ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция10.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 10-апрели № 238

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлерин талаптагыдай кызматтык идентификациялоону камсыз кылуу максатында, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:

1) 1-главанын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Атайын форма кийими – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма кийими (аскер кийими) жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдар жана/же атайын класстык чендер ыйгарылуучу кызматкерлердин мамлекеттик органдарга таандыктыгын аныктоочу айырмалоо белгилери.»;

2) 1-главанын 2-пункту:

– төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:

«21) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

«7) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы;»;

3) 2-главанын 2-пунктунун 3, 15-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев