Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилди) |
2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын
кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Киришүү
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык айыл чарба багытындагы жерлери болуп айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жер участоктору, атап айтканда: айдоо жерлер, кысыр аңыз жерлер, көп жылдык бак-дарактар отургузулган жерлер, чабындылар жана жайыттар таанылат.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 95-беренесине ылайык жер участокторунун менчик ээлери, жерди пайдалануучулар, жер ээлери жана жер участокторунун ижарачылары жерди коргоого милдеттүү.
“Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык жер ээлери жер кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле жер кыртышынын күрдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
2. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын “Өнүгүү үчүн чөйрөнү түзүү” V бөлүмүн “Жер реформасы” 5.3-пунктчасында “Кыргыз Республикасында жердин деградациясынын деңгээли өтө начар деңгээлге жеткен, ал эми климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин эске алганда кырдаалды өзгөртүүгө убакыт жок” – деп түздөн-түз белгиленген. Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо иштин стратегиялык багыты катары аныкталган. Ошол эле учурда жер ресурстары адаптациялоонун негизги фактору катары таанылып, жердин деградацияга кабылуу масштабын азайтуу максатында жерлерди жакшыртуу боюнча чаралар белгиленген.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 320 токтому менен бекитилген 2019–2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасында көрсөтүлгөндөй, негизги милдеттердин бири болуп айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат, бул өз кезегинде айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана жогорулатууга, айыл чарба багытындагы жерлердин аянтынын кыскарышын алдын алууга, мындай жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга, айыл чарба жерлерин суу жана шамал эрозиясынан жана чөлгө айлануудан коргоого жана сактоого жөндөм түзөт жана узак мөөнөттүү мезгилге азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү республиканын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет. Айыл чарба продукциясын, чийки затты жана азык-түлүктү өндүрүү жаатында, башкалардан тышкары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана жакшыртуу, айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиясын сактоо, пайдаланылбаган айдоо жерлерин айыл чарбанын жүгүртүүсүнө тартуу зарыл экендиги белгиленген.
4. Кыргыз Республикасынын топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 1 Кыргыз Республикасынын жерлеринин абалы жөнүндө протоколдук тапшырмасынын 3-пунктуна жана “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык иштелип чыккан.
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
5. Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын түндүк-чыгышында, Евразия материгинин борборунда, дүйнөлүк океандан өтө алыс жайгашкан (6 530 км чейин). Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө, рельефи татаал жана жаратылышы көп түрдүү. Республиканын жаратылыш контрасты өтө чоң, анын бийикти чекиттери кескин айырмаланып турат (401 метрден 7439 метрге чейин), рельефи өтө татаал жана климаттык режими, өсүмдүк дүйнөсү жана топурагы ар түрдүү. Ушундан улам республиканын топурагы ар түрдүү жана көп учурда өзгөчө оригиналдуу. Ушуга байланыштуу өлкөнү түрдүү топурактардын кампасы деп атоого болот, анда топурактын 70ке жакын негизги тиби жана субтиптери аныкталган.
6. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кыртыштын күрдүүлүгүн коргоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана сактоону жөнгө салуучу ченемдер бар, бирок бул ченемдер толук көлөмдө иштей албай жатат, анткени стратегиялык жаратылыш ресурсу катары айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатууну жана коргоо механизмдерин жөнгө салуучу бир катар мыйзам алдындагы актыларды жана жоболорду иштеп чыгуу зарыл.
7. Кыргызстандын жалпы аянты болжол менен 20 млн гектарды, анын ичинде топурак кыртышынын аянты 16,9 млн гектарды түзөт. Калган бөлүгүн кум, аска, эшилип түшүп чогулган тоо тектер (2,4 млн га), мөңгү жана кар баскан жерлер (722,0 миң га), көл жана дарыя (730,8 миң га), жолдор, курулуштар жана башкалар ээлейт.
2022-жыл айыл чарба жер фондунун жалпы аянты 10,604 млн га түзгөн, анын ичинде:
| миң га | |
Айыл чарба жерлери | 10 604,6 | |
Айдоо | 1 287 | |
Көп жылдык бак дарак | 77 | |
Кысыр аңыз | 34,7 | |
Чабынды | 203,8 | |
Жайыттар | 9 002,1 |
8. Айдоо аянттарынын түшүмдүүлүгү 70 %дан ашык сугатка көз каранды. Республикада сугат айдоо аянты 794,8 миң гектарды, ал эми кайрак жерлер 492,2 миң гектарды түзөт. Сугат жерлер продукциянын 90 %дан ашыгын берет жана республиканын стратегиялык жаратылыш ресурсу болуп саналат.
Калктын жан башына орточо эсеп менен 0,14 га сугат айдоо аянты туура келет, ал жыл сайын айыл чарбалык эмес муктаждыктарга бөлүнгөндүктөн кыскарып жатат. Ошондуктан сугат жерлерине өтө аяр мамиле кылып, натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу керек.
9. Жаратылыш факторлору менен адам баласынын чарба ишинин татаал айкалышы топурак-мелиорациялык татаал шарттардын пайда болушун шарттайт.
Деградация процесстерине карата республиканын айдоо аянттарындагы кыртыштын абалы, миң га.
Топурак изилдөө мезгили | Шор баскан | Шорлуу | Саздак | Таштак | Эрозияга чалдыккан |
1997–2014-жж. | 163,8 | 99,3 | 29,6 | 358,1 | 673,6 |
13,6% | 8,2% | 2,5% | 29,8% | 56,0% |
Булак: Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын маалыматы
Маалыматтарга ылайык өзгөчө баалуу айыл чарба айдоо жерлеринин жарымынан көбү деградацияга дуушар болгондугу көрүнүп турат.
10. “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИге караштуу Республикалык топурак-агрохимиялык станциясы тарабынан 2019-жылы республиканын бардык региондорунун пилоттук айыл аймактарындагы 38,17 миң га сугат айдоо аянтында жүргүзүлгөн агрохимиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталган:
– топурактарды гумус менен камсыз болуусу төмөн даражада – 12,87 миң га же 33,7 %, орточо даражада – 18,8 миң га же 49,2 % жана болгону 6,5 миң га же 17,1 %ы жетиштүү даражада камсыздалган;
– өсүмдүк продукциясынын сапатына жана түшүмдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү фосфордун кыймылдуу формасы менен топурак өтө начар камсыздалган, алсак, 34,59 миң га же 90,6 % аянттагы топурак камсыздалган эмес, 1,9 миң га же 5,1 % орточо камсыздалган жана болгону 1,6 миң га же 4,3 %ы жогорку даражада камсыздалган;
– фосфорго салыштырмалуу калийдин кыймылдуу формасы менен топурактын камсыз болушу кыйла канааттандырарлык, алсак, 7,3 миң га же 19,2 % төмөнкү даражада, 16,1 миң га же 42,2 % орточо даражада, 14,7 миң га же 38,6 % жетишээрлик даражада камсыздалган.
Камсыздалуу классы, % | Гумус менен камтылышы | Фосфордун кыймылдуу формасы менен камтылышы | Калийдин кыймылдуу формасы менен камтылышы | ||||
Аянты, га | Жалпы аянтка % | Аянты, га | Жалпы аянтка % | Аянты, га | Жалпы аянтка % | ||
I | Өтө төмөн | 676,8 | 1,8 | 20 742,7 | 54,3 | 528,9 | 1,4 |
II | Төмөн | 12 189,3 | 31,9 | 13 847,5 | 36,3 | 6 799,3 | 17,8 |
III | Орточо | 18 792,4 | 49,2 | 1 934,6 | 5,1 | 16 099,8 | 42,2 |
IV | Жогору | 6 512,2 | 17,1 | 1 646,0 | 4,3 | 14 742,8 | 38,6 |
Жыйынтыгы | 38 171 | 100,0 | 38 171 | 100,0 | 38 171 | 100,0 | |
11. Жогоруда көрсөтүлгөн таблицанын негизинде республикада жер семирткичтерди, өзгөчө продукциянын сапатына, климаттык факторлорго, илдеттерге жана зыянкечтерге өсүмдүктөрдүн туруктуулугуна жооп берүүчү фосфорду жана калийди колдонуу кыскарган деген тыянак чыгарууга болот.
12. 1990-жылга чейин республиканын мурдагы колхоздорунун жана совхоздорунун бардык айдоо жерлеринде 3–5 жыл интервал менен талааларга агрохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, агрохимиялык картограммалар берилген жана лабораториялык маалыматтарга ылайык минералдык жана органикалык жер семирткичтердин илимий негизделген дозалары чачылган, ал эми республиканын агрохимиялык кызматтары кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана арттыруу боюнча сунуштамаларды берген.
Айдоо жерлерине акыркы агрохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн бери 30 жылдан ашык убакыт өттү жана “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын толук көлөмдө иштеши үчүн азыркы учурда топуракка агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы пайда болду, бул айыл чарба багытындагы жерлерди коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча фермердин милдеттерине ылайык келет. Жерди агрохимиялык изилдөө маалыматтары, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүнүн абалынын көрсөткүчтөрү, өсүмдүктөрдүн аш болумдуу элементтерге болгон муктаждыгын эсептөө боюнча документтер жана маалыматтар болмоюнча айылдык фермер кыртышты жана анын күрдүүлүгүн сактоо, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Жогоруда баяндалган маалыматтардан көрүнүп тургандай, негизги тоскоолдуктар болуп каржылоонун, квалификациялуу адистердин (агрономдор, агрохимиктер ж.б.) жетишсиздиги, агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө технологиялык артта калуулар саналат. Кыртышты агрохимиялык изилдөө жана талааларды паспорттоштуруу эрежелери боюнча ченемдик укуктук актылар жок.
13. Кыртыштын табигый жана сугат дыйканчылыгынын шарттарында кайрадан шор басышы чөлгө айлануу процессин күчөтүүчү факторлордун бири болуп саналат. Ошол эле учурда ал айыл чарбасындагы башка көйгөйлөрдүн себеби да, кесепети да болот. Шор басуу дренаж көйгөйлөрүнө, сугат жана дренаждык системалардын бузулушуна; суу ресурстарын натыйжасыз пайдаланууга; айыл чарба жерлерине чоң күч келтирүүчү айыл чарба продукциясына суроо-талаптын өсүшүнө; азыркы өндүрүштүк системалардын талаптарына ылайык келбеген эскирген технологияларга жана башка көптөгөн факторлорго байланыштуу. Бүгүнкү күндө кыртыштын шор басышына каршы күрөшүү бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугунун негиздеринин бири болгон айыл чарбасын туруктуу интенсификациялоого багытталган башка иш-чаралар менен айкалыштыруу менен каралууда.
Азыркы учурда “Кыргызмамжердолбоорлоо” МИ тарабынан жүргүзүлгөн кыртышты изилдөөлөрдүн маалыматтарына ылайык шор баскан жерлердин жалпы аянты 1190,8 миң га, анын ичинен 163,8 миң га сугат жер түзөт, шор топурактуу жерлердин аянты 480,2 миң га, анын ичинен 98,8 миң га сугат жерди түзөт. Кыртыштын шор басуу жана топтурактын шорлонуу процесстерине бир убакта же өз-өзүнчө чалдыгышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын шор баскан
жана шорлуу топурактары
№ | Облустар | Шор баскан | Шорлуу |
миң га | |||
1 | Жалал-Абад | 16,2 | 6,1 |
8,33 | 2,45 | ||
2 | Ош | 66 | 16,9 |
11,66 | 7,07 | ||
3 | Ысык-Көл | 84,3 | 1,9 |
5,74 | 3,42 | ||
4 | Нарын | 674,1 | 338,3 |
18,6 | 14,8 | ||
5 | Талас | 15,4 | 7,2 |
4,62 | 2,57 | ||
6 | Чүй | 296,1 | 99,8 |
96,85 | 62,57 | ||
7 | Баткен | 38,7 | 10 |
17,98 | 6,43 | ||
Республика боюнча | 1 190,8 | 480,2 | |
163,8 | 99,3 | ||
Эскертүү: алым – айыл чарба ишканаларынын бардык жерлери, бөлүүчү – айыл чарба ишканаларынын сугат жерлери. | |||
Республикада айдоо жерлеринин шор басышына жана топурактын шорлонушуна каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар дээрлик жүргүзүлбөгөндүгүн баса белгилей кетүү керек.
