ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 804 «Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү эрежелери жөнүндө» токтому

Редакция11.12.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 11-декабры № 804

 

 

Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү эрежелери жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 111-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.  Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 479 “Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү эрежелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев