизменин ээликтен ажыратылуучу транспорт каражатын тандоо;
– эгерде сатуучу никеде турганда сатып алынган транспорт каражатын ээликтен ажыратып жатса, жубайы транспорт каражатын ээликтен ажыратууга макулдугун берүү үчүн транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде онлайн-идентификациялоодон өтүүсү зарыл;
– кайра катталуучу транспорт каражатынын наркын көрсөтүү;
– сатып алуучунун идентификациялык жеке номерин киргизүү.
Алдынкы капталдагы айнектерин күңүрттөөгө уруксаты болгон учурда уруксатты транспорт каражатынын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө жол берилет.
92. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде каттоо арызынын электрондук формасы толтурулгандан кийин автоматтык режиминде сатуу-сатып алуу келишими генерацияланат, ага сатуучу тарабынан санарип колтамга коюлат жана транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу сатып алуучуга кабарлоо менен жөнөтүлөт.
93. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн сатып алуучуга төмөнкүлөр зарыл:
– сатып алуучунун инсандыгын ырастоо максатында “Face ID” сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
– транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүн тандоо;
– автомототранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жана энчилүү мамлекеттик каттоочу белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органда сатып алынган сертификаты болгондо сертификаттын номерин көрсөтүү;
– транспорт каражатын сатуу-сатып алуу келишимине санарип колтамгасы аркылуу кол коюу;
– кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоочу номердик белгилери үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөө. Төлөм электрондук формада жүргүзүлөт.
Төлөм системаларынын оператору төлөө фактысын ырастаганда арыз жана сатуу-сатып алуу келишими транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу “Транспорт каражаттарынын регистри” АМСке жөнөтүлөт.
94. Арыз “Транспорт каражаттарынын регистри” АМСке жөнөтүлгөндөн кийин транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө сатуучуга жана сатып алуучуга автоматтык режимде кабарлайт.
95. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттө жумуш убагында жүзөгө ашырылат.
96. Адис арызды кабыл алган учурдан тартып транспорт каражаттарын жана аларга болгон менчик укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
– транспорт каражатын ээликтен ажыратуу келишимин каттоого;
– сатып алуучуга транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана транспорт каражатына мамлекеттик каттоочу номердик белгисин берүүгө.
97. Сатып алуучу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө колдонуудагынын ордуна транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү, ошондой эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоочу номердик белгисин алууга укуктуу.
98. Электрондук формада кызматтарды көрсөтүү процессинде берилген маалымат (анын ичинде жеке маалыматтар) санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, блоктоодон, чыгып кетүүдөн жана жеке максаттарда, ошондой эле ушул Эрежелерге каршы келген максаттарда колдонуудан корголууга тийиш.
99. Келишим боюнча тараптар онлайн-кайра каттоонун алкагында белгилүү болгон маалыматка санкцияланбаган жетүү жана ачыкка чыгаруу үчүн “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
100. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражатын онлайн-кайра каттоодо берилген документтердин аныктыгы жана маалыматтардын киргизилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.