Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 18-ноябры № 323
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 26 "Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 26 "Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |