Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-декабры № 766
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715
“Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин
жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 “Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
– 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Реестрди жүргүзүү боюнча саясатты түзүү Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.”;
– 6, 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Ишкердик субъекттери деп кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан ишти кошпогондо, ишкердик ишти жүргүзгөн, алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык менчик формаларындагы юридикалык жактары жана жеке ишкерлери таанылат.
7. Реестр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө жүргүзүлөт, мында ишкердин Реестрде болуу мөөнөтү киргизилген датадан тартып үч жылды түзөт.”;
– 8-пункт “реестр кармоочунун” деген сөздөрдөн кийин “жана ыйгарым укуктуу органдын” деген сөздөр менен толукталсын;
–15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн:
– мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
– уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөлөрү;
– Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугун ырастоочу документтер;
– ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча штаттык жумушчулар жөнүндө маалыматтар;
– акыркы үч жыл ичинде улуттук валютада төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар;
– ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз ээси жөнүндө маалымкат;
2) жеке ишкерлер үчүн:
– паспорттун көчүрмөсү;
– жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугун ырастоочу документтер;
– ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча штаттык жумушчулар жөнүндө маалыматтар;
– акыркы үч жыл ичинде улуттук валютада төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар;
– ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз ээси жөнүндө маалымкат.”;
5, 6-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
6) кызматкерлердин орточо эмгек акысы тиешелүү аймак боюнча орточо деңгээлден төмөн эмес;”;
8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 21-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) реестр кармоочуга расмий кабарлама (эркин мазмундагы жазуу жүзүндө) жана ишинде өзгөрүүлөр жоктугун же бар экендигин ырастоочу документтер берилбегенде;”;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Ишкердик субъекттери отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча кийинки жылдын 30-январынан кечиктирбестен расмий кабарлама (эркин мазмундагы жазуу жүзүндө) жана ал боюнча Реестрде чагылдырылган маалыматтар өзгөргөн учурда же мындай өзгөрүүлөрдүн жоктугу жөнүндө тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү.”;
– 26-пунктта “беш” деген сөз “үч” деген сөзгө алмаштырылсын;
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиаплан боюнча өз ишин чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарында бир жолку акысыз эфир убактысын алат;”;
4-пунктчада “текшерүүлөрдөн” деген сөз “пландуу текшерүүлөрдөн” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
“6) продукцияга, таңгакка жана жарнамалык материалдарга “Ак ниет ишкер” маркалоосун пайдалануу укугун алат.”;
– ушул токтомдун тиркемесине ылайык 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 95 (3752) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого |
Форма
Арыз ээси жөнүндө маалымкат
| |
Юридикалык жактын аталышы/ жеке ишкердин аты-жөнү |
|
Иштин түрү |
|
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери |
|
Юридикалык дареги/жашаган жери/ Whats Арр номери |
|
Юридикалык жактын/жеке ишкердин биринчи жөлу катталган (кайра катталган) датасы |
|
№ | Ишкерди Реестрге киргизүү үчүн критерийлер | Субъект жөнүндө маалымат | |
1 | Реестрге киргизүү учурунда ишкердик ишти 3 жылдан кем эмес жүргүзүү | _____________ жыл иш жүргүзүүдө | |
2 | Акыркы 3 жыл катары менен акыркы 12 ай ичиндеги пайданын жыйынды көлөмү: | Чакан ишкердик субъекти – 8 000 000 сомдон ашпайт | 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; |
Орто ишкердик субъекти – 8 000 000 сомдон ашат, бирок 30 000 000 сомдон ашпайт | 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; | ||
Ири ишкердик субъекти – 30 000 000 сомдон ашат | 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом; | ||
3 | Акыркы 3 жыл ичинде төлөнүүчү салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жылдык көлөмүнүн өсүү темпин орточо 5 %га жогорулатуу | Салыктар: 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% | |
Камсыздандыруу төгүмдөрү: 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% | |||
4 | Акыркы 3 жыл ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык эмгек келишими түзүлгөн жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн жумушчулардын орточо саны | Чакан ишканалар – 25тен ашпаган кызматкер; | 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ Орточо саны |
Орто ишканалар – 25тен кем эмес кызматкер; | 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ Орточо саны | ||
Ири ишканалар - 70тен ашык кызматкер; | 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ Орточо саны | ||
5 | Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу | Карызы жок: Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. | |
6 | Кызматкерлердин орточо эмгек акысы тиешелүү аймак боюнча орточо деңгээлден төмөн эмес | 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом | |
7 | Экономикалык кылмыштар жана укук бузуулар үчүн мурда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаган жетекчи | (Аты-жөнү/кызмат орду) тартылган эмес
Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. | |
". | |||