Загрузка документа…
| 6-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу
жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн
берүү эрежелери
1. Жалпы жоболор
2. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу тартиби
3. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү
4. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн алмаштыруу жана кайтарып берүү тартиби
5. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн даярдоо, сактоо жана жок кылуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) тракторлорду, башка өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартибин, ошондой эле эсепке алуу формаларын толтуруу тартибин аныктайт.
2. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу үчүн квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, ошондой эле аларды алмаштыруу Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. “А”, “В”, “Г” графаларындагы уруксат берүүчү белгилери бар тракторист-машинисттин күбөлүгү төмөнкү категориялардагы тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугунун бар экендигин ырастайт:
1) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар 77,2 кВт чейинки кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен (“А” категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга;
2) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор 77,2 кВт жогору кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиорациялык, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде экскаваторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб. м чейин (“В” категориясы) – “А” графасында уруксат берүүчү белгилери жана үзгүлтүксүз бир жыл тракторист-машинист иш стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
3) мелиорациялык, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде экскаваторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб. м жогору (“Г” категориясы) – “А”, “В” графаларында уруксат берүүчү белгилери жана үзгүлтүксүз эки жыл тракторист-машинист иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга.
4. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү талапкерлердин жашаган (барган) жеринен көз карандысыз ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүндө жүргүзүлөт.
Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуу үчүн талапкерлерди даярдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан типтүү программалардын негизинде окуу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Квалификациялык экзамендерди кабыл
алуу тартиби
5. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга укук алуу үчүн талапкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу уюмдарын бүтүргөн, ушул Эрежелер менен аныкталган тартипте квалификациялык экзамендерди тапшырган жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн алган адамдарга тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга жол берилет.
6. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүндө экзамен комиссиялары түзүлөт.
7. Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу боюнча экзамен комиссиясы 3төн кем эмес адамдан турууга тийиш. Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Комиссияга төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн эки өкүлү, алардын бири комиссиянын төрагасы болот;
2) Кыргыз Республикасынын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү.
9. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуу үчүн квалификациялык экзамендерди өткөрүү тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуу үчүн талапкерлерди даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдарынын бүтүрүү комиссияларынын иши менен катар ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрү тарабынан жүргүзүлөт.
10. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди тапшырууну каалаган талапкерлер ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө төмөнкүлөрдү берет:
1) транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;
2) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – барган орду боюнча каттоосу жана мөөнөтү алты айдан кем болбогон визасы же жашап турууга уруксаты жана качкындын күбөлүгү бар болгондо инсандыгын күбөлөндүргөн документин;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилген форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өтүүнү ырастаган документти;
5) тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуу үчүн талапкерлерди даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзгөн окуу уюмдары тарабынан берилген, окуу жайынын жетекчисинин кол тамгасы коюлган жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн окуудан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү;
6) тракторист-машинисттин күбөлүгүн, эгер ал мурда берилсе (жоголгон учурда көрсөтүлбөйт);
7) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же айдоочулук күбөлүктү (бар болгондо);
8) кагазы жалтырабаган 3х4 см өлчөмүндөгү түстүү эки фотосүрөттү;
9) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасы).
11. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген окууга жолдомо берилген шартта “айыл чарба механизатору” адистиги боюнча кесиптик жогорку жана орто окуу жайларында окуган балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, жетим-балдар тракторлорду, өзү жүрүүчү машиналарды башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана күбөлүктөрдү берүү үчүн белгиленген жыйымдарды төлөшпөйт.
12. Ушул Эрежелердин 9-пунктунда каралган документтер берилген шартта Кыргыз Республикасында жашаган жеринен же иштеген жеринен тышкары окуу мекемесин бүткөн талапкерден квалификациялык экзамендерди кабыл алууга жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүгө жол берилет.
Эскертүү: Ушул Эрежелердин 12-пунктунда мамлекеттик жана расмий тилдердеги текстте айырмачылык бар
13. Берилген документтер жана квалификациялык экзамендин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар протоколго киргизилет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшу керек.
14. Адам автомототранспорт каражаттарын, тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугунан ажыратылгандыгы жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системада болгон учурда тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.
15. Автоматташтырылган маалыматтык системада жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото- жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде фиксацияланган укук бузуулар үчүн айыптар боюнча арыз ээсинин карыздары жөнүндө маалыматтардын болушу тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
Тракторист-машинисттин жоголгон күбөлүгүнүн ордуна күбөлүк алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн болгон айыптарды төлөөгө тийиш.
16. Квалификациялык экзамендер төмөнкүдөй ырааттуулукта тапшырылат:
1) теориялык экзамен;
2) практикалык экзамен.
17. Теориялык экзаменди тапшырбай калган талапкер практикалык экзаменге киргизилбейт. Кайталап экзамен тапшыруу биринчи экзамен тапшырылган күндөн тартып жети күндөн кийин дайындалат. Тапшырылган экзамендердин натыйжасы терс болуп калган учурда квалификациялык экзамендерди тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
18. Теориялык экзаменде алынган баа алты айга чейин жарактуу деп саналат.
19. Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү бар адамдар теориялык экзамен тапшыруудан бошотулат.
20. Теориялык экзамен транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген экзамен билеттери боюнча кабыл алынат.
Теориялык экзаменди тапшыруудан мурда талапкер Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган тартипте бетинин графикалык сүрөтү боюнча инсандыгын идентификациялоодон өтөт.
Теориялык экзамендин экзамендик тапшырмалары 20 аралаш суроодон турат. Теориялык экзаменди тапшыруу үчүн убакыт 25 мүнөттү түзөт. Экзамендик тапшырмалардын 18 жана андан көп суроосуна туура жооп берген талапкер теориялык экзаменди тапшырган болуп эсептелет.
21. Практикалык экзамен талапкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жүргүзгөн окуу уюмдары тарабынан берилген тракторлордо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарда кабыл алынат.
22. Практикалык экзаменде төмөнкүлөр боюнча көндүмдөрү текшерилет:
1) кыймылдаткычты ишке киргизүү;
2) өргө карай ордунан жылдыруу;
3) туурасы тар аймактан ылдамдыкты бир жолу которуу менен кайрылуу (каз тамандуу машиналардан тышкары);
4) тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны артка айдап, бокско токтотуу;
5) чиркегичи бар тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны артка айдап, бокско токтотуу;
6) асылма жабдуусу бар тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны агрегаттоо;
7) чиркегичи бар тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны (чиркегич машинасы менен) агрегаттоо;
8) ар башка ылдамдыктан тормоздоо жана токтотуу, анын ичинде өзгөчө жагдайда токтотууну.
23. Практикалык экзамен тракторлордун жана өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналардын реалдуу механикалык иштөө шарттарында кабыл алынат.
Квалификациялык экзамендер контролдоочу техникалык каражаттарды (аудио- жана видео- жаздыруу) пайдалануу менен өткөрүлөт. Практикалык экзамендерди өткөрүү процессин аудио- жана видео- каттоо каражаттары практикалык экзамендерди өткөрүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарына орнотулат.
Практикалык экзамендерди өткөрүү процессин аудио- жана видео- каттоо каражаттары төмөнкүлөрдү камсыздашы керек:
1) алдыдагы жол жагдайын видео жаздыруу;
2) экзамен алуучулардын командаларын жана тапшырмаларын аудио жаздыруу жана видео жаздыруу.
Квалификациялык экзамендерди өткөрүүдө аудио- жана видео маалыматтар экзаменди кабыл алуу жаздырылган учурдан тартып 30 (отуз) күндүн ичинде маалыматтын бүтүндүгүн камсыздаган электрондук алып жүрүүчүгө сакталат. Аудио жана видео маалыматтардын болушу жана сакталашы үчүн жоопкерчилик экзамен комиссиясынын төрагасына жүктөлөт.
3. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн
берүү
24. Квалификациялык экзамендердин жыйынтыгы боюнча оң баа алуу тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүгө негиз болот.
Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү квалификациялык экзамендер тапшырылгандан кийинки бир жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган тракторист-машинисттин берилген айдоочулук күбөлүктөрүнүн реестрлерин жүргүзөт, ошондой эле тракторист-машинисттин жарактуу жана жараксыз айдоочулук күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизет.
25. Тракторист-машинисттин күбөлүгүнө кызматтык нускамалар менен тракторист-машинисттин күбөлүгүнө кол коюу укугу жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн кызматкери кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрөт.
26. Башкарууга тракторист-машинисттин күбөлүгү берилген тракторлордун (машиналардын) категорияларынын графаларына “Уруксат берилди” штампы менен белгилер коюлат.
27. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга укук берген тракторист-машинисттин күбөлүгү 10 (он) жылга берилет.
4. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн
алмаштыруу жана кайтарып берүү тартиби
28. Тракторист-машинисттин күбөлүгү төмөнкү учурларда алмаштырылууга тийиш:
1) эски үлгүдөгү күбөлүктү алмаштырууда;
2) тракторлорду жана өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналарды башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү бүткөндөн кийинки 12 (он эки) айдын ичинде талап кылынбаган жана актынын негизинде жок кылынган учурда;
3) башка категориялардагы тракторлорду жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна уруксат алганда;
4) тракторист-машинисттин күбөлүгүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
5) тракторист-машинисттин күбөлүгүндө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
6) эгер тракторист-машинисттин күбөлүгү эскирген, бузулган же башка себептен андан ары колдонууга жараксыз болсо жана анда көрсөтүлгөн маалыматтарды (же анын бир бөлүгүн) визуалдуу аныктоого мүмкүн болбой калса;
7) тракторист-машинисттин күбөлүгү жоголгондугу (уурдалгандыгы) тууралуу арыз түшкөн учурда.
Тракторист-машинисттин күбөлүгүн алмаштырууда мурда берилген күбөлүк алынат жана ушул Эрежелердин 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилет.
29. Тракторист-машинисттин жаңы күбөлүгүнө мурда берилген күбөлүккө, окуу уюмун аяктагандыгы тууралуу күбөлүккө ылайык уруксат берүүчү, чектөөчү жана маалыматтык, ошондой эле башка категориянын ачылышы тууралуу белгилер көчүрүлөт. Бул учурда “Өзгөчө белгилер үчүн” графасына мурдагы күбөлүктүн сериясы, номери жана берилген күнү, тийиштүү категориялардын графаларында – “Уруксат берилди” белгиси коюлат.
30. Тракторист-машинисттин күбөлүгү тракторлорду, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналарды башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу мөөнөтү аяктаганда квалификациялык экзамен өткөрүлгөндөн кийин берилет.
31. Тракторист-машинистке башка категориялардагы машиналарды башкаруу укугуна уруксат алууда тиешелүү категорияларга кайра даярдоо боюнча күбөлүктүн негизинде, айдоонун практикалык көндүмдөрү боюнча экзамен тапшыргандан кийин тиешелүү графага “Уруксат берилди” штампы менен белги коюлган жаңы күбөлүк берилет.
32. Калган учурларда тракторист-машинисттин күбөлүгү квалификациялык экзамен өткөрбөстөн берилет.
5. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн
даярдоо, сактоо жана жок кылуу тартиби
33. Тракторист-машинисттер үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген күбөлүктөрдүн бирдиктүү формасы киргизилет.
34. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарынын үлгүлөрү транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
35. Тракторист-машинисттин ордуна жаңы күбөлүк берилген күбөлүктөрү жараксыз деп эсептелет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акт боюнча сакталат жана жок кылынат.
36. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү үчүн негиз болгон документтердин түп нускалары мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет (арыз, тракторист-машинисттин мурунку күбөлүктөрү, жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ, окугандыгы тууралуу күбөлүк, инсандыгын ырастаган документ, практикалык экзамендерди тапшыруунун этаптык карточкалары).
Экзамен комиссияларынын протоколдору 10 (он) жыл сакталат. Тракторист-машинисттин айдоочулук күбөлүктөрүн берүү реестрлери 45 (кырк беш) жыл сакталат.
Документтер ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жана бөтөн адамдардын аларга жетүүсүн болтурбаган жерлерде сакталат.
37. Ыйгарым укуктуу орган берилген жарактуу, жараксыз жана жоголгон тракторист-машинисттин күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын электрондук маалыматтар базасына киргизет.