Загрузка документа…
| 9-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Автотранспорт каражаттарына энчилүү мамлекеттик
каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр
3. Энчилүү номердик белгини сатуу тартиби
4. Энчилүү номердик белгилер үчүн чектөөлөр
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Автотранспорт каражаттарына энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) автотранспорт каражаттарына энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатууга байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
маалыматтар базасы – автотранспорт каражаттарына берилген энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди топтоо жана текшерүү үчүн арналган атайын уюштурулган программалык маалыматтардын электрондук системасы;
мамлекеттик каттоочу номердик белги – Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүүнү тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган жеке автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоочу коду түшүрүлгөн автотранспорт каражаттарынын номердик белгиси;
автотранспорт каражаттарына энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белги (мындан ары – энчилүү номердик белги) – арыз ээсинин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жасалган символдор (цифра жана тамга менен) түшүрүлгөн кошумча мамлекеттик каттоочу номердик белги;
сертификат – энчилүү номердик белгини сатып алуу фактысын ырастаган белгиленген формадагы документ;
ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор.
3. Энчилүү номердик белгини сатуу тартиби
3. Энчилүү номердик белгини сатуу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
4. Энчилүү номердик белгинин наркы 100 000 (жүз миң) сомду түзөт. Энчилүү номердик белгилерди сатуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт.
5. Энчилүү номердик белгини сатып алууну каалаган адам ыйгарым укуктуу органга өтүнмө берет.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
– паспорттун көчүрмөсү;
– автотранспорт каражатына энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белги үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
– менчигинде автотранспорт каражатынын болгондугун ырастаган документтер.
Арызды карагандан кийин ыйгарым укуктуу орган бир жумуш күндүн ичинде адамга энчилүү номердик белгини сатып алгандыгын ырастаган сертификатты берет.
Сертификаттын берилгендиги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Сертификат төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
– адамдын аты-жөнүн, туулган датасын жана жашаган жерин;
– энчилүү номердик белгини;
– энчилүү номердик белгини сатып алган датаны жана жерди.
6. Сертификат алгандан кийин адам үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте энчилүү номердик белгини алуу жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө белги койдуруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылат.
7. Төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамга энчилүү номердик белгини берүүдөн баш тартылат:
– энчилүү номердик белги ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасында болсо жана башка энчилүү номердик белгилерге окшош болсо;
– энчилүү номердик белги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аббревиатурасын камтыса;
– энчилүү номердик белги мамлекеттик каттоочу номердик белгилерге окшош болсо;
– жаранда менчик укугунда ага таандык автотранспорт каражаты жок болсо;
– энчилүү номердик белгиде төмөнкүлөрдү билдирген символдордун айкалышы камтылса:
– учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууну, согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлөнүүгө, башка элдерге жана улуттарга сабырсыздыкка үндөөнү;
– адепсиз деп эсептелген сөздөрдү.
Каалаган энчилүү номердик белгини берүүдөн баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери адамга жазуу жүзүндө жооп берет жана “берүүдөн баш тартылды” белгиси менен бул айкалыштагы символдорду маалыматтар базасына киргизет.
4. Энчилүү номердик белгилер үчүн чектөөлөр
8. Энчилүү номердик белгилер төмөнкүдөй талаптарды сактоо менен даярдалат:
– энчилүү номердик белгинин пластинасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн ак фондо болууга тийиш;
– номерде цифралык символдор (араб) жана латын алфавитинин баш тамгалары болушу мүмкүн;
– номерде экиден кем эмес тамга болот, алар энчилүү номердик белгинин башына коюлат;
– энчилүү номердик белги экиден кем эмес, бирок жетиден ашпаган символду камтууга тийиш.