Загрузка документа…
| 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин
каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды
төлөө жана уруксатты каттоо
тартиби
1. Жалпы жоболор
2. Жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана уруксат берүү талаптары
3. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо боюнча аракеттер, ошондой эле эсебин жүргүзүү
4. Уруксатты кайра тариздөө, колдонуу мөөнөтүн узартуу, дубликатын берүү
5. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип ыйгарым укуктуу орган тарабынан транспорт каражатынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоону жана жыйымдарды төлөөнү аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) транспорт каражатынын ээси – менчик укугунда же башка мүлктүк укуктарда транспорт каражатына ээ болгон юридикалык же жеке жак;
2) арыз ээси – таандык болгон транспорт каражатынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн кайрылган резиденттер жана резидент эместер;
3) резиденттер – Кыргыз Республикасынын жарандары, кайрылман статусун алган этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
4) резидент эместер – ушул Тартипке ылайык жеке жана юридикалык жак резидент деп таанылбаган жеке жана юридикалык жактар;
5) уруксатты каттоо – транспорт каражатынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат жөнүндө маалыматтарды транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына киргизүү;
6) көчүрмө – транспорт каражатынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоону ырастаган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ түрүндө таризделген маалымат;
7) “Транспорт каражаттарынын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системасы (“ТКР” АМС) – катталган транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;
8) VID – транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери;
9) М1 – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары, отуруу үчүн сегизден көп эмес орундугу бар жеңил автомобилдер;
91) M1G – өтүмдүүлүгү жогору болгон, М1 категориясындагы (жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, айдоочунун ордунан тышкары сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдер) транспорт каражаттары;
10) ыйгарым укуктуу орган – автомототранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган;
11) транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси – Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарынын алдынкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/ “Түндүк” мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери.
Эскертүү:
Ушул Тартиптин 2-пунктунда расмий тилдеги текстте подпункттардын нумерациясында айырмачылык бар
2. Жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана
уруксат берүү талаптары
3. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:
– резидент-жеке жактар үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
– юридикалык жактар үчүн 700 эсептик көрсөткүч;
– резидент эместер үчүн 900 эсептик көрсөткүч.
Эскертүү:
Ушул Тартиптин 3-пунктунун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 35 токтомуна ылайык токтотулду
4. Электромобилдердин алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:
– резидент-жеке жактар үчүн 300 эсептик көрсөткүч;
– юридикалык жактар үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
– резидент эместер үчүн 700 эсептик көрсөткүч.
5. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты алуу үчүн акы төлөө республикалык бюджетке накталай акчаны берүү же которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
6. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз ээси республикалык бюджетке тиешелүү жыйымды төлөгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
7. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеңил автомобилдерден (такси) тышкары, уруксат М1, M1G категориясындагы транспорт каражаттарына берилет.
8. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөө боюнча иштерди аткаруу уруксат катталгандан кийин транспорт каражатынын ээси тарабынан өз алдынча же мындай иштерди жүзөгө ашырган ишкердик субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Арыз ээсинин каалоосу боюнча транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин жарык өткөрүүнү чектөөсүз күңүрттөөгө жол берилет.
3. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин
каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо
боюнча аракеттер, ошондой эле эсебин жүргүзүү
10. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо арыз ээси ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз кайрылганда же күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) ыйгарым укуктуу органга кайрылууда төмөнкү документтерди берүү зарыл:
– “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же идентификациялык картасын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта);
– ушул менчик ээсине таандык экендигин ырастаган кагаз түрүндөгү же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү;
– юридикалык жактарга таандык болгон жеңил транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчиси үчүн талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн акы төлөмдү ырастаган документ (транспорт каражаттарын күңүрттөөгө уруксат үчүн акы төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөнгөн учурда документ талап кылынбайт);
2) күңүрттөөгө уруксатты транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси аркылуу каттоо үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
– онлайн-каттоо сервистеринин бири (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/“Түндүк” мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери) аркылуу транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн кызмат көрсөтүүнү тандоо;
– тизмеден керектүү транспорт каражатын тандоо (ээсинин менчигинде бир нече транспорт каражаты болгон учурда);
– транспорт каражатынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаттын наркын электрондук форматта төлөө.
11. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери:
– арыз ээсинен ушул Тартиптин 9-пунктунда каралган документтерди кабыл алат;
– уруксаттын колдонуу мөөнөтү менен транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо жөнүндө маалыматты “ТКР” АМСке киргизет;
– кол койдуруп алуу менен “ТКР” АМСтен алынган уруксатты каттоо жөнүндө көчүрмөнү берет жана маалыматтарды уруксаттын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Уруксаттарды берүүнү эсепке алуу реестрине киргизет.
Уруксат транспорт каражатынын VID катталат.
Уруксатты каттоонун колдонуу мөөнү аяктагандан кийин уруксатты каттоонун колдонулушу аяктагандыгы тууралуу маалымат “ТКР” АМСте автоматтык режимде чагылдырылат.
12. Жеңил транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаты бар болгондугун контролдоо электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталындагы “Carcheck” сервисинде тиешелүү маалыматты автоматтык чагылдыруу жолу менен камсыздалат.
13. Бул Тартиптин 9-пунктуна ылайык документтер толук эмес көлөмдө берилген учурда ыйгарым укуктуу орган ушул кемчиликтерди 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө оңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Уруксатты каттоодон төмөнкүдөй негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:
– арыз ээси тарабынан кемчиликтер толук көлөмдө жана Тартиптин ушул пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаса;
– арыз ээси берген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтар аныкталса.
Башка негиздер, анын ичинде максатка ылайыксыз жүйөлөр боюнча уруксат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
4. Уруксатты кайра тариздөө, колдонуу
мөөнөтүн узартуу, дубликатын берүү
14. Уруксатты кайра тариздөө менчик ээси транспорт каражатын алмаштырганда же транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда гана жүзөгө ашырылат.
Мурда катталган уруксаты менен транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда менчик ээсинин арызы боюнча уруксат анын башка транспорт каражатына кайра катталышы мүмкүн, бул учурда уруксат арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын VID катталат.
Уруксат мурда катталган уруксаттын калган колдонуу мөөнөтүнө кайра катталат.
Мурда катталган уруксаты менен транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда катталган уруксаттын ээсинин арызы боюнча транспорт каражатынын жаңы ээсине уруксатты берүүгө жол берилет.
15. Уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу аны каттоо үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
16. “ТКР” АМСтен алынган уруксатты каттоого көчүрмө жоголгон же жараксыз болгон учурда дубликат арыз ээсинин кайрылуусу боюнча берилет.
5. Корутунду жоболор
17. Уруксат 1 жылдык мөөнөткө катталат. Менчик ээси уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөнү колдонуудан баш тарткан учурда, төлөнгөн жыйым уруксатты пайдалануу мөөнөтүнө карабастан кайтарып берилбейт.
Алдынкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкарууга укугу бар адамдар колдоно алат.
18. Катталган уруксаты жок айнектери күңүрттөлгөн транспорт каражатын эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.