ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 323 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 26 «Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» токтому

Редакция18.11.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 18-ноябры № 323

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 26 "Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 26 "Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров