ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 18-марты № 168

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84, 2022-жылдын 24-февралындагы № 95, 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык) күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 771 "4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту, 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары жана 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 52-пунктундагы "24" деген цифралар "72" деген цифралар менен алмаштырылсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32 (3104) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев