Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 787 токтому менен бекитилди) |
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн
белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн
ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана ал өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдерин баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын милдеттүү түрдө сакташын белгилейт.
2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй максаттарда сактоо керек:
1) базанын кирешелүү жана туруктуу өсүшүн камсыз кылуу;
2) баалуу кагаздар менен жасалган операциялар боюнча тобокелдиктерди чектөө;
3) кесипкөй катышуучулардын иши менен байланышкан чыгымдарды жана потенциалдуу жоготууларды өз учурунда жаап туруу;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата инвесторлордун ишеничин жогорулатуу.
3. Өздүк каражаттардын реалдуу жетиштүүлүгүн баалоо учурунда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жободо белгиленген ченемдик көрсөткүчтөрдөн тышкары төмөнкүдөй башка көрсөткүчтөрдү да эске алат:
1) башкаруунун сапаты;
2) баалуу кагаздар боюнча мыйзамдардын сакталышы;
3) ликвиддүүлүгү;
4) жалпы экономикалык шарттар.
4. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрүн эсептөө бухгалтердик эсептин белгиленген ченемдери боюнча түзүлгөн бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын негизинде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан жүргүзүлөт жана квартал сайын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
2-глава. Өздүк каражаттардын
жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү
5. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттары ушул Жобонун 6, 8-пункттарында белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбошу керек.
6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкү чоңдуктардан кем болбошу керек:
- депозитардык иш - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 200 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иш – 500 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш – 150 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- дилердик иш – 50 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- брокердик иш – 80 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш – 60 000 эсептик көрсөткүчтөн;
- инвестициялык фонддун иши – 30 000 эсептик көрсөткүчтөн.
7. Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк каражаттарынын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзөт:
Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясында ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасы | Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк каражаттарынын минималдуу өлчөмү |
100 млн. сомго чейин, кошо алганда | 100 000 эсептик көрсөткүч |
100 млн. сомдон 300 млн. сомго чейин, кошо алганда | 300 000 эсептик көрсөткүч |
300 млн. сомдон 600 млн. сомго чейин, кошо алганда | 400 000 эсептик көрсөткүч |
600 млн. сомдон жогору | 500 000 эсептик көрсөткүч |
Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясында ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасы ага ишенимдүү башкарууга берилген топтолгон пенсиялык каражаттар инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркы катары аныкталат. Активдердин учурдагы рыноктук наркы рыноктук котировканын негизинде же рыноктогу баалардын (котировканын) деңгээлинде активдерди салыштырып баалоо методу боюнча көз карандысыз баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталат.
Топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясы тейлеген активдердин көлөмүнө (наркына) карата алардын өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгү, ошондой эле топтолмо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясында ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасына карата башкаруучу компаниянын өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгү аныктала турган отчеттук дата болуп кварталдын акыркы календарлык күнү саналат.
8. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин бир нече түрлөрүн айкаштыруу шартында иш жүргүзүлгөндө баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү иштин кайсыл түрүндө уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кыйла жогору белгиленсе, ошого коюлуучу талаптарга жараша аныкталат.
9. Финансылык туруктуулукту камсыздоо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларындагы ликвиддүү активдердин болушун баалоо максатында учурдагы ликвиддүүлүк коэффициенти белгиленген.
Учурдагы ликвиддүүлүк коэффициенти жогорку ликвиддүү активдердин учурдагы милдеттенмелердин суммасына карата катышы менен аныкталат жана төмөнкү формула менен туюндурулат:
К = ЖА / Ум,
мында:
ЖА - жогорку ликвиддүү активдердин суммасы, ага төмөнкүлөр кирет:
1) кассадагы акчалар;
2) коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептериндеги акча каражаттары;
3) депозиттер;
4) мамлекеттик баалуу кагаздар;
Ум - учурдагы милдеттенме, атап айтканда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ишкананын кадимки операциялык циклинин алкагында төлөйм деп болжолдогон же отчеттук мезгил бүткөндөн кийин он эки айдын ичинде төлөнүүгө тийиш болгон кыска мөөнөттүү милдеттенмелер.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын учурдагы ликвиддүү коэффициенти 0,5тен кем болбошу керек.
10. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгүнүн коэффициенти баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында белгиленет.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгүнүн коэффициенти төмөнкү формула менен эсептелет:
К = (ЛА - Жм) / УКМӨ,
мында:
ӨА - ликвиддүү активдер;
Жм - жыйынды милдеттенмелер;
УКЭӨ - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгүнүн коэффициенти 1 (бирден) кем болбоого тийиш.
11. Ушул Жобонун максаттары үчүн жана анын алкагында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ликвиддүү активдери катары төмөнкү активдер таанылат:
1) акча каражаттары, анын ичинде:
- кассадагы акча каражаттары, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун балансы боюнча активдердин суммасынын он пайызынан ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын учурдагы эсептериндеги акча каражаттары;
- баалуу кагаздардын депозитарийиндеги эсептердеги акча каражаттары;
- "Standard & Poor's" рейтингдик агенттигинин эл аралык шкаласы боюнча "ВВВ-" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү жана/же кыска мөөнөттүү жеке кредиттик рейтинги бар же болбосо "Moody's Investors Service" же "Fitch Ratings" рейтингдик агенттиктеринин биринин, алардын туунду рейтингдик уюмдарынын, ошондой эле ушул Жобонун 18-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктердин ошол эле деңгээлдеги рейтинги бар резидент эмес банктардын учурдагы эсептериндеги акча каражаттары;
2) номиналдык наркы жана чегерилген купондук төлөмдөрү эске алынган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары;
3) "Standard & Poor's" агенттигинин эл аралык шкаласы боюнча "ВВВ-" деңгээлинен төмөн болбогон көз карандысыз кредиттик рейтинги бар же болбосо "Moody's Investors Service" же "Fitch Ratings" агенттиктери, алардын туунду рейтингдик уюмдары, ошондой эле ушул Жобонун 18-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер ыйгарган ошол эле деңгээлдеги рейтинги бар чет мамлекеттердин номиналдык наркты жана чегерилген сый акыны эске алуу менен карыздык баалуу кагаздары;
4) "Standard & Poor's" агенттигинин эл аралык шкаласы боюнча "АА-" категориясынан төмөн болбогон рейтинги бар же болбосо "Moody's Investors Service" же "Fitch Ratings" рейтингдик агенттиктеринин биринин, алардын туунду рейтингдик уюмдарынын, ошондой эле ушул Жобонун 18-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктердин, ошол эле деңгээлдеги рейтинги бар эл аралык финансылык уюмдар тарабынан номиналдык наркты жана чегерилген сый акыны эске алуу менен чыгарылган карыздык баалуу кагаздар;
5) фондулук биржанын расмий тизмесине эң жогорку же эң жогоркудан кийинки категория боюнча киргизилген, баасы (наркы) таанылган рыноктук котировкалардын же мүлктү көз карандысыз баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталган Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жактарынын баалуу кагаздары;
6) "Standard & Poor's" рейтингдик агенттигинин эл аралык шкаласы боюнча "ВВВ-" деңгээлинен төмөн болбогон кредиттик рейтинги бар (эмитенттин) же болбосо "Moody's Investors Service" же "Fitch Ratings" рейтингдик агенттиктеринин биринин, алардын туунду рейтингдик уюмдарынын, ошондой эле ушул Жобонун 18-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктердин ошол эле деңгээлдеги рейтинги бар чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздары;
7) аффинаждалган баалуу металлдар жана металлдык депозиттер;
8) баалуу кагаздар рыногунда сооданы лицензияланган уюштуруучулардын жана депозитарийдин баасы (наркы) таанылган рыноктук котировкалардын же мүлктү көз карандысыз баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталган акциялары;
9) дебитордук карыздар;
10) эсептешүү датасына чейин баалоочунун объектти рынок баасынын (котировканын) деңгээлинде салыштыруу методу боюнча объектти баалоо жөнүндө бир жылдан эрте эмес датага карата отчету болгон шартта, бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча (чегерилген амортизацияны эсептеп чыгарып салгандан кийин) бааланып, бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча уюм тарабынан негизги каражаттар катары кабыл алынган кыймылсыз мүлктөр жана транспорттук каражаттар.
Эгерде транспорт каражаттары уюм тарабынан ижарага же акысыз пайдаланууга берилбесе, анда ликвиддүү активдердин өлчөмүнүн эсебине киргизилиши мүмкүн.
12. Ушул Жобонун максаттары үчүн жана анын алкагында баалуу кагаздарды сатууну жана депозитардык ишти уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын ликвиддүү активдери катары, кошуп эсептелген амортизацияны эске алуу менен алардын негизги ишинде пайдаланылган программалык камсыздоо формасындагы материалдык эмес активдер таанылышы мүмкүн.
13. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ликвиддүү активдеринин эсебине кабыл алынуучу финансылык салымдардын курамында төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) эсептешүү датасына карата абал боюнча жоюлган же кудуретсиз (банкрот) деп таанылган, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банкроттук жол-жоболору киргизилген уюмдун финансылык салымдары;
2) өзүндө чыгарылган, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу сатып алган акциялар (үлүштөр);
3) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун аффилирленген жактары чыгарган акциялар (үлүштөр).
14. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ликвиддүү активдеринин эсебине кабыл алынуучу дебитордук карыздын курамында төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) эсептешүү датасына карата абал боюнча жоюлган же кудуретсиз (банкрот) деп таанылган, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банкроттук жол-жоболору киргизилген жактардын карыздары;
2) акысыз берилген мүлктүн наркынан ашпаган суммадагы мүлктү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна акысыз берген жактардын карыздары, эгерде мындай берүү датасынан тартып бир жылдан аз убакыт өтсө, ошондой эле уставдык (жыйналуучу) капиталдык салымдар боюнча же уюмдун мүлкүнө кошуучу салымдар боюнча уюштуруучулардын (акционерлердин, мүчөлөрдүн, катышуучулардын) карыздары;
3) мөөнөтү өткөн же мөөнөтү узартылган карыздар;
4) дебитордук карыздар, эгерде милдеттенмени аткаруунун мөөнөтү аныкталбаса же талап кылуу учуру менен аныкталса;
5) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун акционерлеринин, катышуучуларынын, аффилирленген жактарынын жана кызматкерлеринин карыздары;
6) чегинүү же новация жөнүндө макулдашуунун натыйжасында келип чыккан дебитордук карыздар.
15. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жыйынды милдеттенмелердин өлчөмүн өздүк каражаттардын беш эсе өлчөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турушу керек.
Жыйынды милдеттенмелерге төмөнкүлөр кирет:
- банктардын кредиттери;
- тартылган зайымдар;
- бюджеттик эсептешүүлөр;
- социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүүлөр;
- эмгек акы боюнча эсептешүүлөр;
- сатып алуучулардан жана заказчылардан алынган аванстар;
- дивиденддер боюнча эсептешүүлөр;
- кредитордук башка карыздар.
16. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары чоңдугу дебитордук карыздардын жыйындысынын 5 пайызынан кем эмести түзгөн резервдик фондду түзүшү керек.
17. Бул Жобонун 15, 16-пункттарынын талаптары коммерциялык банктар болуп саналган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата колдонулбайт.
18. Бул Жобонун максаттары үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган рейтингдик агенттиктердин төмөнкү критерийлерге ылайык келген рейтингдик баалоолорун тааныйт:
1) рейтингдик агенттик жаралган өлкөдө жөнгө салынууга тийиш жана рейтингдик агенттиктин баалоолору пруденциалдык жөнгө салуунун алкагында таанылат;
2) рейтингдик агенттиктин өздүк капиталынын минималдуу өлчөмү 100 000 000 (жүз миллион) сомдон кем эмес эквиваленттүү сумманы түзөт;
3) объективдүүлүк, көз карандысыздык жана жоопкерчилик:
- рейтингдик агенттик колдонуучу методология ишенимдүү болуп саналат жана тарыхый жана (же) дефолттор жөнүндө күтүлгөн маалыматтардын негизинде текшерилүүгө тийиш жана рейтинги аныкталуучу жактын өзүнө кабыл алган финансылык милдеттенмелерди аткаруу жөндөмүн аныктоочу сандык жана сапаттык бардык негизги факторлордун толук сыпаттамасын, ошондой эле алардын кредиттик рейтингдерге тийгизген таасиринин жана кредиттик рейтинг боюнча божомолдордун сыпаттамасын камтыйт;
- рейтингдик агенттик мамлекеттик органдар же мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, мамлекеттин катышуу үлүшү бар уюмдар же саясый партиялар тарабынан контролдонбойт, алар рейтингдик агенттиктин ишине кийлигишпейт жана рейтингди ыйгаруу процесстерине таасир этпейт;
- рейтингдик агенттиктин акцияларынын 10 (он) пайызынан азына тике ээлик кылган жана рейтингдик агенттиктин рейтингдик ишине таасир этпеген жактарды кошпогондо, рейтингдик агенттик рейтингди ыйгарган, ырастаган же кайра караган юридикалык жак рейтингдик агенттиктин аффилирленген жагы болуп саналбайт;
- рейтинги аныкталуучу жакка карата рейтингдик иш-аракеттерге катышкан рейтингдик агенттиктин рейтингдик аналитиктери рейтингдик иш-аракеттер жүзөгө ашырылган датага чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде рейтинги аныкталуучу жак менен эмгек же ишкердик мамилелерде турбайт жана турган эмес, ошондой эле рейтинги аныкталуучу жакка контроль жүргүзгөн же мындай жакка олуттуу таасирлерди тийгизген, рейтинги аныкталуучу жактын же жактардын баалуу кагаздарына, башка финансылык инструменттерине же башка мүлкүнө тике же кыйыр түрдө, анын ичинде жакын туугандары аркылуу ээлик кылбайт;
