Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы N 673 токтомуна) |
Материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоого карата колдонулат.
2. Бул стандарт материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо менен байланышкан негизги түшүнүктөрдү, терминологияны, методикалык ыкмаларды аныктайт.
3. Терминдер жана аныктамалар. Ошондой эле бул Стандартта баалоо иши чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда берилген мааниде терминдер жана аныктамалар колдонулат.
Автордук келишим - чыгарманын автору же анын мураскору менен чыгарманы пайдалануучунун ортосунда түзүлүүчү келишимде аныкталган мөөнөткө бул чыгармага карата мүлктүк укуктарды берүү жөнүндө келишим.
Материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттеринин идентификацияланышы - өз алдынча эсептик бирдикке (патент, товардык белги ж.б.у.с.) бөлүнүүчүлүгү, ал төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалышы мүмкүн:
1) бөлүнүүчүлүк касиети (компания активдерди ижарага ала алат, сатат же алмаштырат, ошондой эле бизнестин катышуучуларынын ортосунда конкреттүү келечектеги экономикалык пайданы бөлүштүрүшү мүмкүн);
2) юридикалык укуктардын болушу жана мүнөзү;
3) бул активден келип түшүүчү келечектеги экономикалык пайданы идентификациялоо.
Ноу-хау - купуялуулук камсыздалган шартта ишкананын ишинде колдонулган жана кирешени же башка пайданы алып келген техникалык жана башкаруучулук мүнөздөгү (административдик, коммерциялык жана финансылык) билим жана тажрыйба.
Интеллектуалдык менчик объекттери - укуктук жактан коргоого алынуучу интеллектуалдык иштин натыйжасы жана аларга теңештирилген товарларды, жумуштарды, юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн жекелештирүүнүн каражаттары.
Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктар - мүлктүк укук болуп саналган өзгөчө укукту, ошондой эле жеке мүлктүк эмес укуктарды жана интеллектуалдык менчик объекттерине карата башка укуктарды (улантуу укугу, пайдалануу укугу ж.б.у.с.) камтыган укук. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктар интеллектуалдык иштин тиешелүү натыйжасы же жекелештирүү каражаттары чагылдырылган материалдык алып жүрүүчүгө (буюмга) карата менчик укугуна көз каранды эмес.
Ишкана - ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлктүк комплекс. Ишкананын курамына мүлктүк комплекс катары мыйзамдарда же келишимде башкача каралбаса, анын иши үчүн пайдаланылуучу мүлктүн бардык түрлөрү, анын ичинде жер тилкелери, имараттар, курулмалар, жабдуулар, шаймандар, сырье, продукция, талап кылуу укуктары, карыздар, анын ишин жекелештирүүчү белгилерди пайдаланууга укуктар (фирмалык аталышы, товардык белги) жана башка өзгөчө укуктар.
Материалдык эмес активдердин наркы - иштеп жаткан ишкананын наркы менен анын материалдык активдеринин наркынын ортосундагы айырма.
Иштеп жаткан ишкананын алкагында интеллектуалдык менчик объекттеринин наркы - интеллектуалдык менчик объекттеринин жыйынды пайдалуулугун жана товарларды өндүрүүдө жана кызматтарды көрсөтүүдө ишкананын бүтүн комплекс катары иштешинин жыйынтыгына кошулган салымды чагылдырган чоңдук.
Зыян - укугу бузулган адамдын бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн жасаган же жасай турган чыгымдары, ошондой эле мүлктү жоготуу же бузуу.
4. Бул стандарттын максаттары үчүн баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандартынын тиешелүү жоболору пайдаланылат.
2-глава. Баалоо объекттери
5. Бул стандарттын баалоо объекттери болуп материалдык эмес активдер (мындан ары - МЭА) жана интеллектуалдык менчик объекттери (мындан ары - ИМО) саналат.
6. МЭАга гудвилл жана идентификацияланган ИМО кирет. МЭАны таануунун критерийлерине төмөнкүлөр таандык болот:
1) идентификацияланышы;
2) юридикалык жактын экономикалык пайданы алуу үчүн МЭАнын контролдоо жөндөмдүүлүгү;
3) келечекте экономикалык пайданы алып келүү жөндөмдүүлүгү.
7. ИМО төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) өнөр жайлык менчик объекттери (ойлоп табуулар, өнөр жай үлгүлөрү, пайдалуу моделдер);
2) жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын жана алар тарабынан өндүрүлгөн продукцияны, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү (товардык белгилер, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар, товар келип чыккан жерлердин аталыштары) жекелештирүү каражаттары;
3) автордук укук объекттери (бардык түрдөгү электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программалар, анын ичинде колдонмо программалар жана операциялык системалар, маалыматтар базасы, адабий чыгармалар, музыкалык чыгармалар, хореографиялык чыгармалар, боек менен тартылган сүрөттөр, скульптуралар, графика, дизайн жана сүрөт искусствосунун башка чыгармалары, декоративдик-колдонмо жана стенографиялык искусствонун чыгармалары, архитектура, шаар куруу жана багбанчылык-парктык искусствонун чыгармалары, фотографиялык чыгармалар жана фотографияга окшош ыкма менен алынган чыгармалар, географиялык, геологиялык жана башка карталар, пландар, эскиздер жана геологияга, топографияга жана башка илимдерге таандык чыгармалар жана башка чыгармалар);
4) чектеш укуктардын объекттери (коюулар, аткаруулар, фонограммалар, эфирдик жана кабелдик берүү уюмдарынын берүүлөрү);
5) салттуу эмес ИМО (селекциялык жетишкендиктер, интегралдык микросхемалардын топологиялары, ачылбаган маалымат, анын ичинде өндүрүштүк сырлар (ноу-хау) жана башкалар).
3-глава. Баалоо ыкмалары
8. МЭАны жана ИМОну баалоодо төмөнкүдөй ыкмалар колдонулат:
1) чыгымдуу;
2) салыштырмалуу;
3) кирешелүү.
9. Чыгымдуу ыкма - эскирүүнү эске алуу менен баалоого алынган МЭАны жана ИМОну сатып алууга же калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарга ылайык мүлктүн наркын баалоо ыкмасы.
МЭАны жана ИМОну баалоо үчүн чыгымдуу ыкманы колдонууда төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
1) баалоо күнүнө карата ишкердик пайданы эске алуу менен МЭАны жана ИМОну сатып алуу, түзүү же ишке киргизүү менен байланышкан жалпы чыгымдар аныкталат;
2) МЭАнын жана ИМОнун жалпы эскирүү даражасынын чоңдугу акча түрүндө кошуу жолу менен аныкталат;
3) МЭАнын жана ИМОнун наркы чыгымдардын оңдоп-түзөтүлгөн чоңдугу менен жалпы эскирүүнүн ортосундагы айырма катары аныкталат.
Баалоодо баалоонун объекттери менен байланышкан бардык чыгымдарды эске алуу керек: эмгек акы төлөө, маркетингдик жана жарнамалык чыгымдар, тобокелдиктерди камсыздандырууга чыгымдар, укуктук чыр-чатактарды чечүүгө, сарпталган материалдарга чыгымдар, илимий-методикалык камсыздоонун өздүк наркы, менчик продукцияны жекелештирүү.
Эскирүү даражасын аныктоодо МЭАны колдонуу мөөнөтүн жана функциялык жана экономикалык эскирүү таасирин эске алуу керек.
10. Салыштырмалуу ыкма - баалоо ыкмасы, ага ылайык мүлктүн наркы өзүнө окшош объекттердин баасынын деңгээлинде алардын ортосундагы айырмаларды тиешелүү түзөтүүнү эске алуу менен аныкталат.
Салыштырмалуу мамилени колдонуу бири-бирине салыштырууга боло турган МЭА жана ИМО болгон учурда мүмкүн, алар кароого алынган объект сымал ошол эле тармакта же бизнесте болот.
