Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна) |
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык ченемдер жөнүндө НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык ченемдер жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан, төмөнкү пруденциалык ченемдердин түрлөрүн белгилейт.
1) төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченемдери;
2) финансылык туруктуулуктун ченемдери.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү кабыл алынган милдеттенмелердин жана активдердин ортосундагы ченемдик катыштарды алардын ликвиддүүлүгүн эске алуу менен сактоо болуп саналат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугунун көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмдөрүн;
2) камсыздандыруу резервдеринин өлчөмдөрүн жана башка милдеттенмелерди.
4. Ушул Нускаманын 3-пунктунда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн ченемдик маанилери жана эсептөө методикалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2-глава. Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченемдери
5. Төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөнкү ченемдерин сактоого тийиш:
1) жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми, ал жогорку ликвиддүү активдердин наркынын камсыздандыруу резервдеринин суммасына карата катышы катары төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Жач - жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми;
ЖА - ушул Нускаманын 3-главасына ылайык сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча алардын классификациясын эске алуу менен эсептелген жогорку ликвиддүү активдердин наркы;
PC - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талаптарына ылайык эсептелген камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, кайра камсыздандыруучунун бул резервдердеги үлүшүн эсептен чыгарып салуу менен.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жогорку ликвиддүү активдеринин жетиштүүлүгүнүн ченеми бирден кем эмес болууга тийиш;
2) бардык активдердин наркынын сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен, камсыздандыруу резервдеринин жана башка милдеттенмелердин суммасына азайтылган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген иштеп жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө болгон катышы катары эсептелген капиталдын жетиштүүлүгүнүн ченеми, төмөнкү формула боюнча:
мында:
Нк - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталдык жетиштүүлүгүнүн ченеми;
A - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун бардык активдеринин наркы, алардын сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен, ушул Нускаманын 3-главасына ылайык эсептелген;
PC - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин талаптарына ылайык эсептелген камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, кайра камсыздандыруучунун бул резервдердеги үлүшүн эсептен чыгарып салуу менен;
М - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун милдеттенмелери, камсыздандыруу резервдеринин суммасын кошпогондо;
Мк - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, иштеп жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталдык жетиштүүлүгүнүн ченеми бирден кем эмес болууга тийиш;
3) учурдагы төлөөгө жөндөмдүүлүктүн ченеми, камсыздандыруу сыйлыктарынын нетто камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана операциялык чыгашалардын суммасына болгон катышы катары төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Нут - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн ченеми;
КСн - камсыздандыруу сыйлыгынын неттосу - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан отчеттук мезгилде алынган камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы, кайра камсыздандырууга берилген сыйлыктарын эсептен чыгарып салуу менен;
КК - кайра камсыздандыруу комиссиясы - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан отчеттук мезгилде кайра камсыздандыруучудан алынган комиссиялыктардын суммасы;
КТн - камсыздандыруу төлөмдөрүнүн неттосу - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы, кайра камсыздандыруучунун бул камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү үлүшүн эсептен чыгарып салуу менен;
ОЧ - операциялык чыгашалар.
Көрсөткүч камсыздандыруу төлөмдөрүнө (болгон чыгымдарга) учурдагы чыгашаларды жана ишти жүргүзүүгө учурдагы чыгашаларды жабуу үчүн камсыздандыруу сыйлыктарынын келип түшүүлөрү түрүндөгү каражаттардын келүүсүнүн жетиштүүлүгүн мүнөздөйт. Бул көрсөткүч кайра камсыздандыруу боюнча операцияларды эске албастан эсептелет.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн ченеми бирден кем эмес болууга тийиш.
3-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдеринин наркы
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун аныктоодо алардын сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен активдердин наркын эсептөөгө төмөнкүлөр кирет:
1) акча каражаттары:
- кассадагы акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайызы көлөмүндө;
- жолдогу акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайызы көлөмүндө;
- банктагы акча каражаттары - баланстык наркынын 100 пайызы көлөмүндө;
2) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жайгаштырылган төгүмдөр (депозиттер):
- талап боюнча төлөнүүчү төгүмдөр - эсептердеги суммалардын 100 пайызы көлөмүндө (негизги карыздын жана эсептелген сый акынын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз) карыздар боюнча резервди эсептен чыгарып салуу менен;
- мөөнөттүү төгүмдөр - эсептердеги суммалардын 100 пайызы көлөмүндө (негизги карыздын жана эсептелген сый акынын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз) карыздар боюнча резервди эсептен чыгарып салуу менен;
3) Кыргыз Республикасынын, анын ичинде чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздары - баланстык наркынын 100 пайызы көлөмүндө (негизги карыздын жана эсептелген сый акынын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз) карыздар боюнча резервди эсептен чыгарып салуу менен;
4) Кыргыз Республикасынын акционердик коомдорунун, анын ичинде чет мамлекеттердин баалуу кагаздары - баланстык наркынын 100 пайызы көлөмүндө (негизги карыздын жана эсептелген сый акынын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз) карыздар боюнча резервди эсептен чыгарып салуу менен;
5) камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталынын өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү жеке жана юридикалык жактарга берилген зайымдар (ушул пункттун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн зайымдарды кошпогондо) - негизги карыздын суммасынын 100 пайызы көлөмүндө;
6) өмүрдү камсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруучуларына берилген зайымдар - топтолгон пайыздарды эске алуу менен негизги карыздын суммасынын 100 пайызы көлөмүндө;
7) аффилирленген уюмдарга инвестициялар жана аларга карата талаптар, төмөнкүлөр бөлүгүндө:
- капиталга инвестициялар, туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирленген уюмдардын карыздык жана/же үлүштүк баалуу кагаздары - сатып алуу наркынын 0 пайызы көлөмүндө;
- туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирленген уюмдардын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздары - карыз суммаларынын учурдагы өлчөмүнүн 0 пайызы көлөмүндө;
8) кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча кайра камсыздандыруучулардан алынуучу суммалар, төмөнкүлөр бөлүгүндө:
- кайра камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча мөөнөтү өткөн карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 100 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 70 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 40 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 180 күндөн ашык өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 0 пайызы көлөмүндө;
9) кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча кайра камсыздандыруучулардан алынуучу суммалар, төмөнкүлөр бөлүгүндө:
- кайра камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча мөөнөтү өткөн карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 100 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 70 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 40 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 180 күндөн ашык өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 0 пайызы көлөмүндө;
10) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучулардан алынуучу камсыздандыруу сыйлыктары, төмөнкүлөр бөлүгүндө:
- камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча мөөнөтү өтө элек карыздар - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 100 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 70 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 40 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 180 күндөн ашык өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 0 пайызы көлөмүндө;
11) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иши боюнча алынуучу эсептер:
- алынуучу комиссиялар төмөнкүлөр түрүндө:
- мөөнөтү өтпөгөн карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 100 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 70 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 40 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 180 күндөн ашык өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 0 пайызы көлөмүндө;
- төмөнкүлөр түрүндөгү башка алынуучу эсептер:
- мөөнөтү өтпөгөн карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 100 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 70 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 40 пайызы көлөмүндө;
- мөөнөтү 180 күндөн ашык өтүп кеткен карыз - алынуучу суммалардын учурдагы өлчөмүнүн 0 пайызы көлөмүндө;
12) материалдык эмес активдер (амортизацияны алып салуу менен) - баланстык наркынын 0 пайызы көлөмүндө;
13) негизги каражаттар (амортизацияны алып салуу менен), төмөнкүлөр бөлүгүндө:
- жерлер - баланстык наркынын 100 пайызы көлөмүндө;
- имараттар жана курулмалар - баланстык наркынын 100 пайызы көлөмүндө;
- аягына чыгарыла элек капиталдык курулуш - баланстык наркынын 30 пайызы көлөмүндө;
- машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары - баланстык наркынын 50 пайызы көлөмүндө;
- негизги каражаттардын башка түрлөрү - баланстык наркынын 0 пайызы көлөмүндө;
14) материалдар - баланстык наркынын 0 пайызы көлөмүндө;
15) күмөндүү (үмүтсүз) карыздар боюнча резервдер - резервдердин суммасынын 0 пайызы көлөмүндө;
16) кыска мөөнөттүү дебитордук карыздар:
- үч айдан ашпаган мөөнөт - карыздын суммасынын 100 пайызы көлөмүндө;
- үч айдан алты айга чейинки мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 70 пайызы көлөмүндө;
- алты айдан ашкан мөөнөт - карыздын суммасынын 40 пайызы көлөмүндө;
17) узак мөөнөттүү дебитордук карыздар:
- үч жылга чейинки мөөнөттөн ашпаган - карыздын суммасынын 20 пайызы көлөмүндө;
- үч жылдык мөөнөттөн ашкан - карыздын суммасынын 0 пайызы көлөмүндө;
18) келечектеги мезгилдердин чыгашалары - чыгашалардын суммасынын 0 пайызы көлөмүндө;
19) берилген аванстар:
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иши боюнча - аванстардын суммасынын 100 пайызы көлөмүндө;
- башка операциялар боюнча - аванстардын суммасынын 0 пайызы көлөмүндө;
20) башка активдер - башка активдердин суммасынын 0 пайызы көлөмүндө.
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдерин эсепке алуу жана наркын кайра баалоо финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун эсептик саясатына ылайык жүргүзүлөт.
8. Наркы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн активдер отчеттук датага карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча бааланат.
9. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ушул Нускаманын 6-пунктунун 1-19-пунктчаларына ылайык келбеген активдери башка активдер деп таанылат.