- рейтингдик агенттиктин ички аудит же ички контролдоо, анын ичинде ички аудиттин функцияларын жүзөгө ашырган кызматы болот;
- рейтингдик агенттикте директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн минимум үчтөн бири, бирок үчтүн экисинен кем эмеси көз карандысыз мүчөлөр болуп саналат, алар рейтингдик иш-аракеттерди, рейтингдик агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрүн жарнама кылууну жана кардарларды тартуу боюнча башка аракеттерди жүргүзбөйт;
- тике ээлик кылуу үлүшү 10 (он) пайыздан ашпаган финансылык уюмдар акционер болуп саналган учурда, рейтингдик агенттиктин ар бир акционеринин акцияларга тике же кыйыр ээлик кылуу үлүшү ошол рейтингдик агенттиктин добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын 50 (элүү) пайызынан ашпайт;
- рейтингдик агенттиктин ички жол-жоболорунда маалыматты укукка жат пайдалануунун жана ачыкка чыгаруунун алдын алуу чаралары каралган, маалыматты коргоо жана купуялуулугу камсыз кылынат;
4) ачык-айкындуулук жана маалыматты ачыкка чыгаруу:
рейтингдик агенттик рейтингдик агенттиктин интернет-сайтында төмөнкү маалыматтарды ачып берүүнү камсыз кылат:
- рейтингди аныктоодо рейтингдик агенттик колдонуучу методология;
- акыркы жылда ыйгарылган кредиттик рейтингдердин, ошондой эле рейтинги аныкталуучу жактардын жана башка жактардын тизмесин, акыркы өткөн календарлык жылдын аягына карата абал боюнча рейтингдик агенттиктин түшкөн акчасынын жылдык көлөмүнүн беш жана андан ашык пайызын түзгөн акчалай түшүүлөрдүн үлүшү;
5) рейтингдердин ишенимдүүлүгү:
- рейтингдик агенттик акыркы беш жылдан кем эмес үзгүлтүксүз негизде рейтингдик ишти жүзөгө ашырат;
- рейтингдик агенттик кредиттик рейтингдерди ыйгарган жана кайра караган уюмдардын саны отуздан кем эмес, анын ичинде акыркы үч жылда жыйырмадан кем эмес, алардын ичинен бештен кем эмеси финансылык уюмдар болуп саналат;
- рейтингдик агенттиктин рейтингдерди ыйгаруу менен түздөн-түз алектенген персоналы тиешелүү билимдерге, көндүмдөргө жана тажрыйбага ээ;
- рейтингдик чечим кабыл алуучу органдын (мындан ары - рейтингдик комитет) катышуучусу болуп саналган рейтингдик чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышкан минимум бир кызматкер рейтингдик агенттикте, же талдоолорду жүргүзүүчү агенттикте, же изилдөөчү борбордо, же финансылык уюмда, же аудитордук уюмда эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ;
- рейтингдик комитеттин курамында бештен кем эмес рейтингдик аналитик, анын ичинде рейтинги аныкталуучу жак жана/же анын финансылык милдеттенмелери же финансылык инструменттери (мындан ары - рейтинг объекти) үчүн алдынкы рейтингдик аналитик, рейтингдик комитеттин төрагасы жана каралып жаткан рейтинг объектине тиешелүү болбогон рейтинг объекттеринин түрүлөрүнө талдоо жүргүзүүгө адистешкен бир рейтингдик аналитик болот (рейтингдик агенттик рейтинг объекттеринин ар кандай түрлөрүнө карата рейтингдерди ыйгаруу боюнча ишти жүзөгө ашырган учурда);
- рейтингдик агенттик ыйгарылган рейтингдерге мониторингди туруктуу негизде жүзөгө ашырат, ошондой эле рейтинги аныкталуучу жактын финансылык абалынын, корпоративдик башкаруусунун же ишинин башка аспекттериндеги өзгөрүүлөрү, макроэкономикалык шарттардын же финансы рыногунун шарттарынын өзгөрүүлөрү менен байланышкан өзгөрүүчү факторлорго өз убагында таасир этүүнү камсыз кылат, бул рейтинг ыйгарылган же акыркы кайра каралган датадан тартып, же колдонулуп жаткан методология акыркы кайра каралган датадан тартып календарлык жылдан кечиктирбестен рейтингдерди иш жүзүндө жаңылоолор менен ырасталат.
Ушул пункттун 1, 2, 3, 4 жана 5-пунктчаларында белгиленген критерийлерге ылайык келгенде рейтингдик агенттик баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пруденциалдык жөнгө салуунун максаттары үчүн рейтингдик агенттиктин рейтингдик бааларды кабыл алуусу жөнүндө суроо-талапты ырастоочу документтерди тиркөө менен жөнөтөт.
Рейтингдик агенттиктин рейтингдик баалары ылайык келген учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган расмий интернет-сайтына он жумуш күндөн кечиктирбестен рейтингдик агенттиктер жана рейтингдик агенттиктердин рейтинг шкалаларын салыштыруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
Рейтингдик агенттик колдонгон методологияларды баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерет жана ырастайт.