Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин түзүмүн, камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) базалык камсыздандыруу сыйлыгы - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдерин түзүү боюнча ортомчулук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн эсептелген комиссиялык сый акыны алып салганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу сыйлыгынын жана салыктардын (чегерүүлөрдүн) 15 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү камсыздандыруу сыйлыгы;
2) эсептөө датасы - камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдү эсептөө жүргүзүлүүчү дата;
3) кайра камсыздандыруучунун камсыздандыруу (техникалык) резервдердеги үлүшү - камсыздандыруу уюмунун - цеденттин активи, эсептөө датасына карата камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча кайра камсыздандыруучунун милдеттенмелеринин бир бөлүгүн чагылдырат, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча цедентке комиссиялык сый акы төлөөгө байланыштуу милдеттенмелерди кошпогондо. Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдердеги кайра камсыздандыруучунун (кайра камсыздандыруучулардын) үлүшү ар бир келишим (келишимдер тобу) боюнча кайра камсыздандыруу келишиминин (келишимдеринин) шарттарына ылайык аныкталат. Камсыздандыруучу өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерди эсептөө менен бир эле убакта камсыздандыруу (техникалык) резервдердеги кайра камсыздандыруучулардын катышуу үлүшүн эсептейт;
4) иштеп табылбаган камсыздандыруу сыйлыгы - келишимдин отчеттук мезгилден тышкары колдонуу мезгилине тиешелүү келишим боюнча эсептелген камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) бир бөлүгү, кийинки отчеттук мезгилдерде келип чыгышы мүмкүн болгон алдыдагы төлөмдөрдү камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди аткарууга арналган;
5) нетто-сыйлык (бөлүп төлөөдөгү нетто-төгүмдөр) - актуарий тарабынан бааланган акчанын суммасы, ал камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башка чыгымдарын жабууну эске албаганда, камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча гана милдеттенмелерди алгандыгы үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна төлөнүүгө тийиш;
6) жөнгө салынбаган доомат - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимине ылайык камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруу уюмуна коюлган талап, ал боюнча камсыздандыруу төлөмү жүзөгө ашырылган эмес же толук көлөмдө жүзөгө ашырылган эмес;
7) келтирилген күтүлүүчү нарк - эсептөө датасы менен камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдүн) келип түшкөн датасынын же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруу датасынын ортосундагы убакыт аралыгын эске алуу менен эсептелген камсыздандыруу сыйлыктарынын (төгүмдөрүнүн) же камсыздандыруу төлөмдөрүнүн же болбосо чыгашалардын күтүлүүчү (ыктымалдуу) наркы;
8) билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви - камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруучунун отчеттук датага (отчеттук датанын аягына) карата аткарылбаган же толук эмес аткарылган милдеттенмелерин баалоо, бул милдеттенмелерге отчеттук же ага чейинки мезгилде мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте камсыздандыруучуга келип чыгуу фактысы жөнүндө билдирилген камсыздандыруу окуяларына байланыштуу пайда болгон камсыздандыруучунун мүлктүк кызыкчылыктарына келтирилген зыяндын (залалдын) өлчөмүн баалоо жана аны төмөндөтүү менен байланышкан эксперттик, консультациялык же башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн камсыздандыруучуга зарыл болгон акча каражаттарынын суммасы да кирет;
9) болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви - отчеттук же ага чейинки мезгилде мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте камсыздандыруучуга келип чыгуу фактысы жөнүндө билдирилбеген, отчеттук же ага чейинки мезгилде болуп өткөн камсыздандыруу окуяларына байланыштуу пайда болгон чыгымдарды жөнгө салуу боюнча чыгашаларды кошкондо, камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча милдеттенмелерин баалоо.