Баалоо жол-жобосу салыштырылуучу объекттердин бааларына баалоо объектисинен аларда бар болгон айырмаларын жана бүтүмдү түзүүнүн шарттарын эске алуучу оңдоолорду (түзөтүүлөрдү) киргизүүдө куралат.
МЭАнын жана ИМОнун наркын аныктоону өзү менен кирешенин кандайдыр бир чоңдугуна же таза активдерге бөлүнгөн баадан турган коэффициенттерди (мультипликаторлорду) колдонуу менен жүргүзүү мүмкүн. Мында убакыт факторун, ошондой эле экономикадагы, тармактагы шарттардын жана МЭАнын жана ИМОнун абалынын өзгөрүшүн эске алуу менен болгон айырманы көңүлгө алуу керек.
11. Кирешелүү ыкма - баалоо ыкмасы, ага ылайык мүлктүн наркы учурдагы мүлктүн наркы катары аныкталат, түзүмдү, кирешени, убакытты жана тобокелдикти эске алуу менен колдонуудан жана/же сатуудан күтүлүүчү келечектеги кирешени келтирилген наркына теңделет.
Келечектеги киреше деп түздөн-түз бул объект тарабынан түзүлгөн келечектеги кирешени түшүнүү керек. Кирешени МЭАны жана ИМОну колдонуудан пайда болгон акча агымы катары кароо керек.
Каалаган методдун алкагында кирешелүү ыкманы пайдаланууда баалоо төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) учурдагы пайдаланууда МЭАны жана ИМОну түзгөн акча агымы бөлүнүп берилет;
2) өсүү темпи жана келип түшүү узактыгын эске алуу менен акча агымдарынын келечектеги өзгөрүүлөрү болжолдонот;
3) келечектеги пайдаларды баалоо күнүнө карата келтирүү үчүн дисконт ставкасы аныкталат;
4) баалоо күнүнө карата абал боюнча объекттин наркы эсептелет.
Капиталдаштыруу ставкасы жана дисконт ставкасы рыноктун маалыматтары боюнча аныкталат жана баалык мультипликатор (ачык сатылуучу бизнестер же бүтүмдөр тууралуу маалыматтар боюнча аныкталган) катары же пайыздык ставка (альтернативдүү инвестициялар тууралуу маалыматтар боюнча аныкталган) катары туюнтулат.
4-глава. МЭАны жана ИМОну баалоонун өзгөчөлүктөрү
12. МЭАны жана ИМОну баалоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) МЭАны жана ИМОну пайдаланууга укуктарды берүү жөнүндө лицензиялык, автордук жана башка келишимдерди түзүү;
2) ИМОну түзүү;
3) МЭАны жана ИМОну пайдаланууну караштыруучу инвестициялык, инновациялык жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу;
4) МЭАны жана ИМОну пайдалануудагы экономикалык натыйжаны аныктоо;
5) МЭАга жана ИМОго карата укук бузуудагы зыянды баалоо;
6) ИМОнун авторлоруна жана аларды колдонууга көмөк көрсөткөн жактарга сыйлыктын өлчөмүн аныктоо;
7) юридикалык жакты сатып алуу, кайра уюштуруу жана жоюу;
8) МЭАны жана ИМОну баалоонун натыйжалары эске алынган же аларга болгон укуктарды жүзөгө ашыруу же өзгөртүү маселелери козголгон башка учурларда.
13. ИМОну баалоодо ИМОго карата укуктун материалдык алып жүрүүчүгө менчик укугунан көз карандысыздыгы эске алынат, анда интеллектуалдык иштин же жекелештирилүүчү каражаттын тиешелүү жыйынтыктары туюнтулган.
14. Идентификациялануучу МЭА жекече бааланат. Мында колдонуунун калган мөөнөтү жана бул мөөнөттө алынган өлчөнүүчү пайда эске алынат.