Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Катталган транспорт каражаттарынын жана
айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар
базасын уюштуруу жана жүргүзүү
тартиби
1. Жалпы жоболор
2. Реестрге киргизилүүчү маалыматтар
3. Транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери
4. Реестрди пайдалануу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын жүргүзүүнү, түзүүнү жана пайдаланууну аныктайт.
2. Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасы Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын мамлекеттик реестрин (мындан ары – реестр) түшүндүрөт, ал уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактарга, Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга, жарандыгы жок адамдарга таандык транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, анын ичинде башка чет мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып келинген транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды, менчик ээлери, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле айдоочулук күбөлүк жана анын ээси жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
3. Реестрдин кармоочусу болуп транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган саналат. Кармоочу реестрдин жүргүзүлүшүн жана иштешин, ошондой эле реестрде камтылган маалыматтардын белгиленген тартипте пайдаланылышын контролдойт жана алардын сакталышын камсыз кылат.
4. Реестрдин техникалык оператору болуп реестрди жүргүзүүнү жана техникалык коштоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси саналат.
5. Реестр транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жана транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүү жана аларды эсепке алуу боюнча жүргүзүлгөн жол-жоболук иш-аракеттер жөнүндө маалыматтардын негизинде түзүлөт. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттерин жана каттоо документтерин берүүнү, транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүү жана аларды эсепке алуу боюнча жол-жоболук иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
6. Реестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ошондой эле латын алфавитин жана араб цифраларын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
2. Реестрге киргизилүүчү маалыматтар
7. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) менчик ээси жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
– жеке жактар – Кыргыз Республикасынын жарандары:
идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН);
фамилиясы;
аты;
атасынын аты (болсо);
туулган датасы;
жашаган жеринин дареги;
паспортунун номери;
паспортту берген орган жана анын коду;
берилген датасы;
– Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар:
салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары – СИН);
юридикалык жактын аталышы;
юридикалык жактын катталган датасы;
юридикалык дареги;
– жеке жактар – чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:
ИЖН (болсо);
фамилиясы;
аты;
атасынын аты (болсо);
туулган датасы;
жарандыгы;
инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин номери;
инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин берилген датасы;
инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти берген орган;
Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дареги;
– чет мамлекеттин аймагында катталган юридикалык жактар:
СИН (болсо);
катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номери;
юридикалык жактын аталышы;
юридикалык жактын катталган датасы;
мамлекетке таандыктыгы;
Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дареги;
2) транспорт каражаты жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
– мамлекеттик каттоо белгиси;
– мамлекеттик каттоо белгисинин тиби;
– транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери;
– маркасы;
– модели;
– категориясы;
– кузовунун номери;
– шассинин/алкагынын номери;
– чыгарылган жылы;
– тиби;
– кузовунун түрү;
– өңү;
– кыймылдаткычынын көлөмү;
– кыймылдаткычынын кубаттуулугу;
– отундун түрү;
– рулдун жайгашуусу;
– жүксүз массасы;
– уруксат берилген максималдуу массасы;
– отуруучу орундардын саны;
– чыгарган өлкө/келген өлкө;
– каттоо документинин номери жана түрү;
– төрт тарабынын жана кузовунун/шассисинин/алкагынын номеринин фотосүрөтү;
– өткөрүү кутучасы (АКПП, МКПП);
– одометрдин көрсөткүчү (километраж);
3) түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
– каттоо документинин номери менен түрү жана анын жарактуулук белгиси;
– транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери;
– тиби;
– маркасы;
– модели;
– категориясы;
– номери (болсо);
– чыгарылган жылы;
– өңү;
– кыймылдаткычынын көлөмү (болсо);
– кыймылдаткычынын кубаттуулугу (болсо);
– отундун түрү;
– чыгарган өлкө/келген өлкө;
4) айдоочу жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
– ИЖН;
– фамилиясы;
– аты;
– атасынын аты (болсо);
– туулган датасы жана жери;
– жашаган жеринин дареги;
– инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин номери;
– инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин берилген датасы;
– инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти берген орган;
– Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дареги (чет өлкөлүк адамдар жана жарандыгы жок адамдар үчүн);
– жарандыгы;
– айдоочуга ыйгарылган категория, ар бир категориянын берилген датасы жана негизи;
– айдоочунун сүрөтү;
– айдоочунун колу;
– айдоочунун канынын тобу;
– эскертүү, чектөөлөр (көз айнек тагынуу, ден соолугунун абалы боюнча чектөө);
5) айдоочулук күбөлүк жөнүндө маалыматтар тизмеги:
– айдоочулук күбөлүктүн номери;
– айдоочулук күбөлүктүн тиби;
– берилген датасы;
– колдонуу мөөнөтү;
– берген орган.
8. Реестрде каттоо документтерин жана айдоочулук күбөлүктөрдү жараксыз деп таануунун негиздери жана датасы көрсөтүлөт.
9. Каттоо иш-аракеттери жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
– транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жөнүндө;
– транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн негиз болгон документтер жөнүндө;
– транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген каттоо документтери жөнүндө;
– каттоо иш-аракеттерин жүргүзгөн кызмат адамдары жөнүндө;
– транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө.
10. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү процессинде айтылгандар жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
– айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн негиз болгон документтер жөнүндө;
– айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү мекемелери (автомектептер) жөнүндө;
– билим берүү мекемесин (автомектепти) бүткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери жана алган датасы жөнүндө;
– айдоочунун экзамен тапшыруусунун натыйжалары жөнүндө;
– айдоочулук күбөлүктү берүү процессине тартылган кызмат адамдары жөнүндө;
– транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочулар жөнүндө.
3. Транспорт каражатынын уникалдуу
идентификациялык номери
11. Транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери (мындан ары – VID) – транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун идентификациялык номери, ал реестрде транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун менчик ээсине байлаштыруусуз ыйгарылат жана транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну эксплуатациялоонун бардык мезгилинде сакталат. Бир эле VIDди башка транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга ыйгарууга жана ыйгарылган VIDди өзгөртүүгө тыюу салынат.
12. VID 13 белгиден турган номерди билдирет жана төмөнкүдөй түзүмгө ээ:
ТКНННННЧЧММГГ, мында:
Т – транспорт каражатынын тиби, ал кармоочунун цифралык белгиси менен аныкталат;
К – контролдук сан (белгилүү бир алгоритм боюнча эсептелет);
ННННН – учурдагы каттоо датасына карата каттоонун катар номери;
ЧЧММГГ – каттоо датасы (күнү, айы, жылы).
13. VID транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринде милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
14. VID мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын маалыматтык системаларынын деңгээлинде транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсепке алуу жана идентификациялоо үчүн колдонулат.
4. Реестрди пайдалануу тартиби
15. Реестрден маалыматтарды электрондук жана кагаз жүзүндө берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке мүнөздөгү маалымат, мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
16. Реестрде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
17. Реестрде маалыматтарды сактоо мөөнөтү – мөөнөтсүз.
18. Кармоочунун жана техникалык оператордун кызматкерлери реестрде камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы, ошондой эле мыйзамсыз жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жана тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
19. Жеке жана юридикалык жактар реестрде камтылган, алардын менчигинде турган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө жана алардын атына берилген айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.
20. Реестрдеги маалыматтар мамлекеттик органдарга, юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана тийиштүү макулдашуулардын негизинде берилет.
21. Маалыматтарды алуучулар реестрден алынган маалыматтарды кармоочу тарабынан берилген максаттарда гана колдонот.