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө үчүн камсыздандыруу уюмдары камсыздандыруунун (кошо камсыздандыруунун) түзүлгөн келишимдерин эсепке алуу, чыгымдарды жана камсыздандыруунун (кошо камсыздандыруунун) мөөнөтүнөн эрте токтотулган келишимдерин эсепке алуу, кайра камсыздандырууга кабыл алынган келишимдерди эсепке алуу, кайра камсыздандырууга кабыл алынган келишимдери боюнча чыгымдарды эсепке алуу журналдарын жана башка документтерди жүргүзөт. Аталган журналдар жана документтер ар бир келишим боюнча ар бир отчеттук датага карата маалыматтарды камтыйт жана келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылган датадан тартып камсыздандыруучу тарабынан 6 жылдан кем эмес сакталууга тийиш. Атап айтканда, милдеттүү реквизиттер болуп эсептелген төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган документтер сакталууга тийиш:
1) келишимдин (полистин, күбөлүктүн, квитанциянын) номери;
2) келишим күчүнө кирген дата (камсыздандырууну колдонуу баштаган дата);
3) келишимдин колдонуу мөөнөтү;
4) камсыздандыруу суммасынын (суммаларынын) өлчөмү (өлчөмдөрү);
5) эсептелген камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрдүн) өлчөмү;
6) камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмдөрү) эсептелүүчү дата;
7) "кызыл сторно" ыкмасы менен сторнолоочу жазуу жүргүзүлгөн камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) өлчөмү;
8) камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) суммасына "кызыл сторно" ыкмасы менен сторнолоочу жазуу жазылган дата;
9) камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмдөрүн) төлөөнүн өлчөмү (өлчөмдөрү) жана датасы (даталары);
10) келишим түзүү үчүн эсептелген сый акынын өлчөмү;
11) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган дата;
12) келишимдин шарттары өзгөртүлгөн дата (даталар);
13) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына (шарттары өзгөртүлгөндүгүнө) байланыштуу камсыздандырылуучуларга (кайра камсыздандырылуучуларга) кайтарылып берилген камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) өлчөмү;
14) камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмдөрүн) кайтаруу датасы;
15) камсыздандыруу окуясы (окуялары) жөнүндө арыз түшкөн дата (даталар);
16) камсыздандыруу учуру (учурлары) келип чыккан дата (даталар);
17) билдирилген зыяндын (зыяндардын) өлчөмү (өлчөмдөрү), ошондой эле билдирилген зыяндын (зыяндардын) өлчөмүнүн (өлчөмдөрүнүн) аны жөнгө салуу процессинде өзгөргөндүгү жөнүндө маалымат;
18) камсыздандыруу төлөмүнүн (төлөмдөрүнүн) датасы (даталары);
19) камсыздандыруу төлөмүнүн (төлөмдөрүнүн) өлчөмү (өлчөмдөрү);
20) камсыздандыруу төлөмүнөн (төлөмдөрүнөн) баш тартуу датасы (даталары).
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жылдык жыйынды кирешеден камсыздандыруучу резервдик фонддорго чегерүүлөрдүн суммасын ушул Жободо белгиленген ченемдерге ылайык чыгарып салууга укуктуу.
2-глава. Камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин түзүмү
5. Камсыздандыруу уюмдарын түзүү үчүн милдеттүү болгон камсыздандыруу (техникалык) резервдери төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) иштеп табылбаган сыйлыктын резерви (мындан ары - ИТСР);
2) болуп өтпөгөн чыгымдардын резерви (мындан ары - БЧР) - "өмүрдү камсыздандыруу" түрү боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлөт;
3) чыгымдардын резервдери:
- болуп өткөн, бирок билдириле элек чыгымдардын резерви (мындан ары - ББЧР);
- билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви (БЖЧР).
6. Түзүлгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча кошумча тобокелдиктер болгон учурда, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму түзүлгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча тобокелдиктерди жабуучу кошумча резервдерди түзүүгө тийиш.
3-глава. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө методикасына жалпы талаптар
7. Колдонуудагы камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу уюмунун бул Жобого ылайык эсептелген көлөмдө түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдери болууга милдеттүү.
8. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби бул Жобого ылайык эсептөө методу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
9. Камсыздандыруу (техникалык) резервдери камсыздандыруу уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыздандыруунун түрлөрү боюнча өзүнчө түзүлөт.
10. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө камсыздандыруу уюму тарабынан бул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму түзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдеринин шарттарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
11. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тобокелдиктерди андан ары кайра камсыздандырууга карабастан, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму түзүлгөн бардык камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча алган милдеттенмелердин көлөмүн эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөөдө бул Жобонун 6-главасына ылайык, ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн резервдин ар бир түрүн эске алуу менен кайра камсыздандыруучунун камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемдери чагылдырылат.
12. Эгерде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминде же милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам актысында камсыздандырып коргоонун колдонуу мөөнөтү так аныкталбаса, эсептөө үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин колдонуу мөөнөтү алынат.
13. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин көбөйтүү же азайтуу камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча милдеттенмелери көбөйгөн же азайган учурда гана болот.
14. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча милдеттенмелерге ылайык камсыздандыруу (техникалык) резервдеринен төлөмдөр жүргүзүлбөйт.
4-глава. Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу
15. ИТСР камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоонун эсептөө датасынан кийинки колдонуу мезгилине тиешелүү болгон камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгын билдирет.
16. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча ИТСРга чегерүүлөрдүн ченеми эсептөө датасына карата аяктай элек камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону колдонуу мөөнөтүнө пропорциялуу эсептелинүүчү чоңдукка барабар. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдерин кошпогондо, иштеп табылбаган камсыздандыруу сыйлыгы эсептөө датасына карата аяктай элек камсыздандырып коргоону колдонуу мөөнөтүнүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону колдонуунун бардык мөөнөтүнө болгон катышына базалык камсыздандыруу сыйлыгын төмөнкүдөй формула боюнча көбөйтүү катары аныкталат:
мында:
БС - базалык камсыздандыруу сыйлыгы;
Т1 - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонулган күндөрдүн саны;
Т2 - эсептөө датасына чейин (кошо алганда) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонула баштаган учурдан тартып өткөн күндөрдүн саны.
Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча иштеп табылбаган камсыздандыруу сыйлыгы эсептөө датасына карата аяктай элек камсыздандырып коргоону колдонуу мөөнөтүнүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону колдонуунун бардык мөөнөтүнө болгон катышына базалык камсыздандыруу сыйлыгын жана эсептөө датасынан кийин камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу уюмуна төлөнүүгө тийиш болгон базалык камсыздандыруу төгүмдөрүн төмөнкү формула боюнча көбөйтүүнүн айырмасы катары аныкталат:
мында:
БС - базалык камсыздандыруу сыйлыгы;
Т1 - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонулган күндөрдүн саны;
Т2 - эсептөө датасына чейин (кошо алганда) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонула баштаган учурдан тартып өткөн күндөрдүн саны;
БКТ - эсептөө датасынан кийин камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу уюмуна төлөнүүгө тийиш болгон базалык камсыздандыруу төгүмдөрү;
КТ - эсептөө датасынан кийин камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу уюмуна төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү;
КС - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгы.
17. Бул Жобонун 16-пунктуна ылайык эсептелген камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) бардык келишимдери боюнча иштеп табылбаган камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) ар бир түрү боюнча иштеп табылбаган камсыздандыруу сыйлыгынын резерви болуп саналат.
18. ББЧР чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө камсыздандыруунун (өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруунун) ушул түрү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруу уюмунун топтолгон статистикасын эске алуу менен камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандыруунун ар бир түрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
19. Камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруунун (өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруунун) ушул түрү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча өзүнүн статистикасы жок болгон же мындай статистиканын маалыматтары жетишсиз болгон учурда ББЧРдын чоңдугу БЖЧРдын 50 пайызынан кем болбоого тийиш. Эгерде БЖЧРдын өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда ББЧРдын чоңдугу эсептөө датасына чейинки акыркы он эки айда колдонулган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынын 5 пайызынан кем болбоого тийиш.
20. БЖЧР чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө датасына карата билдирилген, бирок жөнгө салынбаган ар бир доо боюнча эсептелет. Билдирилген доо камсыздандыруу уюмунун чыгымдарын эсепке алуу журналында камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруучуга жеткиликтүү болгон кандай болбосун ыкмалар менен же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте камсыздандыруу учуру келип чыккандыгы жөнүндө кабарланган учурдан тартып билдирилген катары катталат.
21. БЖЧРга чегерүүлөрдүн ченеми төмөнкүдөй чоңдукка барабар:
БЖЧР = Т + ТЧ,
мында:
Т - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча билдирилген доолор боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш болгон камсыздандыруу төлөмдөрү;
ЧТ - билдирилген доолор боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен түздөн-түз байланышкан камсыздандыруу уюмунун жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдары.
Билдирилген доолор боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен түздөн-түз байланышкан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдары иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө эсептелет жана билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын суммасынын 1 пайызынан кем болбоого, бирок эки айлык эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш.
22. Эгерде жүзөгө ашырылууга тийиш болгон камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү аныкталбаса, анда БЖЧРга чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө үчүн бул Жобонун 21-пунктуна ылайык камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму алдын ала алган камсыздандыруу учуру жөнүндө маалыматтын негизинде бааланган камсыздандыруу төлөмүнүн максималдуу түрдө мүмкүн болгон өлчөмү алынат, бирок ал камсыздандыруу суммасынан ашпоого тийиш.
23. Бул Жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн БЖЧРдын чоңдугу эсептөө датасына карата камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна камсыздандыруу сыйлыгын (камсыздандыруу төгүмдөрүн) төлөө боюнча камсыздандырылуучунун (кайра камсыздандырылуучунун) карызынын суммасына азайтылышы мүмкүн.
24. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму доо жөнүндө билдирилген учурдан тартып ал боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруу учуруна чейин же камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылганга, же камсыздандырылуучу ал боюнча камсыздандыруу төлөмүн алуудан жазуу жүзүндөгү баш тартуусуна чейин үч жыл бою (кайсы дата эрте келерине жараша) БЖЧРдын өлчөмүн түзөт.
5-глава. Өмүрдү камсыздандыруу
25. "Өмүрдү камсыздандыруу" түрү боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) ар бир келишими боюнча өзүнчө, ошондой эле келишимдердин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт:
1) өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу);
2) өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу);
3) аннуитет, ал боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырууну баштоо мөөнөтү эсептөө датасынан кийин келет;
4) аннуитет, ал боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырууну баштоо мөөнөтү эсептөө датасына чейин келет.
26. "Өмүрдү камсыздандыруу" түрү боюнча, бөөдө кырсыктан жана оорудан камсыздандыруу түрү боюнча жана медициналык камсыздандыруу түрү боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө бул Жобонун 4-главасына ылайык жүргүзүлөт.
27. БЧР эсептөө датасына карата бардык колдонуудагы өмүрдү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча БЧР суммасы катары эсептелет.
28. Өмүрдү камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) өзүнчө келишими боюнча БЧРге чегерүүлөрдүн ченеми төмөнкү эки чоңдуктун максималдуу чоңдугуна барабар:
1) БЭЧР 1 = Кткн + ТЧкн + ОЧкн - КТкн,
мында:
Кткн - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин шарттарында каралган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилген күтүлүүчү наркы;
ТЧкн - камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен түздөн-түз байланышкан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун чыгымдарынын келтирилген күтүлүүчү наркы;
ОЧкн - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишти жүргүзүү менен байланышкан операциялык чыгымдарынын келтирилген күтүлүүчү наркы;
КТкн - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан эсептөө датасынан кийин алынууга тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн (камсыздандыруу сыйлыгы бир жолу төлөнгөндө) келтирилген күтүлүүчү наркы;
2) БЧР2 = Кткн - КНТкн,
мында:
Кткн - камсыздандыруу учуру келип чыкканда гана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин шарттарында каралган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилген күтүлүүчү наркы (камсыздандыруу келишиминде белгиленген мезгил аяктаганда жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруу төлөмүн эсепке албастан);
КНТкн - камсыздандыруу нетто-төгүмдөрүнүн (камсыздандыруу нетто-сыйлыгы бир жолу төлөнгөндө) келтирилген күтүлүүчү наркы, алар камсыздандыруу учурунун келип чыгышына байланышкан камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча гана алынган милдеттенмелери үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму эсептөө датасынан кийин алууга тийиш (камсыздандыруу келишиминде белгиленген мезгил аяктаганда жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруу төлөмүн эсепке албастан).
29. Аннуитет келишимдери боюнча БЧР эсептөө датасына карата колдонуудагы бардык аннуитет келишимдери боюнча БЧР суммасы катары эсептелет.
30. Аннуитеттин өзүнчө келишими боюнча БЧРге чегерүүлөрдүн ченеми төмөнкүдөй чоңдукка барабар:
БЧР = Кткн + ОЧкн - КТкн,
мында:
Кткн - аннуитет келишиминин шарттарында каралган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилген күтүлүүчү наркы;
ОЧкн - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аннуитет келишими боюнча иш жүргүзүү менен байланышкан операциялык чыгымдарынын келтирилген күтүлүүчү наркы;
КТкн - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан эсептөө датасынан кийин алынууга тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн (камсыздандыруу сыйлыгы бир жолу төлөнгөндө) келтирилген күтүлүүчү наркы. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырууну баштоо мөөнөтү эсептөө датасына чейин болгон аннуитет келишими үчүн КТкн нөлгө барабар.
31. Аннуитет келишимдери боюнча үзгүлтүксүз камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү көбөйтүлгөндө БЧРге чегерүүлөрдүн ченеми төмөнкүдөй аныкталат:
1) бул Жобонун 29-пунктуна ылайык камсыздандыруу төлөмдөрү мезгилинде. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилген күтүлүүчү наркын эсептөө камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн көбөйтүлгөндүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт;
2) топтоо мезгилинде төмөнкү чоңдуктардын эң чоңу катары:
- камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилген күтүлүүчү наркын ушул Жобонун 29-пунктуна ылайык аныкталган БЧРдын өлчөмүнө кошкондо (камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн көбөйтпөстөн). Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн күтүлүүчү наркы аннуитет келишими боюнча кошумча кирешелердин эсептелген жана бөлүштүрүлгөн өлчөмүнө барабар;
- ушул Жобонун 29-пунктуна ылайык аныкталган БЧРдын өлчөмү (камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кошумча кирешелеринин эсебинен аннуитет келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү көбөйтүүнү эске алуу менен).
32. Өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча ББЧР камсыздандыруунун бул түрү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун топтолгон статистикасын эске алуу менен эсептелет.
Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун өздүк статистикасы жок болгондо же мындай статистиканын маалыматтары жетишсиз болгон учурда ББЧР чоңдугу БЖЧРдын 50 пайызынан кем эмести түзүүгө тийиш. Эгерде БЖЧРдын өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда ББЧР чоңдугу эсептөө датасына чейинки акыркы он эки айда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынын 5 пайызынан кем эмести түзүүгө тийиш.
33. Аннуитет келишимдери боюнча, ошондой эле өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча ББЧР нөлгө барабар.
34. Өмүрдү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча БЖЧР эсептөө датасына карата билдирилген, бирок жөнгө салынбаган ар бир доо боюнча эсептелет.
35. Өмүрдү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча БЖЧРга чегерүүлөрдүн ченеми төмөнкүдөй чоңдукка барабар:
БЖЧР = Т + ЧК,
мында:
Т - жөнгө салынбаган доолор боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн күтүлүүчү наркы;
ЧК - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен түздөн-түз байланышкан чыгашаларынын күтүлүүчү наркы.
Билдирилген доолор боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен түздөн-түз байланышкан чыгашаларынын күтүлүүчү наркы иш жүзүндөгү чыгашалардын өлчөмүндө эсептелет. Мындай чыгашалардын күтүлүүчү наркы билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын суммасынын 1 пайызынан кем болбоого тийиш, бирок бардык учурда эки айлык эсептик көрсөткүчтөрдөн кем болбошу керек.
36. Ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн БЖЧР чоңдугу эсептөө датасына карата камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна камсыздандырылгандын (кайра камсыздандырылгандын) карызынын суммасына азайтылышы мүмкүн.
37. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму доо жөнүндө билдирилген учурдан тартып ал боюнча камсыздандыруу төлөмү жүзөгө ашырылган же камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылганга же доо боюнча камсыздандыруу төлөмүн алуудан камсыздандырылган жазуу жүзүндө баш тарткан учурга чейин үч жыл ичинде (даталардын кайсынысы эрте болсо, ошого жараша) БЖЧРдын түзүлгөн өлчөмүнүн болушун камсыз кылат.
38. Аннуитет келишимдери боюнча билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервине чегерүүлөрдүн ченеми нөлгө барабар.
6-глава. Камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайра камсыздандыруучунун үлүшү
39. Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) ченемдериндеги кайра камсыздандыруучунун үлүшү кайра камсыздандыруунун төмөнкү түрлөрүнө жараша өзүнчө аныкталат:
1) пропорциялуу:
- ИТСРдагы кайра камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө ушул Жобонун 15 жана 16-пункттарына ылайык кайра камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгынын иш жүзүндөгү өлчөмүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Кайра камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгы кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгынын 15 пайызынан ашпаган өлчөмдө кайра камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйлоону алып салганда кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгы катары аныкталат.
БЖЧРдагы кайра камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө кайра камсыздандырууга берилген ар бир камсыздандыруу келишими боюнча билдирилген доолорго өзүнчө эсептелет жана кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин үлүшүн билдирилген чыгымдын суммасына көбөйткөнгө барабар.
Эгерде доо берилген камсыздандыруу келишими кайра камсыздандыруу келишиминин шарттарын канааттандырбаса, анда кайра камсыздандыруучунун бул келишим боюнча БЖЧРдагы үлүшү нөлгө барабар.
Кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө камсыздандыруунун бул түрү боюнча кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча топтолгон статистиканын негизинде камсыздандыруунун ар бир түрү боюнча өзүнчө аныкталат.
Камсыздандыруунун бул түрү боюнча кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун өздүк статистикасы жок болгондо же мындай статистиканын маалыматтары жетишсиз болгон учурда кайра камсыздандыруучунун ББЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеминин өлчөмү кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшүнүн 50%ынан ашык эмести түзүүгө тийиш. Эгерде кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшүнүн өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда кайра камсыздандыруучунун ББЧРдагы үлүшүнүн чоңдугу эсептөө датасына чейинки акыркы он эки айга кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынын 5%ынан ашык эмести түзүүгө тийиш;
2) пропорциялуу эмес:
- кайра камсыздандыруучунун ИТСРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө ушул Жобонун 16 жана 17-пункттарына ылайык аныкталат.
Кайра камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгы ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацына ылайык аныкталат жана кайра камсыздандыруу келишими колдонулуучу камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгынан ашпоого тийиш.
Кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө кайра камсыздандырууга берилген ар бир камсыздандыруу келишими боюнча билдирилген доолор боюнча өзүнчө эсептелет жана билдирилген чыгымдын суммасы менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу уюмунун өздүк кармап калуусунун ортосундагы айырмага барабар.
Эгерде доо берилген камсыздандыруу келишими кайра камсыздандыруу келишиминин шарттарын канааттандырбаса, анда бул камсыздандыруу келишими боюнча кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү нөлгө барабар.
Кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө камсыздандыруунун бул түрү боюнча кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча топтолгон статистиканын негизинде камсыздандыруунун ар бир түрү боюнча өзүнчө аныкталат.
Камсыздандыруунун бул түрү боюнча кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун өздүк статистикасы жок болгондо же мындай статистиканын маалыматтары жетишсиз болгон учурда кайра камсыздандыруучунун ББЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеминин өлчөмү кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеминин 50 пайызынан ашык эмести түзүүгө тийиш. Эгерде кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеминин өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда кайра камсыздандыруучунун ББЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеминин өлчөмү эсептөө датасына чейинки акыркы он эки айда кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынын 5 пайызынан ашык эмести түзүүгө тийиш.
40. Өмүрдү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайра камсыздандыруучунун үлүшү кайра камсыздандыруунун төмөнкү түрлөрүнө жараша өзүнчө аныкталат:
1) пропорциялуу:
- өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайра камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери жана аннуитет келишимдери боюнча кайра камсыздандыруучунун БЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеми ушул Жобонун 27-30-пункттарына ылайык кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин үлүшүнө жараша же кайра камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) иш жүзүндөгү өлчөмүнүн негизинде (алынган чоңдуктардын кайсынысы аз болсо, ошого жараша) аныкталат.
Кайра камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмдөр) ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацына ылайык аныкталат.
Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеми ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык аныкталат;
2) пропорциялуу эмес:
- өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайра камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченемин эсептөө ушул Жобонун 39-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери жана аннуитет келишимдери боюнча кайра камсыздандыруучунун БЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеми ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацына ылайык аныкталган кайра камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сыйлыгынын (төгүмдөрүнүн) иш жүзүндөгү өлчөмүнүн негизинде аныкталат.
Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери жана аннуитет келишимдери боюнча кайра камсыздандыруучунун БЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеми өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери жана аннуитет келишимдери боюнча БЧРге чегерүүлөрдүн ченеминин өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча кайра камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн ченеми ушул Жобонун 39-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү жана бешинчи абзацтарына ылайык аныкталат.
7-глава. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө жөнүндө отчеттун формалары жана берүү мөөнөттөрү
41. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөөнү отчеттук айдын акыркы күнүнө (кошо эсептегенде) карата жүргүзөт.
42. Камсыздандыруу уюму квартал сайын отчеттук айдан кийинки айдын он бешинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырган мамлекеттик башкаруу органына (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча берет.
Отчет кагаз жана электрондук сактагычтарда берилет.
43. Бириктирилген отчет улуттук валютада эки нускада түзүлөт, ага камсыздандыруу уюмунун биринчи жетекчиси, башкы бухгалтери жана аткаруучусу тарабынан кол коюлат жана камсыздандыруу уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мында отчеттун бир нускасы ыйгарым укуктуу органга берилет, экинчи нускасы камсыздандыруу уюмунда сакталат.
44. Отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү зарылдыгы пайда болгон учурда камсыздандыруу уюму отчет берилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү зарылдыгынын себептерин түшүндүрүү менен отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүч катты ыйгарым укуктуу органга берет.
45. Отчетту өз убагында бербей калуу, бербей коюу же отчетто анык эмес маалыматтарды берүү, ошондой эле ушул Жободо белгиленген талаптарды камсыздандыруу уюму тарабынан аткарбоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликти тартууга алып келет.
8-глава. Корутунду жобо
46. Ушул Жободо жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
|
| Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн ченемдерин эсептөө тартиби жөнүндө ОТЧЕТ _________________________________________________________________________ (камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аталышы)20___-жылдын "___" ___________ карата
(миң сом)
1 | 2 | 3 | 4 |
| Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөө методу | Бардыгы | Камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) колдонуудагы келишимдери боюнча эсептелген камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасынан үлүш |
1.1 | Камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча бардыгы |
|
|
1.1.1 | Иштеп табылбаган сыйлыктардын резерви (ИТСР) |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.1.2 | Болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви (ББЧР) |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.1.3 | Билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви (БЖЧР) |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.1.4 | Кошумча резервдер |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2 | Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча бардыгы |
|
|
1.2.1 | ИТСР |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2.2 | ББЧР |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2.3 | БЖЧР |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2.4 | Кошумча резервдер |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
2 | Өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөө методу | Бардыгы | Камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) колдонуудагы келишимдери боюнча эсептелген камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасынан үлүш |
2.1 | Аннуитет жана өмүрдү топтомо камсыздандыруу келишимдери боюнча БЧР |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
2.2 | Өмүрдү топтомо камсыздандыруу келишимдери боюнча БЖЧР |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
2.3 | Кошумча резервдер |
|
|
| анын ичинде кайра камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
| Камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин жыйынтыгы (1.1 сабы + 1.2 сабы + 2.1 сабы + 2.2 сабы + 2.3 сабы) |
|
|
Камсыздандыруу уюмунун жетекчиси _________________________________________
_________________________________________________ _______________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) (колу)
Камсыздандыруу уюмунун башкы бухгалтери __________________________________
_________________________________________________ _______________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) (колу)
Аткаруучу ________________________________________________________________
_________________________________________________ _______________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) (колу)
Тел.: ___________________________________
Камсыздандыруу уюмунун мөөрүнүн орду