14. Тоолуу Кыргызстандын шартында болжолдонгон экономикалык муктаждыктардын демографиялык өсүшү бир литр сугат суусу сыяктуу эле күрдүү жердин ар бир гектары да алтынга тете болуп саналарын эске салабыз.
Илимий изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча (а/ч.и.к. Баженова Н.К., 1967) кыртышты шор басканда жана шорлонгондо айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөн даражада 15–20 %га, орточо даражада 20–50 %га чейин төмөндөйт, жогорку даражада 50–80 % га чейин, шор баскан жана топурак шорлонгондо 80–100 %га чейин түшүм жоголот.
15. Азыркы учурда жерди кадастрдык баалоо, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана климаттын өзгөрүү, ошондой эле жерди пайдаланууну оптималдаштыруу зарылдыгына байланыштуу топурак кыртышынын абалы жөнүндө актуалдуу маалыматка болгон муктаждык тынымсыз өсүүдө. Кыртышты изилдөөнүн натыйжалары боюнча кыртыштын жаңы карталарын, кыртышты шор басуу жана шорлонуу картограммаларын түзүү кыйла узак убакытты, адамдык жана финансылык чыгымдарды талап кылат.
2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2.1. Негизги жетишкендиктер
Кыргыз Республикасында жер конституциялык, жарандык, жер, экологиялык, салыктык жана административдик укукту жөнгө салуу объекти болуп саналат. Мыйзамдар жерге өзгөчө статус берет, жерлерди, биринчи кезекте айыл чарба багытындагы жерлерди табигый ресурс катары коргоо – негизги улуттук артыкчылыктардын бири болуп саналат. Айыл чарба багытындагы жерлер өндүрүш каражаты катары да каралат, аны пайдалануу натыйжалуулугунан азык-түлүк коопсуздугу, бүткүл коомдун экономикалык жана социалдык бакубаттыгы көз каранды.
16. Айыл чарбасын өнүктүрүү – бул мамлекеттик саясаттын туруктуу артыкчылыгы, ал өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, финансылык ресурстар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана башка инвесторлордун техникалык жана финансылык жардамын тартуу аркылуу тармакка колдоо көрсөтөт.
17. Республикада айыл чарба жерлерин кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү эки кыртыштык-агрохимиялык станция иштейт, 2022-жылы Талас жана Жалал-Абад облустарында жер пайдалануучуларга айдоо жерлерин агрохимиялык изилдөө боюнча кызматтарды көрсөтүүчү кыртыштык лабораториялар кошумча ачылды.
18. Кыргызстанда кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу билимдерине ээ орто жана жогорку квалификациядагы адистерди – агрономдорду даярдай турган окуу жайларынын системасы иштейт, илимий база бар.
19. Айыл чарба багытындагы жерлердин бөлүгүнүн деградациясы жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөр күчөгөн шартта интенсивдүү айыл чарбасын, органикалык өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү, күнөсканаларды, тамчылатып сугарууну жана башка сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калды. Кыртышты иштетүүдө кыртышты коргоочу методдорду акырындык менен өздөштүрүп келе жаткан, органикалык жер семирткичтерди гана пайдаланган дыйкан чарбалардын саны өсүүдө.
2.2. Негизги көйгөйлөр
20. Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн натыйжалуу камсыз кылууга тоскоол болгон бир катар көйгөйлөр бар: айыл чарба багытындагы жерлер, алардын чек аралары жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтын, айыл чарба багытындагы жерлер жөнүндө бирдиктүү республикалык маалыматтык системанын жоктугу; кыртыштын абалын изилдөө, аны сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону пландаштыруу жана уюштуруу боюнча иш-чаралардын комплекси катары жерге жайгаштыруунун натыйжасыздыгы; айыл чарба багытындагы жерлерди максаты боюнча пайдаланбоо жана алардын абалынын начарлашы; айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүнүн абалынын өзгөрүшүн өз убагында аныктоону, бул өзгөрүүлөргө баа берүүнү ченемдик укуктук жөнгө салуунун жетишсиздиги.
Иш жүзүндө республиканын бардык райондорунда кыртыштын жана жердин абалынын начарлоо тенденциясы сакталууда, айыл чарба жерлеринин күрдүүлүгүн жоготууга жана алардын чарбалык жүгүртүүдөн чыгышына алып келүүчү процесстер интенсивдүү өнүгүүдө. Кыртыштын бузулушуна алып келүүчү негизги терс процесстер болуп суу жана шамал эрозиясы, кыртыштын сазга айлануусу, шор басуусу жана шорлонуусу, ошондой эле бир өсүмдүктүн көп жылдар бою себилиши (монокультура) саналат.
21. Кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги шарты болуп саналат.
Кыртыштын күрдүүлүгүн туура жана билгичтик менен контролдоо, аны тегиздөө жана жогорулатуу боюнча өз убагында чараларды көрүү үчүн жер участогунун (үлүштүн) толук жана чечмеленген кыртыштык агрохимиялык мүнөздөмөсүнүн болушу зарыл. Бул мүнөздөмө агрохимиялык паспортто камтылат.
Айыл чарба жерлеринин агрохимиялык паспорту минералдык жана органикалык жер семирткичтерди туура жана сарамжалдуу пайдалануу, жерди химиялык мелиорациялоо, талааларды комплекстүү агрохимиялык иштетүү, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарбасын интенсивдештирүү боюнча агрономдун практикалык ишинде пайдалануу үчүн багытталган.
Менчигинин түрүнө карабастан жер участогуна (үлүштөрүнө) сугат айдоо жерлерине 5 жыл, айдоо жерлерине – 7 жыл, үрөнчүлүк чарбаларына – 3 жыл интервал менен эрежелерди иштеп чыгуу жана агрохимиялык паспортту киргизүү зарыл.
22. Мамлекеттик жер кадастры (мындан ары – жер кадастры) бүгүнкү күндө иш жүзүндөгү маалыматтарга толук дал келбейт жана жер участокторунун эң маанилүү табигый, чарбалык, укуктук, мейкиндик жана башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө так жана жетиштүү маалыматты камтыбайт. Жер кадастрын жүргүзүүдө пайдаланылуучу инструменттер тактыктыктын заманбап талаптарын камсыз кылбайт, айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик кадастрдык карталары жок, кыртыштык изилдөө материалдары толук көлөмдө эмес ж.б. Мунун баары жерди пайдаланууну башкаруу функцияларын аткарууда татаал көйгөйлөрдү жаратат, аймактык пландаштыруу үчүн мейкиндик шарттарын түзүүнү жана айыл чарба өндүрүшүн рационалдуу жүргүзүүнү, жер рыногунун иштешин кыйындатат.
23. Мамлекеттик жерди контролдоо мекемелери жер участокторун же алардын бөлүктөрүн өзүм билемдик менен басып алуу, жерлерди мыйзамсыз же максатсыз пайдалануу, мыйзамдарды бузгандыгы үчүн салынган жазаларды өз убагында аткарбоо жана башкалар сыяктуу көптөгөн мыйзамсыз аракеттерге туш болот.
Жерди контролдоону жүзөгө ашыруу ченемдик укуктук базанын, методикалык жана нускамалык материалдардын өркүндөтүлбөгөндүгүнөн, колдонуудагы административдик ченемдерди натыйжасыз колдонуудан, ишти жетишсиз каржылоодон татаалдашат. Айыптардын өлчөмдөрүнүн аздыгы жана жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн санкцияларды колдонуу механизми жер пайдалануучулардын мыйзамга баш ийген жүрүм-турумуна дем берүү чаралары жетиштүү деңгээлде натыйжалуу эмес.
Жер мамилелери чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү органдардын көптүгү, функциялардын кайталанышы да өз ара аракеттенүү, координациялоо жана алардын ишин макулдашуу боюнча көйгөйлөрдү жаратат.
24. Республикада кыртышты иштетүүнүн, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн, кыртыштын күрдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун негиздери менен алектенген Топурак таануу институту жоюлду.
3. Максаттар
25. Тобокелдүү тоо дыйканчылыгынын шарттарында кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– кыртыштын күрдүүлүгүн сарамжалдуу чарбалык пайдаланууну жана жерди коргоону жогорулатуу;
– тобокелдүү чарба жүргүзүүнү эске алуу менен кыртыштын күрдүүлүгүнүн абалына жана анын табигый түзүлүшүнө мониторинг жүргүзүү;
– кыртышты коргоо боюнча илимди жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
– деградация болгон айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
4. Артыкчылыктар
26. Кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча саясат төмөнкү артыкчылыктарга багытталат:
– кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
– айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институционалдык уюштурууну өнүктүрүү;
– жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү пайдалануу, санариптик картаны түзүү жана кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалымат банкын түзүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөө;
– жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо;
– шор баскан жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо.
5. Милдеттер жана чаралар/иш-аракеттер
27. Кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу:
– Жерлерди агрохимиялык изилдөө жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жоболорду жана методикаларды;
– Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган (сугат) жерлеринин шордуулугун тартуу боюнча жоболорду жана методикаларды;
– “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шорлонгон кыртыштарды изилдөө программасын.
28. Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институционалдык уюштурууну өнүктүрүү:
– бардык деңгээлде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча, келе жаткан коркунуч катары жерлердин шор басуу жана шорлонуу коркунучу жана ага каршы аракеттенүү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (окутуу сабактары, семинарлар, буклеттер ж.б.).
– кыртыш жана агрохимиялык кызматтар үчүн адистерди даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн алдынкы агрохимиялык станцияларында жана лабораторияларында стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу;
– мындан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү жана айыл чарба багытындагы жерлердин маалымат банкын түзүү үчүн Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасына караштуу жаңы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды ачуу жана Жалал-Абад, Талас облустарында иштеп жаткандарды чыңдоо. Лабораторияларды заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдуу;
– экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын чыгаруу боюнча жаратылышты үнөмдөөчү технологияларына акырындык менен менен өтүү үчүн жер пайдалануучуларга, дыйкан (фермердик) чарбаларына органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
– окуу семинарлар, тренингдер аркылуу дыйканчылык маданиятын, инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча жер пайдалануучулардын билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу.
29. Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү пайдалануу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөө:
– кыртыштагы азыктандыруучу заттардын курамын аныктоо үчүн айдоо жерлерди агрохимиялык изилдөө;
– айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик картасын жана топурагынын асылдуулугунун маалымат банкын түзүү.
30. Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо:
– мамлекеттик токой чарбаларына караштуу ар бир райондо талааны коргоочу тилкелер үчүн райондун шартына ылайык келген көчөттөрдү өстүрүүнү камсыз кылуу;
– агро токоймелиорациялык иштерин жүргүзүү.
31. Шор баскан жана шорлуу кыртыштын шордуулугун аныктоо боюнча шор баскан жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо.
6. Күтүлүүчү натыйжалар
32. Программаны аткаруу төмөнкү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
– айыл чарба багытындагы жерлерди агрохимиялык изилдөө жана кыртыштын шордуулугун аныктоону жөнгө салуучу тиешелүү жоболор иштелип чыкты жана бекитилди;
– мамлекеттик программалар аныкталды, деградация болгон жерлерди кыскартуу үчүн чаралар иштелип чыкты;
– айыл чарба багытындагы жерлерди туруктуу пайдалануу үчүн механизмдер аныкталды, жер пайдалануучулардын кыртыштын күрдүүлүгүн рационалдуу пайдалануу, сактоо жана жогорулатуу жөнүндө маалымдуулугу жогорулатылды;
– айыл чарба жерлеринин күрдүүлүгүн сапатын контролдоо үчүн кыртыш лабораторияларын ачуу жана чыңдоо механизмдери аныкталды, кыртыш жана агрохимиялык кызматтарынын адистеринин квалификациялары жогорулатылды;
– талааны коргоочу тилкелердин салыштырма салмагын көбөйтүү жана агро токоймелиорация иштерин жүргүзүү механизмдери аныкталды;
– менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин жер участокторуна агрохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү, кыртышты азыктандыруучу заттар менен камсыз кылуу боюнча жер үлүштөрүнүн (участокторунун) агрохимиялык паспорттору берилди, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн пландалган жана сапаттуу түшүмүн алуу максатында органикалык жана минералдык жер семирткичтерди негиздүү пайдалануу боюнча сунуштамалар иштелип чыкты жана берилди;
– Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык жана климаттык маалыматтар порталына жайгаштыруу менен санариптик кыртыш карталары жана агрохимиялык картограммалар түзүлдү, мамлекеттик жер кадастрын жаңылоо үчүн айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүнүн маалымат банкы түзүлдү.
7. Ыңгайлуу шарттар жана тобокелдиктер
33. Программанын максаттарына жетүү жана милдеттерди чечүү үчүн азыркы учурда зарыл болгон жагымдуу шарттар бар.
Кыргыз Республикасында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынган, анда биринчи кезекте жер реформасын жүргүзүүгө көңүл бурулуп, негизги артыкчылыктар жана талаптар аныкталган. Улуттук программанын жоболору сектордук жана региондук программаларга интеграцияланган.
Азык-түлүк коопсуздугунун проблемалары дүйнө жүзү боюнча курчуп кетти. Бул Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуулугун жана ошону менен бирге айыл чарба өндүрүшүнүн негизги факторлорун – кыртышты жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн активдүү, максаттуу багыттагы саясаттын зарылдыгын шарттайт.
Акыркы жылдары Россияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун өсүшү үчүн Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Бул айылдык товар өндүрүүчүлөргө жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, кыртышка жана анын күрдүүлүгүнө аяр мамиле жасоого, өндүрүштүн көлөмүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө, өндүрүштүн жана түшүмдүүлүктүн өсүшүнүн фактору катары жер пайдалануунун натыйжалуулугун өстүрүүгө түрткү берет.
34. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө максаттарга жетүү жана милдеттерди чечүүгө тоскоол боло турган төмөнкүдөй тобокелдиктер болушу мүмкүн.
Программанын милдеттеринин масштабдуулугу айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жана жерди коргоо, анын күрдүүлүгүн өстүрүү үчүн комплекстүү чечимдерди талап кылат, муну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен анын ведомстволук уюмдарынын, башка мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эң башкысы жер пайдалануучунун ортосундагы жогорку деңгээлде координациялоо менен чечүүгө болот. Милдеттердин татаалдыгы олуттуу күч-аракетти талап кылган жаңы, күтүлбөгөн проблемалардын пайда болуу тобокелдигин жаратат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т тескемесинин редакциясына ылайык)
35. Геоэкономикалык туруксуздук, инфляциянын өсүшү, бюджеттик проблемалар мамлекеттик бюджеттен Концепцияны ишке ашыруу боюнча пландарды аткарууга финансылык колдоонун кыскарышына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле артыкчылыктардын өзгөрүшүнө байланыштуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн финансылык колдоосу да кыскарышы мүмкүн. Концепцияны ишке ашыруу боюнча пландарды жетиштүү жана өз убагында каржылоо мониторингдин жана альтернативдүү булактарды издөөнүн объекти болууга тийиш.
36. 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн болжол менен 211,9 млн сом талап кылынат (4-тиркеме), анын ичинде:
– республикалык бюджеттен министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде;
– башка булактардан 185,0 млн сом (жер пайдалануучулардын өздүк каражаттары, эл аралык уюмдардын донордук каражаттары).
37. Климаттын өзгөрүшү айыл чарба өндүрүшү жана Программанын максаттарына жетүү үчүн олуттуу проблема болуп саналат. Кыргызстан Борбордук Азия регионунда климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Терс сценарийлер ишке ашырылган учурда суу ресурстарынын бөлүштүрүлүшү өзгөрөт, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда сууга жана ага жараша сугат жерлерге карата атаандаштык мамилелер күчөйт. Айыл чарба өндүрүмдүүлүгү төмөндөгөндө өтө жакыр айыл калкы өзгөчө катуу жабыр тартышы мүмкүн.