Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 803
Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 55-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон журналдарды, эсепке алуу китептерин жана башка бланктык продукцияларды даярдоо ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн органдар тарабынан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 540 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 544 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 “Бузуулардын бирликтүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонууга байланышкан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |