Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 768 токтомуна) |
2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Киришүү
1. 2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) биосфералык аймактын өзгөчө статусуна ээ болгон регионду экологиялык жактан туруктуу өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктаган тармактар аралык программалык документ болуп саналат. Концепция Ысык-Көлдү коргоого жана Ысык-Көл биосфералык зонасын антропогендик күч келүүнүн, техногендик жана жаратылыш факторлорунун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө терс таасир тийгизүүдөн коргоого, ошол эле учурда региондун туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга жана анын калкынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарынын, тышкы жана ички экологиялык чакырыктарды эске алуу менен координацияланган, адамга багыт алуу жана туруктуу өнүктүрүүгө басым жасоо менен аны өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын негизинде жолун жолдоочулук принцибин сактоо менен иштелип чыккан.
Концепцияда статистикалык жана релеванттык маалыматтардын негизинде учурдагы абалга, экологиялык жана экономикалык көйгөйлөргө талдоо берилет жана экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү үчүн системалаштырылган беш негизги багыт боюнча экологиялык милдеттерди ишке ашыруу каралат: жаратылыш ресурстары жана жаратылышты пайдалануу, экономикалык чөйрө, социалдык чөйрө, институционалдык чөйрө жана климаттын өзгөрүү аспектилери, алардын ар бири өзгөчөлүктөрүнө жана пландаштырылган чараларга жараша секторлор боюнча бөлүнөт.
Концепциянын баштапкы маалыматтары, максаттуу параметрлери жана чаралары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын Ысык-Көл региондук бөлүмүнүн көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан иштелип чыккан "Ысык-Көл: Туруктуу өнүктүрүү үчүн жаратылыш менен индустриянын балансы" 2025-2035-жылдарга Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү стратегиясы менен координацияланган, анда табигый экосистемаларды сактоону эске алуу менен регионду экономикалык жана социалдык өнүктүрүү маселелери деталдуу каралат.
2. Жаңы программалык документти иштеп чыгуу зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгында: "Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн" деп белгиленгендей акыркы мезгилде "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасында байкалган терс өзгөрүүлөрдөн улам келип чыкты.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынган:
- Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө;
- кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө;
- Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды пайдаланууга жана сатууга.
Мындай кечиктирилгис императивдик чаралар биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
3. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ысык-Көлдүн өзгөчө статусу тарыхый-маданий эстеликтердин, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын, курорттук-рекреациялык объекттердин комплекси менен биосфералык аймак, дүйнөлүк маанидеги табигый-жаратылыштык жана тарыхый-маданий объекттери болгон жана мамлекеттин коргоосунда турган Кыргыз Республикасынын улуттук кенчи катары мааниси менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобого ылайык ал өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат, жалпы аянты 4314,4 миң га, Ысык-Көл облусунун администрациялык-аймактык чек арасында жайгашкан жана анда 4 зона бөлүнгөн: өзөк зонасы - 729,22 миң га (16,9%), буфердик зона - 2595,40 миң га (60,2%), өткөөл зонасы - 629,60 миң га (14,6%) жана санация зонасы - 360,19 миң га (8,3%).
4. Ысык-Көл облусу эл аралык мааниге ээ жана ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" программасынын алкагында биосфералык аймактардын дүйнөлүк тармагына киргизилген. Ысык-Көл региондун климатына таасирин тийгизет, ошондой эле келгин куштар үчүн кыштоочу жана уялоочу маанилүү жер болуп эсептелет. Суулуу-саздак жерлер Рамсар конвенциясынын ("Кыргыз Республикасынын негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суу-саз жерлер жөнүндө БУУнун Конвенциясына (Рамсар Конвенциясы) кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) тизмесине кирет жана канаттуулардын, балыктардын жана өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрүнүн миграциясы жана көбөйүшү үчүн маанилүү коргоо зонасы катары таанылган. Биологиялык ресурстар, анын ичинде суулуу-саздак жерлер, глобалдык маанидеги биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн генетикалык фонд болуп саналат.
5. Ысык-Көл облусунун тарыхый-маданий мурасы андан кем эмес маанилүү болуп саналат. Жергиликтүү жамааттар салттуу билимдерди айыл чарбасында, жаратылыш ресурстарын пайдаланууда жана экосистемаларды туруктуу башкарууда колдонуу менен материалдык эмес маданий мурастарды жана салттуу кыргыз жашоо мүнөзүнүн практикасын экзистенциалдуу сактоочулар катары чыгат.
Облустун аймагында дүйнөнүн бийик чокуларынын бири - Жеңиш чокусу (д.д. 7439 м.б.), Хан-Теңир (д.д. 7010 м.б.) жайгашкан. Түндүктө маанилүү маданий жана тарыхый баалуулукка ээ болгон петроглифтер, буддизм маданиятынын калдыктары жана элдин тарыхый, руханий жана маданий баалуулугу болгон көптөгөн башка жаратылыш объекттери бар: мазарлар, ыйык жерлер, петроглифтер, булактар, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын эндемикалык түрлөрү, аларды коргоо жалпысынан ландшафтты сактоо үчүн маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.
6. Бул Концепция "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасынын экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү жакшыртуу, климаттык тобокелдиктерди азайтуу, калктын ден соолугун сактоо жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү жолу менен регионду бир эле мезгилде экономикалык жана социалдык өнүктүрүү менен жаратылышты сактоо боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнес-түзүмдөрдүн жана жергиликтүү жамааттардын күч-аракеттерин жана потенциалын бириктирүү максатында буга чейинки программалык документтерди ишке ашыруу тажрыйбасынын негизинде иштелип чыккан.
2. Кырдаалды жалпы талдоо
§ 1. Ысык-Көл
7. Ысык-Көл Жерди колдонмо изилдөө Борбордук-Азиялык институтунун (ЖИБАИ) маалыматтарына ылайык төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: батыштан чыгышты карай узундугу - 182 км, туурасы - түштүктөн түндүктү карай узундугу - 58 км, жээк сызыгынын узундугу - 688 км, суу бетинин аянты - 6236 км2, эң терең жери - 702 м, орточо теңдиги - 278 м, суунун көлөмү - 1738 км3.
Ысык-Көл өрөөнү мелүүн климаттык алкакта, Евразия материгинин борборунда жайгашкан. Батыштан жана түндүктөн континенттик чөлдүү ортоазиялык аймак менен чектелет, андан бийик тоо кыркаларынын чынжыры менен корголгон. Тоолор, мөңгүлөр, дарыялар жана Ысык-Көл региондун суу балансына жана климатына таасирин тийгизет.
Өрөөндүн климатынын жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн калыптандыруучу негизги факторлор болуп анын деңиз деңгээлинен 1607 метрден ашык бийиктиктеги абалы, ошондой эле жай мезгилинде олуттуу жылуулукту топтогон жана кышында жылуулоочу таасир көрсөткөн тоңбогон көл суусунун эбегейсиз массасы (1738 км3) саналат, бул анын деңиздикине жакын жээк жанындагы климатын аныктайт. Ошол эле учурда климаттык шарттар бийиктиги менен гана эмес, батыштан чыгышка карай жылышканда - кургак талаа жана жарым чөл климатынан, дээрлик жетиштүү нымдуулугу менен климатка чейин өзгөрөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун (мындан ары - УИА СКГЭИ) маалыматына ылайык 1978-2000-жылдар мезгилинде көлдүн суу балансы курамдык бөлүктөрүнүн төмөнкүдөй катышына ээ:
- агып кирген бөлүгү - 941 мм, анын ичинен жаан-чачындар - 301 мм, суммалык агым (жер үстүндөгү жана жер астындагы) - 640 мм;
- агып чыккан бөлүгү - 996 мм, анын ичинен сугатка суу алуу менен байланышкан кайтарылгыс жоготуулар - 47 мм, ал эми буулануу - 949 мм.
Мында суу деңгээлинин төмөндөшү жылына орточо алганда - 25 мм, ал эми жалпысынан акыркы 20 жыл ичинде (1980-2000-жылдар) - 30 см түздү. Көлдөгү гидрологиялык посттордо жүргүзүлгөн байкоолордун маалыматтары боюнча Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөшү 1927-2003-жылдары 2,75 метрди түзгөн.
УИА СКГЭИ тарабынан Ысык-Көлдүн деңгээлин турукташтыруу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар сунушталган:
- Ысык-Көлдүн жер астындагы булактарын аныктоо максатында Ысык-Көл өрөөнүндөгү жер астындагы сууларга мониторинг жүргүзүүнү жандандыруу (азыркы учурда бардык скважиналар жабык);
- Ысык-Көл бассейнинин куймаларынын бардык жабык гидропостторун калыбына келтирүү;
- Ысык-Көл өрөөнүндөгү жабык метеостанцияларды калыбына келтирүү;
- сугат үчүн суу алуунун катуу эсебин киргизүү;
- бардык сугат аянттарын сууну үнөмдөөчү технологияларга пландуу түрдө которуу.
9. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат Ысык-Көл бассейниндеги 25 гидрологиялык жана 4 көл постунда (Чолпон-Ата, Балыкчы, Тамга жана Кой-Сары) мониторинг жүргүзөт. Гидрологиялык посттордо жүргүзүлгөн байкоонун маалыматтары боюнча дарыялардын сууларынын болжолу эсептелет жана Ысык-Көлдүн жылдык суу балансы чыгарылат. Иштеп жаткан 22 гидрологиялык жана 4 көл постун модернизациялоо жана андан сырткары Ысык-Көлдүн 10 гидрологиялык жана 3 көл постун калыбына келтирүү маселеси курч турат.
Гидрологиялык пункттарда жүргүзүлгөн байкоолордун маалыматтары Ысык-Көлдүн ар жылдык суу балансын түзүүнү эсептөө, дарыялардын суулуулугун болжолдоо жана сел жана суу ташкыны коркунучу жөнүндө чукул эскертүүлөрүн чыгаруу үчүн маанилүү роль ойнойт.
10. УИА СКГЭИ 2027-жылы мамлекеттик заказ боюнча иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 334-т тескемеси менен бекитилген "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоорунун алкагында Ысык-Көл бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын баалоону пландаштырууда. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2025-2030-жылдар. Долбоордун милдеттери:
- климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргыз Республикасынын дарыяларынын бассейндеринин агымына тийгизген таасирин деталдуу изилдөө;
- аналог-дарыяларды тандоо методикасын колдонуу менен дарыялардын бассейндеринин гидропостторундагы суунун орточо жылдык сарптоолору боюнча гидрологиялык байкоолордун өткөрүлгөн катарларын калыбына келтирүү;
- математикалык моделдин жардамы менен дарыялардын бассейндери, анын ичинде бардык куймалар боюнча жылдык агымды эсептөө;
- дарыя бассейндеринин жана алардын куймаларынын изилденбеген бөлүктөрүнүн гидрологиялык мүнөздөмөлөрүн эсептөө;
- айылдык муниципалитеттердин тапшырмасы боюнча чакан гидроэлектр станцияларынын тосмолорун жайгаштыруу үчүн келечектүү дарыялардын бассейндеринин гидроэнергетикалык потенциалын эсептөө;
- чакан жана ири гидроэлектр станцияларын курууга ылайыктуу келечектүү участоктордун координаттарын аныктоо;
- дарыялардын бассейндеринин жана алардын куймаларынын музга айлануу абалын баалоо;
- дарыялардын бассейндериндеги суу-энергетикалык ресурстар жана музга айлануу боюнча электрондук маалыматтар базасын жана көргөзмө картографиялык материалын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын азыркы этаптагы дарыя бассейндеринин суу ресурстарын баалоо.
§ 2. Суу ресурстары
11. Ысык-Көл облусунун мөңгүлөрү региондун суу балансын сактоодо негизги ролду ойнойт. Тоолордо 957 мөңгү бар, алардын жалпы аянты 560,8 км2 түзөт. Табигый компонент катары мөңгүлөрдүн ролу көп кырдуу: алар гляциалдык-нивалдык алкактын негизи болуп саналат, рельефти активдүү кайра калыптандырат, аларга чектеш аймактардын климатына таасир этет, бирок алар таза тузсуз суулардын аккумуляторлору жана агындылардын калыптануучу булактары катары эң чоң баалуулук болуп саналат. Бирок бул мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнөн улам тез эрип кетүү коркунучуна туш болот.
Мөңгүлөр тузсуз суунун негизги булагы болуп, көлгө куюлган региондун 120га жакын дарыясын азыктандырат. Мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришинен улам дарыялардын деңгээли көтөрүлгөн жайкы мезгилде табигый суу булактарынан сууну алуу (негизинен сугатка жана башка муктаждыктарга) көбөйгөндүгүнө байланыштуу Ысык-Көлгө 80ге жакын дарыя гана анын экосистемасын колдоо менен суу берүүнү улантууда. Агымдардын азайышынын негизги себептери - мөңгүлөрдүн азайышы, жаан-чачындын азайышы жана агросектордогу суунун сарамжалсыз пайдаланылышы.
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - УСК) маалыматына ылайык 2019-2023-жылдар аралыгында Ысык-Көл облусунун булактарынан суу алуунун көлөмү туруктуу түрдө өсүүдө.
1-таблица. Булактардан суу алуу жана аны пайдалануу
млн. куб метр
| 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл |
Суу алуу | 635,0 | 646,2 | 655,0 | 714,9 | 779,6 |
Колдонулган, бардыгы | 435,2 | 443,0 | 459,0 | 503,6 | 548,7 |
анын ичинде өндүрүштүк муктаждыктарга | 7,0 | 8,2 | 8,4 | 8,6 | 8,0 |
чарбалык муктаждыктарга, ичүүгө | 22,3 | 26,1 | 30,4 | 30,6 | 30,0 |
сугатка жана а.ч. суу менен камсыз кылууга | 405,6 | 407,8 | 419,2 | 454,9 | 502,0 |
Ташуу учурунда суунун жоготуулары | 199,8 31,5% | 203,3 31,5% | 196,0 29,9% | 211,3 29,6% | 230,9 29,6% |
Маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, каралып жаткан беш жылдык мезгилде суу алуу 22,8%га өсүп, ал эми ташууда суунун жоготуулары 1,9 пайыздык пунктка азайганы менен жогору бойдон калууда - 29,6%. Экономикалык иштин активдешүүсүнүн жана суу алуунун көбөйүшүнүн натыйжасында дарыялардын табигый гидрологиялык режими бузулууда, бул жаратылыш чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө, ландшафттын балансынын бузулушуна, дарыя сууларынын өзүн-өзү тазалоого жөндөмсүздүгүнө, суунун сапатынын төмөндөшүнө жана башка терс таасирлерге алып келет.
13. Суу менен камсыз кылуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ысык-Көл - Тарим суу ресурстарын бассейндик башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Ысык-Көл - Тарим суу ресурстарын бассейндик башкармалыгы" ММ) түзүлгөн, анын функциясына суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган бассейндик планды иштеп чыгуу кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чечимдердин пакетин иштеп чыккан, алардын ичинде төмөнкүлөр боюнча маселелерди чечүү каралган:
- сугат системаларын алмаштыруу жана модернизациялоо;
- суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
- көл аймагындагы жашыл зоналарды кеңейтүү;
- мөңгүлөрдүн жана суу булактарынын абалына изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- климаттык адаптациялоо стратегиясын иштеп чыгуу.
Милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүндө: 100 миң га аянтка заманбап сугат системаларын орнотуу жана реалдуу убакыт режиминде сууну керектөөнү көзөмөлдөөчү 2200 автоматташтырылган датчиктерди (азыркы учурда 42 орнотулган) киргизүү пландалган. Көрүлгөн чаралар көлгө 200 млн. м3 чейин сууну кайтарып берүүгө мүмкүндүк берет жана узак мөөнөттүү келечекте суу балансын калыбына келтирүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.
§ 3. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу
14. УСКнын 2023-жылга карата берген маалыматтарына ылайык Ысык-Көл облусунун калкынын 100%ы, анын ичинде 352,9 миң айыл калкы ичүүчү суунун коопсуз булактарына ээ. Ичүүчү суунун сапаты көптөн бери экологиялык көйгөй катары каралып келүүдө. Отчеттук статистикалык маалыматтарга ылайык Ысык-Көл облусунда 284 суу түтүк курулмалары бар, алар 334 ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынан суу алат, алардын ичинен 21 (6,7%) жер үстүндөгү булактар болуп саналат. Ичүүчү суунун коопсуз булактарына калктын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, анын ичинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен, атап айтканда Дүйнөлүк банктын "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу ресурстарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын абалы жана жалпысынан ичүүчү суунун коопсуздугу түп-тамырынан бери жакшыртууну талап кылат.
Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу менен камсыздоонун азыркы системасы физикалык жана моралдык жактан эскирген, суу түтүк тармагында жарылуулар, авариялык кырдаал учурлары, ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынын санитардык коргоо зоналарынын жоктугу (сакталбагандыгы), тазалоочу курулмалардын, зыянсыздандыруучу орнотмолордун жоктугу же жетишсиздиги (көп учурда сууну зыянсыздандыруу үчүн примитивдүү хлоратордук орнотмолор колдонулат) дайыма катталып турат, бул ичүүчү суунун сапатынын начарлашына алып келет, мындай абалды Ысык-Көл облусунда ичүүчү суунун сапатынын микробиологиялык көрсөткүчтөрү айгинелеп турат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча акыркы үч жылда Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу микробиологиялык көрсөткүчтөр боюнча республикалык көрсөткүчтөрдөн ашып кеткен, алсак 2022-жылы республикалык көрсөткүч 8,4%ды, Ысык-Көл облусу боюнча көрсөткүч 13,8%ды түзгөн, 2023-жылы республикалык көрсөткүч - 8,2%, Ысык-Көл облусу боюнча - 14,2%, 2024-жылы республикалык көрсөткүч - 8,7%, Ысык-Көл облусу боюнча - 13,5%. Мындан тышкары айыл жериндеги суу түтүктөрүндө өздөрүнүн лабораториялары каралган эмес, өндүрүштүк контролдоо программасы жүргүзүлбөйт. Ичүүчү сууну изилдөө "Ысык-Көл райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору" мекемесинин лабораторияларынын күчү менен гана жүргүзүлүүдө, ага Ысык-Көл облусунун суу объекттериндеги суунун сапатына лабораториялык контролдоо жүргүзүү милдети жүктөлгөн.
15. Кыртыштын, жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын микробиологиялык абалынын начарлашына жол бербөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тиешелүү санитардык шарттарды түзүүнү камсыз кылуу сунушталууда. Ысык-Көлдүн жана Ысык-Көл биосфералык зонасынын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык абалынын начарлоо тенденциясын жоюу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарыл. Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облусунда төмөнкү милдеттерди чечүү каралууда:
- Ысык-Көл биосфералык зонасынын аймагында ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу;
- жээк жана пляж аймактарын көрктөндүрүү;
- натыйжалуу санитардык-эпидемиологиялык мониторингди өнүктүрүү;
- калк арасында экологиялык жана гигиеналык маданиятты жогорулатуу.
Ичүүчү суу менен жабдуу булактарында санитардык коргоо зоналарын, ичүүчү сууну тазалоо жана даярдоо боюнча комплексти куруу (реконструкциялоо), зыянсыздандыруучу түзүлүштөрдү орнотуу (калыбына келтирүү), суу түтүк тармактарын реконструкциялоо жана кеңейтүү сыяктуу чараларды көрүү ичүүчү суунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ичүүчү сууну ультра кызгылт көк нурландыруу же озондоштуруу аркылуу зыянсыздандыруунун кыйла заманбап методдорун киргизүү зарыл, бул региондун экосистемасына жана калктын ден соолугуна техногендик оорчулукту азайтууга өбөлгө түзөт.
16. Айлана-чөйрөнү жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар адекваттуу жана натыйжалуу болушу керек. Үзгүлтүксүз мониторингди киргизүү жана өткөрүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун жана аткаруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Ичүүчү суунун, көлдүн суусунун жана пляждагы кумдун сапатынын деңгээли негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Мамлекеттик көзөмөлдүн жана/же өндүрүштүк контролдун алкагында изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл:
- санитардык-химиялык, бактериологиялык көрсөткүчтөргө ичүүчү суунун сапатын кварталына бир жолудан кем эмес, ал эми туристтик сезондун ичинде айына бир жолудан кем эмес;
- Ысык-Көлдүн абалынын вирусологиялык, санитардык-химиялык, бактериологиялык, паразитологиялык көрсөткүчтөрүнө сууга түшүү сезонунун башталышынын алдында жана сезон убагында айына эки жолудан кем эмес;
- пляждагы кумдун, спорттук жана балдар аянтчаларынын кумунун абалынын санитардык-химиялык, бактериологиялык, паразитологиялык көрсөткүчтөрүнө сууга түшүү сезонунун башталышынын алдында жана сезондо айына эки жолудан кем эмес.
17. Экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча технологиялык чечимдер менен катар адамдын экологиялык-гигиеналык маданиятын, анын ичинде экологиялык аң-сезимин жана экологиялык жооптуу жүрүм-турумун калыптандыруу актуалдуу жана натыйжалуу бойдон калууда.
Калкка билим берүүнүн, маданий-жүрүм-турум адаттарын калыптандыруунун эң маалыматтуу жана жеткиликтүү методу катары интернет-ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарыл. Социалдык тармактар уникалдуу билим берүү ресурсу катары дээрлик бүткүл калкты камтууга жөндөмдүү. Таштандыны чогултуу жана утилдештирүү, таштандыны өрттөөнүн зыяндуулугу жана ага тыюу салуу, гигиеналык маданият жана экологиялык тарбиялоонун башка аспекттери жөнүндө видеоматериалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу зарыл.
18. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу жана реконструкциялоо үчүн 55 калктуу конушка инвестицияларды тартуу зарыл. Бул маселени чечүү үчүн аталган тармакты өнүктүрүүнүн 2026-2036-жылдарга карата программасынын долбоору иштелип чыгууда, ага Ысык-Көл облусунун калктуу конуштары киргизилет.
19. Көлгө куйган суулардын сапатын сактоо Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоонун негизги шарты болуп саналат. Ысык-Көл өрөөнүнүн өзгөчөлүгүнөн улам жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын бардык түрлөрү (агынды, тазаланган, табигый) акыркы эсепте тигил же бул жол менен көлгө түшөт. Көлдүн жээк тилкесинде капиталдык курулуш көйгөйлөрдүн катализаторлорунун бири болуп саналат, мында биринчи кезекте Ысык-Көлдүн табигый чыпкасы болуп саналган чычырканак жана камыш өскөн жерлер жок кылынууда жана анын натыйжасында калыптанган жаратылыш балансы бузулууда, анын ичинде көлдүн суу экосистемасынын трофикалык абалы өзгөрүүдө.
Жазында жана күзүндө негизги булгоочу заттар сугат жерлеринен эриген суулар алып келген азоттун курамдык компоненттери (нитраттар жана аммоний) болуп саналат. Курорттук-рекреациялык иш-аракеттердин активдүүлүгүнүн жогорулашынан улам жай мезгилинде суунун антропогендик булганышы эң жогору. Шаарлардын, айылдардын жана санаторийлердин тазаланбаган саркынды суулары куймалар менен көлдөрдү булгоонун негизги булагы болуп саналат. Дал ушул жай мезгилинде сууда фенолдор, оор металлдар жана мунай продуктулары пайда болот.
20. Ысык-Көл облусунун аймагында 2,0 миңден ашык чарбакер субъекттер иштейт, анын ичинде: 78 автомай куюучу станция, 23 транспорттук, 70 өнөр жай ишканасы, 274 эс алуу мекемеси бар.
Көлдүн жана бүткүл биосфералык зонанын экологиялык абалына калктуу конуштардан, туриндустрия, соода, коомдук тамактануу объекттеринен чыккан саркынды суулар кыйла терс таасир тийгизет. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү сууну керектөөнүн жана тазалоонун контролдонуучу процесстерин, анын ичинде саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылат.
21. Азыркы учурда облуста Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында 3 ири өнөр жай канализациялык-тазалоочу курулма жана курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерде 157 локалдуу тазалоочу курулма бар. Акыркы 5 жылда 47 тазалоочу жай курулган. Багбанчылыкты жана агротокой чарбасын өнүктүрүү максатында жакын жайгашкан асылдуулугу төмөн жерлерди биофильтрациялоо/сугаруу үчүн тазаланган сууларды экинчи жолу пайдалануу маселесин кароо максатка ылайыктуу.
Экологиялык ченемдерге ылайык келбеген локалдуу тазалоочу курулмаларды эксплуатациялоо айлана-чөйрө үчүн өзүнчө коркунуч болуп саналат. Рекреация объекттериндеги саркынды суулардын 2023-жылы алынган сынамдарын талдоонун натыйжалары алардын суудагы, чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричилик суу пайдалануудагы суу объекттериндеги химиялык заттардын концентрациясынын жол берилген чектеринин гигиеналык ченемдерине ылайык келбегендигин көрсөтүп турат. Түзүлгөн кырдаалда бүткүл суу топтоочу аймакта жана Ысык-Көлгө жакын жерде иштеп жаткан тазалоочу курулмаларды контролдоо боюнча чараларды күчөтүү зарыл.
Ошону менен бирге саркынды сууларды лабораториялык талдоо рекреациялык объекттерди саркынды суулардын белгиленген талаптарга шайкештигине жыл сайын милдеттүү мониторингди жүргүзүүгө милдеттендирүүчү ченемдердин жоктугунан бардык тазалоочу курулмаларды камтыбайт. Мындан тышкары лабораториянын учурдагы абалы Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МАК) ISO/IEC 17025-2019 "Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына жалпы талаптар" МАМСТ стандартынын талаптарына жооп бербейт.
§ 4. Жер ресурстары
22. Ысык-Көл облусу 4314,4 миң га аянтты ээлеп турат, анын ичинен: Ысык-Көл (23%), тоолор (67%), түздүктөр (10%). Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда 191,5 миң га айдоо, 137,4 миң га сугат жерлер, 11,4 миң га көп жылдык өсүмдүктөр, 1397,8 миң га жайыт бар.
Облуста жер пайдалануунун, атап айтканда агрардык сектордун өзгөчөлүгү Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган калкты, ошондой эле келген туристтерди биосфералык аймакта чарба жүргүзүү режимин милдеттүү сактоо менен тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу зарылдыгында турат.
Ядро зонасынын аймагында бардык чарбалык иштерге тыюу салынат. Буфердик зонада ядронун экосистемасынын абалына терс таасирин тийгизбеген иштин ар кандай формалары жүзөгө ашырылат. Өткөөл зонада өндүрүштүк иштин ар кандай түрлөрүнө жол берилет жана анда айдоо жерлери, айыл чарба, өндүрүштүк жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекстери, минералдык суулардын булактары, ошондой эле өндүрүш борборлору бар эксперименттик участоктор жайгашкан. Санация зонасында регенерациялык, рекультивациялык, эрозияга каршы, жайыттарды калыбына келтирүү жана токой отургузуу иш-чаралары жүзөгө ашырылат.
23. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн жана мал чарбачылыгынын айыл чарба продукцияларын өндүрүү өткөөл жана буфердик зоналарда пайдалануунун белгиленген режимдерин сактоо менен жүргүзүлөт, бул Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматы боюнча минералдык жер семирткичтерди (0,1 миң т), пестициддерди (46,9 тонна гербициддерди, 2,9 тонна инсектициддерди) жана органикалык жер семирткичтерди (15,9 миң т) пайдалануунун басымдуулугун салыштырмалуу төмөндүгү менен түшүндүрүлөт.
Ысык-Көл облусунун жер ресурстарына айыл чарба өндүрүшүнүн терс таасирин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында жаратылышты үнөмдөөчү мыкты тажрыйбаларды киргизүү жана илимий негизделген агротехникалык иш-чараларды (которуштуруп себүүлөрдү, экологиялык таза жер семирткичтерди, технологиялык ирригациялык системаларды жана башкаларды колдонуу) жүргүзүү жана жогорку өндүрүмдүү элита сортторун колдонуу менен өсүмдүк өстүрүүнү жайылтуу, ал эми мал чарбачылыгында - жогорку өндүрүмдүү элита породаларын өстүрүү талап кылынат.
24. Ысык-Көл облусунун жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттары жана табигый тоют жерлеринин аянттарынын болушу мал чарбасынын өнүгүшүн шарттады. Жайыт жерлери малды тоют менен камсыз кылуу боюнча негизги ресурс болгон жана болуп кала берет, бул өздүк наркты төмөндөтүүнүн жана экологиялык жактан таза эт-сүт продукциясын алуунун негизги фактору болуп саналат. Айыл чарба малдарынын санынын өсүшү жайыттарга ашыкча күч келтирүүгө жана алардын деградациясына алып келет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 462 "2024-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жайыттардын абалын жакшыртуу, жайыттардын инфраструктурасын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, ошондой эле жайыттарды климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү керек.
25. Ашыкча эксплуатацияга жана антропогендик таасирге дуушар болгон жер ресурстары кургакчылык, шамал жана суу эрозиясы жана башкалар сыяктуу жерлердин бузулушуна алып келүүчү жаратылыш факторлоруна туруктуулугун жоготот, бул кыртыштын асылдуулук катмарынын начарлоо процессин тездетүүгө жана алардын биологиялык жана экономикалык өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтүүгө алып келет.
Ландшафттарга орду толгус зыян келтирүүчү пайдалануунун эң кеңири таралган түрлөрү курулуш максаттары үчүн кум-шагыл аралашмасын жана чопону иштеп чыгуу болуп саналат. Облустун дээрлик бардык айыл аймактарында курулуш материалдарынын жергиликтүү карьерлери бар. Ысык-Көл районунун аймагында гана 20дан ашык курулуш материалдарынын карьерлери бар ("Каухар", "Мүрөк", "Көгүлтүр булуң" пансионаттарынын жанында). Орто-Кой-Суу, Кара-Ой дарыяларынын дээрлик бардык кургак нуктары шагыл жана отсев алуу жери болуп калды. Жер ресурстарын пайдалануунун мындай түрлөрүн тартипке келтирүү жана белгиленген нормативдерге жана ченемдерге ылайык келтирүү керек.
§ 5. Кооптуу калдыктар, өндүрүш жана керектөө калдыктары
26. Жер ресурстарын жана айлана-чөйрөнү негизги булгоочулар болуп калдыктарды жайгаштыруу объекттери: калдык сактоочу жайлар, шлам сактоочу жайлар, кен калдыктары жана катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү жайлар саналат. Облуста кооптуу калдыктардын 2 калдык сактоочу жайы бар.
Бири Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) карамагында жана Тоң районунун Кажы-Сай шаар тибиндеги кыштакта (мындан ары - штк) аймагында жайгашкан. "Уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасын ишке ашыруунун алкагында бул калдык сактоочу жай рекультивацияланган жана коопсуз абалга келтирилген. Ошону менен бирге Кажы-Сай штк аймагында мурдагы өнөр жай зонасы жана көмүр жана уран кендеринен күл, калдыктар төгүлгөн участоктор калууда, алар экологиялык коркунуч туудурууда.
27. Көлөмү 40 млн. куб.м болгон "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (мындан ары "Кумтөр" ЖАК) алтын кен комбинатынын калдык сактоочу жайы Нарын дарыясынын жогору жагында "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын санация зонасында деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жайгашкан. Жылуулук алкактарынын көтөрүлүшүнүн жана түбөлүк мөңгүлөрдүн эришинин же катуу жер титирөөнүн натыйжасында калдык сактоочу жайдын жарылып кетүү коркунучу бар, бул иштетилген цианиддүү пульпанын Нарын дарыясын түзгөн тоолуу дарыяларга түшүп кетишине алып келиши мүмкүн.
Айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу жана жер ресурстарынын андан ары деградацияланышын болтурбоо максатында радиациялык-кооптуу объекттердин коопсуздугуна баалоо жүргүзүү, Кажы-Сай штк кениндеги көмүр жана уран казуу иштеринен күл жана калдыктарды төгүү участокторун жана өнөр жай зонасын рекультивациялоо, ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен калдык сактоочу жайларга, кен калдыктарына жана катуу тиричилик калдыктарын төгүү жайларына мезгили менен мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу зарыл
28. УСКнын маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда 2023-жылдын аягына карата өндүрүш жана керектөө калдыктарынын көлөмү жылына 2928855,3 миң тоннаны түздү, бул республика боюнча бардык өндүрүш жана керектөө калдыктарынын 97,7%ын түзөт. Аталган калдыктар пайдалуу кендерди казып алуудан (болжол менен 98,7%), кайра иштетүү өнөр жайынан (1,1%) пайда болгон. Облуста өндүрүш жана керектөө калдыктарынын пайда болушу жылына 190975,4 миң тоннаны же республика боюнча көрсөткүчтөрдүн 84,5%ын түздү.
Ысык-Көл облусунда 2023-жылы 102,9 миң тонна көлөмүндө катуу тиричилик калдыктары (үй чарбаларынын, уюмдардын жана мекемелердин, базарлардын калдыктары, көчө таштандылары жана башка калдыктар) ташып чыгарылган. Ташып чыгаруунун эң чоң көлөмү жайкы мезгилге, июнь-августка туура келүүдө.
Тиричилик калдыктарын утилдештирүү үчүн цехтерди куруу, пластмассадан жасалган буюмдарды жана башка калдыктарды кайра иштетүү жолдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарыл. Калдыктарды кайра иштетүүнү натыйжалуу башкаруу жаратылыш комплекстеринин деградациясын жана жок болушун алдын алууга мүмкүндүк берет жана региондогу социалдык-экономикалык кырдаалга оң таасирин тийгизет.
§ 6. Атмосфералык аба
29. УСКнын маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда стационардык булактардан чыккан атмосфераны булгоочу заттардын чыгышы салыштырмалуу төмөн жана 1,4 миң тоннаны түзөт (республика боюнча бардыгынан 2,3%). Чолпон-Ата шаарында атмосфералык абанын сапатынын көрсөткүчтөрү боюнча 2023-жылы азоттун диоксидинин (NO□) орточо концентрациясы 0,30 мкг/м3 байкалган жана атмосфералык абанын булгануу индекси 0,69 чоңдукту түзгөн (салыштыруу үчүн: Бишкек шаарында - 1,69).
Атмосфералык абанын абалына атмосфераны булгоонун стационардык (энергетика, кен казуу жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, коммуналдык чарбалар жана башкалар) жана көчмө (авто-, авиа-, суу, темир жол транспорту, курулуш жана айыл чарба техникалары) булактары таасир этет.
Белгилүү болгондой адам жашаган чөйрө катары экосистеманын туруктуу абалын сактоонун маанилүү факторлорунун бири болуп эсептелген атмосфералык абанын сапаты, ЖЭБ, цемент өндүрүү боюнча заводдор, отканалар жана башкалар сыяктуу ишканаларда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап чаң, газ тазалоочу жабдууларды орнотуу менен өндүрүштүн жеткиликтүү эң мыкты технологияларын колдонуудан түздөн-түз көз каранды болот.
30. Облустун аймагында 33 откана иштейт, алардын ичинен 22 катуу отун менен иштейт, 3 - суюк отун менен, 7 - электр энергиясы жана 1 откана отундун аралаш түрүнө ээ (электр энергиясы + мазут). Жылуулук менен жабдуунун учурдагы системасы сакталганда жана энергияга суроо-талап жогорулаганда аба чөйрөсүн күйүү продуктулары менен булгоо процесси барган сайын өсөт. Мындан тышкары атмосфералык абанын булганышына катуу отунду жылытуу үчүн пайдаланган үй чарбалары, ошондой эле автотранспорт жана башка техника олуттуу салым кошууда.
Биосфералык аймактын атмосфералык абасынын булганышын болтурбоо үчүн шаар курууда аба массаларынын айлануу факторун эске алуу, бүркүп чыккан заттарды азайтуу үчүн транспорттук логистиканы жакшыртуу, бүркүп чыккан заттардын стационардык булактарында заманбап чаң, газ тазалоочу орнотмолорду пайдаланууга көмөктөшүү керек.
Климаттын өзгөрүшүнө жана көмүр кычкыл газынын чыгарылышын азайтуу зарылдыгына байланыштуу заманбап чакырыктарга байланыштуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Чакан гидроэлектр станциялары, шамал, күн генераторлору, геотермалдык энергия экологиялык жактан таза, кайра жаралуучу ресурстар болуп саналат жана регионду узак мөөнөттүү жана туруктуу энергия жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн негиз боло алат.
§ 7. Биологиялык түрдүүлүк. Токой
31. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары - УИА) маалыматтары боюнча "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын флорасында 1034 түрлүү өсүмдүк бар, дары, эфир майы, ийлөө, бал алуу, фитонциддик өсүмдүктөргө бай, алар дээрлик 50 өсүмдүк тобун түзөт.
Фауна сүт эмүүчүлөрдүн 54 түрүнөн турат, алардын ичинен 9 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Аймакта канаттуулардын 267 түрү кездешет, алардын 18и Кыргызстандын Кызыл китебине жана 2 түрү - көктумшук жана чортумшук Жаратылышты коргоонун эл аралык бирлигинин Кызыл тизмесине киргизилген.
Азыркы учурда Ысык-Көл өрөөнүнүн өзгөчө өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жогорку антропогендик басымдын жана климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында терең трансформацияга дуушар болууда. Экосистемалардын түрлөрүнүн санынын азайышы алардын жөндүү иштешинин бузулушуна, атмосфераны тазалоонун, суу бассейндеринин тазалыгын жана өсүмдүк катмарынын сакталышын коргоочу функцияларынын төмөндөшүнө алып келет.
Ихтиофаунанын абалын баалоо маалыматтары Ысык-Көлдүн балык запастары өтө оор абалда экендигин көрсөтүп турат. Бул балыктардын эндемикалык түрлөрүнө - чабакка тиешелүү, ал эми Ысык-Көл көк чаары жана Ысык-Көл маринкасы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору" мамлекеттик мекемеси (Суучулдар кызматы) 2023-жылдан бери Ысык-Көл акваториясында көлдүн акваториясынын булганган жерлерин браконьердик балык торлорунан жана таштандылардан үзгүлтүксүз текшерип, суу үстүндөгү жана суу алдындагы тазалоону жүргүзүп келет, анын натыйжасында жыл сайын 430 миң гектардан ашык участок текшерилет жана 2023-2025-жылдар мезгилинде акватория 344,8 миң м браконьердик балык торунан жана 42,27 миң кг таштандыдан тазаланган.
32. Биологиялык түрлөрдү сактоого жалпысынан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (мындан ары - ӨКЖА) түзүү өбөлгө түзөт, аларда чарбалык ишке толугу менен тыюу салынган же зоналык дифференциацияга ылайык жөнгө салуу режими киргизилген (коруктарда: өзөк зонасы, буфердик зона, коргоо зонасы, жаратылыш парктарында: корук режиминдеги, экологиялык турукташтыруу, туристтик жана рекреациялык иш, чектелген чарбалык иш зоналары).
Ысык-Көл облусунун аймагында төмөнкүдөй ӨКЖА иштейт:
- Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругу, жалпы аянты 19,0 миң га (1948-жылы түзүлгөн);
- Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругу, жалпы аянты 149,1 миң га (1995-жылы түзүлгөн);
- "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркы, жалпы аянты 38,1 миң га (1997-жылы түзүлгөн);
- "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш паркы, жалпы аянты 275,8 миң га (2016-жылы түзүлгөн);
Алардан тышкары 10 заказник түзүлгөн, анын ичинен: 5 зоологиялык (114,3 миң га), 2 ботаникалык (120 га), 1 токой (95 га) жана 2 геологиялык.
33. Токойлор суу, кычкылтек, көмүртек жана башка заттардын глобалдык циклдерине катышат. Бул атмосферадагы көмүр кычкыл газынын жападан жалгыз табигый соруп алуучусу, анын ашыкча болуусу глобалдык жылуулукка алып келет. Мамлекеттик токой фондунун (мындан ары - МТФ), ӨКЖА жана Ысык-Көл облусунун МТФ жана ӨКЖАга кирбеген токойлордун жалпы аянты 2023-жылдын 1-январына карата 830,7 миң гектарды түзөт, алардын ичинен:
- МТФ жерлери - 309,1 миң га;
- ӨКЖА жерлери - 482,0 миң га;
- МТФ жана ӨКЖА тышкары токойлор - 39,6 миң га.
Ысык-Көл облусундагы МТФнын жерлерине Балыкчы (4,0 миң га), Жети-Өгүз (90,4 миң га), Ысык-Көл (53,3 миң га), Каракол (71,2 миң га), Тоң (13,0 миң га), Түп токой чарбаларынын (77,2 миң га) жерлери кирет:
- МТФнын токой каптаган жалпы аянты 105,3 миң га, анын ичинен ийне жалбырактуу - 58,3 миң га, жалбырактуу - 3,7 миң га жана бадал - 43,3 миң га түзөт;
- токой каптаган ӨКЖАнын жалпы аянты 15,5 миң га, анын ичинен ийне жалбырактуу - 6,1 миң га, жалбырактуу - 0,5 миң га жана бадал - 8,9 миң га түзөт;
- МТФ жана ӨКЖА токойлорунун жалпы аянты 120,8 миң га, анын ичинен ийне жалбырактуу - 64,5 миң га, жалбырактуу - 4,2 миң га жана бадал - 52,1 миң га түзөт.
Токой өсүмдүктөрү дарыялардын гидрологиялык режимин камсыз кылууда, топурактын эрозиясын жана дефляциясын алдын алууда чечүүчү ролду ойнойт. Ошондой эле токой өсүмдүктөрү парник газдарын сиңирүү менен гана эмес, ошондой эле кыйла туруктуу ландшафттарды калыптандыруу менен климаттын өзгөрүшүн жумшартууга олуттуу таасирин тийгизет: алар суу режимин жөнгө салат, топурактын абалын жакшыртат жана айыл чарбасы үчүн сактайт жана өсүмдүктөр менен жаныбарлар үчүн миграциялык коридорлорду түзөт. Ушуга байланыштуу потенциалдуу кооптуу жантайыңкы участокторго жана суу каптаган жерлерге жашыл бак-дарактарды отургузууну активдүү жүргүзүү зарыл.
34. КР УИАнын маалыматы боюнча дарыялардын жана көлмөлөрдүн өзүн-өзү тазалоосу - бул органикалык жана башка заттардын активдүү кычкылтектин жана микроорганизмдердин иштешинин эсебинен кычкылдануу касиети. Тарыхый жактан Ысык-Көлдүн суусунун курамында органикалык заттар аз, бул анын тазалыгын жана тунуктугун аныктайт. Буга карабастан көлдүн тазалыгы - жаратылышты ченемсиз пайдалануу жана ченемден ашыкча рекреациялык пайдалануу менен бузулушу мүмкүн болгон морт табигый кубулуш. Мында көлмөлөргө көп сандагы булгоочу заттар келип түшөт, алар топтолуп, көлмөнүн эвтрофикация ("гүлдөө") таасирин пайда кылып кийин анын сазга айланышына алып келет. Ысык-Көлдөн бир да суу агып чыкпагандыктан, өтө жай сазга айлануу процессине дуушар болот. Иштин мындай уникалдуу абалы Ысык-Көлдүн табигый чыпкаларынын иши менен байланыштуу.
Мындай табигый чыпка - бул табигый жээк комплекстери: кумдуу пляждар, суу куюлган зонада пайда болгон көзгө көрүнбөгөн саздар жана көлдүн жээгиндеги жапайы бадалдар. Дал ушул жерде чычырканак бадалдарынын жана саздак жерлердин экосистемаларында көптөгөн пайдалуу микроорганизмдер жашайт, алар өзүнчө бир жандуу чыпканы түзөт. Табигый чыпканын негизги бөлүгү - биологиялык ар түрдүүлүк, саз микроорганизмдери, чөптөр жана бадалдар. Чычырканак бул чыпканын эң кеңири таралганы, бирок жалгыз активдүү элементи эмес. Саздын аймагында камыш-чычырканак, бөрү карагат-чычырканак, алча-бөрү карагат-чычырканак, карагат-бүлдүркөн-чычырканак жана башка участоктор кездешет. Бөрү карагат- чычырканак жана камыш-чычырканак түркүмдөрү эң көп кездешет.
Азыркы учурда чычырканак бадалдарынын аянты катуу бузулган. Алардын негизги массивдери Кургак кырка тоо жана Кара-Булуң участокторунда, Кой-Сары районунда түштүк-чыгыш жээги боюнча жана түндүк жээги боюнча Григорьевка айылынан Кутургу айылына чейин рекреациялык пляждык зонада жайгашкан. Жээк зонасынын экологиялык бейпилдигин жана курорттук-рекреациялык баалуулугун колдоонун табигый негиздеринин бузулушун токтотуу зарыл. Ал үчүн экологиялык-экономикалык системанын бардык компоненттери үчүн иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана иштерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү зарыл.
Ысык-Көлдүн жээгинде чычырканак алкагын жандандыруу керек. Келечекте Ысык-Көл облусунун токой чарбалары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) жана жергиликтүү коомчулуктардын келишимдери жана суроо-талаптары боюнча чычырканактын көчөт материалын өстүрүүгө багытталышы керек.
Концепцияда төмөнкүлөр каралган:
- ӨКЖА аянттарын Ысык-Көл облусунун жалпы аянтынан 20%га чейин көбөйтүү;
- өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын, анын ичинде балыктардын эндемикалык түрлөрүн сактоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- жергиликтүү чычырканак токойлорун отургузуу жана калыбына келтирүү, жээк экосистемаларын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- МТФ жана ӨКЖА аймактарына токой өсүмдүктөрүн (ийне жалбырактуу жана жалбырактуу түрлөрүн) отургузуу;
- токойду табигый жол менен калыбына келтирүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- токой патологиясына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу;
- калктуу конуштарды жана ландшафттарды жашылдандыруу үчүн көчөт материалдарын өстүрүү.
§ 8. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар
35. Кырсыктардын тобокелдигин олуттуу азайтууну жана өзгөчө кырдаалдардан жоготууларды кыскартууну камсыз кылуу максатында ӨКМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы ишке ашырылууда, ал Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктайт жана көп тараптуу өнөктөштүк принциптерине негизделген кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу моделин, Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудан алардын алдын алууга өтүүнү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыкты жогорулатуу жолу менен тобокелдиктерди азайтууну карайт.
Региондун коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдеттеринин бири болуп мамлекеттин жана коомдун кризистердин өбөлгөлөрүн таанып билүү жана алар менен натыйжалуу күрөшүү, туруктуу өнүгүүгө коркунучту болтурбоо жөндөмдүүлүгү саналат. ӨКМ тарабынан бекитилген Иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 232 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууда.
36. Ысык-Көл облусунун аймагында 2024-жылы сел жүргөн 19 учур катталган. Натыйжада 333 турак үй, 92 жертөлө жайлары жана участоктор, 71 социалдык объект, 11 км автожол, 1,4 км селди буруучу каналдар, 14 км ички чарбалык жолдор, 25 га айыл чарба жерлери суу астында калган, 19 автоунаа, 1,3 км селден коргоочу дамбалар, 25 көпүрө жабыркаган, 700дөн ашык адам эвакуацияланган. Материалдык зыян 221,168 млн. сомду түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери алдын алуу чараларын өз убагында өткөрбөөнүн топтоолуу таасирин, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардын коркунучтарынан коргоо чараларынын жетишсиздигин, мониторинг жүргүзүү жана калкты эрте кабарлоо системаларынын жоктугун көрсөттү.
Белгилей кетсек, азыркы учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн инженердик техника Чүй облусунун аймагынан (Беловодск айылы) келип, 300 км ашык аралыкты басып өтүп жатат, бул өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрбөөгө алып келүүдө.
37. Потенциалдуу кооптуу участоктордун абалы жөнүндө маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан пландык жана пландык эмес текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча, ошондой эле сел-ташкындоо процесстерине мониторинг жүргүзүү үчүн "Климаттын өзгөрүшү жана Борбордук Азияда туруктуулук" региондук долбоорунун алкагында орнотулган Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы жаңы автоматтык метеорологиялык станциялар аркылуу ишке ашырылат.
Мындай автоматтык метеорологиялык станцияларды Ысык-Көл облусунун башка кыйла потенциалдуу-кооптуу участокторунда да кеңейтүү зарыл. Автоматташтырылган метеорологиялык станцияларды жана кабарлоо системаларын орнотуу калкты, туристтерди коргоону, сел жүргөн учурда келип чыгышы мүмкүн болгон материалдык зыянды минималдаштырууну камсыз кылат. Ыкчам мониторинг жүргүзүү, чечимдерди кабыл алуу жана табигый кырсык коркунучу болгон учурда кабарлоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.
38. Азыркы учурда Ысык-Көл облусунун аймагында кооптуу табигый процесстердин пайда болуу коркунучу бар 385 участок идентификацияланган, аларга коркунучтарды эрте аныктоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында дайыма мониторинг жүргүзүү уюштурулган. Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча маселелерди чечүү келечектеги коркунучтарды жана кооптуулукту эске алуу менен комплекстүү мүнөзгө ээ болууга тийиш, аларга төмөнкүлөр кирет:
- табигый кырсыктардын коркунучун деталдуу түшүнүү;
- потенциалдуу кооптуу участоктордо инженердик коргоочу курулмаларды куруу;
- болжолдоо жана алдын алуу методдорун өнүктүрүү жана башкалар.
§ 9. Ысык-Көл облусунун экономикалык өнүгүүсү
39. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунун экономикалык өнүгүүсү акыркы жылдары экономиканын бардык тармактарында алгылыктуу жылыштар менен мүнөздөлдү.
Ысык-Көл облусу төмөнкүлөрдөн турат:
- 5 райондон (Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл);
- 3 шаардан (Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата);
- 22 айыл аймагынан.
Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндө Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондору жайгашкан, анда дыйканчылык жана мал чарбачылыгы дан, картошка чарбасы жана багбанчылыкка ыктап өнүккөн.
Ысык-Көл облусунун батыш бөлүгү курорттук-рекреациялык зона жана багбанчылык өнүккөн Ысык-Көл районунан турат жана кой чарбачылыгы жана курорттук-рекреациялык иш мүмкүнчүлүктөрү бар Тоң районунан турат.
Каракол шаары Ысык-Көл облусунун кызмат көрсөтүү чөйрөсү басымдуулук кылган администрациялык борбору болуп саналат, Балыкчы шаары өнөр жай бөлүгү болуп эсептелет.
40. Ысык-Көл облусунун бюджети. Өлкөнү өнүктүрүүнүн мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаты, анын ичинде фискалдык саясат республикалык бюджетке түшүүлөрдүн өсүшүн камсыз кылат жана ишкердик субъекттерди көмүскө экономикадан чыгаруунун механизмдерин түзөт. 2020-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 1,3 млрд. сомду, ал эми 2024-жылы 4,5 млрд. сомду түзгөн, мында киреше бөлүгү 246,1%га көбөйгөн.
41. Ысык-Көл облусунун региондук дүң продукту акчалай алганда 2020-жылы 88,4 млрд. сомго, ал эми 2023-жылы 118,8 млрд. сомго чейин көбөйгөн. 2023-жылы ички региондук продуктунун (мындан ары - ИРП) өсүшү өнөр жай менен 65,3 млрд. сом көлөмүндө, айыл чарбасы - 16,6 млрд. сом, кызмат көрсөтүүлөр - 27,4 млрд. сом менен камсыз болгон. 2023-жылы капиталдык салымдар 48,6%га, 2022-жылдагы 19,8 млрд. сомдон 2023-жылы 30,2 млрд. сомго чейин көбөйгөн.
Ысык-Көл облусунун ички дүң продуктунун түзүмү негизинен айыл чарбасындагы, өнөр жай, курулуш секторлорундагы жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү экономикалык иштин эсебинен түзүлөт, ИРПнын жалпы көлөмүндө тармактардын салыштырма салмагы төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
- өнөр жай - 55,0%;
- айыл чарба - 14,0%;
- курулуш - 6,4%;
- кызмат көрсөтүүлөр жана башка тармактар - 24,6%.
42. Жагымдуу инвестициялык климат, жергиликтүү ишкерлердин активдүүлүгү, финансылык ресурстарга кеңири жетүү бизнес- долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк берет, анын натыйжасында жыл сайын Ысык-Көл облусунда орточо 2600дөн ашык жаңы жумуш орундары ачылат.
§ 10. Өнөр жай
43. Ысык-Көл облусунда өнөр жайдагы иштин базалык түрлөрү болуп алтын, калай, тамак-аш азыктарын өндүрүү, курулуш материалдары, тигүү буюмдары, пайдалуу кендерди казып алуу жана башкалар эсептелет.
2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу өнөр жайдын негизги тармактарында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилди:
- пайдалуу кендерди казып алуу - 156,4%;
- иштетүүчү өндүрүштөр - 93,5%;
- электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу - 162,6%;
- суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи чийки затты алуу - 104,0%.
2025-жылдын 1-январына карата Ысык-Көл облусунун өнөр жай комплекси 67 өнөр жай ишканасын түзөт, алардын ичинен туруктуу иштеген - 47, өсүү темпин камсыз кылбаган - 18, токтоп турган - 2 ишкана.
2024-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө пайдалуу кендерди казып алуунун үлүшү 1,2%ды, иштетүүчү өнөр жайдын үлүшү - 94,0%ды, электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо боюнча - 4,4%ды, суу менен камсыздоо, тазалоо, кайра иштетүү жана экинчи чийки затты алуу боюнча - 0,4%ды түздү.
Региондун өнөр жай продукция өндүрүүнүн өсүшүн камсыз кылуу "Кумтөр" жабык акционердик коомунун - алтын казып алуучу ишкананын өндүрүштүк ишинен жогорку деңгээлде көз каранды.
2-таблица. Өнөр жай продукциясынын көлөмү
млн. сом
| 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл |
Бардыгы: | 78831,2 | 74737,6 | 87613,4 | 81350,6 | 96703,6 |
"Кумтөр" ЖАКсыз жана электр тармактарысыз | 2801,5 | 2563,7 | 3890,6 | 4752,9 | 6999,5 |
44. Ысык-Көл облусунун аймагында 2024-жылы 5,3 миң тонна көмүр, 1,3 миң тонна руда жана калай концентраттары өндүрүлгөн, 214,1 миң тонна табигый кум, шагыл, кырдуу шагыл, таш күкүмдөрү казып алынган.
Ысык-Көл облусунда жогорку сапаттагы, жогорку калориялуу деп эсептелген таш жана күрөң көмүрдүн чоң запасы бар. Жыргалаң ири таш көмүр кени шахтанын техникалык чектеринде 2,235 млн. т (техникалык чектерден тышкары - 18,0 млн. т) көмүрдүн запасы менен. Жыргалаң кенинин чыгыш участогунун чалгындалган запастары 4,5 млн. тоннага жакын жогорку калориялуу таш көмүрдү түзөт.
Ысык-Көл облусунун өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- колдо болгон өндүрүштүк кубаттуулуктардын толук эмес жүктөлүшү;
- тармакка инвестициялардын туруксуз мүнөзү;
- ишканалардын инновациялык активдүүлүгүнүн төмөн деңгээли;
- региондук кластерлерди түзүүдө звенолордун жоктугу;
- индустриалдык зоналарды түзүү боюнча так механизмдин жоктугу.
§ 11. Энергетика
45. Энергетика Ысык-Көл облусунун энергетикага көз каранды болгон социалдык-экономикалык ишинин негизги жашоо-турмушун камсыз кылуучу компоненти болуп саналат. Ысык-Көл облусундагы энергетика жылуулук жана электр менен камсыздоонун ар кандай түрлөрүнөн турат. Отун-энергетикалык ресурстардын негизги түрлөрүнүн түзүмүндө Ысык-Көл облусуна электр энергиясы - 100%га чейин, мазут, газ, бензин, дизель отуну - 100% берилет, көмүрдүн импорту 95%га чейин жетет.
Ысык-Көл облусу борбордоштурулган энергия менен камсыздоонун республикалык системасына интеграцияланган. Электр менен камсыздоо толугу менен борбордоштурулган жана "Кыргызстан Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун филиалы - "Ысык-Көл электр тармактар ишканасы" (мындан ары - ЫЭТИ) тарабынан ишке ашырылат.
3-таблица. Электр энергиясын керектөө түзүмү
Керектөө тармактары: млн. кВт саат | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл |
Бардыгы: | 950,4 | 995,5 | 960,7 | 1021,7 |
Өнөр жай продукциясын өндүрүү үчүн | 79,4 | 82,9 | 81,9 | 86,8 |
Айыл чарба муктаждыктары үчүн | 3,7 | 4,8 | 4,6 | 4,1 |
Транспорттун иштеши үчүн |
| 0 | 0 | 0 |
Калкка берүү үчүн | 643,4 | 643,2 | 619,8 | 653,0 |
Башка уюмдарга | 223,9 | 264,6 | 254,3 | 277,6 |
Ысык-Көл облусунда электр энергиясын керектөөнүн түзүмү өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ жана эки - жайкы жана кышкы жүктөмдүн эң жогорку чегин түзөт. Кышкы эң жогорку чеги жылытуу мезгилинде жайкы - курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерде электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу түзүлөт. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча электр тармактарындагы жалпы жоготуулар 166,4 млн. кВт. саатты же 13,8%ды түздү.
46. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маалыматтары боюнча 2020-жылдан тартып 2024-жылдын октябрына чейин Ысык-Көл облусунда 5 чакан ГЭС ишке киргизилген:
- 2022-2023-жылдары Тоң районунда - 4 чакан гидроэлектр станциясы (мындан ары - ЧГЭК) (Тоң, Ала-Баш, Көк-Сай, Коңур-Өлөң) жалпы суммалык кубаттуулугу 13,3 МВт;
- Ак-Суу районунда 2024-жылы - 1 ЧГЭК, кубаттуулугу 2,4 МВт.
2020-жылдан 2024-жылдын 8 айына чейин ушул ЧГЭК иштеп чыгарган ИПЭС тармактарына электр энергиясынын келип түшүүсү 78,7 млн. КВт. саатты түздү.
2025-жылга карата абалы боюнча энергия өндүрүү түзүмүндө кайра жаралуучу энергиянын үлүшү 2,1%ды түздү. Жакынкы 10 жылда Ысык-Көл облусунун аймагында 35 ЧГЭС, шамал жана күн энергетикалык станциялары курулат.
2025-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилде жалпы кубаттуулугу 105,55 МВт болгон дагы 10 ЧГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда:
- Ак-Суу районунда - 2 ЧГЭС (Боз-Учук, Тургент) жалпы суммалык кубаттуулугу 31,54 МВт;
- Ысык-Көл районунда - 2 ЧГЭС (Койсуу, Грин Энерджи) жалпы суммалык кубаттуулугу 12,8 МВт;
- Жети-Өгүз районунда - 2 ЧГЭС (Жети-Өгүз, Ак-Терек) жалпы суммалык кубаттуулугу 10,7 МВт;
- Тоң районунда - 1 ЧГЭС (Орто-Токой) кубаттуулугу 21 МВт;
- Түп районунда - 3 ЧГЭС (Түп, Чоң-Ак-Суу-1, Чоң-Ак-Суу-2) жалпы кубаттуулугу - 29,51 МВт.
ЧГЭС, шамал, күн генераторлору, геотермалдык энергия экологиялык таза жана кайра жаралуучу ресурстар болуп саналат, региондорду узак мөөнөттүү жана туруктуу энергия-жылуулук менен камсыз кылуу үчүн негиз боло алат. Алар жылытууга кеткен чыгымдарды олуттуу азайтууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана Ысык-Көл облусунун энергияга көз карандысыздыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
47. Ысык-Көл облусун борбордоштурулган жылуулук менен камсыздоо системасы салттуу болуп саналат, отканалар өзүнчө имараттарда жайгашат жана ири көп кабаттуу турак жай массивдерин, уюмдарды жана ишканаларды жылуулук менен камсыздайт.
Ысык-Көл облусунун аймагында жылуулук менен камсыздоочу 3 ишкана иштейт: Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата, алардын балансында 33 откана бар. Сезондук мезгилде бул ишканалар тарабынан иштелип чыгуучу жалпы орточо жылуулук энергиясы 20,6 миң гкал түзөт.
Абанын сапатын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышын жөнгө салуу жана кыскартуу максатында, чыгындылардын стационардык булактарында катуу чаң жана газ түрүндөгү заттарды кармоо жана зыянсыздандыруу үчүн чаң, газ тазалоочу орнотмолордун абалына туруктуу мониторинг жүргүзүү зарыл.
§ 12. Айыл чарбасы
48. Айыл чарба - Ысык-Көл облусунун экономикасынын маанилүү тармактарынын бири. Бул тармак негизинен өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына адистешкен. Ысык-Көл облусу продукциянын негизги түрлөрүнө болгон ички талаптарды толугу менен камсыз кылат. Облустун айыл чарбасынын негизин жер үлүштөрүнүн жана фермердик чарбалардын ээлери түзөт.
2024-жылы айыл чарба продукциясын дүң чыгаруунун көлөмү 48829,7 млн. сомду түздү. Кыргыз Республикасынын жалпы көлөмүнөн Ысык-Көл облусунун салыштырмалуу салмагы 12,3%ды түзөт.
Отчеттук мезгилде мал жана канаттууларды союуга өндүрүүнүн өсүү темпи - 104,4%ды, сүт - 103,2%ды, жумуртка - 119,8%ды түздү. Орточо айыл чарбасынын жылдык дүң продукциясынын жалпы үлүшүнүн ичинен мал чарбасына - 55,0%, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө - 41,7%, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө - 1,6%, балык уулоого - 1,4%, аңчылыкка жана токой чарбасына - 0,3% таандык.
Акыркы беш жылда айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүү динамикасы төмөнкүдөй болду:
4-таблица. Айыл чарбасынын дүң продукциясынын динамикасы
| 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 |
Млн. сом | 34774,9 | 45551,2 | 43228,6 | 48542,1 | 48829,7 |
Өсүү темпи % | 102,2 | 97,2 | 108,5 | 99,8 | 104,7 |
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө Ысык-Көл облусу негизинен дан эгиндерин, картошканы, жашылчаларды, мөмө-жемиштерди өндүрүүгө адистешкен, алар республиканын башка региондоруна жана өлкөнүн чегинен сырткары экспорттолот. Жергиликтүү калк үчүн негизги көйгөй түшүм жыйноо сезонунда түзүлгөн баа саясаты (баалардын төмөндөшү) болуп саналат.
Ысык-Көл облусунун жалпы айдоо аянты 183,7 миң гектарды түзөт. Айдоо аянтынын түзүмүндө дан өсүмдүктөрү 48,7%, картошка - 10,4%, көп жылдык чөптөр - 37,2% жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 8,4%ды ээлейт. Акыркы жылдары облустун калкынын жан башына айыл чарбасынын дүң продукциясын өндүрүү 90-95 миң сомдун чегин түздү.
49. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча Ысык-Көл облусундагы туздуу жана шор топурактардын аянты 85,4 миң гектарды түзөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бектилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында бир катар милдеттер каралган, анын ичинде:
- Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын алдында андан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылган жаңы топурак-агрохимиялык лабораториясын ачуу жана айыл чарба багытындагы жерлердин маалымат топтомун түзүү;
- айыл чарбасынын экологиялык жактан таза продукциясын чыгаруу боюнча жаратылышты үнөмдөөчү технологияларга акырындык менен өтүү үчүн жерди пайдалануучуларга, дыйкан (фермер) чарбаларына органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- окутуу семинарлары жана тренингдер аркылуу инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча жер пайдалануучулардын жер иштетүү маданиятын, билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу.
50. Мал чарба секторунда акыркы жылдары жаныбарлардын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы ири мүйүздүү малдын саны 1,9%га (277,7 миң баш), кой жана эчкилер - 0,6%га (922,6 миң баш), жылкылар - 2,3%га (96,4 миң баш) көбөйдү, бул жайыттарга басымдын жогорулашына, жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, жайыт чөптөрүнүн өспөгөн, зыяндуу жана уулуу өсүмдүктөр менен булганышынын көбөйүшүнө, жайыт жана суу эрозиясынын көбөйүшүнө (жайыт жолдорунун болушу, промоин, сай ж.б.), өсүмдүктөр түркүмүнүн доминанттарынын алмашуусуна алып келет. Алыскы жайыттарга баруучу жолдордун жана көпүрөлөрдүн көпчүлүгү оңдолууга тийиш, бул жайыттардын инфраструктурасы өнүгүүнү жана өркүндөтүүнү талап кылат.
Мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө сүт багытындагы мал чарбачылыгы чоң мааниге ээ болууда. Мында сүттү кайра иштетүү боюнча заводдор олуттуу роль ойнойт, алар продукцияны калктан сатып алышат. Ысык-Көл облусу сырдын ар кандай түрлөрү түрүндө кайра иштетилген сүт азыктарынын ири экспорттоочусу болуп саналат. Ысык-Көл облусунун ишканалары "Ак-Жалга" ачык акционердик коому, "Сүт-Булак" жабык акционердик коому, "Ак-Булак+" ачык акционердик коому сүт азыктарын экспорттоонун жалпы республикалык көлөмүнүн 50%ына чейин экспорттойт.
Ысык-Көл облусунун мал чарбачылыгынын коён, балык өстүрүү, канаттууларды багуу сыяктуу түрлөрү начар өнүккөн.
Концепцияда төмөнкү милдеттер аныкталган:
- айыл чарбасына экологиялык таза технологияларды киргизүү;
- суу ресурстарын сапаттуу башкаруу жана сугаруунун инновациялык методдору;
- башкарылуучу мал жаюу менен жайыт системаларын өнүктүрүү, жер ресурстарын башкаруу жана калыбына келтирүү.
§ 13. Транспорт, курулуш
51. Ысык-Көл облусунда транспорттун бардык түрлөрү бар: аба, темир жол, автомобиль жана суу.
Акыркы жылдары аэропортторду куруу жана модернизациялоо боюнча долбоорлор активдүү ишке ашырылууда, бул өлкөдөгү авиациянын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган: "Ысык-Көл" жана "Каракол" эл аралык аэропорттору модернизацияланды жана эксплуатациялоого берилди. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда аянты 18 миң кв.м ашкан жаңы аэровокзал курулуп, жүргүнчүлөр үчүн шарттар кыйла жакшырат.
"Каракол" эл аралык аэропортунда учуу-конуу тилкеси узартылды, бул аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен Airbus A320 жана A321 сыяктуу ири аба кемелерин кабыл алууга мүмкүндүк берет.
52. 1950-жылы Балыкчы станциясына чейин созулган темир жол линиясынын бутагы облус үчүн маанилүү ролду ойнойт. Анын узундугу Ысык-Көл облусунун аймагында 50 км түзөт.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагы аркылуу курулуп жаткан "Балыкчы - Кочкор 0-63 км" темир жолу Балыкчы шаарын, Кочкор айылын жана андан ары Кара-Кече күрөң көмүр кенин бириктирүүгө багытталган. Жаңы темир жол өлкөнүн транспорттук инфраструктурасынын маанилүү элементи болуп, региондор аралык байланыштарды чыңдайт жана облустун жана республиканын экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет.
53. Автожол системасынын негизин Ысык-Көлдүн айланасындагы айланма жол түзөт. Айланма жолду оңдоо план боюнча 2030-жылга чейин бүткөрүлүшү керек. Жол Балыкчы - Бишкек темир жол линиясына жана андан ары чет өлкөлөргө, Бишкек - Торугарт автожолуна жана Чүй өрөөнүнө, Казакстанга жана ал аркылуу башка өлкөлөргө чыгууну камсыз кылат. Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасында жаңы "Бедел" чек ара өткөрүү пунктунун ачылышы стратегиялык маанилүү кадам болуп калды.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу 3008 км, анын ичинен эл аралык маанидеги - 587 км, мамлекеттик маанидеги - 1182 км, жергиликтүү маанидеги - 1239 км түзөт.
Азыркы учурда республиканын бардык региондорунда, анын ичинде Ысык-Көл облусунда автожолдорду жана автобекеттерди реабилитациялоо жана куруу боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда, алар тейлөөнүн жогорку стандарттарына жооп берген заманбап, функционалдык жана ыңгайлуу транспорттук түйүн болуп калат, бул экономиканын бардык секторлорун, анын ичинде туристтик секторду өнүктүрүү үчүн негизди түзөт жана жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртат.
54. Мурда суу транспортуна бардык жүк ташуулардын аз эмес үлүшү туура келген. Азыркы учурда кемелердин техникалык абалы канааттандыраарлык эмес болгондуктан суу транспортунун кызматтары талап кылынбайт. Порт курулмалары иштебей турат жана толук комплекттелген эмес. Сууда сейилдөөчү кемелердин паркы анча чоң эмес жана баары эле суу транспортуна коюлуучу экологиялык жана башка талаптарга ылайык келбейт. Азыркы учурда ички суу транспорту чөйрөсүндө ченемдик укуктук база түзүлүүдө, "Ички суу транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.
Ысык-Көлдөгү суу транспортунун паркы кыйла көбөйүүдө (2000ге жакын бирдик катталган), бирок унаа токтоочу жайдын азыркы базалары жана порттору мындай объекттерге коюлган талаптарга жооп бербейт. Ошондой эле көлдүн экологиясын сактоо максатында электр өткөргүчтөр менен (электр менен жүрүүчү) кемелерди пайдаланууну өнүктүрүү зарыл. Ушуга байланыштуу суу транспортун токтотуучу жайларды уюштурууга, ошондой эле калкты жана туристтерди тейлөө үчүн талап кылынган жерлерде кубаттоочу орнотмолору бар причалдарды курууга участокторду бөлүүнү кароо керек.
55. Курулуш. 2020-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде курулуш чөйрөсүндөгү негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 23834,7 млн. сомдон 46060,0 млн. сомго чейин көбөйгөн, 5 жыл ичинде 22225,3 млн. сомго же 49,8%га көбөйгөн (салыштырма бааларда).
2024-жылы жалпы аянты 82853 кв.м түзгөн 579 батир эксплуатациялоого берилген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 29,6%га көп.
Жеке турак жайды курууга негизги капиталга 1293 млн. сомго жакын инвестиция пайдаланылды (баалоо боюнча). Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылы жеке турак үйлөрдүн аянтынын бир кв.м иш жүзүндөгү орточо наркы (бааланган) 12839 сомду түздү.
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому Ысык-Көл облусунда Каракол шаарында 420 батирди жана Чолпон-Ата шаарында 560 батирди эксплуатациялоого берүүнү пландоодо, бул облустун жашоочуларына, айрыкча калктын начар корголгон катмарына жана социалдык чөйрөдө иштеген адамдарга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга жеңилдетилген негизде турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
§ 14. Туризм
56. 2023-жылы туристтерди кабыл алууну жана тейлөөнү 179 эс алуу жана туризм мекемелери, анын ичинде 90 эс алуу пансионаты, 9 санаторий, 4 эс алуу үйү, 5 санаторий-профилакторий, 2 турбаза, 10 эс алуу базасы, 38 мейманкана жана 21 башка эс алуу мекемелери жүзөгө ашырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 765 "2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасында чагылдырылган Дүйнөлүк туристтик уюмдун (БУУ Туризм) классификациясына кирген жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын жалпы санынын туруктуу өсүүсүн көрсөтүп турат.
5-таблица
| 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жылдын 8 айы үчүн |
Кыргыз Республикасына келген туристтердин (адамдын) саны | 6912557 | 8557136 | 6143487 |
57. Жыл сайын Ысык-Көл облусунун транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү - аэропортторду, автобекеттерди, автомобиль жолдорун реконструкциялоо, башка инфраструктуралык долбоорлор экономикалык активдүүлүктүн катализатору болуп саналат, анын ичинде туристтердин агымын көбөйтүү аркылуу.
Эс алуучулардын санынын көбөйүшү жаратылыш ресурстарына жана инженердик инфраструктурага жүк келтирет. Рекреация объекттеринин көпчүлүгүнүн азыркы абалы техникалык эксплуатациялоо жагынан кооптонууну жаратууда, анын натыйжасында экологиялык тобокелдиктер көбөйүүдө. Жаратылышты жана маданиятты урматтоо, калдыктарды жана булганууларды минималдаштыруу, жергиликтүү коомчулуктардын кызыкчылыктарын эске алуу, маданий салттарды колдоо жана региондорду экономикалык өнүктүрүү принциптерине негизделген экологиялык стандарттарды киргизүү талап кылынат.
58. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 688 "Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын II этабын райондук пландоонун башкы схемасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын II этабын райондук пландоонун башкы схемасына ылайык беш жүз метрлик санитардык-рекреациялык зонанын жагымдуу аймактарынын жалпы аянты пляждык зонанын болушу менен 6985 га түзөт, анын ичинде райондор боюнча:
- Ысык-Көл району - 2797 га;
- Түп району - 723 га;
- Жети-Өгүз району - 1035 га;
- Ак-Суу району - 434 га;
- Тоң району - 1994 га.
Ысык-Көлдүн беш жүз метрлик санаториялык-ден соолукту чыңдоочу зонасынын рекреациялык (аймактык) сыйымдуулугу 1 адамга 0,02 га эсебинде, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык бүткүл жээги боюнча төмөнкүдөй аныкталган:
- бир жолку сыйымдуулугу - 349275 адам/суткасына;
- жылдык сыйымдуулугу - 2620420 адам/жылына.
59. Эң жогорку чеги 1-июндан 31-августка чейинки болгону 45 күнгө созулган мезгилде салыштырмалуу кыска туристтик сезонго карабастан, айлана-чөйрөнү коргоо максаттары тазалоочу курулмалар менен жабдылбаган объекттердин иштешине тыюу салууну, ошондой эле келүүчүлөрдүн санын эсепке алуунун санариптик системасын киргизүү менен белгиленген экологиялык ченемдердин сакталышына контролду күчөтүү жана сезондун эң жогорку чегинин мезгилинде өзгөчө сезимтал, ашыкча антропогендик таасирлерден жабыркашы мүмкүн болгон зоналарга кирүүнү автоматтык түрдө чектөө, газ мотордук отун жана электробустар менен автобустардын каттамдарын ишке киргизүү, жарандарга Ысык-Көлдө нөлдүк чыгуу менен суу транспортун гана пайдаланууга уруксат берүү боюнча чараларды көрүүнү талап кылат, бул өнүккөн өлкөлөрдүн (Улуу Британия, Италия, Нидерландия жана башкалар) мыкты эл аралык практикаларына окшош.
Жаратылыш ресурстарынын түгөнүшүнүн, айлана-чөйрөнүн булганышынын жана Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын жээгинин жогоруда келтирилген сыйымдуулугунун бардык өсүп бара жаткан тобокелдиктери тар багыттагы сезондук жана пляждык туризмден ички жана сырттан кирүү туризми үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан тармактын бардык сезондук туруктуу өнүгүүсүнө өтүү зарылдыгын шарттайт. Жогоруда аталган 2025-2030-жылдар мезгилинде туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында, бардык сезондук туризмди өнүктүрүүнү караган жаңы туристтик продуктуларды иштеп чыгуу боюнча чаралар каралган.
Ысык-Көл облусунда тоо-лыжа, кызыктуу окуялуу, таанып-билүүчүлүк, экологиялык туризм жана башка бардык сезондук туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөр түзүлгөн.
§ 15. Социалдык коргоо
60. Ысык-Көл облустук статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунда акыркы жылдары демографиялык өнүгүүнүн оң көрсөткүчтөрүнө жетишилди.
2024-жылга карата облустун туруктуу калкынын жалпы саны 549,8 миң адамды түздү.
6-таблица. Туруктуу калктын жалпы саны
| 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл |
Бардыгы: | 533,8 | 538,4 | 544,4 | 549,8 |
Шаар | 145,1 | 147,3 | 148,6 | 174,7 |
Айыл | 388,7 | 391,1 | 395,8 | 375,1 |
2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу облустун туруктуу калкынын саны 5,4 миң адамга же 1,1%га көбөйгөн. Калктын орточо жыштыгы 1 кв.км 12,8 адамды түздү (Ысык-Көлдүн акваториясынын аянтын кошпогондо).
61. Эмгек акы жана эмгек рыногу. 2024-жылы Ысык-Көл облусунун экономикасында иштегендердин жылдык орточо саны 2023-жылга салыштырмалуу 3,1 миң адамга көбөйгөн жана 179,6 миң адамды түзгөн. Ысык-Көл облусу боюнча бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2024-жылы 41084 сом өлчөмүндө түзүлдү жана 2023-жылга салыштырмалуу 6,0%га жогорулады.
62. Ысык-Көл облусунда 2023-жылы бардык пенсионерлер - 74217 адам, алардын ичинен:
- карылык боюнча - 55069 адам, пенсиянын орточо өлчөмү - 8962,1 сом;
- майыптыгы боюнча - 12161 адам, пенсиянын орточо өлчөмү - 7521,6 сом;
- баккан адамынан айрылгандыгы боюнча - 6987 адам, пенсиянын орточо өлчөмү - 4791,7 сом.
Орточо пенсиянын орточо эмгек акыга карата катышы 22,4%ды түзөт.
63. Жөлөкпул алуучулардын саны - 26739 адам, алардын ичинен:
- аз камсыз болгондорго ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуучулар
- 14484 адам, жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 1228,0 сом;
- социалдык жөлөкпул алуучулар - 12255 адам, жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 6012,1 сом.
64. Акыркы жылдары Ысык-Көл облусунда жакырчылыктын деңгээлинин туруктуу төмөндөшү байкалууда. Кескин төмөндөө 2021-жылдан 2024-жылга чейин катталган. Жыл сайын жакырчылыктын деңгээли 7%дан 2%га чейин кыскарган.
7-таблица. Жыл боюнча жакырчылыктын деңгээли
| 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл |
Бардыгы, калктын жалпы санынан % менен | 27,9 | 38,1 | 31,2 | 30,9 | 28,3 |
Ысык-Көл облусунда социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштердин абалын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан колдоо чараларын талап кылган калктын төмөнкү категориялары аныкталган:
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар;
- жумушсуздар;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категориялары;
- майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар;
- эмгек мигранттары жана алардын Ысык-Көл облусунда калган үй-бүлө мүчөлөрү.
Төмөнкүлөр сунушталууда:
- жардамдын даректүүлүгүн күчөтүү - жөлөкпулдарды дайындоону автоматташтыруу үчүн колдо болгон санариптик платформаларды жакшыртуу;
- калктын аялуу катмарын колдоонун учурдагы комплекстүү программаларын пайдалануу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомунун алкагында иштелип чыккан Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракттардын программасын ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу;
- кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүү, анын ичинде майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн (реабилитациялык борборлор, геронтологиялык борборлор жана башкалар);
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын өнүктүрүү (кесиптик окутуу, коомдук пайдалуу иштер жана башкалар);
- социалдык колдоо чараларын ишке ашыруу (социалдык төлөмдөр, муктаждыкты аныктоонун жаңы инструменттерин киргизүү жана башкалар);
- эл аралык кызматташтыкты активдештирүү жана социалдык жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн ресурстарын (гранттар, техникалык жардам) тартуу.
Жергиликтүү коомчулуктардын жана социалдык жактан аялуу топтордун потенциалын өнүктүрүү үчүн:
- жергиликтүү бийлик органдары тарабынан "жашыл экономика" (экотуризм, калдыктарды кайра иштетүү, экологиялык дыйканчылык жана башкалар) артыкчылыктуу багыттарда калкты окутуу жана кайра квалификациялоо программаларын пилоттук режимде ишке киргизүү маселесин кароо;
- туруктуу экономикалык ишке тартылган төмөн кирешелүү үй-бүлөлөргө "Социалдык контракт" программасы аркылуу колдоо көрсөтүү;
- "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын өнүктүрүүнүн алкагында жаштарды жана аялдарды экологиялык жана социалдык долбоорлорго тартуу боюнча демилгелерди колдоо;
- экология чөйрөсүндөгү жаш адистер үчүн программаларды жана стажировкаларды өткөрүү;
- аз камсыз болгон жарандарды артыкчылыктуу тартуу менен экологиялык компонент (жашылдандыруу, экологиялык билим берүү, өзгөчө корголуучу аймактарды күтүү жана башкалар) менен коомдук акы төлөнүүчү иштерди жүргүзүү.
§ 16. Билим берүү
65. Ысык-Көл облусунда 2024/2025-окуу жылынын башына карата 201 мектеп иштейт, алардын ичинен 3 башталгыч (1-4-класстар), 9 негизги (1-9-класстар), 189 орто (1-11-класстар) мектеп, анда билим алуучулардын саны 110034 адамды түздү. Мектептик билим берүү системасында 7316 мугалим иштейт.
2024-жылдын аягына карата Ысык-Көл облусунда 133 мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп, аларда балдардын саны 19693 адамды түздү, 102258 окуучуга 9 мектептен тышкаркы мекеме, ошондой эле 9 балдар билим берүү борбору бар. Бүгүнкү күндө 10 спорттук балдар-өспүрүмдөр мектеби иштейт, аларга 20 миңден ашык бала барып, спорттун 15 түрү менен машыгат.
66. 2024/2025-окуу жылынын башына карата Ысык-Көл облусунда орто-кесиптик билим берүүнүн 8 билим берүү уюму болгон, андагы студенттердин саны 4417 адамды, ал эми окутуучулардын саны - 547 адамды түзгөн.
2024-жылдын аягына карата башталгыч кесиптик билим берүүнүн 8 билим берүү уюму болгон, анда 2392 адам окуган. Мындай уюмдардын жетектөөчү жана инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин саны 350дөн ашык адамды түзгөн.
67. 2024/2025-окуу жылынын башына карата Ысык-Көл облусунун аймагында жогорку кесиптик билим берүүнүн 3 мекемеси (филиалдарды кошкондо) иштеген, окугандардын саны 4346 адамды түзгөн. Окутуучулук ишти 220 окутуучу жүргүзгөн, анын ичинде 5 окутуучу илимдин доктору, 66 окутуучу - илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ.
2024/2025-окуу жылынан тартып "К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети" мекемесинде "Дарылоо иши", "Кен өндүрүшүнүн транспорттук системалары", "Дизайн", "Костюм жана текстиль искусствосу" сыяктуу жаңы адистиктер ачылган.
68. Бул чөйрөдөгү артыкчылыктуу милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
- заманбап талаптарга жана эмгек рыногунун муктаждыктарына шайкеш келген жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу;
- Ысык-Көл облусунун педагогикалык жана илимий-техникалык потенциалын өнүктүрүүнү, сарамжалдуу жайгаштырууну камсыз кылуу жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
§ 17. Саламаттык сактоо
69. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо системасында: 1 үй-бүлөлүк медицина борбору, 52 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 123 фельдшердик-акушердик пункт, Балыкчы шаарында 5 райондук, 1 шаардык жалпы дарыгердик практика борбору жана облустук бириккен оорукана иштейт. Камсыз болуу 10000 калкка - 24,7 койка. Врачтар менен камсыз болуу төмөн - 10000 калкка 11,5, республикалык көрсөткүч 18,1; орто медперсонал менен камсыз болуу - 39,7, республикалык көрсөткүч 45,7.
Саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттары демографиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, Ысык-Көл облусунун калкынын ооруга чалдыгуусун, майыптуулугун, өлүмүн азайтуу, социалдык мүнөздөгү оорулар менен шартталган эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу болуп саналат.
Ысык-Көл облусунда 7 Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (мындан ары - ОАМСЭКБ) иштейт, анын ичинде 3 райондор аралык - Каракол, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз, алардын алдында 4 бөлүм иштейт: Ак-Суу, Түп, Балыкчы жана Тоң. Ар бир ОАМСЭКБда бөлүмдөрдөн тышкары санитардык-гигиеналык, санитардык-бактериологиялык жана паразитологиялык лабораториялар иштейт.
ОАМСЭКБнын адистеринин негизги милдеттери облустун калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, ошондой эле тамак-аш азыктарына жана айлана-чөйрө объекттерине (сууну, пляждагы кумду, абаны) лабораториялык-инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.
Калктын саламаттыгын сактоо - Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарты. Абанын, суунун жана топурактын булганышы оорулардын көбөйүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет, региондун жашоо сапатын жана экономикалык потенциалын төмөндөтөт. Экологияга (чыгууларды контролдоо, таза суу, "жашыл" энергетика) жана оорулардын алдын алууга инвестициялар адамдардын ден соолугун гана сактабастан, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет, туризмди жана инвестицияларды тартат. Экологиянын, экономиканын жана социалдык бейпилдиктин тең салмактуулугунда гана туруктуу өнүгүү мүмкүн болот, мында калктын саламаттыгы - башкы артыкчылык.
70. Артыкчылыктуу милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
- медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүү, натыйжалуу жана сапаттуу системасын түзүү аркылуу облустун калкынын ден соолугунун абалын жакшыртуу;
- медициналык мекемелердин (имараттардын) инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу;
- саламаттык сактоо системасын коомдук саламаттык сактоонун баштапкы звеносунун ролун күчөтүүгө, жамааттарды, өкмөттүк эмес уюмдарды, ЖӨБОну активдүү тартуу менен ден соолук маданиятын калыптандырууга багыттоо;
- экологиялык багыттагы чаралар аркылуу калктын ден соолугун чыңдоо, медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана экологиялык кырдаалдын начарлашына байланышкан оорулардын алдын алуу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.
§ 18. Маданият, искусство, спорт
71. 2024-жылы Ысык-Көл облусунда 119 клубдук мекеме (анын ичинен 96 стационардык жана 22 автоклуб), 1,4 млн. нускадагы китеп фонду менен 151 китепкана, 1,5 миң адам окуган балдардын 8 музыкалык мектеби, искусство мектептери жана сүрөт мектептери, 41 миң экспонаттан ашык фонд менен 7 музей, 39 адамдан турган чыгармачыл жамааты менен К.Жантөшев атындагы музыкалык-драма театры, ошондой эле 490го жакын тарых жана маданият эстеликтери бар.
72. Ысык-Көл облусунда 473 дене тарбия жамааты, анын ичинде 9 балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, 13 федерация жана спорт клуб бар. "Динамо", "Эмгек резервдери" спорттук коомдору иштейт. Бардык райондордо жана шаарларда тиешелүү спорт комитеттери иштейт.
Ысык-Көл облусунда спорттун 27 түрү боюнча машыгуулар өтөт. Дене тарбия жана спорт боюнча иштерди 285 машыктыруучу-окутуучу жүргүзөт, алардын ичинен 90% дене тарбиясы боюнча жогорку билимге ээ, ал эми 57 машыктыруучу жогорку квалификациялык категорияга ээ, анын ичинен 16 машыктыруучу "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамына ээ.
Ысык-Көл облусунда чоңдордун 20% жана жаштардын 28% дене тарбия жана спорт менен машыгат. 192 жалпы билим берүүчү мектептин 75инде спортзал бар.
73. Ысык-Көл облусу боюнча төмөнкү социалдык объекттерди куруу муктаждыгы бар:
- мектептер - 18;
- бала бакчалар - 50;
- ФАПтар - 16;
- ооруканалар - 4;
- маданият объекттери (клуб, театр, музыкалык мектеп) - 32;
- спорт комплекстери - 29;
- китепканалар - 15;
- музейлер - 2.
§ 19. Институттук чөйрө
74. ЮНЕСКОнун биосфералык аймактарынын эл аралык тармагына кирген Ысык-Көл облусун башкаруунун өзгөчөлүктөрү жаратылышты пайдалануунун чектөөлөрүн жана белгиленген режимдерин эске алууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустук масштабдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн институту, райондордун мамлекеттик администрациялары, тармактык министрликтердин жана административдик ведомстволордун региондук башкармалыктары, ошондой эле ЖӨБО менен катар Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясы (мындан ары - "Ысык-Көл" БА дирекциясы) мекемеси иштейт. Ысык-Көл облусунун колдонуудагы институттук системасында "Ысык-Көл" БА дирекциясы жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндө пландарды жана программаларды аткарууну координациялоочу орган катары кабыл алынбагандыгын белгилей кетүү зарыл.
Ведомстволор аралык координация начар өнүккөн: жооптуу координациялоочу орган жок, мониторингдин катышуучуларынын ортосунда жөнгө салынган маалымат алмашуу жок, чечимдер макулдашылбастан кабыл алынат жана көп учурда объективдүү жана толук маалыматка негизделбейт. Мындан тышкары техникалык база эскирген: автоматташтырылган станциялар айрым жерлерде гана иштейт, аралыктан зонддоо жана санариптик технологиялар мезгил-мезгили менен колдонулат, ал эми экологиялык маалыматтарды ыкчам талдоо жана визуалдаштыруу үчүн системалар дээрлик жок. Бул проблемаларды жоюу үчүн маалыматтарды чогултууга, сактоого жана иштеп чыгууга бирдиктүү ыкма менен интеграцияланган мониторинг жүргүзүү системасын түзүү, заманбап автоматтык постторду жана санариптик платформаларды ишке киргизүүнү камсыз кылуу, ченемдик-методикалык базаны жаңылоо жана ведомстволор аралык туруктуу өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу зарыл. Бул контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга, айлана-чөйрөгө болгон коркунучтарды өз убагында аныктоого жана регионду туруктуу өнүктүрүү үчүн илимий негизделген чечимдерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Экологиялык мониторингдин негизги проблемаларына маалыматтардын фрагменттүүлүгү, бирдиктүү санариптик платформанын жоктугу, начар техникалык жабдуу жана ведомстволор ортосундагы координациянын жетишсиздиги кирет. Заманбап технологияларды, аралыктан зонддоону, автоматташтырылган станцияларды жана маалыматтарды борборлоштуруп иштетүүнү колдонуу менен интеграцияланган мониторинг жүргүзүү системасына өтүү зарыл. Бул өзгөрүүлөрдү ыкчам көзөмөлдөөгө, экологиялык тобокелдиктерди болжолдоого жана негизделген башкаруучулук чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
75. ӨКМ экологиялык тобокелдиктерди (суунун булганышы, жаратылыш аймактарынын деградациясы), экономикалык факторлорду (туризм, сууну пайдалануу, инфраструктура) жана социалдык аспекттерди (калктын өзгөчө кырдаалдарга алсыздыгынын деңгээлин) эске алуу менен комплекстүү талдоо жүргүзүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуунун жана талдоонун ведомстволор аралык механизмин иштеп чыгуу сунушталат.
76. Институттук системанын натыйжалуулугу илим тарабынан сунушталган экологиялык инновацияларды экономикага киргизүүнүн негизинде жана адамдардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу аркылуу да экологиялык проблемаларды чечүү жөндөмү менен аныкталат. Буга байланыштуу төмөнкүлөр талап кылынат:
- маалыматтарга негизделген жана бардык кызыкдар тараптардын пикирин эске алуу менен чечимдерди камсыз кылуу үчүн "Ысык-Көл" БА дирекциясынын эксперттик-коомдук кеңешин түзүү;
- биосфералык аймактын чегинде жаратылышты пайдаланууну экологиялык багытта пландоонун негизги багыттарын иштеп чыгуу жана негиздөө боюнча процесстерди координациялоочу мамлекеттик орган катары "Ысык-Көл" БА дирекциясынын статусун, потенциалын жогорулатуу жана ыйгарым укуктарын күчөтүү;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында экологиялык мониторинг жүргүзүүчү жана контролдоочу атайын ыйгарым укуктуу органдардын потенциалын жогорулатуу.
§ 20. Кырдаалды жалпы талдоонун тыянактары
77. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасынын иштөө кырдаалын жалпы талдоо төмөнкүдөй тыянактар үчүн негиз берет:
- жаратылыш ресурстары жана ландшафттар, алардын уникалдуу айкалышы, анын ичинде биологиялык түрдүүлүк жана климаттык шарттар Ысык-Көл облусунун экономикалык жана социалдык чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат;
- Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү акыркы жылдары экономиканын, социалдык блоктун бардык тармактарында оң жылыштар менен мүнөздөлдү жана мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү программалары андан ары өсүш үчүн негиз түзөт;
- Ысык-Көл облусунда акыркы жылдары бир нече экологиялык программалык документтерди ишке ашырууну талдоо белгилүү бир ийгиликтерди жана программалардын фрагменттүүлүгү, начар институттук база, финансылык туруктуулуктун жетишсиздиги, ошондой эле ачык-айкындуулуктун жана коомчулуктун катышуусунун тартыштыгы сыяктуу системалык проблемаларды да аныктады;
- Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерин иштеп чыгууда жаңы чакырыктарды, анын ичинде климаттык өзгөрүүлөрдү, жаратылыш ресурстарынын деградациясына жана табигый экосистемалардын бүтүндүгүн жок кылууга алып келүүчү антропогендик басымдын өсүшүн, жаратылышты сактоочу технологияларды ишке киргизүүнү жана инженердик инфраструктуранын натыйжалуулугун камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу зарыл;
- Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүүнүн бир нече терс негизги проблемалары байкалууда: Ысык-Көлдүн жана анын жээк зонасынын экологиялык абалынын начарлашы, суу коргоо зонасында санкцияланбаган курулуштар, саркынды сууларды чыгаруу жана калдыктарды кайра иштетүү инфраструктурасынын начар өнүгүшү, экологиялык сыйымдуулукту эске албастан туристтик жүктөмдүн өсүшү, сезондук туризмге жогорку көз карандылык, системалык программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жана маселелерди чечүүгө комплекстүү мамилени талап кылган экономикалык диверсификациялоонун жана башкалардын чектелиши;
- сектордук башкаруудан табигый капиталды сактоо принциптерине негизделген интеграцияланган башкарууга өтүү зарыл, ал сууну пайдалануунун туруктуу схемасын, экосистемалардын деградациясын болтурбоону жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын ишке киргизүүнү камтыйт;
- туризмдин жана инфраструктуранын артыкчылыктуу түрлөрүн өнүктүрүүнү жүктөмдөрдүн сезондук жогорку чегин эске алуу менен экосистемалардын сыйымдуулугун милдеттүү алдын ала баалоону талдоого жана кесепеттерин болжолдоого негиздөө зарыл;
- экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарды интеграциялоодо гана уникалдуу табигый жана маданий мейкиндик катары Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга болот.
3. Концепциянын максаттары жана милдеттери
78. Кыргыз Республикасы жаратылыш менен шайкештикте өнүгүп, уникалдуу табигый экосистемаларды сактаган жана климаттык туруктуу өнүгүү үчүн жаратылыш ресурстарын туура пайдаланган, адам жашоосу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө ээ өлкө болууга умтулат.
Концепциянын максаттары "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын экологиялык туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, адамдын жашоосу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көл облусунун туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана анын калкынын жашоо сапатын жогорулатуу менен Ысык-Көл биосфералык зонасын антропогендик жүктөмдүн, техногендик жана жаратылыш факторлорунун натыйжасында табигый чөйрөгө терс таасирден коргоо болуп саналат.
79. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын - антропогендик жүктөм табигый чөйрөнүн өзүн-өзү калыбына келтирүү потенциалынан ашпаган балансталган системаны туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында 2030-жылга карата максаттуу багыттар төмөнкүдөй аныкталган:
- тазаланбаган саркынды суулардын көлөмүн 40%га кыскартуу;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын үлүшүн Ысык-Көл облусунун аянтынын 20%на чейин көбөйтүү;
- жээктердеги рекреация жана эс алуу объекттеринде 100% экологиялык туризмдин стандарттарын ишке киргизүү;
- ар бир райондук борбордо калдыктарды бөлүп чогултууну уюштуруу;
- окуучулардын 80%нан кем эмесин экологиялык билим берүү жана агартуу программалары менен камтуу.
80. Концепциянын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ысык-Көл биосфералык зонасынын суу объекттерине булгоочу заттардын чыгуусун кыскартуу;
- өнөр жай жана тиричилик калдыктары менен булгануу деңгээлин азайтуу, анын ичинде жогорку булганууга дуушар болгон аймактарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;
- Ысык-Көл биосфералык зонасынын курорттук-рекреациялык потенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Ысык-Көл биосфералык зонасынын биологиялык ресурстарын сактоо жана көбөйтүү;
- Ысык-Көлдүн экологиялык системасынын мамлекеттик экологиялык мониторингин өнүктүрүү;
- Ысык-Көлдүн жээктерин, Ысык-Көл биосфералык зонасынын дарыяларын жана башка көлмөлөрүн коргоо системасын өнүктүрүү;
- климаттын өзгөрүшүнө таасирди жумшартуу жана адаптациялоо.
Милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде белгиленген айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптерине негизделет:
- артыкчылык принциби - адамдын жашоосун жана ден соолугун камсыз кылуучу, жашоосу, эмгектенүүсү жана эс алуусу үчүн адамдын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын сактоонун реалдуу кепилдиктерин камсыз кылуу;
- тең салмактуулук принциби - экологиялык системалардын туруктуулугун сактоо, чарбалык жана башка ишти жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарын өндүрүү, айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн орду толгус кесепеттерге жол бербөө;
- комплекстүүлүк принциби - коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын шайкеш илимий негизделген айкалыштыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүнүн комплекстүүлүгү;
- кармап туруу принциби - чарбалык иштин жана айлана-чөйрөгө башка таасирлердин тийгизген таасирин ченемдештирүү, экологиялык экспертизанын милдеттүүлүгү, негиздүүлүгү жана чектөө;
- жоопкерчилик принциби - айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактоо, аны бузуу үчүн жоопкерчиликтин шексиздиги, ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалар жана жарандар тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
- ачыктык принциби - экологиялык кесепеттерге алып келген чарбалык жана башка ишти жүргүзүүдө жаратылышты коргоо милдеттерин чечүүнүн маалымдуулугу, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланыш, жаратылыш ресурстарын коргоого жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган чараларды колдоо жана дем берүү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында улуттук, региондук жана эл аралык кызыкчылыктарды айкалыштыруу.
4. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
81. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары Ысык-Көлдү жана суу ресурстарын сактоо, ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү, жер ресурстарын коргоо, алардын деградациясын жана булганышын азайтуу, атмосфералык абаны коргоо, биологиялык түрдүүлүктү сактоо, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экономиканы экологиялаштыруу, социалдык өнүктүрүү, институттук өнүктүрүү, коомчулуктун катышуусу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо болуп саналат.
82. 1-артыкчылык. Ысык-Көлдү сактоо. Ысык-Көлдү сактоо артыкчылыгынын максатына жетүү үчүн "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында климаттын өзгөрүү шарттарында Ысык-Көлдүн дарыяларынын бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу каралган, анын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунда чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу үчүн жарактуу келечектүү тосмолордун координаттары аныкталат. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында дарыялардын бассейндеринин жана алардын куймаларынын мөңгүлөрүнүн абалы бааланат жана электрондук маалыматтар базасы, ошондой эле дарыялардын бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстары жана мөңгүлөр боюнча көрсөтмөлүү картографиялык материал түзүлөт.
Ысык-Көлдүн деңгээлин турукташтыруу үчүн Ысык-Көлдү жер астынан түзүүчү булактарды аныктоо үчүн Ысык-Көл котловинасындагы жер астындагы сууларга мониторинг жүргүзүүнү кайра баштоо, иштеп жаткан 22 гидрологиялык жана 4 көл постун модернизациялоо, жаңы 6 дарыя жана 3 көл гидропостун (мурда иштеген, бирок азыркы учурда жабык) курууну камсыз кылуу, ошондой эле сугатка суу алуунун так эсебин жүргүзүү, анын ичинде бардык сугат аянттарын суу үнөмдөөчү технологияларга пландуу которуу пландалууда.
Суунун, акваториянын түбүнүн жана Ысык-Көлдүн жээк зонасынын булгануусун азайтуу үчүн атмосферадагы, суудагы жана организмдеги микропластикти аныктоо мүмкүнчүлүгү менен Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин талаптарына ылайык ОАМСЭКБ лабораториясын реконструкциялоо жана жабдуу болжолдонууда. Ошондой эле Ысык-Көлдүн жана ага куйган дарыялардын сууларынын сапатына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү, пляждагы кумдун, спорттук жана балдар аянтчаларынын кумдарынын абалын санитардык-химиялык, бактериологиялык, паразитологиялык көрсөткүчтөргө изилдөө жүргүзүү каралууда.
83. 2-артыкчылык. Суу ресурстары, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу. Суу ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдерин ишке ашыруу максатында жаңы түзүлгөн "Ысык-Көл - Тарим суу ресурстарын бассейндик башкаруу" мамлекеттик мекемесинин суу ресурстарын башкаруунун климатка багытталган, экологиялык тең салмактуу бассейндик планын иштеп чыгуу, сугат системаларын алмаштыруу жана модернизациялоо жана сууну үнөмдөө технологияларын ишке киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле кургакчылыкты жана суу ташкындарын болжолдоону жакшыртуу үчүн ГИС-технологияларын колдонуу менен суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү системасын түзүү каралууда.
84. Ысык-Көл облусун ченемдик сапаттагы ичүүчү суу менен камсыз кылууну жогорулатуу жана "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткаруу үчүн ичүүчү суунун сапатына мониторинг жүргүзүү, реконструкциялоо, ичүүчү суу менен жабдуунун бардык булактарында санитардык коргоо зоналарын, ичүүчү сууну тазалоо жана даярдоо боюнча комплекстерди түзүү, зыянсыздандыруучу орнотмолорду орнотуу (калыбына келтирүү), суу түтүк тармактарын реконструкциялоо жана кеңейтүү, калк арасында экологиялык жана гигиеналык маданиятты жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү каралууда.
85. Саркынды сууларды чыгаруу системасын өркүндөтүү боюнча милдетти ишке ашыруу "Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү, калктуу конуштардан, туриндустрия, соода, коомдук тамактануу объекттеринен жана башка объекттерден саркынды сууларды чыгарууну туруктуу контролдоону жана саркынды сууларды чыгаруу системасын - канализацияны жана саркынды сууларды тазалоону өнүктүрүүнү карайт. Ошондой эле багбанчылыкты жана агротокой чарбасын өнүктүрүү максатында жакын жердеги асылдуулугу төмөн жерлерди сугаруу аркылуу биофильтрация үчүн тазаланган саркынды сууларды кайра пайдалануу маселесин кароо сунушталат.
86. 3-артыкчылык. Жер ресурстарын коргоо, деградацияны жана булганууну азайтуу. Жер ресурстарын коргоо, деградацияны жана булганууну азайтуу боюнча артыкчылыктын максаттарына жетүү жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин ченемдерин ишке ашыруу үчүн Ысык-Көл облусунун агрардык райондорунда топурактын жана көлмөлөрдүн пестициддер менен булгануусуна мониторинг жүргүзүү каралууда, анын жыйынтыгы боюнча өзгөчө уулуу жана коркунучтуу пестициддердин тизмеси аныкталат жана Ысык-Көл облусунун аймагына пестициддердин жана башка агрессивдүү химиялык заттардын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салуу маселеси каралат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 462 "2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жайыттардын абалын жакшыртуу, жайыттардын инфраструктурасын калыбына келтирүү жана жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү пландалууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл облусунун айыл аймактарында жана райондорунда талаа коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү каралууда.
87. Кооптуу калдыктарды жана өндүрүш калдыктарын башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин негизинде бузулган участокторду (санация зоналары) инвентаризациялоонун, бузулган участокторду (калдык сактоочу жайлар, шахталар, карьерлер жана башка объекттер) рекультивациялоого мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча пландарга ылайык бузулган жерлерде белгиленген рекультивациялык иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде Балыкчы шаарынын мунайбазасынын аймагында мунайзат менен булганган кыртышты биорекультивациялоо пландалууда.
88. Катуу тиричилик калдыктарын (мындан ары - КТК) башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн жана "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин негизинде КТКны чогултуу жана кайра иштетүү системасынын түзүмдүк бөлүмдөрүн чыңдоо, Ысык-Көл облусунун курорттук зоналарында жана шаарларында калдыктарды сорттоо жана алгачкы иштетүү пункттарын түзүү, ал эми туристтик объекттерде, мейманканаларда, пансионаттарда жана коомдук жайларда таштандыны бөлүп чогултуу системасын ишке киргизүү пландалган. Ошондой эле КТКны жоопкерчиликтүү керектөө, бөлүп чогултуу жана тапшыруу маселелери боюнча калктын маалымдуулугун, экологиялык тарбиясын жана маданиятын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү каралган.
89. 4-артыкчылык. Атмосфералык абаны коргоо. Атмосфералык абаны коргоо боюнча артыкчылыктын максаттарына "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атмосферага булгоочу заттардын чыгуусуна мониторинг жүргүзүү, жөнгө салуу жана кыскартуу аркылуу жетишилет. Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун алкактык конвенциясына Париж макулдашуусу ("2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 125 Мыйзамы менен ратификацияланган) боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясына жана БУУнун ЕЭКсынын Абанын алыскы аралыкка чек аралардан өтүп булганышы боюнча Конвенциясына кошулуусу тууралуу" Мыйзамы менен Кыргыз Республикасы кошулган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча концепцияны жана Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча концепциянын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча концепцияны ишке ашыруу максатында Ысык-Көл облусунун атмосферага эң көп чыгууларды чыгарган ишканаларын (ЖЭБ, цемент өндүрүү боюнча заводдор, отканалар жана башкалар) эл аралык талаптарга шайкеш келген заманбап чаң, газ тазалоочу жабдууларды орнотууга милдеттендирүү жана көмүрдөн айырмаланган жылытуунун альтернативдүү булактарын: газдаштырууну, электр энергиясын, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууда дем берүү системасын киргизүү, имараттардын жана курулмалардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу каралууда.
90. 5-артыкчылык. Биологиялык түрдүүлүктү сактоо. Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенция боюнча кабыл алынган эл аралык милдеттенмелердин алкагында биотүрдүүлүк жаатындагы Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасын ишке ашыруу үчүн ("Кыргыз Республикасынын Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасы кошулган) биологиялык түрдүүлүктү сактоо боюнча артыкчылыктын максаттарына жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөрүнө, флорага жана фаунага, жайыттарга, мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле өлкөнүн экологиялык каркасына андан ары интеграциялоо үчүн Ысык-Көл облусунун бир кыйла баалуу экосистемаларын табуу жана картага түшүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү аркылуу жетишилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 507 "Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын ишке ашыруу боюнча 2024-2028-жылдарга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясын ишке ашыруу боюнча 2024-2028-жылдарга иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында суулуу-саздак жерлерди инвентаризациялоо, Ысык-Көл облусунун чектеринде Чүй жана Нарын дарыясынын бассейниндеги көлмөлөрдө суу канаттууларынын санына базалык мониторинг жүргүзүү, МТФ, ӨКЖА аймагындагы, ошондой эле МТФдан жана ӨКЖАдан тышкары жайгашкан токойлорду өрттөн жана токой эрежелерин бузуудан коргоону күчөтүү, токой өсүмдүктөрүн отургузуу, токойду табигый калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча иш-чараларды, токой патологиялык мониторингин жана башка токой чарба иштерин, ошондой эле калктуу конуштарды жашылдандыруу жана чычырканактын табигый массивдерин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү да каралууда.
91. 6-артыкчылык. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 232 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында потенциалдуу кооптуу участокторго мониторинг жүргүзүү жана коркунуч болгон учурда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда калкка кабарлоо системаларын кеңейтүү аркылуу артыкчылыктын максаттарына жетүүгө болот. Балыкчы шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун Түндүк аймактык башкармалыгынын аймагында заманбап тегирмен комплексин түзүү, Кажы-Сай штп. уран кендеринин калдыктарынын участогун рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, Ысык-Көл облусунун аймагында жаңы өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү куруу, коргоо иш-чараларын жүргүзүү жана Балыкчы шаарында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ысык-Көл механикалаштырылган базасын түзүү да пландалууда.
92. 7-артыкчылык. Экономиканы экологиялаштыруу. Экономиканы экологиялаштыруу боюнча артыкчылыктын максаттарына "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык экологиялык экспертизалоо инструменттерин колдонуу жана белгиленген чечимдердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жана долбоордук чечимдерде белгиленген чарбалык жана башка иштин болжолдонгон таасирин, алар тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген өзгөрүүлөрдү эске алуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин аткарылышына туруктуу экологиялык көзөмөл жүргүзүү, башкача айтканда Ысык-Көл облусун экономикалык өнүктүрүүдө айлана-чөйрөгө минималдуу таасирди камсыз кылуучу өнөр жай, энергетика, айыл чарбасы, транспорт, курулуш тармактарын экологиялаштыруу менен жетишилет.
Ысык-Көл облусунун табигый экосистемаларына туризмдин антропогендик жүктөмүн жөнгө салуу аркылуу экологиялык туруктуу туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду, бул үчүн "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын экосистемаларынын туристтик сыйымдуулугун аныктоо, бир кыйла аялуу зоналарда келүүлөрдү брондоонун санариптик системасын суткалык лимит менен ишке киргизүү, Ысык-Көлдүн акваториясынын жээк (пляж) аймактарына антропогендик жүктөмдү азайтуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 765 "2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында бүткүл сезондук туризмди түзүүгө багытталган туристтик секторду өнүктүрүүнүн жаңы векторлорун ишке киргизүү каралууда.
93. 8-артыкчылык. Социалдык өнүктүрүү. Социалдык өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү үчүн социалдык коргоону, экологиялык билим берүүнү, саламаттык сактоону, маданиятты, искусствону жана спортту өнүктүрүүнү колдоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу каралууда.
94. 9-артыкчылык. Институттук өнүктүрүү. Коомчулуктун катышуусу. Артыкчылыктын максаттарына ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, потенциалды жана институттук өнүктүрүүнү жогорулатуу, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун катышуусу боюнча милдеттерди чечүү менен жетишилет. Милдеттерди ишке ашыруу үчүн чечимдерди кабыл алууда жергиликтүү коомдордун ролун күчөтүү, ошондой эле эл аралык уюмдарды жана донорлорду активдүү тартуу, "Ысык-Көл" БА дирекциясынын эксперттик-коомдук кеңешин түзүү, "Ысык-Көл" БА дирекциясы жөнүндө жобого биосфералык аймактын чегинде жаратылышты пайдалануунун экологиялык багытталган негизги багыттарын иштеп чыгуу жана негиздөө боюнча процесстерди координациялоону караган ченемдерди киргизүү аркылуу "Ысык-Көл" БА дирекциясынын статусун жана потенциалын жогорулатуу, ыйгарым укуктарын күчөтүү пландалууда.
95. 10-артыкчылык. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча артыкчылыктын максаттарына жетүү үчүн Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясына Париж макулдашуусу ("2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 125 Мыйзамы менен ратификацияланган) боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында адаптациялык потенциалды күчөтүү, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлерине туруктуулукту бекемдөө, калктын жана системалардын бул таасирлерге сезгичтигин азайтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу пландалууда. Бул үчүн климаттын өзгөрүү шарттарында өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн таралуу ареалдарын өзгөртүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, айыл чарба өндүрүшүндө колдонуу үчүн кургакчылыкка туруктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн тизмесин аныктоо, эко-сертификаттоо, сый акылар жана сыйлоонун башка чаралары аркылуу бизнести "жашыл демилгелерге" катышууга шыктандыруу каралган.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
96. Концепцияны ишке ашыруу азыркы жана келечек муундун жыргалчылыгы үчүн жаратылыш потенциалын сактоо үчүн туруктуу системаны түзүүгө мүмкүндүк берет жана 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт: жаратылыш чөйрөсү улуттук кенчтин баалуу компоненти катары социалдык-экономикалык мамилелердин системасына киргизилет. Кыргыз Республикасы жаратылышка шайкеш жашоо менен экономиканын жаңы моделин курат жана экологиялык туруктуулукта жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулукта экономикалык өсүш камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында: "Курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин минималдаштыруу маселелерин натыйжалуу чечүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттеринин, коомдук жана башка уюмдарынын, жарандарынын маанилүү милдети деп эсептелсин" деп белгиленгендигин белгилей кетүү зарыл.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 105 "2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы менен 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясы бекитилген, анын милдеттери биосферанын туруктуулугун, адамдын жагымдуу жашоосу үчүн зарыл болгон айлана-чөйрөнүн сапатын камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнүн таасирин адаптациялоо жана жумшартуу, жаратылыш чөйрөсүн сактоо жана калыбына келтирүү, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, техносферада мүмкүн болуучу терс экологиялык кесепеттердин алдын алуу, позитивдүү экологиялык көз караштагы жарандардын муунун калыптандыруу жана өлкөнүн жаратылыш-ресурстук потенциалын сактоо үчүн жоопкерчиликти түшүнүү, жарандарга маалымдоону жана коомчулуктун экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусун камсыз кылуу болуп саналат.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
97. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү боюнча негизги милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бир нече жагымдуу фактор бар:
- саясий эрк жана мамлекеттин жетекчилигинин колдоосу;
- мамлекеттик органдардын кесипкөй кадрдык курамы;
- мамлекеттик органдардын жергиликтүү коомдор жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүсү;
- эл аралык ресурстарды тартуу үчүн экология жаатындагы эл аралык кызматташуу.
98. Белгиленген максатка жетүү жана Концепциянын милдеттерин чечүү процессинде төмөнкүлөр сыяктуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эске алуу зарыл:
- ведомстволор аралык начар координация;
- милдеттерди жана чараларды толук аткарбоо же өз убагында аткарбоо;
- ресурстардын, анын ичинде финансылык, кадрдык жана башка ресурстардын жетишсиздиги;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар.
99. Тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн туруктуу негизде төмөнкү иш-чараларды жүргүзүү зарыл:
- Концепцияны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын аткаруучулук тартибин жогорулатуу;
- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу;
- ресурстарды натыйжалуу/сарамжалдуу пайдалануу;
- өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыкты жогорулатуу;
- милдеттерди ишке ашырууга бардык кызыкдар тараптарды тартуу жана Концепцияны ишке ашыруунун ачык-айкын жол-жоболорун камсыз кылуу.
100. Милдеттер тиешелүү жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган финансылык ресурстардын, ошондой эле тышкы жана ички инвестициялардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
7. Мониторинг жана баалоо
101. Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо максаттуу көрсөткүчтөрдүн системасынын, ошондой эле максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүгө же жетпей калууга мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуучу расмий статистиканын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
Концепцияны ишке ашыруунун сапатын башкаруу мониторинг жүргүзүү жана баалоо инструменттери аркылуу жүргүзүлөт, алардын жардамы менен Концепцияны ишке ашырууда жетишилген прогресс аныкталат, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугу жана ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугу бааланат.
2030-жылга чейинки мезгилге "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча чаралар планын ишке ашырууну баалоо жыл сайын белгиленген тартипте жүргүзүлөт.