Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна)
Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары – УБК) ылайык иштелип чыкты.
Ушул Жобо укук бузуулар жөнүндө материалдарды эсепке алуунун автоматташтырылган мамлекеттик тутумдарынын бирдиктүү принциптерин жана тартибин аныктайт жана төмөнкүлөрдү жөнгө салат:
– укук бузуулар жөнүндө, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар аркылуу автоматтык режимде жазылып алынган маалыматтарды киргизүү тартибин;
– укук бузуулар менен байланышкан укуктук кесепеттерди жана чечимдерди;
– укук бузуулар жөнүндө материалдардын кыймылын;
– мамлекеттик статистикалык байкоо формаларында укук бузуулардын абалы жөнүндө маалыматтарды бирдей жана толук чагылдырууну.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик жана сот органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка юридикалык жактардын маалыматтык тутумдарынын ортосунда автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу маалымат алмашуунун негиздерин белгилейт.
Жобо укуктук статистиканын бардык субъекттери, УБКнын талаптары жайылтылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына аткаруу үчүн милдеттүү.
Укук бузуулардын бирдиктүү реестри укук коргоо органдарынын чара көрүүсүнүн ыкчамдуулугун жогорулатуу, укук бузуулар боюнча кырдаалды талдоо жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле алардын ачык-айкындуулугун жана укук бузууларды алдын алуунун жана бөгөт коюунун натыйжалуулугун контролдоо үчүн катталган укук бузуулар тууралуу маалыматтарды натыйжалуу, системалуу жана коопсуз чогултуу, сактоо, эсепке алууну жана иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында УБКга ылайык түзүлөт жана колдонулат.
2. Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) укук бузууларды, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун аткарылышын, ошондой эле аларга даттанылган учурда соттордун жана ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин каттоо жана эсепке алуу;
2) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик жана сот органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка юридикалык жактардын маалыматтык тутумдарынын ортосунда маалыматтарды өз ара алмашуу;
3) далил маалыматтарды (фото, видео, координаттар, дата жана убакыт) сактоо;
4) укук бузуулар жөнүндө иштердин статистикасын түзүү, эсепке алуу боюнча бирдиктүү контролду жүзөгө ашыруу;
5) автоматташтырылган маалыматтык тутумдарга ыңгайлуу жетүүнү уюштуруу жана ишенимдүү сактоо менен бул чөйрөдөгү бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти иштетүү;
6) жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү маалыматтарга алардын жетүүсүн камсыз кылуу;
7) төмөнкүдөй маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, жалпылоо, топтоо, сактоо жана коргоо:
– укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар жөнүндө;
– колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө;
– укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу, кайра жандандыруу, кыскартуу жөнүндө;
– укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдордун аткарылышы жөнүндө;
– мажбурлап жаза чаралары жөнүндө;
– укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдорго даттануу учурунда соттордун, прокурордун жана ыйгарым укуктуу органдын чечимдери жөнүндө;
– токтомдордун көчүрмөлөрүн жеткирүү/кайтаруу статусу жөнүндө;
– айып пулдардын төлөнүшүнүн статусу жөнүндө.
3. Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары – Ээси) тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми укук бузуулар тууралуу маалыматтарды каттоо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” жана “Укук бузууларды автоматтык түрдө белгилөө” автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
4. Жободо колдонулуучу негизги терминдер жана алардын аныктамалары:
“Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары – “УБР” АМТ) – кол менен же санарип форматта түзүлгөн укук бузуулар жөнүндө, аларды жасаган адамдар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө иштерди электрондук формада жүзөгө ашыруу жана алып баруу жөнүндө киргизилген маалыматтар камтылган автоматташтырылган маалыматтык тутум;
“Укук бузууларды автоматтык түрдө белгилөө” автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары – “УАБ” АМТ) – фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган техникалык каражаттар аркылуу автоматтык режимде белгиленген укук бузуулар жөнүндө токтомдорду иштеп чыгуу, чогултуу, сактоо, каттоо, чыгаруу процесси жүзөгө ашырылган автоматташтырылган маалыматтык тутум;
“Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары – “КБР” АМТ) – жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды же билдирүүлөрдү, ошондой эле “КБР” АМТнын маалыматтарды эсепке алуу журналындагы окуялар жөнүндө башка маалыматтарды каттоо, сотко чейинки өндүрүш ишин, процесстик аракеттерди жана чечимдерди, кылмыш ишинин кыймылын, сот өндүрүшүнүн катышуучуларын жана арыз ээлерин, кылмыш иши боюнча сот өндүрүшүнүн натыйжаларын каттоо жөнүндө маалыматтар киргизилген электрондук маалыматтар базасы;
автоматташтырылган жумуш орду – катышуучулардын “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүү мүмкүнчүлүгү үчүн арналган программалык-техникалык комплекс;
аутентификация – колдонуучунун “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда жетүү укуктарын идентификациялоочу, ошондой эле анын аныктыгын ырастоочу технологиялык каражаттар;
администраторлор – маалыматтык-технологиялык чөйрөнүн учурдагы каражаттарынын алкагында иштешин камсыз кылуу жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик жана сот органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу адамдарына “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга уруксат берүү жана алардын иштешин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлгөн “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучуларынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери;
так отчеттуулук бланктары – так отчеттуулук бланктарын түзүү модулу (типографияда даярдалган кагаз түрүндөгү вариант, каттоодон кийин тутум тарабынан номер берилген санариптик вариант, жарактуулук мөөнөтү 3 сутка менен чектелген убактылуу кагаз түрүндөгү вариант);
Ээси – катышуучулардын иш-аракеттерин башкаруу жана жалпы координациялоо, ошондой эле “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны администрациялоо жана иштетүү боюнча ыйгарым укуктары жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
документти генерациялоо – “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТга киргизилген шаблондордун негизинде документти автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берген электрондук операция;
