Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 11-ноябры № 63-14
"Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун 2026-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 236-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-бөлүмүн жана 315-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун 15-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 358 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөө методикасы боюнча буйрук кылам:
1. "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун 2026-жылга жаратылыш газын жоготуу ченеми ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмү:
– ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 18-ноябрындагы № 91 (3747) саны менен жарыяланды
Министри |
| Т.Ибраев |
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 63-14 буйругуна тиркеме |
"Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун 2026-жылга жаратылыш газынын нормативдик жоготуулары
Жоготуулардын аталышы | 2026-жыл |
Газ түтүктөрүндөгү жаратылыш газынын жоготуулары | "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын газ бөлүштүрүү үчүн газ өткөрүүчү жана газ бөлүштүрүүчү тутумдарына келип түшкөн жаратылыш газынын көлөмүнүн 8,3%ы |