Загрузка документа…
|
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтому менен бекитилди) |
Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон
мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын
тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 238, 2026-жылдын 10-августундагы № 539 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Атайын форма кийими
2-глава. Ведомстволук форма кийими
1-глава. Атайын форма кийими
1. Атайын форма кийими – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма кийими (аскер кийими) жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдар жана/же атайын класстык чендер ыйгарылуучу кызматкерлердин мамлекеттик органдарга таандыктыгын аныктоочу айырмалоо белгилери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызматкерлери атайын форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдар:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
21) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментин кошпогондо);
6) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы;
7) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот приставдарынын кызматы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 238, 2026-жылдын 10-августундагы № 539 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Ведомстволук форма кийими
1. Ведомстволук форма кийими – бирдей үлгү, форма боюнча жасалган – материалдары, бычылышы, түсү, айырмалоо белгилери боюнча бирдей кийим.
2. Кызматкерлери ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле уюмдар:
1) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги;
5) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы;
6) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат;
7) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы;
8) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат;
9) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы;
10) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы;
11) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат;
12) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти;
13) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти;
14) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти;
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы;
17) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасы;
18) Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы.
Эскертүү. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле уюмдардын ведомстволук форма кийимин кийүүгө укугу бар кызматкерлерине беш бурчтуу жылдызча бар погондорду тагынууга жана лампастарды пайдаланууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)