маалыматтарды эсепке алуу журналы (мындан ары – МЭЖ) – “КБР” АМТнын курамдык бөлүгү болуп саналган, ар бир жазууга каттоо номери автоматтык түрдө ыйгаруу менен жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле окуялар жөнүндө башка маалыматтар киргизилүүчү каттоо модулу түрүндөгү автоматташтырылган маалыматтар базасы;
логдор журналы – катышуучулардын иш-аракеттерин жазган автоматташтырылган электрондук реестр;
төлөм коду – укук бузууга төлөмдү аткарууга мүмкүндүк берген цифралардын комбинациялары;
түзөтүү – “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга катталган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү же акыркы иш-аракеттерди жокко чыгаруу;
мобилдик тиркеме – электрондук түзүлүштөр (планшет, мобилдик түзүлүш ж.б.) аркылуу укук бузууларды каттоо, ошондой эле укук бузуу үчүн айып пулдардын бар экендигин белгилөө үчүн арналган программалык камсыз кылуу;
штаттан тышкаркы кырдаал – “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын иштөөсү жана жүргүзүлүшү менен байланышкан жагымсыз учур же болбосо окуя;
“УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын колдонуучулары – Ээси, администратор жана каттоочу;
кабыл алуучулар – “УБР” АМТга маалыматтар киргизилген жана УБКга ылайык “УАБ” АМТда укук бузуулар жөнүндө токтомдор чыгарылган укук бузуучулар;
укук бузуу жөнүндө токтом – тиешелүү маалыматтарды “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга киргизүү менен сот же ыйгарым укуктуу орган (алардын кызмат адамы) тарабынан чыгарылуучу УБКнын алкагында кабыл алынган чечим тууралуу кагаз түрүндөгү же болбосо санарип кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн санарип документ формасындагы документ;
укук бузуу жөнүндө протокол – ыйгарым укуктуу адамдар укук бузууну, укук бузуунун убактысын жана ордун, ошондой эле укук бузуучунун күнөөсү боюнча башка маанилүү деталдарды белгилеген кагаз түрүндө же санарип форматта түзүлгөн документ;
САК – аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу сот аткаруучулар кызматы;
укук бузуу жасаган адамдарды каттоо – укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар тарабынан укук бузууларды жасаган адамдар (жеке же юридикалык жактар) тууралуу маалыматтарды “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга киргизүү;
каттоочулар (операторлор) – УБКга ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо укуктары берилген ыйгарым укуктуу адамдар;
сот – укук бузуулар жөнүндө иштерди караган, ошондой эле анын компетенциясына кирген башка маселелерди чечкен ыйгарым укуктуу орган;
техникалык оператор – “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны техникалык коштоону жүзөгө ашырууга жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме;
“УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучулары (мындан ары – катышуучулар) – Ээси, администраторлор, каттоочулар, колдонуучулар, кабыл алуучулар, техникалык оператор, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик жана сот органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга уруксат алган юридикалык жактар;
санарип документ – идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык колдонулуучу санарип кол тамга же идентификатордун жардамы өзгөрбөстүгү камсыз кылынган санариптик жазууну билдирет;
санарип кол тамга – санарип формадагы башка маалыматтарга кошулган жана (же) логикалык жактан аны менен байланышкан жана санарип документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санарип документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санарип формадагы маалымат.
Орган (кызмат адамы) PDF-документти түзүүдө укук бузуу жөнүндө ишти кароо мөөнөтү аяктаганга чейин кагаз түрүндөгү документтердин жана материалдардын түп нускаларын окулуу мүмкүндүгү жана сакталышы үчүн анын сапатын камсыз кылат.
Ишке тиешелүү жана (же) буюм далили болуп эсептелген файлдык документтер жана медиафайлдар “УБР” АМТда топтолот, эгер мүмкүн болбосо, протоколдо/токтомдо көрсөтүү менен иштин материалдарына жалпыланат.
2-глава. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучуларынын функциялары
5. Ээси “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын иштешин, администрациялоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, анын ичинде:
– “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда уюштуруучулук жана методикалык жүргүзүү каражаттарын иштеп чыгуу;
– “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын электрондук маалыматтар базасынын администраторунун функцияларын аткаруу;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдарынын, ошондой эле юридикалык жактардын башка маалыматтар базалары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
– “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны түзүү, жүргүзүү жана колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын жана ведомстволук актыларын иштеп чыгуу;
– “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын колдонуучулары үчүн аларды колдонуу боюнча окуу иш-чараларын өткөрүү;
– “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүү үчүн автоматташтырылган иш орундарына коюлуучу минималдуу техникалык талаптарды белгилөө;
– укук бузуу жөнүндө протоколдун ар бир бланкына ыйгарылган нумерацияны контролдоо жана эсепке алуу.
6. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администраторлору өз ыйгарым укуктарынын чегинде тутумдун колдонулушуна мониторинг жүргүзөт, өз компетенциясынын алкагында маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоону текшерет, ошондой эле ушул Жободо каралган башка функцияларды да аткарат, анын ичинде:
– кызыкдар болгон министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик жана сот органдарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүүнү берүү жана чектөө;
– “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны техникалык эксплуатациялоонун шарттарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө алардын катышуучуларына маалымдоо.
7. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын каттоочулары (операторлору) өз ыйгарым укуктарынын чегинде укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү жана актуалдаштырууну жүзөгө ашырат (киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат), анын ичинде:
– баштапкы маалыматтарды түзүү – автоматтык түрдө уникалдуу идентификаторду ыйгаруу менен “УБР” АМТга зарыл болгон маалыматтарды киргизүү;
– кошумча укуктук кесепеттер – жаза чарасын салуу, туум эсептөө, өндүрүштү токтотуу жана кыскартуу жөнүндө токтомдор чыгарылат, мажбурлап аткаруу үчүн укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча материалдарды өткөрүп берет.
8. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын техникалык оператору өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, Ээси менен болгон келишимдик милдеттенмелерге ылайык тутумдарды техникалык коштоону жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууну жүзөгө ашырат.
9. Сот органдары өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, ошондой эле ушул Жобого ылайык укук бузуулар жөнүндө токтомдорго даттанууларды кароо жөнүндө маалыматтарды берүүнүн алкагында “УБР” АМТ жана “УАБ” АМТ менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. Өз ара аракеттенүүнүн тартиби Ээси жана сот органдары тарабынан белгиленет.
10. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучулары тууралуу маалыматтар администраторлор тарабынан тутумунун тиешелүү санариптик маалымдамасына киргизилет.
11. Кадрларды башкаруу маселелерин тейлеген “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын каттоочуларынын бөлүмдөрү, эгерде мындай өзгөртүү “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын кандайдыр бир функцияларды аткарууга байланыштуу болсо, бир жумуш күндүн ичинде бул ыйгарым укуктуу органдын администраторлоруна уюштуруу түзүмү, кызмат орундары жана аларды ээлеген адамдар жөнүндө маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча администратор тутумга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш.
12. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучулары “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүүнү алган өзүнүн кызматкерлерин “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүү үчүн автоматташтырылган жумуш орундары жана байланыш каналдары менен камсыз кылууга, ошондой эле өзүнүн деңгээлинде “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын иштөөсүнө колдоо көрсөтүү боюнча өз алдынча чараларды көрүүгө милдеттүү. Автоматташтырылган жумуш орундары жана байланыш каналдары тутумдардын Ээси тарабынан белгиленген минималдуу техникалык талаптарга жооп бериши керек.
3-глава. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга
катышуучуларды кошуу
13. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүүнү алуу үчүн катышуучулар төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
– “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын каттоочусунун (операторунун) жооптуу кызматкерин;
– ведомстволук ички буйрукка ылайык жооптуу адамдарды (администраторлорду) дайындоону;
– “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээси тарабынан белгиленген минималдуу техникалык талаптарга ылайык маалыматтарды берүү ылдамдыгы менен байланыш каналынын иштешин;
– уруксатсыз жетүүдөн, ошондой эле зыяндуу программалык камсыздоодон талаптагыдай коргоону камсыз кылуу менен автоматташтырылган жумуш орундарынын иштешин;
– “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кибер коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоону;
– “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээси тарабынан суралган маалыматтарды пайдалануу бөлүгүндө маалыматтарды берүү.
14. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кошууга суроо-талап кошуунун максатын жана “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын зарыл ролун көрсөтүү менен Ээсинин дарегине (жазуу жүзүндө) жүзөгө ашырылат. Суроо-талаптын формасы “УБР” АМТнын Ээси тарабынан белгиленет.
15. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кошууга суроо-талап администраторлор тарабынан кошулуп жаткан тараптын автоматташтырылган жумуш орундарына алдын ала техникалык талдоо жүргүзгөндөн кийин 7 жумуш күндүн ичинде каралат. Суроо-талапты кароонун жыйынтыгында “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администраторлору кошуу боюнча иштин башталышы же баш тартуу жөнүндө кошулуучу тарапка маалымдайт.
16. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээси туташуу боюнча суроо-талапты кароонун алкагында, ошондой эле кошуу боюнча иштерди баштоо үчүн катышуучулардан зарыл маалыматтарды, ошондой эле документтерди сурап алууга укуктуу.
17. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээси тарабынан белгиленген минималдуу техникалык талаптарга ылайык келген автоматташтырылган жумуш орундары жок болгон учурда, ошондой эле ушул Жобо менен карама-каршылыктар табылганда “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээси же администраторлору кошуу өтүнүчүн четке кагууга укуктуу.
18. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучулары “УБР” АМТ жана “УАБ” АМТ тутумдарын кошууда жана пайдаланууда бири-бири менен болгон байланыш каражаттары, анын ичинде электрондук формада дайындалган жооптуу адамдар аркылуу гана өз ара аракеттенет.
19. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кошууга байланышкан бардык чыгымдар, анын ичинде корголгон байланыш каналдарын (VPN) уюштуруу, ошондой эле тутумдарга кошуу жана кирүү боюнча башка кошумча чыгымдарды кызыкдар катышуучулар өз алдынча тартат.
20. Кызыкдар катышуучулардын маалыматтык тутумдары маалыматтык өз ара аракеттенүү, ошондой эле “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда маалыматтарды каттоо максатында “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кошулушу мүмкүн.
21. Жетүү тутумдун Ээси тарабынан андан кийин каттоочуга (операторго) уруксатты берүү үчүн “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администраторлоруна берилет. Логин жана пароль “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын ар бир ыйгарым укуктуу катышуучусу үчүн уникалдуу болот.
22. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучусу тутумдун администраторуна “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга уруксатты берүүгө тийиш болгон ыйгарым укуктуу адамдардын тизмегин берет. Бул маалыматтардын негизинде, ошондой эле “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кошулуунун жыйынтыгы боюнча тутумда ар бир ыйгарым укуктуу адам үчүн өзүнчө логин жана пароль түзүлөт.
23. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администраторлору, ошондой эле “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын каттоочуларынын жана колдонуучуларынын жооптуу кызматкерлери катышуучулардын ичинен ар бир адамга төмөнкү ролдордун бирин белгилейт:
– каттоочу (оператор);
– начальник;
– техникалык оператор;
– колдонуучу.
24. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүү үчүн логин жана пароль алган адам тутумга биринчи жолу киргенде паролду алмаштырууга милдеттүү. “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны ар бир пайдаланууда логин жана пароль аркылуу аларга кошулуу каралган.
25. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кошулуунун натыйжасы болуп төмөнкүлөр саналат:
– катышуучуну “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кошуунун конфигурациялоо боюнча иштерди аягына чыгаруу;
– “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны катышуучусу тарабынан биринчи жолу колдонууда жана “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүүнү алганда паролду алмаштыруу.
26. Катышуучунун суроо-талабы боюнча паролду “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администратору алмаштыра алат. Ошол эле учурда алмаштырылган пароль да катышуучу тарабынан “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга биринчи жолу кошулганда өзгөртүлүшү керек.
27. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын каттоочусу (оператору) жумуштан бошотулганда же “УБР” АМТ жана “УАБ” АМТ менен байланышпаган башка кызматка которулган учурда “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администраторуна билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурда “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администратору бул катышуучу үчүн жетүүнү дароо токтотууга тийиш.
28. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучуларынын администраторлору же жооптуу адамдары квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээсине өз органы боюнча колдонуучулардын актуалдуу маалыматтарын берүүгө тийиш.
4-глава. “УБР” АМТ жана “УАБ” АМТ тутумдарынын маалыматтарын түзүү жана колдонуу тартиби
29. “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТ тутумдарына маалыматтарды киргизүү УБКда белгиленген өз компетенцияларынын, ошондой эле “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээси тарабынан аныкталган ролдордун чегинде каттоочулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
30. Катышуучу үчүн “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын жеткиликтүү болгон маалыматтары жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрү Ээси тарабынан аныкталган жетүү ролдоруна жана УБКга ылайык аныкталат.
31. Укук бузууларды жана аларды жасаган адамдарды, ошондой эле колдонулган кошумча укуктук кесепеттерди “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга каттоо укук бузуулар жөнүндө протоколдон маалыматтарды киргизүү же болбосо протоколдун электрондук формасын толтуруу жолу менен автоматташтырылган жумуш орундарын пайдаланып, каттоочулар тарабынан ишке ашырылат.
32. Укук бузууларды жана аларды жасаган адамдарды, ошондой эле колдонулган жазаларды жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо үчүн негиз болуп укук бузуу жөнүндө протокол жана/же токтом саналат, ал УБКга ылайык түзүлөт. Укук бузуу жөнүндө протокол жана/же токтом кагаз жүзүндө, ошондой эле санарип кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн санарип формада түзүлүшү мүмкүн.
33. Кагаз жүзүндөгү укук бузуу жөнүндө протокол жана/же токтом так отчеттуулук бланктары болуп саналат. Укук бузуу жөнүндө протоколдун ар бир бланкына номер “УБР” АМТ тутуму тарабынан ыйгарылат жана номерлөөнү ыйгаруунун электрондук журналына киргизилет. Ыйгарылган номерлөө менен протоколдордун бланктарын басып чыгаруу боюнча чыгымдарды “УБР” АМТнын ар бир катышуучусу өз алдынча көтөрөт.
34. Фото жана кино тартуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде белгиленген укук бузуулар жөнүндө токтомдорду номерлөө “УБР” АМТ тутуму тарабынан ыйгарылат жана номерлөөнү ыйгаруунун электрондук журналына киргизилет.
35. Укук бузууларды жана аларды жасаган адамдарды, ошондой эле колдонулган кошумча укуктук кесепеттерди каттоо “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда анын уникалдуу номери аркылуу автоматтык түрдө идентификациялангандан кийин гана мүмкүн болот.
36. Протоколдун жана/же токтомдун мазмуну УБКга ылайык укук бузууларды процессуалдык тариздөөнүн тартибине ылайык келүүгө тийиш.
37. Техникалык себептер боюнча автоматташтырылган жумуш орундарынын “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга кирүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда каттоочу байланыш каражаттарын пайдалануу менен “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын администраторлоруна жана колдонуучуларына дароо кабарлоого милдеттүү. Мындай учурда “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда укук бузууларды каттоо “УБР” АМТ жана “УАБ” АМТ тутумдарына жетүү пайда болгондо журналга маалыматтардын өз убагында киргизилбегендигинин себептерин көрсөтүү жана штаттан тышкаркы кырдаал жөнүндө акт түзүү менен жүргүзүлүшү керек.
38. Укук бузуу жөнүндө протоколдун жана жаза колдонуу жөнүндө токтомдун, ошондой эле колдонулган кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтар (электрондук формада) “УБР” АМТга автоматтык режимде келип түшөт.
39. Ушул Жободо белгиленген тартипте катталган ар бир укук бузууга автоматтык режимде “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат.
40. Укук бузууларды каттоо УКБга ылайык Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндө маалыматтардын аныктыгын ырастаган жана фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде жазылган документтердин негизинде жүргүзүлөт.
41. “УБР” АМТ менен “УАБ” АМТнын ортосунда өз ара маалымат алмашуу тартиби Ээси тарабынан аныкталат.
42. Укук бузууларды жана аларды жасаган адамдарды, ошондой эле колдонулган кошумча укуктук кесепеттерди “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга каттоо УБКга ылайык каттоочу тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.
43. УКБга ылайык даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча соттордун чечимдери дагы катталууга тийиш. Чечимдер УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга санариптик кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн сот органынын маалыматтык тутумун колдонуу менен санариптик формада киргизилиши керек.
44. Даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча соттордун чечимдерин каттоо “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын Ээси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти менен макулдашуу боюнча белгиленген мөөнөттүн ичинде каттоочу тарабынан жүргүзүлөт.
45. Укук бузууларды “УБР” АМТга каттоодо төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
– укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн укуктук негиздери;
– укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн каттоо номери (укук бузуу жөнүндө протоколдун катар номери жана штрих-код);
– укук бузуулар жасалган жер, датасы, убактысы жана жагдайлары;
– протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты;
– процессуалдык чечимдер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө маалыматтар;
– процессуалдык чечимдерди чыгарган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзгөн органдын аталышы, аларды чыгаруунун датасы жана негиздери;
– эгерде болсо, укук бузуу жасагандыгы үчүн тартылган жеке адам жөнүндө маалыматтар (анын ичинде байланыш маалыматы);
– эгерде болсо, укук бузуу жасагандыгы үчүн тартылган юридикалык жак жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан орду, төлөөчүнүн эсептик номери, мамлекеттик каттоо датасы жана байланыш маалыматтары);
– УБКнын укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган беренеси;
– эгерде болсо, күбөлөр жана жабырлануучулар жөнүндө маалыматтар;
– эгерде болсо, укук бузуу жасагандыгы үчүн тартылган адамдын түшүндүрмөлөрү;
– укук бузуулар жөнүндө ишти чечүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар;
– эгерде болсо, укук бузуулар жөнүндө иштин материалдарын тергөө органына же башка ыйгарым укуктуу органга кароого берүү жөнүндө маалыматтар;
– өткөрүлүп берилген укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу адамдын органынын аталышы, кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты жана байланыш маалыматтары.
46. Укук бузууларды “УАБ” АМТга каттоодо укук бузуу жөнүндө иш боюнча автоматтык режимде төмөнкү маалыматтар менен токтом түзүлөт:
– токтомдун чыгарылган датасы жана номери;
– токтомду чыгарган ыйгарым укуктуу органдын адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду жана наамы;
– айып пулдарды төлөө тууралуу токтомдун реквизиттери жөнүндө маалыматтарды өзүнө камтыган QR-код;
– сүрөт жана/же кыска видеоролик;
– идентификациялык жеке номер;
– фамилиясы, аты, атасынын аты;
– туулган датасы;
– юридикалык жактын аталышы;
– жашаган же келген жери боюнча катталган дареги (юридикалык дареги);
– транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгиси;
– транспорт каражатынын маркасы;
– транспорт каражатынын модели;
– транспорт каражатынын түсү (эгер базада болсо);
– укук бузуунун числосу, айы, жылы жана убактысы;
– укук бузуу болгон жер (облус, калктуу конуш, көчө);
– Жол кыймылынын эрежелеринин пункту;
– УКБнын бөлүгү жана беренеси;
– эсептик көрсөткүчтөрдө айып пулдун өлчөмү;
– төлөм коду;
– айып пулду төлөө мөөнөтү.
47. Салынган айып пулдарды төлөө фактыларын каттоо Ээсинин төлөмдөрүн эсепке алуу боюнча “УБР” АМТ жана “УАБ” АМТ тиешелүү маалыматтык тутумдары менен, ошондой эле мамлекеттик электрондук төлөмдөр тутуму менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында автоматтык режимде жүзөгө ашырылат.
48. Укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө, токтомдордун, ошондой эле токтомдорго даттануулар болгон учурда соттордун чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалыматтарды каттоо “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга каттоочунун (оператордун) өзү тарабынан киргизилет.
49. “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө, токтомдордун, ошондой эле токтомдорго даттануулар болгон учурда соттордун, прокурорлордун чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалыматтарды актуалдаштыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
– белгиленген маалыматтарды каттоодо каталар аныкталса;
– сот, прокурор тарабынан токтомду же колдонулган кошумча укуктук кесепеттерди жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылса;
– ыйгарым укуктуу орган УБК каралган жагдайлар болсо, укук бузуулар жөнүндө ишти кыскартуу, токтотуу жөнүндө чечим чыгарса;
– укук бузуулар жөнүндө иштин материалдарында кылмыштын белгилери камтылган учурда, аларды ведомстволук караштуулугу боюнча прокурорго же тергөө органына өткөрүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган чечим чыгарса;
– эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган чечим чыгарса.
50. Так отчеттуулуктагы бланктардын кириши жана чыгышы жөнүндө маалыматтарды каттоо “УБР” АМТда, ошондой эле кагаз сактагычта эсепке алуу журналында жүзөгө ашырылат.
51. “УБР” АМТ жана “УАБ” АМТ маалыматтары Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык гана колдонулушу мүмкүн.
52. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик жана сот органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын суроо-талабы болгон учурда “УБР” АМТдан жана “УАБ” АМТдан маалыматтар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мындай суроо-талап кылган органдын компетенциясына ылайык берилет.
53. Маалыматтары “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга киргизилген жарандар өздөрүнүн укук бузуулары бар экендиги жана алар боюнча кабыл алынган укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы, укуктук портал, уюлдук байланыш операторлорунун жана коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу алууга укуктуу.
54. “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана колдонуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле банктык сыр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
55. “УБР” АМТдагы жана “УАБ” АМТдагы маалыматты сактоо мөөнөттөрү 3 жылды түзөт. Электрондук архивдештирүү тартиби жана архивдерди сактоо жери же сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин маалыматтарды жок кылуу тартиби “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Кагаз жүзүндөгү протоколдор/токтомдор укук бузуу жөнүндө тиешелүү иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин сакталат жана кийин архив иши боюнча мыйзамдарга ылайык катышуучулардын архивдерине жиберилет.
5-глава. “УБР” АМТда жана ”УАБ” АМТда укук
бузууларды эсепке алуу жана отчеттуулукту түзүү
56. “УБР” АМТда маалыматтар базаларын түзүү каттоочу ага протоколдо көрсөтүлгөн укук бузуу жөнүндө тиешелүү маалыматтарды киргизген учурдан, ал эми “УАБ” АМТга – фото жана кинотартуу, видеожазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдоочу-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде жазып алынган укук бузуу фиксацияланган учурдан тартып башталат.
57. Укук бузууну каттоо “УБР” АМТга маалыматтар киргизилген учурдан баштап жүргүзүлөт, ал эми “УАБ” АМТга укук бузууну каттоо тийиштүү органдын ыйгарым укуктуу адамынын санариптик колтамгасы менен ырасталган учурдан баштап жүргүзүлөт.
58. “УБР” АМТда катталган укук бузуу жөнүндө протоколдун номери төмөнкү реквизиттерден турат: ведомство, орган, аймак, бөлүк, сериясы, катар номери. УБР” АМТда катталган укук бузуу жөнүндө иштин номеринин реквизиттери өндүрүштүн бардык этаптарында сакталат.
59. “УАБ” АМТда катталган укук бузуу жөнүндө токтомдун номери төмөнкү реквизиттерден турат: ведомство, орган, аймак, бөлүк, сериясы, катар номери. “УАБ” АМТда катталган укук бузуу жөнүндө иштин номеринин реквизиттери өндүрүштүн бардык этаптарында сакталат.
60. Облустарга, шаарларга жана райондорго код берүү укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн бардык органдар үчүн бирдиктүү болуп саналат.
61. “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда маалыматтар тиешелүү деңгээлдеги администраторго жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине Ээси тарабынан аныкталган жетүү деңгээлине ылайык көрсөтүлөт жана жеткиликтүү болот.
62. Укук бузуу жөнүндө протокол/токтом катталган учурда, эгерде катышуучу тарабынан укук бузуунун датасы, убактысы жана орду, УБКнын беренеси жана бөлүктөрү, укук бузуу жөнүндө токтомду жеткирүү статусу ж.б. жөнүндө анык эмес (ката киргизилген) маалыматтар аныкталса, анда “УБР” АМТда тиешелүү маалыматтар жана аракеттер катышуучулар тарабынан тиешелүү маалыматтар жазуу жүзүндө же электрондук (ЭДТ) формада берилгенден кийин (каттар Ээсинин ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жиберилет) Ээси тарабынан оңдоп-түзөтүлүүгө тийиш. Ээси өзүнүн ведомстволук акты менен оңдоп-түзөтүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитет жана оңдоп-түзөтүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу тиешелүү кызматкерлерди аныктайт.
63. Ушул Жобонун 62-пунктунда көрсөтүлгөн анык эмес маалыматтардын (ката киргизилген) “УБР” АМТга же “УАБ” АМТга киргизилишине жол берген катышуучуларга тартиптик мүнөздөгү чаралар колдонулат. Ээси (ыйгарым укуктуу бөлүм) тарабынан катышуучуга карата тартиптик мүнөздөгү чараларды колдонуу зарылдыгы жөнүндө катышуучуга кабарлама (көрсөтмө) жиберилет (кабарламанын көчүрмөсү маалымат иретинде прокуратура органдарына жиберилет). Кабыл алынган чаралар тууралуу кабарлама бир айлык мөөнөттө маалымат иретинде Ээсине жана прокуратура органдарына жиберилет.
64. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгиси, УБКнын беренеси жана бөлүгү жөнүндө туура эмес маалыматтар болгон учурда “УАБ” АМТнын катышуучулары укук бузуу жөнүндө токтом чыгарылганга чейин “УАБ” АМТда маалыматтарга оңдоп-түзөтүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
65. “УБР” АМТнын катышуучулары ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Ээсине кагаз жүзүндө же электрондук түрдө (ЭДТ) отчет берүүгө милдеттүү, ал төмөнкүдөй мүнөздөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
– сатып алынган так отчеттуулук бланктары жөнүндө, алардын ичинен: колдонулган, колдонулбаган жана эсептен чыгарылган (жоготулган, бузулган);
– катталган протоколдор жөнүндө, алардын ичинен: балдарга, аялдарга, жеке жактарга, юридикалык жактарга жана аныкталбаган адамдарга карата;
– жаза чараларын салуу жөнүндө чыгарылган токтомдор жөнүндө, алардын ичинен: төлөнгөндөрү, төлөнбөгөндөрү;
– кармалгандардын саны жөнүндө, алардын ичинен: камакка алынгандар, коомдук иштерге тартылгандар, өлкөдөн чыгарылгандар;
– өндүрүшү токтотулгандар жөнүндө;
– өндүрүшү кыскартылгандар жөнүндө;
– туумду эсептөө жөнүндө чыгарылган токтомдор жөнүндө;
– мажбурлап аткартуу үчүн жиберилгендер жөнүндө, алардын ичинен: аткарылгандар, аткаруу баскычындагылар, аткарылбай кайтарылгандар.
6‑глава. “УБР” АМТны жана ”УАБ” АМТны
жүргүзүүнү контролдоо (көзөмөлдөө)
66. Ушул Жобонун аткарылышын контролдоону “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучуларынын жетекчилери жүзөгө ашырат, алар:
– “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга маалыматтарды анык, объективдүү, өз убагында түзүүнү жана киргизүүнү камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
– ушул Жобонун талаптарынын бузулушун аныктоо боюнча талаптагыдай чараларды көрөт;
– өз компетенцияларынын чегинде “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын жүргүзүлүшүнө контроль жүргүзөт.
67. “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны колдонуу тартибинин так жана бир түрдүү аткарылышы үчүн көзөмөлдү прокуратура Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүргүзөт.
68. Прокурордун укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн органдарга УБКда каралган тартипте берилген жазуу жүзүндөгү талаптары жана көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
69. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучуларынын ыйгарым укуктуу адамдары (администраторлор, каттоочулар (операторлор) ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, ошондой эле жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат:
– “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны жүргүзүү тартибинин бузулушу;
– укук бузууларды каттоодо “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга маалыматтардын анык эмес киргизилиши;
– так отчеттуулук бланктарын, укук бузуу жөнүндө протоколдорду жана токтомдорду эсепке алуу жана колдонуу боюнча иштердин талаптагыдай эмес уюштурулушу;
– укук бузууларды “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга каттоо мөөнөттөрүнүн бузулушу;
– “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны түзүү жана колдонуу менен байланышкан башка бузуулар.
70. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучулары (өз деңгээлинде) маалыматтарга санкциясыз жетүүгө каршы аракеттенүү методдорун жана жол-жоболорун үйрөнүүнү жана колдонууну, талаптагыдай маалыматтык коопсуздукту ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, ошондой эле жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камсыз кылат.
71. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу максатында “УБР” АМТны жана “УАБ” АМТны колдонуу жана жүргүзүү төмөнкүлөрдү карайт:
– катышуучуларды аутентификациялоонун негизинде “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга жетүү мүмкүндүгүнө контроль жүргүзүүнү;
– маалыматтарды алмашууну корголгон байланыш каналдары (VPN) аркылуу гана жүргүзүүнү;
– “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга катышуучулардын бардык аракеттерин каттоону.
72. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучулары төмөнкүдөй принциптерди жетекчиликке алат:
– маалыматтын бүтүндүгү – маалыматтарды өзгөртүүдөн жана жок кылуудан коргоо;
– купуялуулук – маалыматтарды санкциясыз жетүүдөн коргоо.
73. “УБР” АМТда жана “УАБ” АМТда маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун негизги компоненттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– тышкы тармактарга кошууда маалыматты жана базалык инфраструктураны коргоо;
– тармактардын өз ара аракеттенүү процессинде маалыматты коргоо;
– маалыматтардын агымдарын коргоо;
– вируска каршы коргоо;
– программалык каражаттардын коопсуздугун камсыз кылуу;
– киберкоопсуздукту камсыз кылуу;
– катышуучуларды аутентификациялоо;
– пайдалануучулардын маалыматтарга “УБР” АМТдагы жана “УАБ” АМТдагы алардын ролдоруна ылайык жетүү мүмкүндүгүн чектөө;
– “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын маалыматтарына жетүү мүмкүндүгүн борборлоштурулган башкаруу жана контролдоо.
74. “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын ар бир катышуучусу үчүн логин жана/же сыр сөз жеке болуп саналат. Сыр сөздү башка адамдарга каалаган формада берүүгө катуу тыюу салынат. Сыр сөздү башкаларга ага жетүү мүмкүндүгүн алууга мүмкүндүк берүүчү кагаз же башка сактагычтарда сактоого жол берилбейт.
75. Сыр сөз жоголгон же ачыкка чыгып кеткен учурда сыр сөз тиешелүү болгон “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучусу бул тууралуу “УБР” АМТнын же “УАБ” АМТнын администраторуна дароо кабарлоого милдеттүү.
76. Мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды, маалыматты санкциясыз жетүү мүмкүндүгүнөн, чет өлкөлүк техникалык чалгындоолордон жана техникалык каналдар аркылуу чыгып кетүүдөн коргоо боюнча пландалган жана (же) өткөрүлгөн иш-чараларды камтыган маалыматты коргоонун методдорун, ыкмаларын же каражаттарын ачыктаган маалыматтар, сыр сөздү жоготуу же ачыкка чыгаруу фактылары жоголгон же ачыкка чыгарылган сыр сөз же маалыматтар тиешелүү болгон катышуучуларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү менен каралууга тийиш.
77. Штаттан тышкаркы кырдаал жаралган учурда “УБР” АМТнын жана “УАБ” АМТнын катышуучулары тарабынан “Штаттан тышкаркы кырдаал жөнүндө акт” түзүлөт, ал эми штаттан тышкаркы кырдаалдын себептери жоюлган учурда – “УБР” АМТга жана “УАБ” АМТга дароо маалыматтар киргизилет.
78. Укук бузуу жөнүндө протоколдун жана токтомдун ар бланкына ыйгарылган номерлерди контролдоо жана эсепке алуу Ээси тарабынан жүргүзүлөт.
79. Ушул Жобо менен регламенттелбеген маселелерди чечүү үчүн катышуучулар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алат.
80. Катышуучулар тарабынан колдонулуучу документтердин үлгүлөрү ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелеринде аныкталган.
Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобого
1-тиркеме
| Укук бузуу жөнүндө ПРОТОКОЛ о правонарушении (протоколдун номери/номер протокола) |
|
кызмат адамынын коду/ код должностного лица |
|
Протокол түзүлгөн дата/ дата составления протокола |
| -ж./г. | Түзүлгөн убактысы/ время составления |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Протокол түзүлгөн жер/ место составления протокола |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Протоколду түзгөн ыйгарым укуктуу адам жөнүндө маалыматтар/ сведения об уполномоченном лице, составившим протокол
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
(кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты/должность, фамилия, имя, отчество) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Укук бузуучу жөнүндө маалыматтар/ сведения о правонарушителе | жеке жак/ физическое лицо | □ | юридикалык жак/ юридическое лицо | □ | аныкталбаган жак/ без лица | □ | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
ИЖН/ПИН |
| Туулган датасы/ дата рождения |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Фамилиясы/ фамилия |
| Жарандыгы/ гражданство |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Аты/ имя |
| Жынысы/ пол | э/м □ | а/ж □ | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Атасынын аты/ отчество |
| Аталышы/ наименование |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Юридикалык жактын ИСН/ ИНН юр. лица |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Катталган дареги/ регистрационный адрес |
| Иш жүзүндө жашаган дареги/ адрес фактического проживания |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Инсандыгын ырастаган документ/ Документ удостоверяющий личность | ID □ | Баш-касы/ Иное □ |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
В/У □ | Б/Д □ | Иштеген жери, кызмат орду/ место работы, должность |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
В/Б □ | С/Р □ | Телефон |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
ТК категориясы/ категория ТС | АМТС | A1 | A | B1 | B | C1 | C | D1 | Трактор, троллейбус |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
D | BE | C1E | CE | D1E | DE |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар/сведения о транспортном средстве | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Маркасы/модели: Марка/модель: |
| МНКБ/ГРНЗ |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Таандык/ принадлежит |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Тех. талондун сериясы/серия тех. талона |
| Берилди/ выдано |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Айыптык унаа токтотуучу жай/ штрафная стоянка | токтотулган/водворено | □ | токтотулган эмес/не водворено | □ | жайгашкан жери/место расположения |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жасалган укук бузуу/совершенное правонарушение | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Укук бузуу жасалган дата/ дата совершения правонарушения |
| -ж./г. | Укук бузуу жасалган убакыт/ время правонарушения |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Укук бузуу жасалган жер/ место совершения правонарушения |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Укук бузуунун баяндамасы/ фабула правонарушения |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жол кыймылынын эрежелерин бузуу пункту/ пункт нарушения ПДД |
| КР УБКнын беренеси, бөлүгү/ статья, часть КоП КР |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Эсептик көрсөткүч/ расчетный показатель |
| Айып пулдун суммасы/ сумма штрафа |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Протоколго тиркелет/ к протоколу прилагаются |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Күбөлөргө жана жабыр тартуучуларга КР УБКнын 501, 502-беренелеринде каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү/ свидетелям и пострадавшему разъяснены права и обязанности, предусмотренные статьями 501, 502 КоП КР | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1 | Аты-жөнү/ Ф.И.О. |
| Туулган датасы/дата рождения |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жашаган жеринин дареги/ адрес места жительства |
| Телефон |
| Колу/ подпись |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2 | Аты-жөнү/ Ф.И.О. |
| Туулган датасы/ дата рождения |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жашаган жеринин дареги/ адрес места жительства |
| Телефон |
| Колу/ подпись |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жабырлануучу (жабырлануучулар)/ пострадавший (ие) |
| Туулган датасы/ дата рождения |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жашаган жеринин дареги/ адрес места жительства |
| Телефон |
| Колу/ подпись |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Укук бузуучунун түшүндүрмөсү/ объяснения правонарушителя |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чаралары/ меры обеспечения законности производства по делам о правонарушении: __________________
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кармоону/алып келүүнү баштоо убактысы/ время начала задержания/ доставления | «_______» саат/часов «_______» минута/минут | Кармоону/алып келүүнү аяктоо убактысы/ время окончания задержания/ доставления | «_______» саат/часов «_______» минута/минут | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кошумча укуктук кесепеттер колдонулду/применены дополнительные правовые последствия: _________________________________________________________________________________ Протокол менен тааныштым, КР УБКнын 498, 517-беренелеринде каралган укуктарым жана милдеттерим мага түшүндүрүлдү, протоколдун көчүрмөсүн алдым/ с протоколом ознакомлен(а), права и обязанности, предусмотренные статьями 498, 517 КоП КР мне разъяснены, копию протокола получил(а) __________________________________________ Протоколдун көчүрмөсүн алуу датасы/ дата получения копии протокола «______» ________________20_____-ж./г.
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Укук бузуу фактысы жана колдонулган жаза чарасы менен макул эмес/ с фактом правонарушения и применяемым взысканием не согласен | □ ЖОК/НЕТ | Укук бузуучунун колу/ подпись правонарушителя
___________________ | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Укук бузуу фактысы жана колдонулган жаза чарасы менен макул/ с фактом правонарушения и применяемым взысканием согласен | □ ООБА/ДА | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Протокол түзгөн ыйгарым укуктуу адамдын колу/подпись уполномоченного лица, составившего протокол _____________________ «______» _________20___-ж./г.
(эскертүү/примечание)
УШУЛ ПРОТОКОЛ ТАК ОТЧЕТТУУЛУКТАГЫ ДОКУМЕНТ БОЛУП САНАЛАТ/
НАСТОЯЩИЙ ПРОТОКОЛ ЯВЛЯЕТСЯ ДОКУМЕНТОМ СТРОГОЙ ОТЧЕТНОСТИ
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча жаза чарасын салуу жөнүндө/
о наложении взыскания по делу о правонарушениях
Протоколдун №/к протоколу № _____________ от «____» ____20____-ж./г.
_____________________________ «____» _______20____-ж./г.
чыгарылган жер/место вынесения чыгарылган датасы/дата вынесения
Мен/Я, ___________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү/Ф.И.О. уполномоченного лица)
_______________________________________________________________
(жоопкерчиликке тартылуучу адам жөнүндө маалыматтар, жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы/сведения о лице, привлекаемого к ответственности, Ф.И.О. физического лица или наименование юридического лица)
________________________________________________________________
(Туулган датасы, жашаган жери/дата рождения, место жительство)
АНЫКТАДЫМ/УСТАНОВИЛ:
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(ишти кароодо аныкталган жагдайлар/обстоятельства, установленные при рассмотрении дела)
Бул КР УБКнын төмөнкү ченемин бузуу болуп эсептелет:/что является нарушением следующей нормы КоП КР: _______________________
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР УБКнын 518-беренесин жетекчиликке алып,/на основании вышеизложенного, руководствуясь статьей 518 КоП КР,
ТОКТОМ ЧЫГАРДЫМ/ПОСТАНОВИЛ:
1. _____________ эсептик көрсөткүч айып пул түрүндө жаза чарасы салынсын/наложить взыскание в виде штрафа __________________ расчетных показателей.
_________________________________________________________________
(цифралар менен сумма, жазуу жүзүндө сумма/сумма цифрами, сумма прописью)
2. Эскертүү түрүндө жаза чарасы салынсын/наложить взыскание в виде предупреждения _____________________________________________________
Эгерде ушул токтомго КР УБКнын 547-беренесине ылайык даттануу берилбесе, бул токтом 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет/настоящее постановление вступает в силу по истечении 10 дней, если оно не было обжаловано, в соответствии со статьей 547 КоП КР.
Ыйгарым укуктуу адамдын колу/подпись уполномоченного лица _______
Токтомдун көчүрмөсүн алдым/
копию постановление получил(а) ______________«_____»______20_-ж./г.
Эскертүү/примечание:
КР УБКнын 539-беренесине ылайык ушул укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет./В соответствии со статьей 539 КоП КР настоящее постановление по делу о правонарушении вступает в законную силу по истечении срока на обжалование.
КР УБКнын 547-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же аны почта аркылуу алган күндөн тартып, 10 күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда өзүнө карата токтом чыгарылган адамдын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет. Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери документтер менен тастыкталган адамдын оорусу, анын иш сапарда жүргөндүгү, табигый кырсыктар ж.б. болушу мүмкүн./В соответствии со статьей 547 КоП КР жалоба на постановление по делу о правонарушении может быть подана в течение 10 дней со дня вручения копии постановления или получения его по почте. В случае пропуска указанного срока по уважительным причинам этот срок на основании заявления лица, в отношении которого вынесено постановление, восстанавливается судом. Уважительными причинами пропуска срока могут быть подтвержденные документами болезнь лица, нахождение его в командировке, стихийное бедствие т.п.
КР УБКнын 563-беренесине ылайык айып пул токтом тапшырылган күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен төлөнүүгө тийиш. Айып пул белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда, КР УБКнын 568-беренесине ылайык айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө токтом мажбурлап аткартылууга тийиш./ В соответствии со статьей 563 КоП КР штраф должен быть уплачен не позднее 30 календарных дней со дня вручения постановления. При неуплате штрафа в установленный срок, согласно статье 568 КоП КР постановления о наложении штрафа и начислении пени подлежат принудительному исполнению.
Менин укуктарым жана милдеттерим мага түшүндүрүлдү/мне разъяснены мои права и обязанности _________________________________
(укук бузуучунун колу/подпись правонарушителя)