Сравнение редакций…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы N 673 токтомуна) |
Кыймылсыз мүлктү баалоо СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт кыймылсыз мүлктү баалоо жаатындагы түшүнүктөрдү, терминологияны, баалоо жүргүзүү методологиясын жана тартибин аныктайт.
2. Бул стандарт кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоодо Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттери тарабынан колдонулууга милдеттүү болуп саналат жана төмөнкүлөрдү баалоого жайылтылат:
1) жер тилкелерин;
2) имараттарды жана курулмаларды, алардын айрым бөлүктөрүн жана кошумча курулуштарды, анын ичинде алардын иштешин камсыз кылуучу инженердик жабдууларды;
3) курулушу бүтө элек объекттерди;
4) көп жылдык бак-дарактарды.
3. Терминдер жана аныктамалар. Бул стандартта баалоо иши жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда берилген мааниде терминдер жана аныктамалар да колдонулат.
Куруучу - белгиленген тартипте курулушка жер участогу берилген же кыймылсыз мүлк объектин курууну же реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак.
Кирешени капиталдаштыруу - капиталдаштыруу ставкасын пайдалануу менен чоңдугу боюнча туруктуу келечекте күтүлүүчү кирешени учурдагы наркка которуу, акчалай агымды дисконттоонун жекече учуру болуп саналат.
Кыйыр чыгымдар - жер тилкесин жакшыртып түзүүгө (реконструкциялоого, оңдоого) байланышкан чыгымдар, аларды кандайдыр бир конкреттүү элементтерге (мисалы, камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, кредиттер боюнча пайыздар, салыктар, жарнамага чыгымдар, консультанттарды тартуу) киргизүүгө мүмкүн эмес.
Рынокто чектелген кыймылсыз мүлк - өзүнүн мүнөздөмөлөрүнөн же рыноктун өзгөчө шарттарынан жана/же башка бир жагдайлардан улам азыркы учурдагы мезгилде потенциалдуу инвесторлорду (сатып алуучуларды) салыштырмалуу анча көп тартпаган кыймылсыз мүлк.
Кирешелүүлүктүн (пайданын) ченеми - кирешенин (пайданын) баштапкы капиталга болгон катышы.
Курулушу бүтө элек объекттер - курулуш иштери башталган, бирок бүтө элек жана/же алар боюнча эксплуатациялоого кабыл алуу жөнүндө документтер белгиленген тартипте таризделе элек объекттер.
Алмаштыруу наркы (кыймылсыз мүлк объектинин) - жер тилкесинин учурдагы колдонуудагы эскирүүсүнүн бардык түрлөрүн жана рыноктук наркын (жер тилкесине байланышкан укуктар) эске алуу менен баалоо жүргүзүү датасына карата болгон рыноктук баада баалоо объектине окшош объектти түзүүгө чыгымдардын суммасы.
Окшош объект (кыймылсыз мүлктүн) - өзүнүн физикалык, техникалык жана экономикалык мүнөздөмөлөрү боюнча баалануучу менен бирдей же окшош жана колдонулушу жагынан да бирдей объект.
Подрядчы - жер тилкесин жакшыртып түзүү (реконструкциялоо, оңдоо) боюнча иштерди аткарган адам.
Куруучунун пайдасы - куруучуну долбоорду ишке ашырууга шыктандырган сый акынын кыйла мүмкүн болуучу суммасы.
Түз чыгымдар - жакшыртып (материалдарга, эмгек акыга чыгымдар, механизмдер, транспорт, долбоорлоо-изилдөө иштери, курууга уруксат алуу, иштин сапатын контролдоо ж.б.у.с.) түзүүдө (реконструкциялоо, оңдоо) милдеттүү түрдө катышуучу айрым элементтерди жана бардык жакшыртып түзүүгө түздөн-түз байланышкан чыгымдар, анын ичинде подрядчынын кошумча чыгымдары жана пайдасы.
Жердин учурдагы колдонуудагы рыноктук наркы - баалоо датасына карата сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда талаптагыдай маркетингден кийин коммерциялык бүтүм менен аны алмаштырууга боло турган жер тилкесинин ээленбешине жол берүүдө жана учурдагы колдонууну улантууда эсептелген сумма, бул учурда тараптар мажбурлоого дуушар болбостон компетенттүү эсептеп, өз кызыкчылыктарын сактай алышы керек. Бул учурда сатып алуу жана сатуу бүтүмү менен байланышкан чыгымдарды жана салыктарды эсепке албастан эсептелген рыноктук нарк түшүнүлөт.
Адистештирилген кыймылсыз мүлк - өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам пайдалуу болуп, аны колдонуунун конкреттүү түрү менен чектелген жана ишкананын бир бөлүгү катары сатылган учурду кошпогондо, ачык рынокто сейрек сатылган кыймылсыз мүлк.
Жер тилкесин жакшыртуу - чарбалык иштин жана жер менен тыгыз байланышкан башка иштердин натыйжасында курулган кандай болбосун инженердик конструкциялар, имараттар, курулмалар, тармактар жана системалар жана мелиоративдик, ландшафттык комплекстер. Жер тилкесин жакшыртуу ага таандык болгон бардык конструктивдүү элементтерди жана деталдарды, инженердик тармактарды жана анын негизги функцияларын (курулуш конструкцияларын, буюмдарды жана элементтерди, жылытуучу, электр менен камсыз кылуучу жана суу менен камсыз кылуучу инженердик тармактарды, ошондой эле алардагы инженердик жабдууларды - лифттерди, насосторду, желдеткичтерди, кондиционерлерди, жылыткычтарды, электр щиттерин, жарык берүүчү жана сантехникалык арматураларды жана башкаларды) жакшыртуу үчүн зарыл болгон андагы жабдууларды камтыйт.
2-глава. Баалоо ыкмалары
4. Кыймылсыз мүлктү баалоодо төмөнкүдөй ыкмалар колдонулат:
1) чыгымдуу;
2) салыштырмалуу;
3) кирешелүү.
Баалоо үчүн рыноктук, техникалык жана башка маалыматтар болгон учурда бардык үч ыкма тең колдонулат.
Ыкмалардын кайсы бирин колдонууга мүмкүн эместик баалоо жөнүндө отчетто негизделүүгө тийиш.
5. Чыгымдуу ыкма.
Чыгымдуу ыкма мүлктүн наркын аныктоо үчүн алгылыктуу негиз болуп жерди жакшыртып (жалпы эскиришин эске алуу менен) калыбына келтирүүгө (же алмаштырууга) жана жер тилкесин сатып алууга кеткен чыгымдар эсептелет деген болжолдорго негизделген. Кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүүнүн (алмаштыруунун) наркын аныктоодо бардык түз жана кыйыр чыгымдар эске алынууга тийиш.
Чыгымдуу ыкма окшош объекттер боюнча бүтүмдөрдүн бааларын күбөлөндүрүүлөр жок болгондо же ээси тарабынан белгиленген тартипте алынышы мүмкүн болгон иш жүзүндөгү же шарттуу акчалай агымды идентификациялоо мүмкүнчүлүгү болбогондо колдонулат. Негизинен адистештирилген мүлк объекттерин, башкача айтканда алар бөлүгү болуп саналган бизнести же уюмду сатуу жолу сыяктуу рынокто качандыр бир башкача, сейрек сатылган мүлк объекттерин баалоо үчүн пайдаланылат.
Чыгымдуу ыкма менен аныкталуучу кыймылсыз мүлктүн наркы жалпысынан эки курамды камтууга тийиш:
1) жер тилкесинин наркы;
2) жер тилкесин жакшыртып калыбына келтирүү (же алмаштыруу) наркы.
Кыймылсыз мүлктүн наркын чыгымдуу ыкма менен аныктоо төмөнкүлөрдү карайт:
1) жер тилкесинин учурдагы же кыйла натыйжалуу колдонуудагы наркын эсептөө;
2) куруучунун бардык түз жана кыйыр чыгымдарын, пайдасын эске алуу менен жер тилкесин жакшыртып кайра жаңылоо (калыбына келтирүү же алмаштыруу) наркын эсептөө;
3) жакшыртуулардын жалпы эскирүүсүнүн чоңдугун эсептөө;
4) кыймылсыз мүлктүн наркын эсептөө (жер тилкесинин наркынын жана жалпы эскирүүсүн жана куруучунун пайдасын эске алуу менен жер тилкесин жакшыртуунун наркынын суммасы катары).
Жер тилкесинин наркын эсептөө салыштырмалуу жана кирешелүү ыкма менен аткарылат. Чыгымдуу ыкма жер тилкесин баалоо үчүн өз алдынча мааниге ээ эмес.
Жер тилкесин жана анда жайгашкан жакшыртууларды камтыган бирдиктүү кыймылсыз мүлк объектинин рыноктук наркын баалоодо жер тилкесин кыйла жакшы колдонууда анын наркын шарттуу түрдө бош катары баалоо жана учурдагы колдонуудагы баалоо өзүнчө каралышы керек. Мындай талдоо кыймылсыз мүлктүн бардык объекттерин кыйла натыйжалуу пайдаланууну аныктоого мүмкүндүк берет.
Жакшыртып калыбына келтирүү (же алмаштыруу) наркын эсептөө төмөнкүлөрдү пайдаланууга негизделиши мүмкүн:
1) нарктын жогорулатылган көрсөткүчтөрү;
2) жакшыртып калыбына келтирүү (же алмаштыруу) боюнча чыгымдардын сметалык эсептери;
3) окшош объекттерди тургузуу боюнча жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар жөнүндө маалыматтар;
4) окшош объекттер менен бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар жана башка рыноктук маалыматтар.
Жакшыртып калыбына келтирүүнү (же алмаштырууну) эсептөө үчүн курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга зарыл болгон деңгээлге ылайык келген долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу талап кылынбайт.
Кыймылсыз мүлктү баалоодо жалпы эскирүү жакшыртуулардын учурдагы наркын аныктоо үчүн ретроспективдүү чыгымдарга карата салыштырмалуу эмес негизги фактор катары каралат жана пайдалуулугун, демек кайсы себеп болбосун наркын да жоготкон катары аныкталат. Жалпы эскирүүнүн чоңдугун аныктоодо ар түрдүү факторлордун тийгизген таасири да эске алынууга тийиш.
Кыймылсыз мүлктүн эскиришинин үч түрүн айырмалашат:
1) физикалык эскирүү - мүлктүн бул объектин пайдалануу процессинде табигый физикалык эскирүү жолу менен өзүнүн физикалык касиеттерин (бекемдиги, тышкы түрү ж.б.) жоготуунун натыйжасында анын наркынын төмөндөшүнө байланышкан мүлктүн эскириши;
2) функциялык же техникалык эскирүү - мындай объекттерге коюлуучу заманбап талаптарга техникалык, конструктивдик чечимдердин ылайык келбестигине байланыштуу мүлктүн керектөө наркынын жарым-жартылай жоголуусу;
3) экономикалык же тышкы эскирүү - тышкы факторлордун (саясий, экономикалык, экологиялык ж.б.) өзгөрүшүнүн натыйжасында мүлктүн наркынын арзандашы.
Жакшыртып калыбына келтирүү (же алмаштыруу) наркын аныктоо конструктивдүү аткарууну жана/же колдонулуучу материалдарды өзгөртүү, баалоо объектинин техникалык параметрлерин же техникалык дефекттерин өзгөртүү учурунда жүргүзүлөт.
Рыноктук маалымат болбогон шарттарда адистештирилген кыймылсыз мүлктү, ошондой эле рынокто чектелген кыймылсыз мүлктү баалоо алмаштыруу наркын жакшыртууну аныктоого негизделүүгө, ошондой эле бүтүмдү жүргүзүү шарттарын эсепке алууга тийиш. Мында жер тилкеси шарттуу түрдө аны кыйла натыйжалуу колдонуу болжолунда бош катары каралат.
Жерди колдонууга байланышкан кошумча баанын түшүшү тилкенин аны кыйла натыйжалуу колдонуудагы рыноктук наркы менен учурдагы колдонуудагы наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
6. Салыштырмалуу ыкма.
Салыштырмалуу ыкма окшош объекттердин мүнөздөмөлөрүн жана касиеттерин салыштырууга негизделген жана алмаштыруу принцибине негизделет: рационалдуу ыкмадагы потенциалдуу сатып алуучу объекттин (кыймылсыз мүлктүн) керектөө касиети боюнча рынокто ушундай эле наркта турган объект үчүн ашыкча төлөбөйт.
Салыштырмалуу ыкма бүтүмдөр жана окшош объекттерди сатууга сунуштардын баалары жөнүндө жетишерлик сандагы рыноктук маалымат болгондо колдонулат.
Салыштырмалуу ыкма менен кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоонун жалпы тартиби төмөнкүлөрдү карайт:
1) рыноктук маалыматтарды топтоо жана талдоо, окшош объекттерди табуу;
2) салыштыруу элементтерин аныктоо;
3) окшош объекттердин наркына оңдоолорду (түзөтүүлөрдү) киргизүү жолу менен баалануучу кыймылсыз мүлктүн наркын эсептөө.
Рыноктук маалыматтарды чогултуу бүтүмдүн негизги шарттары, физикалык, техникалык жана башка мүнөздөмөлөрү (параметрлери) жана кыймылсыз мүлккө баанын түзүлүшүнө жана өзгөрүшүнө олуттуу таасир тийгизген элементтер боюнча баалануучу жана окшош объекттердин шайкештик (максималдуу окшоштук) талаптарын канааттандырууга негизделүүгө тийиш.
Салыштыруунун негизги, кыйла көп колдонулуучу элементтерине төмөнкүлөр кирет:
1) берилүүчү укуктардын курамы, бул укуктарды чектөө (оорлотуу);
2) бүтүмдөрдү түзүүнүн жана каржылоонун шарттары;
3) бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн убактысы (датасы);
4) жайгашкан жери;
5) физикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү;
6) экономикалык көрсөткүчтөрү;
7) колдонуунун мүнөзү;
8) ошондой эле кыймылсыз мүлк менен байланышпаган нарктын компоненттери.
Киргизилүүчү түзөтүүлөр (оңдоолор) абсолюттук жана салыштырмалуу (пайыздар, үлүштөр менен) чоңдукта болушу мүмкүн.
Бир эле объектти баалоо үчүн бир эле убакта бир нече мүнөздөмөлөр жана көрсөткүчтөр боюнча салыштыруу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Салыштырмалуу ыкма менен аныкталган баалануучу кыймылсыз мүлктүн наркынын чоңдугу жөнүндө акыркы чечим окшош объекттерге бүтүмдөрдүн (же сунуштардын) оңдолгон баасынан алынган талдоонун негизинде кабыл алынат.
7. Кирешелүү ыкма.
Кирешелүү ыкма күтүү принцибине негизделет жана наркты баалануучу кыймылсыз мүлктү эксплуатациялоодон келечекте күтүлүүчү кирешелердин (пайдалардын) дисконттолгон (азыркы учурга келтирилген) чоңдугу катары карайт.
Кыймылсыз мүлк объекти менен генерациялануучу келечекте күтүлүүчү кирешелердин булактары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) операциялык (эксплуатациялык) иштен түшкөн кирешелер;
2) кыймылсыз мүлктү сатуудан (реверсиядан) түшкөн кирешелер.
Наркты кирешелүү ыкма менен аныктоонун жалпы тартиби төмөнкүлөрдү карайт:
1) баалоо датасынан мурдагы мезгилдер үчүн баалануучу кыймылсыз мүлккө таандык кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана анын өнүгүү тенденциясын аныктоо;
2) рынокту изилдөө жана баалануучу кыймылсыз мүлктөн келечекте түшүүчү кирешелерди болжолдоодо алынган натыйжаларды салыштыруу жана пайдалануу максатында бүтүмдөр жана окшош объекттерди эксплуатациялоо боюнча рыноктук маалыматтарды талдоо;
3) баалануучу кыймылсыз мүлктөн келечекте күтүлүүчү (болжолдонулуучу) кирешелерди эсептөө;
4) келечектеги күтүлүүчү кирешелерди (акчалай агымдар) кыймылсыз мүлктүн учурдагы наркына дисконттоо (капиталдаштыруу).
Келечекте күтүлүүчү кирешелер баалоочу тарабынан баалардын динамикасы, ижара ставкалары, окшош объекттердин эксплуатациялык чыгымдарынын деңгээли, ошондой эле альтернативдүү инвестициялардын (тобокелдик деңгээли боюнча салыштырылуучу) кирешелүүлүгүнүн рыноктук ставкасы жөнүндө рыноктук маалыматтарды талдоонун негизинде болжолдонот.
Мында ээлик кылуунун болжолдонуучу (күтүлүүчү) мезгилинде баалануучу кыймылсыз мүлктүн жалпы эскирүүсүнүн өсүшүнүн эсебинен пайдалуу касиеттерин жоготууларды (наркынын төмөндөшүн) же акчалай агымда же дисконттоо (капиталдаштыруу) ставкасында калыбына келтирүүгө чыгымдарды эске алуу зарыл.
Операциялык (эксплуатациялык) иштен түшкөн киреше объектти эксплуатациялоого (кызматтарды көрсөтүүгө) байланышкан, күтүлүүчү анык дүң киреше менен чыгашалардын ортосундагы айырма менен аныкталуучу келечектеги болжолдонгон таза жылдык операциялык кирешенин (же акчалай агымдын) учурдагы наркы катары эсептөө менен эске алынат. Менчик ээси же ижарачынын бизнес жүргүзүүгө байланышкан кирешелери жана чыгашалары кыймылсыз мүлктү баалоодо эсептөөгө киргизилбейт.
Сатуудан (реверсиядан) түшкөн киреше баалануучу кыймылсыз мүлктү келечекте күтүлүүчү сатуудан (болжолдоо мезгилинин аягына) же болжолдоодон кийинки мезгилде капиталдаштырылган туруктуу акчалай агымдын учурдагы наркы катары аныкталат.
Жылдык операциялык таза кирешени дисконттоо (жана/же акчалай агымды) анын келечектеги ар бир чоңдугун (болжолдоо мезгилиндеги мөөнөттө) баалануучу кыймылсыз мүлккө инвестициялардын тобокелдигине ылайык келген кирешелүүлүк (кайтаруу) ченеми боюнча азыркы наркка кайта эсептөөнү болжолдойт.
Дисконттоонун жеке учуру болуп жылдык таза операциялык кирешени (жана/же акчалай агымдын) түз капиталдаштыруу эсептелет, анда акчалай түшүүлөр (же чыгуулар) убакыт боюнча чектелбеген туруктуу төлөмдөр болот.
Келечекте күтүлүүчү (болжолдонгон) кирешелердин чоңдугу тобокелдиктерди эске алуу менен баалануучу кыймылсыз мүлккө инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүгүнүн талап кылынган ченемине ылайык келүүгө тийиш.
Кирешелүүлүктүн талап кылынган ченеми альтернативдүү салымдардын кирешелүүлүгү, инвестициялоонун тобокелдиктерин эксперттик баалоо жана башкалар жөнүндө рыноктук маалыматты талдоонун негизинде эсептелет (баштапкы маалыматтын болушуна, объекттин өзгөчөлүгүнө жана баалоо жүргүзүүнүн максатына жараша). Айрым учурларда кирешелүүлүктүн талап кылынган ченеми баалоого тапшырма же аныкталуучу нарктын түрү (инвестициялык нарк) менен шартталышы мүмкүн.
3-глава. Кыйла жакшы пайдаланууну талдоо
8. Кыйла натыйжалуу пайдалануу - физикалык жактан колдонууга мүмкүн болгон, юридикалык жактан жол берилген, финансылык көз караштан алганда ишке ашырылуучу мүлктү пайдалануу ыктымалы, анын натыйжасында баалануучу мүлктүн наркы эң жогорку болуп саналат.
9. Кыйла натыйжалуу пайдаланууну талдоо кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркын баалоонун негизинде турат.
10. Кыймылсыз мүлк объектин кыйла натыйжалуу пайдалануу анын иш жүзүндөгү колдонулушуна шайкеш келиши же башкача пайдаланууну болжолдошу мүмкүн, мисалы, жер тилкесинде болгон капиталдык курулуш объекттерин оңдоо (же реконструкциялоо).
11. Кыйла натыйжалуу пайдаланууну талдоо баалоо объектинин айрым түзүүчү бөлүктөрүнө (шарттуу бош жер тилкеси, мүлктүк комплекстин айрым имараттары жана башкалар) карата жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Рыноктук наркты баалоодо мындай объекттер баалоо объектин кыйла натыйжалуу пайдаланууга ылайык тандалышы керек.
4-глава. Баалоого тапшырмага карата талаптар
13. Баалоого тапшырма төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) баалануучу кыймылсыз мүлктү идентификациялоону;
2) баалануучу укуктарды идентификациялоону;
3) заказчы тарабынан баалоонун натыйжаларынын жана отчеттун болжолдуу пайдаланышы;
4) баалануучу кыймылсыз мүлктүн аныкталуучу наркынын түрү;
5) баалануучу кыймылсыз мүлктүн наркы аныкталган баалоо датасы;
6) өзгөчө болжолдор жана атайын шарттар, аларды эске алуу менен баалоо жүргүзүлөт (мисалы, объекттин физикалык же юридикалык статусу жөнүндө).
14. Баалоого тапшырмада аныкталуучу наркка кошумча төмөнкүдөй эсептик чоңдуктар (улуттук валютада) киргизилиши мүмкүн:
1) рыноктук ижара акысы;
2) калыбына келтирүүгө толук чыгымдар;
3) булгоолорду четтетүүгө же рекультивацияга чыгымдар.
5-глава. Кыймылсыз мүлктү баалоонун өзгөчө учурлары
15. Бузулган кыймылсыз мүлк.
Бузулган кыймылсыз мүлктү баалоонун чоңдугу калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды эске алуу менен кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүү наркына шайкеш келүүгө тийиш. Толук бузулган же калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда, баалоо суммасы мурунку курулуштун деталдарынан тазалоого жана бошотууга кеткен чыгымдарды эске алуу менен жердин бош тилкеси үчүн катары аныкталууга тийиш.
16. Активдери түгөнгөн жер тилкелери.
Кыймылсыз мүлктүн бул тибине пайдалуу кендер бар жерлер, таштанды төгүүчү жерлер, көмүүчү жерлер жана башкалар кирет, алардын учурдагы колдонулуусу үчүн белгилүү бир (чектелген) жашоо мөөнөтү болот.
Эскирген кыймылсыз мүлктү эксплуатациялоо жердин наркын акырындык менен учурдагы же болжолдонгон максат үчүн аны экономикалык пайда менен колдонуу мүмкүн болбой калган деңгээлге чейин түшүрөт жана учурдагы же кыйла натыйжалуу колдонуу үчүн калдык болуп саналган наркка өтөт.
Пайдалануу (болжолдуу) мезгилинин аягында мындай типтеги кыймылсыз мүлктү келечекте уруксат берилген альтернативдүү колдонуу үчүн алмашуунун калдык наркы аныкталууга тийиш.
Түгөнүп бараткан активдерди колдонуу мезгилинин аягында алмаштыруу наркы пландаштыруу, экологиялык талаптар же болбосо баалануучу кыймылсыз мүлктү жакшыртуу, калыбына келтирүү же кайра пландаштыруу боюнча коммерциялык ой-пикирлер менен байланышкан потенциалдуу чыгымдарды эске алуу менен эсептелинет.
17. Курулушу бүтө элек объекттер.
Курулушу бүтө элек объектти (кыймылсыз мүлктү) баалоо наркы баалануучу кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды жана жалпы эскирүү чоңдугун эске алуучу алмаштыруунун калдык наркынын базасында чыгымдуу ыкманы пайдалануу менен аныкталышы мүмкүн.
Курулушу бүтө элек объекттин наркы курулушту бүткөрүүгө чыгымдарды жана курулушу бүткөн объектти андан аркы сатуудан алынган кирешени же кирешелүү пайдаланууну эске алуучу дисконттолгон акчалай агымдын негизинде кирешелүү ыкманы пайдалануу менен аныкталышы мүмкүн.
18. Иштеп жаткан ишкананын курамында баалануучу кыймылсыз мүлк.
Иштеп жаткан ишкананын курамындагы кыймылсыз мүлктү баалоо пайдаланууну улантуу шартында же иштеп жаткан ишкананын курамында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мындай учурда баалоо кыйла жакшы пайдаланууну талдоосуз, анын багытын жана аны учурдагы колдонуу шарттарынын сакталышын болжолдоп жүргүзүлөт.
19. Жер тилкесине укук токтотулганда кыймылсыз мүлктү баалоо.
Келишимдин (актынын) мөөнөтү бүткөндө жана бир эле учурда жер тилкесин пайдалануу (ээлик кылуу) укугу токтотулганда жер тилкелерин жакшыртууну баалоо, эгерде тиешелүү тилкеге жерди пайдалануу документтеринде башка каралбаса, утилдештирүү наркы боюнча жүргүзүлөт.
20. Баалоочунун отчетунда белгиленген баалоо объектинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун аныктыгы жөнүндө талаш-тартыш болсо, баалоо бул стандартта белгиленген тартипте мүлк объектин учурдагы датага карата баалоо жүргүзүү үчүн башка баалоочу тарабынан (кайталап баалоо) жүргүзүлүшү мүмкүн.
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 673 токтому менен бекитилди) |
Кыймылсыз мүлктү баалоо
СТАНДАРТЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 261 токтомунун редакциясына ылайык)

Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратылуучу кыймылсыз мүлк объекттерин баалоодо, баалоочу инвестициялык макулдашуунун шарттарынын экономикалык таасирин эске алат, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен:
1) инвесторго өткөрүлүп берилүүчү укуктардын курамы жана көлөмү;
2) пайдаланууга белгилүү оордотуулардын (чектөөлөрдүн) болушу;
3) менчик укугунун өтүү мөөнөттөрү жана шарттары;
4) инвестордун милдеттенмелери, анын ичинде инвестициялык, курулуш жана башка милдеттенмелер, анын ичинде объекттерди бузуу жана алардын аймагын бошотуу зарылдыгы менен байланыштуу;
5) баалоо объектинин наркына таасир этүүчү башка шарттар.