ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 633 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 11-декабры № 801

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 2-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жободо:

– 1-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 11-пункттун 7-пунктчасында ", калкты каттоо жана документтештирүү" деген сөздөр алып салынсын;

– 12-пункттун 1-пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 14-пункттун 19-пунктчасында ", калкты каттоо жана документтештирүү" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев