Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 673 токтому менен бекитилди) |
Баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптардын
СТАНДАРТЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт Кыргыз Республикасында баалоо иши боюнча ченемдик документтердин системасын өнүктүрүү максатында иштелип чыкты жана баалоо боюнча кызматтарды көрсөткөн юридикалык жана жеке жактардын колдонуусу үчүн багытталган.
2. Кандай болбосун баалоо жүргүзүүнүн негизги жыйынтыктоочу документи болуп отчет эсептелет, анда баалоо объектинин наркы жөнүндө баалоочунун негиздемелери жана тыянактары камтылат.
3. Бул стандарт баалоочунун кесиптик иш бөлүгүндөгү милдеттерин регламенттейт, отчетту жазууда колдонулуучу терминдерди аныктайт жана баалоо жөнүндө отчетко карата талаптарды белгилейт.
4. Терминдер жана аныктамалар. Бул стандартта баалоо иши жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда берилген мааниде терминдер жана аныктамалар да колдонулат.
Баалоону актуалдаштыруу - объекттин физикалык абалында жана анын рыноктогу абалында олуттуу өзгөрүүлөр болбогон шартта жаңы датага карата баалоо объектинин наркын тактоо. Актуалдаштыруунун натыйжалары мурда аткарылган толук отчетко толуктоо же кыскача отчет түрүндө берилиши мүмкүн.
Баалоо датасы - объектке баалоо жүргүзүлгөн жана анын наркы аныкталган дата (күнү, айы, жылы).
Заказчы - анын заказы менен баалоо боюнча иш жүргүзүлгөн жеке же юридикалык жак.
Баалоого тапшырма - баалоо жүргүзүүгө келишимдин тиркемеси болгон, зарыл болгон талаптарды жана менчиктин наркын аныктоо үчүн маалыматты камтыган жана тараптардын алдыдагы иштин натыйжаларынын мазмунун бирдей мааниде түшүнгөндүгүн күбөлөндүргөн юридикалык документ.
Сапатсыз (анык эмес) баалоо - баалоо стандарттарында каралган принциптерди, ыкмаларды, методдорду, баалоо жол-жоболорун бузуу менен жүргүзүлгөн баалоо.
Баалоо жөнүндө отчет - баалоо объектинин наркы жөнүндө кесипкөй пикирди ырастоо үчүн жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан түзүлгөн жазуу жүзүндөгү документ.
Кайра баалоо - бул алынган натыйжаны кайра текшерүү же актуалдаштыруу зарыл болгон учурда мурда бааланган объектиге карата жүргүзүлүүчү баалоо. Кайра текшерүү баалоого жана анын натыйжаларын тариздөөгө болгон бардык талаптарды сактоо менен толук көлөмдө аткарылат.
Рецензиялоо - заказчы үчүн отчетту рецензиялоо боюнча рецензент баалоочу тарабынан аткарылуучу иш-чаралардын жыйындысы.
2-глава. Баалоо жөнүндө документтердин мазмунуна жана тариздөөгө талаптар
5. Баалоо боюнча иштин натыйжалары "Баалоо жөнүндө отчет" деп аталган жазуу жүзүндөгү документ түрүндө таризделет.
6. Баалоо жөнүндө отчет баалоого тапшырманын талаптарынын анык жана так сыпатталышын, максаттарды жана баанын болжолдуу пайдаланылышын камтууга, акыркы жыйынтыктарга жана нарктын маанисине түздөн-түз таасирин тийгизген кандай болбосун жол берилген жана четтөөчү шарттарды түшүндүрүүгө тийиш. Отчетто ошондой эле баалоо процессинде пайдаланылуучу аналитикалык жол-жоболорду түшүндүрмө камтылышы мүмкүн. Андан тышкары аткарылган баалоонун объективдүүлүгүнө мүмкүн болуучу күмөн саноолордон качуу үчүн, отчетто баалоочунун компетенттүүлүгүн жана көз карандысыздыгын, алардын этикалык жана кесиптик ченемдерди сактагандыгын ырастаган тиешелүү маалымат келтирилиши мүмкүн.
7. Маалымат, талдоо, пикир, тыянактар жана корутундулар так ачып берилүүгө, жеткиликтүү болууга жана жаңылышууларга алып келбөөгө тийиш.
8. Мүлктү баалоо жөнүндө отчетко мүлктү баалоону түздөн-түз жүргүзгөн баалоочулар кол коёт, баалоочунун жеке мөөрү (болсо) менен күбөлөндүрүлөт.
Баалоо жөнүндө отчет баалоо уюмунун баалоочусу тарабынан түзүлгөн учурда, отчет баалоо уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет жана бул баалоо уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
9. Иштердин көлөмүн, жүргүзүлгөн баалоонун мазмунун жана натыйжаларын тараптардын бирдей мааниде түшүнүүсүн тактоо үчүн "Баалоого тапшырма" келишиминин тиркемеси катары жазуу жүзүндө макулдашуу максатка ылайык.
10. Соттун аныктамасынын же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде баалоо жүргүзүүдө баалоочу тиешелүү аныктамада же чечимде көрсөтүлгөн баалоо объектинин белгилүү бир наркынын түрүн пайдаланууга милдеттүү, ал эми ал баалоо жөнүндө отчетто камтылууга тийиш.
11. Баалоо жөнүндө отчет баалоо стандарттарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келүүгө тийиш. Баалоо объектинин наркынын жыйынтыктоочу чоңдугу, эгерде келишимде башкача каралбаса, улуттук валютада жана абсолюттук чоңдукта көрсөтүлүүгө тийиш.
12. Чет мамлекеттин баалоочусу тарабынан даярдалган баалоо жөнүндө отчет же башка баалоо документи Кыргыз Республикасынын аймагында анын легитимдүүлүгүн таануу максатында милдеттүү түрдө рецензияланууга тийиш. Рецензиялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 426 "Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоо жөнүндө отчетторду рецензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Рецензиялоонун алкагында отчеттун Кыргыз Республикасынын баалоо иши жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына, колдонуудагы баалоо стандарттарына ылайык келиши, ошондой эле берилген маалыматтардын толуктугу, негиздүүлүгү жана аныктыгы текшерилет. Рецензенттин оң корутундусунан кийин отчет Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилет деп таанылышы мүмкүн.
13. Баалоо иштеринин өндүрүштүк процессинде техникалык, рыноктук, бухгалтердик, финансылык жана башка маалыматтарды чогултуу жана талдоо зарыл, ал баалоо объектинин наркына карата негизделген ой-пикирди алуу үчүн зарыл жана жетиштүү болушу мүмкүн. Маалыматтын ар бир түрү үчүн аны алган булакты көрсөтүү керек.
14. Заказчы баалоочуга алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык баалоо жүргүзүүдө берилген документтердин жана башка маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
15. Баалоочу анын кесиптик компетенциясынын чегинен чыккан жааттардан, анын ишенимине татыктуу болгон башка кесиптеги адистерден алынган маалыматтарга таянууга укуктуу.
16. Баалоочу анын кесиптик компетенциясынын жаатына кирген, ишенимдүүлүгүнө күмөн санаган маалыматтарды колдонууга укугу жок. Көрсөтүлгөн талаптар кардар алардын аныктыгы жөнүндө билдирген учурда да, баалоо боюнча ишти заказ кылган кардардан алынган маалыматтарга да жайылтылат.
17. Келишимдин шарттарына жана берилген маалыматтын көлөмүнө жараша баалоо жөнүндө отчет төмөнкүдөй формалардын биринде түзүлүшү мүмкүн:
1) толук отчет;
2) кыскача отчет.
18. Бүтүндөй мүлк комплекстерине (акциялар, үлүштөр, пайлар) көз карандысыз баалоо жүргүзүү учурунда мүлктү баалоо жөнүндө отчетту кыскача формада түзүүгө уруксат берилбейт.
19. Отчеттун кыскача формасы баалоочу тарабынан мурда аткарылган баалоону актуалдаштырууда жана толук отчетту кыскача баяндоодо колдонулушу мүмкүн. Мында кыскача отчет толук көлөмдө аткарылган отчетко шилтемени камтууга тийиш.
20. Толук жана кыскача отчеттор бирдей даражадагы далилдөөгө ээ болууга тийиш. Баалоочунун кароосу боюнча баалоо жөнүндө отчеттун курамында (же өзүнчө) жүргүзүлгөн иштердин максаттары жана алынган натыйжалар көрсөтүлгөн коштоочу каттар болушу мүмкүн.
21. Баалоочу баалоо жөнүндө отчеттун формасын (эгерде заказчы менен келишимде башкача каралбаса) Кыргыз Республикасынын баалоо иши жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына, баалоонун тиешелүү ченемдерине, эрежелерине жана стандарттарына ылайык, ошондой эле өзүнүн кесиптик тажрыйбасын жетекчиликке алуу менен өз алдынча аныктоого укуктуу.
22. Баалоо жөнүндө толук отчет брошюраланууга, номери коюлууга жана логикалык жана ченемдик ырааттуулукта берилген төмөнкү милдеттүү бөлүмдөрдү камтууга тийиш:
1) мазмуну;
2) баалоо объектинин аталышы;
3) баалоо объектинин жайгашкан жери жана почта дареги;
4) баалоо жүргүзүүнүн негизи (келишим, тапшырма, ченемдик акт);
5) баалоонун максаты жана натыйжаларды болжолдуу пайдалануу;
6) аныкталуучу нарктын түрү жана анын негиздемеси;
7) баалоо датасы жана ишти жүргүзүү мезгили;
8) берилүүчү отчеттун формасы (кагаз жүзүндө, электрондук, айкалыштырылган);
9) баалоо объектинин заказчысынын жана менчик ээсинин аталышы;
10) баалоо боюнча иштердин аткаруучусунун аталышы (баалоочу, уюм);
11) баалоо ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерге шилтемелер;
12) баалоодо кабыл алынган негизги шарттар, чектөөлөр жана жол берүүлөр;
13) баалоо объекти жөнүндө жалпы маалыматтар, анын ичинде сыпаттоо жана кароонун жыйынтыктары;
14) мүлктүн жайгашкан жеринин сыпаттамасы;
15) баалануучу мүлктүн жана мүлктүк кызыкчылыктардын техникалык абалын идентификациялоо жана сыпаттоо;
16) рыноктук маалыматты талдоо, анын ичинде аналогдорго жана маалымат булактарына сереп;
17) финансылык абалды талдоо (бизнести же мүлктүк комплексти баалоодо);
18) баалоо объектин кыйла натыйжалуу пайдаланууну талдоо (зарыл учурда);
19) баалоонун колдонулуучу ыкмаларын жана методдорун негиздөө;
20) эсептөө жол-жоболору жана кабыл алынган жалпылоолор;
21) ар кандай ыкмалар менен алынган натыйжаларды макулдашуу;
22) кабыл алынган чечимди негиздөө менен баалоо объектинин наркы жөнүндө тыянактар жана корутунду;
23) тиркемелер (сунушталуучу):
- баалоочунун кесиптик квалификациясы жөнүндө маалыматтар;
- колдонулуучу терминология;
- заказчы берген документтердин көчүрмөлөрү;
- баалоонун жүрүшүндө колдонулган документтердин көчүрмөлөрү жана маалымат булактары;
- колдонулган адабияттардын жана ченемдик актылардын тизмеси;
- баалоонун аныктыгын жана негиздүүлүгүн ырастаган башка материалдар;
24) Баалоого тапшырма.
Баалоого тапшырма баалоочу менен заказчынын ортосунда макулдашылган баалоонун негизги параметрлерин, шарттарын жана максаттарын камтыган жазуу жүзүндөгү документти билдирет.
Баалоого тапшырма баалоо жол-жоболорунун милдеттүү элементи жана баалоо жүргүзүүгө келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Баалоого тапшырма баалоочу тарабынан түзүлөт, заказчы менен макулдашылат жана иштерди аткаруу башталганга чейин эки тарап тең кол коёт.
Зарыл болгон учурда баалоого тапшырма баалоону аткаруу процессинде, жаңы маалыматтар пайда болгондо же тапшырмаларды тактоодо такталышы жана толукталышы мүмкүн.
Баалоого тапшырма түзүү үчүн жоопкерчилик баалоочуга жүктөлөт.
Заказчы баалоочуга тапшырмада каралган чектерде зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана баалоо объектине жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
Кол коюлган баалоого тапшырма жок болгон учурда, баалоочу ишти аткарууну ал бекитилгенге чейин токтотуп турууга укуктуу.
Баалоого тапшырма төмөнкү милдеттүү элементтерди камтууга тийиш:
1) баалоо объектинин идентификациясы: аталышы, жайгашкан жери, сыпатталышы, сандык мүнөздөмөлөрү;
2) баалануучу укуктардын идентификациясы: укуктардын, четтөөлөрдүн, оордуктардын сыпатталышы;
3) баалоонун максаты жана натыйжаларды болжолдуу пайдалануу;
4) аныкталуучу нарктын түрү жана тиешелүү өбөлгөлөр;
5) баалоо датасы жана иштерди аткаруу мөөнөттөрү;
6) өзгөчө жол берүүлөр, атайын шарттар, чектөөлөр жана иштердин көлөмү;
7) заказчы берүүчү жана баалоочу колдонуучу маалымат булактары;
8) натыйжаларды берүү формасына талаптар: валюта, маанилердин интервалы, отчеттун тиби;
9) отчетту пайдаланууга, жайылтууга жана жарыялоого чектөөлөр;
10) колдонулуучу баалоо стандартына шилтеме;
11) ушул стандартка каршы келбеген отчетко карата конкреттүү талаптар.
23. Кыскача отчет брошюраланууга жана жетиштүү түрдө кыскартылган көлөмдө (талдоо жана эсептөө методологиясын, жол-жоболорун жана башка ушул сыяктууларды кеңири сыпаттабастан) милдеттүү маалыматты камтууга тийиш.
24. Кыскача отчет эреже катары көп сандагы типтүү объекттердин натыйжаларын тариздөө үчүн пайдаланылат жана атайын иштелип чыккан формалар, бланктар жана таблицалар түрүндө берилиши мүмкүн.
25. Баалоо объектинин наркы жөнүндө тыянактар жана/же корутундулар милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) баалоо объектинин аталышы;
2) аныкталуучу нарктын түрү;
3) баалоо датасы;
4) колдонулган ыкмалар жана/же методологиялар;
5) баалоонун натыйжасында алынган нарктын чоңдугу.
26. Зарыл болгон учурда баалоочу тыянакта жана/корутундуда баалоонун натыйжаларын пайдаланууга тиешелүү өзүнүн болжолдорун жана эскертүүлөрүн чагылдырууга укуктуу.
3-глава. Баалоонун натыйжаларын сактоо жана жарыялоо шарттары
27. Баалоо жөнүндө отчетту берүү жана сактоо кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө болушу мүмкүн.
28. Мүлктү баалоо жөнүндө отчет, мүлккө баалоо жүргүзүү процессинде баалоочу тарабынан чогултулган документтер жана башка маалыматтык материалдар анын өздүк архивинде сакталууга тийиш.
29. Баалоочунун архивинде баалоо жөнүндө материалдарды сактоо мөөнөтү 3 жылдан кем болбоого тийиш.
30. Эгерде баалоо келишимине ылайык баалоонун натыйжаларын жарыялоо каралса же мүмкүн болсо (алар менен үчүнчү жактын таанышуусуна), баалоочу баалоо боюнча отчет менен бирге болжолдуу жарыялануучу текстти берүүгө тийиш.
31. Баалоонун натыйжаларына жарыялануучу шилтемеде камтылган маалыматтардын минималдуу көлөмү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) баалоочунун аталышы, квалификациясы жана статусу;
2) аларга ылайык баалоо жүргүзүлгөн стандарттарга шилтеме;
3) баалоо датасы;
4) нарктын түрү;
5) бардык кабыл алынган жол берүүлөр, анын ичинде кардардын өзгөчө нускамалары;
6) баалоону аткарууда орун алган чектөөлөр;
7) негиз катары алынган баалоо стандарттарынан четтөөлөрдүн тизмеги.
Баалоонун натыйжалары жарыяланган учурда (анын ичинде чет тилдерде) баалоочу жарыялануучу материалдарга милдеттүү түрдө виза коюу жол-жоболорун кароого тийиш.
4-глава. Кайра баалоо жана актуалдаштыруу
32. Кайра баалоо алынган натыйжаны текшерүү же актуалдаштыруу зарыл болгон учурда мурда бааланган объектиге карата жүргүзүлөт. Кайра текшерүү учурунда объектти баалоо толук көлөмдө жана баалоого болгон бардык талаптарды сактоо жана анын натыйжаларын тариздөө менен аткарылат.
33. Актуалдаштырууда объекттин физикалык жана укуктук абалында жана анын рыноктогу абалында олуттуу өзгөрүүлөр болбогон шартта, жаңы датага карата мурда бааланган объекттин наркын тактоо жүргүзүлөт. Актуалдаштыруунун жыйынтыктары мурда аткарылган толук отчетко толуктоолор же кыска отчет түрүндө берилиши мүмкүн.
34. Кайра баалоону жана актуалдаштырууну аткарууда мурдагы баалоонун материалдарына шилтеме жасоого жол берилет.
5-глава. Баалоону рецензиялоо
35. Рецензиялоо мүлктү баалоо жөнүндө отчеттун мындай баалоонун натыйжаларына жеке материалдык же башка кызыкчылыктары жок адам тарабынан анын квалификациялык күбөлүгүнүн багытына жана адистигине ылайык эркин объективдүү каралышынан турат.
36. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону аткарууда баалоочулардан Кыргыз Республикасынын баалоо иши жаатындагы мыйзамдарынын жана баалоо стандарттарынын талаптарын сактоо талап кылынат.
37. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо Кыргыз Республикасында баалоо ишин жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, баалоо иши чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес практикалык кесиптик иш тажрыйбасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берилген жогорку категориядагы баалоочу квалификациялык сертификаты бар баалоочу тарабынан аткарылат.
Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо баалоочулар - баалоочулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу коомдук уюмдарынын мүчөлөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
38. Мүлктү баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо мүлктү баалоону жана анын натыйжаларын чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланган, анын ичинде мүлктү баалоонун заказчыларынын (төлөөчүлөрүнүн), мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, соттордун жана мүлктү баалоону эркин сын көз менен кароого кызыкдар жактардын талаптары, ошондой эле баалоо иши субъектинин өзүнүн демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
39. Рецензиялоо жүргүзүү үчүн негиз болуп мүлктү баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоону ишке ашырууга укугу бар жак (мындан ары - рецензент) менен түзгөн келишим эсептелет.
40. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик актыларында жана башка тиешелүү документтерде, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн учурларда, кызыкдар тараптар менен макулдашуу боюнча баалоону рецензиялоону төмөнкү формаларда аткарууга жол берилет: отчетто колдонулуучу ыкмалардын, аныктамалардын, баалоо методдорунун, баалоонун натыйжаларын тариздөөнүн пайдаланылуучу стандарттардын талаптарына ылайык келишин талдоо.
41. Рецензент өзүнүн ишинин натыйжасы боюнча рецензияны жазуу жүзүндө даярдайт, аны кол коюу менен бекитет.
42. Рецензиялоо процессинде рецензент мүлктү баалоо жөнүндө отчетту түзгөн датадан жана рецензияга кол коюлган датага карата мүлктүн наркы жөнүндө тыянактан кийин пайда болгон баалоо объекти же окшош мүлк жөнүндө кандайдыр бир кошумча маалыматка көңүл бурбоого тийиш.
43. Рецензия баалоо объектинин наркы жөнүндө өзүнүн тыянагын камтууга тийиш эмес. Рецензияда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
1) рецензиялоону жүргүзүүнүн негиздери;
2) рецензиялоо объекти болгон мүлктү баалоо жөнүндө отчеттун толук аталышы, аны аткаруучулар жөнүндө маалыматтар, алардын квалификациясы жана көрсөтүлгөн жактар тарабынан кесиптик баалоо ишин жүргүзүүнүн укуктук талаптарына ылайык мүлктү баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тыянак;
3) рецензиялоо жүргүзүү мөөнөтү жана рецензияга кол коюу датасы;
4) нарктын түрүн тандоонун негиздүүлүгү жана анын мүлктү баалоо боюнча ченемдик укук актылардын талаптарына ылайык келиши жөнүндө тыянак;
5) мүлктү баалоо жөнүндө отчеттун аткаруучусу жыйнаган баштапкы маалыматтар жана башка маалыматтар (алардын толуктугу, мүлккө баалоо жүргүзүү үчүн жетиштүүлүгү жана отчеттогу ачып берүүлөр) жөнүндө тыянак;
6) баалоонун максатын жана базасын, пайдаланган болжолдордун негиздүүлүгүн эске алуу менен баалоону жүргүзүү убагында колдонулган ыкмалардын, методдордун жана баалоо жол-жоболорунун ылайык келиши жана тууралыгы жөнүндө тыянак;
7) мүлктү баалоонун аныктыгы жөнүндө жалпы тыянак.
44. Рецензиялоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет төмөнкү белгилер боюнча квалификацияланат:
1) отчет мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына толук жооп берет;
2) отчет жалпысынан мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берет, бирок баалоонун аныктыгына таасирин тийгизбеген анча эмес кемчиликтерге ээ;
3) отчет мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына толук өлчөмдө жооп бербейт жана баалоонун аныктыгына таасирин тийгизген олуттуу кемчиликтерге ээ, бирок көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдогондон кийин отчетто аныкталган максаттарда колдонулушу мүмкүн;
4) отчет мүлктү баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бербейт, сапатсыз жана (же) кесипкөй эмес.
6-глава. Баалоочунун жоопкерчилиги
45. Баалоо жөнүндө отчетко, анын ичинде башка баалоочу даярдаган отчетко кол койгон баалоочу отчетун мазмуну үчүн толук жоопкерчилик тартууга тийиш.
46. Келишимдин шарттарына ылайык баалоочуга өз алдынча чогултулган маалымат үчүн жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн.
47. Эгерде заказчы тарабынан баалоо иштерин объективдүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон, келишимде айтылган маалымат берилбесе, же болбосо берилген маалымат толугу менен же жарым-жартылай чындыкка ылайык келбесе баалоочуга жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн эмес.
48. Баалоочу (баалоо датасынын кийин) баалоо объектинин наркына таасирин тийгизүүчү кийинки экономикалык, саясий, техникалык жана башка жагдайлардын өзгөрүшүнө, ошондой эле заказчы, ээси же үчүнчү жак тарабынан баалоонун натыйжаларынын баалоого тапшырмада жана баалоо боюнча отчетто каралбаган максаттар үчүн пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
49. Баалоочу аны менен кардардын ортосундагы мамилелерде, ошондой эле келишимдин шарттарына ылайык баалоонун жүрүшүндө алынган купуя маалыматтын купуялуулугун сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
50. Отчетто белгиленген баалоо объектинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун аныктыгы жөнүндө, анын ичинде ушул эле объектти баалоо жөнүндө башка отчеттун болушуна байланыштуу талаш-тартыш болгон учурда көрсөтүлгөн талаш-тартыш талаш-тартыштын тараптарынын макулдашуусу боюнча сот тарабынан каралууга тийиш.
7-глава. Стандарттардан четтөөнүн шарттары
51. Бул стандарттарга ылайык баалоону туура эмес кылган жагдайлар болгон учурларда, отчетто стандарттардан четтөөлөрдү жана аларга болгон себептерди толук баяндоо керек.
Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында аткарылган баалоо жөнүндө отчет төмөнкүлөрдү да камтышы керек:
1) инвестициялык макулдашуунун наркка таасир этүүчү шарттары;
2) инвестициялык макулдашуунун шарттарын ишке ашыруудан келип чыгуучу чыгымдарды эсептөө;
3) тиешелүү эсептөөлөрдү көрсөтүү менен инвестициялык макулдашуунун шарттарынын баалоо объектинин наркынын акыркы чоңдугун жогорулатууга же төмөндөтүүгө тийгизген таасирин негиздөө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-апрелиндеги № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Эгерде келишимге (баалоого тапшырмага) ылайык бул стандарттарга ылайык келбеген форма же мазмун боюнча баалоону аткаруу талап кылынса, баалоочу баалоодон баш тартууга же отчетко атайын жол берүүлөрдү жана бул стандарттардан четтөөлөрдү милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндө шарт коюуга тийиш.