Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-ноябры № 68
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, (чыгыш 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 01-04/56) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин түзүү үчүн 9 талапкердин документтери Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Б.Усеналиев |