Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 787
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары
үчүн белгиленген өздүк каражаттардын
жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Финансылык уюмдардын финансылык туруктуулугунун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын минималдуу уставдык капиталын түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин:
1) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырган:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 10 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 15 млн сом;
2) дилердик ишти жүзөгө ашырган:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 3 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 5 млн сом;
3) баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырган:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 4 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 6 млн сом;
4) инвестициялык фонддун ишин жүзөгө ашырган:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 2 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 3 млн сом.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 “Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 “Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 478 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 “Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 9 “Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |