Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Катталган транспорт каражаттарынын жана
айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар
базасына ыкчам кирүү укугу бар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын жана кызмат адамдарынын
тизмеги
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызмат адамдары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызмат адамдары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызмат адамдары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызмат адамдары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары;
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызмат адамдары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызмат адамдары;
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызмат адамдары.
Эскертүү:
1. Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасынан маалыматты берүү тартиби Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүүгө укуктуу болгон адамдардын чектелген тизмесин аныктоого жана катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты коргоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоо милдети жүктөлгөн, катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүүгө укуктуу болгон юстиция органдарынын кызмат адамдарынын, жеке нотариустардын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин) жана консулдук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын чектелген тизмесин аныктайт жана катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты коргоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылат.
Нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоо милдети жүктөлгөн, катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызмат адамдары, жеке нотариустар, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин) жана консулдук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы, ошондой эле мыйзамга ылайык келбеген жана анык эмес маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги катталган айыл чарба техникасынын жалпы санын билүүгө укук берилген, катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы, ошондой эле мыйзамга ылайык келбеген жана анык эмес маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана тартиптик жоопкерчиликке тартыла турган кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.