Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-декабрындагы № 804
токтому менен бекитилген)
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) бир өңчөй иштер үчүн эмгектин типтүү (тармактар аралык, тармактык (ведомстволук, кесиптик) жана локалдык) ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү тартибин аныктайт.
Ушул Эрежелер ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерине методикалык жардам көрсөтүү үчүн арналган.
2. Эмгекти ченемдөө кызматкерге эмгек акы төлөө менен түздөн-түз байланышта. Алсак, убакыт бирдигинде белгилүү бир татаалдыктагы (квалификациядагы) эмгек ченемдерин аткаргандыгы үчүн тарифтик ставка, ал эми календардык айда белгилүү бир татаалдыктагы эмгек (кызматтык) милдеттерин аткаргандыгы үчүн – кызматкердин эмгек акысынын белгиленген өлчөмү болуп саналган, курамына компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөр кирбеген маяна же кызматтык маяна белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 15, 16-беренелерине ылайык эмгек ченемдерин аткаруу кызматкердин милдети, ал эми ага эмгек келишиминде шартталган ишти берүү – иш берүүчүнүн милдети болуп эсептелет. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 111-беренесине ылайык иш берүүчү кызматкерлердин аткарылган иштин ченемдерин аткарышы үчүн нормалдуу шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
4. Эмгекти ченемдөө эмгек боюнча нормативдерге (убакыт, сан жана тейлөө убактысы нормативдери), ошондой эле эмгектин типтүү ченемдерине (убакыт, аткарылган иштин, тейлөө ченемдери) негизделет.
Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
5. Эмгек боюнча нормативдер – бул регламенттелген:
1) техниканын, технологиянын, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруунун жетишилген деңгээлине ылайык иштин айрым элементтерин (комплекстерин) аткарууга, жабдуу бирдигин, жумуш ордун, бригаданы, түзүмдүк бөлүмдү тейлөөгө коротулган убакыт;
2) өндүрүштүк, башкаруу функцияларын же конкреттүү уюштуруу-техникалык шарттарга жана өндүрүштүк факторлорго жараша өлчөө бирдиги катары кабыл алынган иштердин көлөмүн аткаруу үчүн зарыл болгон кызматкерлердин санынын мааниси.
Айрым кызматкерлердин алардын демилгеси боюнча эмгектин жаңы ыкмаларын колдонуунун жана жумуш орундарын өркүндөтүүнүн эсебинен продукцияны иштеп чыгуунун (кызматтарды көрсөтүүнүн) жогорку деңгээлине жетишүүсү мурда белгиленген эмгектин ченемдерин кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
6. Убакыт ченеми – бул белгилүү бир квалификациядагы кызматкер белгилүү бир техникалык шарттарда конкреттүү ишти (операцияны) аткарууга тийиш болгон иш берүүчү тарабынан белгиленген убакыт.
Ошол эле учурда анын жумушта болуу убактысы жумуш убактысынан жана тыныгуулардан түзүлөт. Жумуш убактысы өз кезегинде негизги, көмөкчү, даярдоочу-жыйынтыктоочу, ошондой эле жумуш ордун тейлөө убактысынан турат.
Негизги убакыт деп конкреттүү ишти (операцияны) аткаруу процесси менен байланышкан түздөн-түз максатка жеткен, ал эми көмөкчү убакыт деп – кызматкердин негизги ишти аткарууну камсыз кылуу менен байланышкан аракеттерге короткон убактысы аталат.
Негизги жана көмөкчү убакыттын суммасы оперативдүү убакытты түзөт.
Жумуш ордун тейлөө убактысы жумуш ордун талаптагыдай абалда кармап туруу үчүн зарыл. Ал жумуш ордун уюштурууга жана техникалык тейлөөгө кеткен убакыт бөлүктөрүнөн түзүлөт.
Даярдоочу-жыйынтыктоочу деп тапшырылган ишти аткарууга кызматкерди жана өндүрүш каражаттарын даярдоо жана аны аяктоо үчүн талап кылынган убакыт аталат.
7. Тыныгуу убактысы кызматкерден көз каранды болгон жана түрдүү кемчиликтер менен байланышкан тыныгуу убактысын камтыйт. Кызматкерден төмөнкүдөй тыныгуу убактылары көз каранды:
1) анын эс алуусу жана жеке керектөөлөрү үчүн;
2) ал тарабынан эмгек тартибинин бузулушунун (иштин (кезметтин) башталышына жана түшкү тамактануудан кийин кечигип келүү, түшкү тамактануу алдында жана кезметтин аягында иштен эрте чыгып кетүү) жана аткаруучуну аткарылуучу иштен алаксытуунун натыйжасында.
Аныкталган мезгилдерге бөлүнгөн убакыт ченеми (жумуш убактысы) жумуш убактысын жумуш эмес майрам күндөрүндө 1 саатка кыскартууну эсепке алуу менен жумасына 40 жана андан аз саатты түзгөн мыйзамдарда белгиленген жумуш убактысынын жумалык узактыгына жараша эсептелет.
Убакыт ченемдерине ылайык башка эмгек ченемдери эсептелет, мисалы, аткарылган иштин ченемдери, тейлөө ченемдери.
Эмгекти ченемдөө объекти болуп бир кызматкер же алардын тобу тарабынан бир жумуш ордунда жана бир эмгек предметинин үстүндө жүргүзүлүүчү операция (процесстин бир бөлүгү) эсептелет.
Убакыт ченемдерин белгилөө үчүн жүргүзүлүүчү операциянын ар бир элементи боюнча эмгекти уюштуруу формасына (жеке же бригадалык) карабастан өзүнчө аналитикалык жана эсептик иш жүргүзүлөт.
8. Тейлөө ченеми – бул кызматкер конкреттүү техникалык шарттарда эсептик убакыт бирдигинде (кезмет, саат, жумуш күнү, жума ж.б.у.с.) аткарууга тийиш болгон иштердин белгиленген көлөмү (жумуш орундарынын саны, тейленүүчү адамдардын, аянттардын квадрат метрлеринин саны ж.б.у.с.).
Тейлөө ченемдери атап айтканда, жабдууларды тейлөө, аянттарды, жумуш орундарын тазалоо жана башкалар менен алектенген кызматкерлердин эмгегин ченемдөө үчүн арналат. Мындан тышкары тейлөө ченемдери убакыт ченемдеринин негизинде кызматкерлердин эмгегин ченемдөө максатка ылайыксыз болгон учурда убакыт ченемдерин белгилөө (иштеп чыгуу) үчүн иштелип чыгат.
Тейлөө ченеми тейленүүчү объекттердин бирдигине белгиленген убакыт ченеминен жана жумуш убактысынын узактыгынын ченеминен келип чыгат.
Көрсөтүлгөн ченемдер менен катар локалдык ченемдик актылар менен бекитилген башка эмгек ченемдери да колдонулушу мүмкүн, мисалы, персоналдын штаттык санынын ченемдери.
9. Сандык ченемдер өндүрүштүк сыяктуу эле башкаруучулук да мүнөздөгү иштердин конкреттүү көлөмүн аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү кесиптик-квалификациялык курамдагы кызматкерлердин санын чагылдырат.
Сандык ченемдер боюнча кесиптер, адистиктер, иштердин топтору же түрлөрү, жекече функциялар боюнча, жалпы мекеме жана уюм боюнча, ошондой эле алардын түзүмдүк бөлүмдөрү боюнча эмгек чыгымдары аныкталат.
10. Эмгек ченемдерине ченемделген тапшырма – кызматкер же кызматкерлер тобу иштин сапатына карата белгиленген талаптарды сактоо менен белгилүү бир мезгилде аткарууга тийиш болгон иштин белгиленген көлөмү да кирет.
11. Эмгектин типтүү ченемдери бирдей технологиялар боюнча, окшош шарттарда, экономиканын бир тармагында же бир нече тармактарында аткарылуучу иштерге иштелип чыгат. Алар тармактар аралык, тармактык (ведомстволук, кесиптик) жана локалдык болуп бөлүнөт:
1) тармактар аралык нормативдер ишканалардын ведомстволук караштуулугуна карабастан алар үчүн иштерди аткаруунун бирдей же окшош уюштуруу-техникалык шарттары үчүн иштелип чыгат жана бул ишканалардын кызматкерлеринин эмгегин ченемдөө үчүн арналат. Тармактар аралык ченемдер экономиканын эки жана андан көп тармактарынын ишканаларында (мекемелерде, уюмдарда) аткарылуучу иштерде эмгекти ченемдөө үчүн арналат. Эмгек боюнча орган тарабынан тармактардын ченемдик-изилдөөчү уюмдарынын, мекемелердин, ишканалардын катышуусунда иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет;
2) тармактык нормативдер тиешелүү тармак үчүн мүнөздүү болгон иштерди ченемдөө үчүн арналган. Алар экономиканын бул тармагында (чакан тармагында) ишти башкарууну, жөнгө салууну жана координациялоону жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет;
3) локалдык нормативдер кыйла кеңири колдонуу чөйрөсү бар ченемдик материалдары эскирген же жок болгон ошол ишкананын уюштуруу-техникалык шарттарына колдонула турган болуп иштелип чыгат.
Иштердин айрым түрлөрүнө карата локалдык ченемдер жана нормативдер тиешелүү тармактар аралык же тармактык (ведомстволук) ченемдик материалдар (ченемдер жана нормативдер) жок болгон учурларда, ошондой эле мекемеде эмгекти ченемдөө үчүн колдонуудагы тармактар аралык жана тармактык (ведомстволук) ченемдик материалдарды иштеп чыгууда эске алынгандарга салыштырмалуу кыйла прогрессивдүү уюштуруу-техникалык шарттар түзүлгөн учурда иштелип чыгат.
Эмгек боюнча локалдык нормативдерди иштеп чыгууда ченемдөө теориясында жана практикасында болгон методикалык жоболорду, ошондой эле эмгек боюнча нормативдердин ар кандай түрлөрүн (чыгымдардын түрлөрү, дифференциациялоо даражасы, колдонуу чөйрөсү боюнча) пайдалануу сунушталат. Мында башкаруунун заманбап шарттарынын жана методдорунун өзгөчөлүктөрүн, ишкананын ресурстарын колдонуу менен байланышкан экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү, ошондой эле эмгек боюнча нормативдерди өз алдынча иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу керек.
12. Экономикалык маанилүүлүгү жогорулагандыгына байланыштуу эмгек боюнча нормативдер төмөнкүдөй негизги талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) техника, технология, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруу көз карашынан алганда, алардын азыркы деңгээлин жана өздөштүрүү даражасын чагылдыруу менен прогрессивдүү болуу; ченемделүүчү иштерди аткаруунун кыйла кеңири тараган жана рационалдуу варианттарын, анын ичинде эмгекти бөлүштүрүүнүн жана кооперациялоонун максатка ылайыктуу формаларын, эмгектин, жумуш орундарын уюштуруунун жана тейлөөнүн методдорун жана ыкмаларын камтуу;
2) эмгек чыгымдарынын ченемдерин белгилөөдө колдонуу үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуу;
3) автоматташтырылган системалардын заманбап технологиялары шартында эмгекти ченемдөө маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү алгоритмдерди, формулаларды жана башка зарыл маалыматты камтуу.
13. Эмгек боюнча нормативдерди иштеп чыгууда негизги талаптар менен катар төмөнкүлөр кире турган атайын талаптарды да эске алуу зарыл:
1) нормативдерди колдонуунун тууралыгын, белгиленүүчү ченемдердин негиздүүлүгүн жана реалдуулугун, аларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ченемделүүчү процессти аткаруунун уюштуруу-техникалык шарттарына жана элементтик курамына карата нормативдердин аныкталгандыгы;
2) эмгек процесстерин долбоорлоодо жана алардын ченемдик узактыгын белгилөөдө кыйла рационалдуу чечимдерди тандоо учурунда инструмент катары нормативдерди колдонууга мүмкүндүк берген уюштуруу-техникалык шарттардын (факторлордун) оптималдуу варианттуулугу (универсалдуулугу);
3) ар кандай өндүрүш түрлөрүндө колдонулуучу ар түрдүү деңгээлдердеги нормативдерди бирдиктүү системага байланыштыруу, бул ченемдердин сапатын жогорулатат жана аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет;
4) нормативдерди иштеп чыгууда жана тариздөөдө эске алуу зарыл болгон нормативдерди колдонуунун так жана бир маанилүү тартибин камсыз кылуу;
5) иштерди жана өндүрүштү өздөштүрүүнү эске алуу менен ченемдик маанилерди белгилөө.
14. Эмгек боюнча ченемдик материалдарга коюлуучу талаптар аларды иштеп чыгууда сакталууга тийиш.
15. Нормативдерди иштеп чыгууда адистер эмгек боюнча ченемдик материалдарды иштеп чыгуу боюнча жалпы кабыл алынган методикалык жоболорду жетекчиликке алууга тийиш.
16. Эмгек боюнча нормативдерди иштеп чыгуу бир нече этапта жүзөгө ашырылып, мазмуну долбоорлонуп жаткан нормативдердин түрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Негизги жалпыланган этаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ченемдик материалдарды түзүү методикаларын жана схемаларын иштеп чыгуу;
2) баштапкы материалдарды чогултуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
3) баштапкы маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу, ченемдик көз карандылыктарды алуу;
4) эмгек боюнча ченемдик материалдарды тариздөө;
5) ишканада эмгек боюнча ченемдик материалдарды текшерүү, түзөтүү жана киргизүү.
17. Ченемдик материалдарды түзүү методикасы жана схемасы ченемделүүчү иштердин багыты, түрү, продукцияны чыгаруу көлөмү жана өндүрүштүн мүнөзү менен аныкталат.
Бул этапта нормативдердин алдын ала мазмуну аныкталат, ченемдик таблицалардын макети иштелип чыгат, байкоолордун жана аларды иштеп чыгуу жолдорунун зарыл саны, изилдөө объекти аныкталат.
18. Ченемдик материалдардын мазмуну нормативдер иштелип чыгуучу иштердин техникалык-ченемдөө классификациясынын негизинде белгиленет.
Техникалык-ченемдөө классификациясы ченемделүүчү эмгек процессинин иштеринин түрлөрүнүн жана элементтеринин, ошондой эле аларды аткаруунун узактыгына таасир тийгизүүчү факторлордун тутумдаштырылган тизмегин билдирет. Технологиялык процессти классификациялоодо айрым иштер жалпы белгилер боюнча топтоштурулат, мисалы, тетиктерди орнотуу жана чыгаруу, тетиктерди бекитүү жана аларды чечип чыгаруу, тетиктерди үйлөө жана майлоо жана башкалар. Эмгек процесси аны элементтерге ажыратууну эске алуу менен классификацияланат: эмгек кыймылдары, аракеттери, ыкмалары жана башкалар.
Техникалык-ченемдөө классификациясында сапаттык (мисалы, тетиктерди ташуу, өлчөө, бекитүү ыкмасы) жана эмгек предмети (механикалык касиеттери, тетиктердин массасы, иштетилүүчү үстүнкү беттердин өлчөмдөрү) жана эмгек каражаттары (жабдуулар, уюштуруу жана технологиялык жабдыктар) менен байланышкан сандык факторлор чагылдырылат. Эмгекти уюштуруу факторлорун эсепке алуу маанилүү болуп саналат, атап айтканда: эмгектин методдору жана ыкмалары, тышкы жана ички пландоо, жабдуу, жумуш ордунда эмгек шарттары жана башкалар, ошондой эле нормативдер иштелип чыгуучу өндүрүштүк шарттарда орду бар мүмкүн болуучу рационалдуу уюштуруу варианттарында аларды өзгөртүү чектери.